Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 28-ноябры № 535-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январывдагы № 54 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнүн Баңгизаттарга карты программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасыньш Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамьнын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 54 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүнө чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин;
- иш-чаралар планын ишке ашырууну тийиштүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы:
- мамлекеттик органдар тарабынан тапшырылган маалымагты жалпылап, квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратьша киргизсин;
- квартал сайын, Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комитетке Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берсин жана зарыл болгон учурда ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте киргизсин
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кoproo, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
1 | Алгачкы баңгиликтин алдын алууну күчөтүү | Психоактивдүү заттарга (ПАЗ) биринчи жолку көз карандылыкты азайтуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
1.1 | Билим берүүчү уюмдарда (БУ) баңгиликтин алдын алуу жана баңгиликке каршы саясат боюнча колдоо көрсөтүү топторун түзүү | Колдоо көрсөтүү топтору түзүлөт жана баңгиликтин алдын алуу жана баңгиликке каршы саясаттын окуу модулу киргизилген БУнун саны көбөйөт | БИМ, КМ, ЭМЖМ, ДТСМА, ССМ, БКМК | Квартал сайын, жыл сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 25-күнүнө чейин | 2750000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
1.2 | Жаштар борборлорунда жана клубдарда сергек жашоону пропагандалоо (сабактан бош учурда эс алууда) | Сергек жашоону пропагандалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт шаарларда жаштар борборлорунун жана клубдардын саны көбөйөт | ЭМЖМ, шаарлардын мэриялары, БИМ, ДТСМА, ИИМ, ССМ, БКМК | 2015-жылдын III кварталы; 2016-жылдын III кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын III кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 550000 сом жооптуу ведомстволордун жана ЖӨБ органдарынын бюджетинен, 2200000 сом донордук каржылоо |
1.3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасына киргизүү үчүн эл аралык (БУУ БКБ, ДССУ, БКЭК) жана региондук (CATIC) мекемелер менен кызматташтыкта пропагандалоо ишинин стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, психоактивдүү заттарды (ПАЗ) ашкере колдонуу менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон кодулоонун масштабдарын чектөө, көп фактордуу медициналык-социалдык көйгөй катары баңгизатка көз карандылык жөнүндө түшүнүктү калыптандырууга көмөктөшүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну кошо алганда | Пропагандалоо ишинин стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы түзүлөт | БКМК, ССМ, БИМ, КМ, ДТСМА, КТРК, МТМ, ЭМЖМ | 2015-жылдын III кварталы; 2016-жылдын I жана III кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын III кварталы; 2019-жылдын I-IV кварталы | 2750000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
1.4 | Баңгиликтин алдын алуу (ата-энелер жана мугалимдер үчүн) маселелерин үйрөнүү жана иш-чараларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыгаруу | Баңгиликти алдын алуу боюнча методикалык колдонмолор иштелип чыгарылат | БИМ, БКМК - (консультациялоо), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Квартал сайын, жыл сайын | 2750000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
1.5 | Калк, анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелериндеги жаштар жана өспүрүмдөр арасында сергек жашоону пропагандалоо боюнча илимий негизделген тематикалык, билим берүү иш-чараларын өткөрүү | 5 шаарда (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта) сергек жашоону пропагандалоо боюнча алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт | Шаарлардын мэриялары, БИМ, ССМ, ЭМЖМ | Квартал сайын, жыл сайын | 2000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
1.6 | Саламаттык сактоонун биринчи деңгээлинин кызматкерлерин баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды пайдаланууну эрте табуу маселеси боюнча окутуу | Саламаттык сактоонун биринчи звеносундагы 400 кызматкер окутулат | ССМ, БИМ, ГШ АМБ, КМ, ИИМ | Квартал сайын, жыл сайын | 2000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
1.7 | 26-июнь - "Баңгизаттарды колдонууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө" туш келген республикалык жана облустук деңгээлдеги иш-чараларды (мектеп окуучулары жана/же окуучу жаштар арасында мыкты сүрөт, фотосүрөт, тематикалык дилкат, журналисттер үчүн - мыкты телесюжет, радиоберүү, макаланын автору ж.б. конкурстарын) өткөрүү | 26-июнь - "Баңгизаттарды колдонууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө" туш келген профилактикалык иш-чаралар өткөрүлөт, аларды өткөрүүнүн аймагы кеңейет | БКМК, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ССМ БИМ, МТМ, ЭМЖМ | Жыл сайын | 2000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
1.8 | Баңгизаттарга каршы тематикадагы социалдык жарнаманы коомдук жайларга (көчөлөргө) жайгаштыруу | Жайгаштырылган жарнаманын аймагы кеңейет, саны көбөйөт. 2019-жылга карата баңгизаттарга каршы жарнама Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жайгаштырылат | БКМК, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ССМ, БИМ | Дайыма | 1000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
1.9 | Короолордогу спорт аянтчаларын реабилитациялоо | 100 (жүз) спорт аянтчасы реабилитацияланат: Бишкек - 30, Ош - 25, Токмок - 15, Кара-Балта - 15, Жалал-Абад - 15 | Шаарлардын мэриялары, Этностор агенттиги, ДТСМА | Дайыма | 3000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
2 | Баңгиликти экинчи жолу алдын алууну күчөтүү | Экинчи жолу чалдыгууну жана психоактивдүү заттарга (ПАЗ) көз карандылыкты азайтуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирдикте | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
2.1 | Жүрүш-турушу бузулган же башка коркунуч фактору билинген балдарды жана өспүрүмдөрдү эрте табуу жана аларга максаттуу жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүү | Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта шаарларында калкты бош убакытта альтернативдүү иш менен камсыз кылуу боюнча шарттар түзүлөт (спорт секциялары, ийримдер ж.б.) | БИМ, шаарлардын мэриялары, ССМ, ЭМЖМ, ИИМ, СӨМ, ДТСМА, Этностор агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, БКМК | Квартал сайын, жыл сайын | 3000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
2.2 | ЖАМКнын жазык-аткаруу инспекциясынын каттоосундагы же эркиндигинен ажыратылган же болбосо коркунучту билдирген жерлердеги (пенитенциардык тутумдун чегинен тышкары) өспүрүмдөр менен максаттуу иш жүргүзүү | Жүрүш-турушунда кооптуулук факторлору билинген өспүрүмдөр жана жаштар арасында сергек жашоону пропагандалоо боюнча кесипкөй иштер дайыма жүргүзүлөт | ЖАМК, ИИМ, БИМ, ССМ, ЭМЖМ, СӨМ, ДТСМА, Этностор агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана ЖӨБ органдары, БКМК (консультациялоо) | 2016-жылдын III кварталы | 3000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
2.3 | Координациялоо тутумун түзүү жана алдын алуу программаларынын сапатын камсыз кылуу | Алдын алуу программаларынын сапатын камсыз кылуу механизмдери түзүлөт | БКМК, БИМ, СӨМ, ССМ, ЭМЖМ | Квартал сайын, жыл сайын | 3000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
2.4 | Баңги каражаттарды жана/же психотроптук заттарды керектеген же аларга көз каранды балдарды жана өспүрүмдөрдү эрте табуу жана аларга жардам берүү боюнча ишти өткөрүү | Эң аз дегенде эки программа киргизилет жана иштейт (Бишкек жана Ош шаарларында) | СӨМ, CCM, БИМ, ИИМ, Бишкек жана Ош шарларынын мэриялары, БКМК (консультациялоо) | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын IV кварталы | Кошумча каражат талап кылынбайт |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
3 | Баңгиликти үчүнчү жолу алдын алуу боюнча ишти күчөтүү | Психоактивдүү заттарга (ПАЗ) үчүнчү жолу чалдыгууга көз карандылыкты азайтуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
3.1 | Баңги каражаттарды жана/же психотроптук заттарды керектөөдө кечиктирилгис учурларда жардам көрсөтүү боюнча медициналык тез жардам станцияларынын жана дарылоо мекемелеринин бригадаларынын персоналын кайра даярдоо, ошондой эле зарыл дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен жабдуу | Тренингдер өткөрүлөт жана наркологдорду (50%) жана тез жардам бригадаларын (50%) кайра даярдоо жүргүзүлөт | ССМ, ИИМ МК, ЖАМК, ГШ АМБ, КМ | 2014-жылдын IV кварталы; 2015-жылдын II-IV кварталы; 2016-жылдын II-III кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын II кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 3850000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
3.2 | Наркологиялык жардам көрсөтүү, социалдык жана географиялык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча мекемелердин инфратүзүмүн өнүктүрүү ишин жүргүзүү | Ар бир облуста (10 койка-фонддон кем эмес) борборлор иштейт | ССМ, ФМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Этностор агенттиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана ЖӨБ органдары | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын II-III кварталы; 2017-жылдын I жана IV кварталы; 2018-жылдын II кварталы; 2019-жылдын I кварталы | 3850000 сомдон кем эмес (10 койка бир борбор үчүн) жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
3.3 | Апийимге көз карандылыктан жабыркаган адамдар үчүн алмаштыруучу терапиянын адистешкен наркологиялык борборлорунун инфратүзүмүн өнүктүрүү, социалдык жана географиялык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүү | Борборлор түзүлөт. Баңгиликке көз карандылардын жана алмаштыруучу терапияга катышуучулардын саны теңелет | ССМ, ЖАМК МК, ФМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана ЖӨБ органдары | 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 2000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
3.4 | Баңгизаттарга көз каранды (дозасын ашырып жиберүү, пайда боло калган психоздор, абстиненттик синдром, (стигма) жана кодулоо, адам укуктарын бузуу ж.б.) адамдар менен иштөө боюнча пенитенциардык тутумдун кызматкерлерин кайра даярдоону жүргүзүү | 200 кызматкер кайра даярдалат | ЖАМК, ССМ РНБ, БКМК (консультациялоо) | 2014-жылдын IV кварталы; 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 3300000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
3.5 | Амбулатордук реабилитациялоо борборлорун түзүү | 2 региондо реабилитациялоо борборлору иштейт (Бишкек жана Ош шаарларында) | ССМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ФМ, БКМК (консультациялоо) | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын IV кварталы | 20350000 сом бир борборду түзүүгө, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
3.6 | Стационардык түрдөгү реабилитациялоо борборун түзүү | Кеминде бир борбор долбоорлонот жана ачылат | ФМ (зарыл финансылык ресурстарды табуу), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ЖӨБ органдары | 2015-жылдын IV кварталы долбоордун башталышы 2019-жылдын I кварталы долбоордун аякташы | 220000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
3.7 | Психологиялык-социалдык реабилитациялоо максатында, баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз каранды адамдар үчүн кесиптик билим берүү жана ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн пилоттук программаны киргизүү | Кеминде бир пилоттук программа киргизилет | БИМ, ЭМЖМ, Этностор агенттиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана ЖӨБ органдары | 2017-жылдын I кварталына чейин - долбоорду даярдоо, 2018-жылдын I кварталында долбоордун бүтүшү | 16500000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
3.8 | Баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз каранды аялдар жана балдар үчүн дарылоо жана реабилитациялоо программаларын түзүү | Кеминде 2 программа иштейт (Бишкек жана Ош шаарларында) | ССМ | 2015-жылдын III кварталы; 2017-жылдын II кварталы; 2018-жылдын IV кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
3.9 | Баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз каранды аялдардын дарылоо- реабилитациялоо программаларына катышуусун камсыз кылуу | 300 аял дарылоо-реабилитациялоо программаларына катышат | ССМ | 2015-жылдын IV кварталы; дайыма | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
3.10 | "Теңме-тең" принциби боюнча аутрич-кызматкер аялдарды даярдоо | 125 аутрич-кызматкер аял иштейт | ССМ | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын IV кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
3.11 | Стандарттарды, протоколдорду жана жол көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу, баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз карандылыкты дарылоонун жана реабилитациялоонун стандарттарын киргизүү | Баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз карандылыкты дарылоонун жана реабилитациялоонун тиешелүү стандарттары, протоколдору жана жол көрсөткүчтөрү ишке киргизилет | ССМ | 2015-жылдын II жана IV кварталы; 2017-жылдын I жана II кварталы; 2018-жылдын I жана IV кварталы; 2019-жылдын I жана II кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
3.12 | Баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз карандылыкты эрте табууну өркүндөтүү, кечиктирилгис медициналык жардам жана дарылоо-реабилитациялоо кызматтарын көрсөтүү максатында жаш адистерден колдоо көрсөтүү топторун түзүү | 800 адис даярдалат | ССМ, БИМ, ИИМ | Жыл сайын (ар жылдын 31-декабрына чейин БКМКга отчет берүү) | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
4 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүнү кыскартууга жооптуу ведомстволордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
4.1 | Бажы контролу учурунда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду табуу маселелери боюнча МБКнын кызматкерлерин даярдоо | 315 кызматкер даярдалат | МБК | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын II кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
4.2 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду текшерүү, табуу жана идентификациялоо жол-жоболор маселелери боюнча ЖАМКнын кызматкерлерин даярдоо. ЖАМКнын контролдоо-өткөрүү пункттарынын бардык смендеринин кызматкерлерин тиешелүү окутуудан өткөрүү | ЖАМКнын оперативдүү жана режимдик кызматкерлеринин 50% окутулат | ЖАМК | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын II кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
4.3 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду (адамдардан, жеңил жана жүк ташуучу автотранспорттон, автобустардан, темир жол жана авиатранспорттон) текшерүү, табуу, карап чыгуу жана карап көрүп идентификациялоо жол-жоболору боюнча МЧКнын кызматкерлерин даярдоо | МЧКнын офицердик курамынын кеминде 50%ы окутуудан өткөрүлөт | МЧК | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын II кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
4.4 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө БКМК, ИИМ, МБК, ЖАМК, МЧК жана МУККнын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингдерди өткөрүү | ЖАМКнын 50%дан кем эмес кызматкерлери, участкалык инспекторлор, тергөөчүлөр жана алгачкы текшерүү кызматынын кызматкерлери окутуудан өткөрүлгөн | БКМК, ИИМ, МУКК, МБК, МЧК | 2015-жылдын IV кварталы, 2016-жылдын IV кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 1650000 сом - жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун ресурстары, 14850000 сом - тартылган донордук каржылоо |
4.5 | БКМКнын техникалык (анын ичинде атайын) каражаттар менен жабдуу муктаждыктарын баалоо жана талдоо | Тиешелүүлүк ченемдери боюнча аналитикалык документ иштелип чыгат | БКМК | 2016-жылдын IV кварталына чейин; 2019-жылдын II кварталы - БКМКнын техникалык каражаттардан муктаждыгын кайра карап чыгуу | 275000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен |
4.6 | БКМКнын бөлүмдөрүн техникалык (анын ичинде атайын) каражаттар менен жабдуу | Техникалык тиешелүүлүк ченемдерине ылайык БКМКнын бөлүмдөрү техникалык жабдылат жана жаңылат | БКМК, ИИМ | 2016-жылдын IV кварталына чейин | 55000000 сом жооптуу ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
5 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды, прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү өркүндөтүү | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
5.1 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду транзиттик ташууларды контролдоо максатында өлкөлөрдү жана тобокел каттамдардын тизмесин жаңылоо | Тобокелчиликтүү өлкөлөрдүн жана баңгизаттардын кирүүсүнүн жана транзитинин каттамдарынын тизмесин жаңылоо, зарыл болгон иш-чараларды өткөрүү | БКМК, ИИМ, МУКК, МБК, МЧК | 2014-жылдын III кварталы; 2015-жылдын III кварталы; 2016-жылдын II кварталы; 2017-жылдын II кварталы; 2018-жылдын II кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 11000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
5.2 | Бажы пункттарын баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду табуу боюнча техникалык каражаттар менен жабдуу | 26 бажы жана чек ара пункттары жана мамлекеттик чек аранын коркунучтуу тилкелериндеги чек ара нөөмөттөрүнүн 30%дан кем эмеси жабдылат | МБК (бажы пункттары), МЧК (чек ара пункттары), БКМК, ИИМ, МУКК (мобилдүү топтор) | 2015-жылдын I кварталы; 2016-жылдын II кварталы; 2017-жылдын II кварталы; 2018-жылдын I кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 55000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
5.3 | Жаза аткаруу кызматынын жана ички иштер органдарынын тиешелүү бөлүмдөрүн баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду табуу боюнча карап чыгуучу техникалык каражаттар менен жабдуу | 15 түзөтүү мекемелери, Бишкек ш. ИИББ УКЖ, ИИМдин 5 посту жабдылат | ЖАМК, ИИМ, ФМ | 2015-жылдын I кварталы; 2016-жылдын I кварталы; 2017-жылдын III кварталы; 2018-жылдын I кварталы; 2019-жылдын II кварталы | 25000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
5.4 | Бажы пункттарында, чек ара аймактарында жана пенитенциардык тутумдун мекемелеринде баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду издөө үчүн кинологиялык кызматты өнүктүрүү | Баңгизаттарды издеп табуучу кызматтык издөөчү иттердин саны (40ка) чейин көбөйтүлөт | МЧК, МБК, ИИМ, ЖАМК, БКМК | 2014-жылдын IV кварталы; 2015-жылдын II кварталы; 2016-жылдын II кварталы; 2017-жылдын IV кварталы; 2018-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын III кварталы | 1000000 сом тартылган донордук каржылоо |
5.5 | Акча каражаттарын жашырууга каршы күрөштү өркүндөтүү, жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, кибер мейкиндик, акчалай каражаттарды электрондук которуу тутумуна жана болгон каражаттардын транс улуттук контрабандасына байланыштуу кылмыштарга өзгөчө көңүл буруу | Шектүү бүтүмдөрдү көзөмөлдөөнүн заманбап методдор киргизилет | МУКК, ЭКМК, МБК, МФЧК, БКМК, ИИМ, МКК | Дайыма | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
5.6 | БКМК базасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдар жөнүндө бирдиктүү маалымат базасын бириктирүү жана өнүктүрүү | Оперативдүү-издөө иштеринин субъекттеринин бирдей алуусу менен жаңыланган маалымат базасы түзүлөт жана жаңыланат | БКМК (башкаруу), ИИМ, МУКК, МБК МЧК, ЖАМК | 2015-жылдын I-II кварталы; 2016-жылдын III кварталы; 2017-жылдын III кварталы; 2018-жылдын III кварталы; 2019-жылдын III кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
6 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоону өнүктүрүү | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
6.1 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү реестрине киргизилген субъекттерди контролдоо | Лицензиялык контролдоону жүргүзүү, ССМ жана БКМК ортосунда меморандумга кол коюу, биргелешкен буйрукту чыгаруу | БКМК, ССМ | 2014-жылдын IV кварталы; жыл сайын, квартал сайын | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
6.2 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө лицензиялык реестрдин бирдиктүү электрондук базасын түзүү | Лицензиялык реестр түзүлөт жана иштейт | БКМК, МБК, ССМ | 2016-жылдын IV кварталы; жыл сайын, квартал сайын | 1000000 сом жооптуу ведомствонун бюджетинен, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
7 | Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды колдонуудан келип чыккан терс көрүнүштөрдүн деңгээлин азайтуу | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
7.1 | Баңги каражаттарды керектөөчүлөргө жана алардын айланасындагыларга дозаны ашырып жиберүү, баңгизаттарды инъекция аркылуу керектөөнүн көйгөйлүү кесепеттери, сактанбаган жыныстык катнаштар жана аларга байланышкан жугуштуу жана кан аркылуу өтүүчү башка оорулар жөнүндө маалымдоо | Баңги каражаттарды керектөөчүлөргө жана алардын айланасындагылардын 25% маалымдалат | ССМ | Жыл сайын, квартал сайын | 1375000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
7.2 | Коопсуз инъекциялык инструменттерди, дезинфекциялоо каражаттарын алмаштырууну/ берүүнү жүргүзүү | Инъекция баңгизаттарын колдонуучуларга 50% каражаттар берилет | ССМ | Жыл сайын, квартал сайын | Донордук каржылоо (АИВ/КИЖС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун грантынын маалыматы боюнча) |
7.3 | Баңгизаттарды керектөөчүлөргө комплекстүү жардам (медициналык жана психосоциалдык) берүү үчүн күндүзгү борборлорду түзүү | 2 күндүзгү борбор түзүлөт (Бишкек жана Ош шаарларында) | ССМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Жыл сайын, квартал сайын | 20000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
7.4 | Баңгизаттарды керектөөгө байланыштуу кечиктирилгис учурларда, купуя/жашыруун медициналык жардам алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Кайрылууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт кабыл алынат жана кечиктирилгис жардам көрсөтүлөт | ССМ, ИИМ, БКМК | 2016-жылдын IV кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
7.5 | Баңгизаттарды керектөөчүлөргө карата коомчулук тарабынан басмырлоону жана кемсинтүүнү жеңүүгө багытталган агартуу иштерин жүргүзүү | Иш дайыма жүргүзүлөт | ССМ, КТРК, БИМ, БКМК (консультациялоо) | 2015-жылдын II кварталы | 3000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
7.6 | Баңгизаттарды керектөөчүлөргө карата кемсинтүүнү жана басмырлоону жеңүүгө багытталган өзгөчө кесипкөй топ (укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын, сот органдарынын, саламаттык сактоо, жазаларды аткаруу органдарынын кызмат адамдары жана кызматкерлери) менен маалыматтык иштерди жүргүзүү | 800 кызматкерге маалымат берилет | БКМК, ИИМ, ССМ, БИМ | 2014-жылдын IV кварталы; 2015-жылдын II кварталы; 2016-жылдын III кварталы; 2017-жылдын III кварталы; 2018-жылдын III кварталы, 2019-жылдын II кварталы | 3000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
8 | Эркиндигинен ажыратылган жерлерде баңгизаттарды керектөөчүлөр үчүн дарылоо, реабилитациялоо жана зыянды азайтууну тейлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
8.1 | Пенитенциардык тутумдун мекемелеринде жана башка эркиндигинен ажыратуу жерлеринде детокс жана/же алмаштыруучу терапия программаларын кеңейтүү | Программалар пенитенциардык тутумдун бардык мекемелеринде жана эркиндигинен ажыратуунун башка мекемелеринде ишке киргизилет | ЖАМК, МУКК, ИИМ, БКМК, ССМ | 2018-жылдын III кварталы | 3000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
8.2 | Түзөтүү мекемелериндеги опиоиддик эмес баңгизаттардан көз каранды адамдарды медикаментоздук дарылоо менен камсыз кылуу | Көз карандылыкты жеңип чыгуу боюнча жана опиоиддик эмес баңгизаттардан көз каранды болгон ар бир адамды тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жөнүндө медициналык колдонмо иштеп чыгарылат | ССМ, ЖАМК | 2018-жылдын I кварталы | ЖАМКнын бюджетинин каражатынан |
8.3 | Постдетокс- инфратүзүмдү өнүктүрүү | Постдетокс- инфратүзүм өнүктүрүлөт жана иштейт | ЖАМК, СЗ | 2018-жылдын I кварталы | Донордук каржылоо (АИВ/КИЖС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун грантынын маалыматы боюнча) |
8.4 | Баңгизаттарды колдонуунун жана дозаны ашыруу коркунучтары тууралуу түзөтүү мекемелериндеги жазаларын өтөп жатышкан баңгизаттарды керектөөчүлөргө консультация берүү | Консультациялар жазаларды аткаруунун бардык мекемелеринде берилет | ЖАМК, ССМ | 2018-жылдын II кварталы | Донордук каржылоо (АИВ/КИЖС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун грантынын маалыматы боюнча) |
8.5 | Түзөтүү мекемелериндеги адамдар үчүн зыянды төмөндөтүү программаларынын потенциалын кеңейтүү, ыктыярдуу консультациялоо жана тестирлөө (ЫКТ) кызматтары менен камсыз кылуу | Консультациялар жазаларды аткаруунун бардык мекемелеринде берилет | ЖАМК, ССМ | 2018-жылдын IV кварталы | 1000000 сом (тартылган донордук каражаттар) |
8.6 | Бардык түзөтүү мекемелеринде маалыматтык-алдын алуу жана агартуучулук, анын ичинде баңгизаттардын зыянын кыскартууга багытталган "теңме-тең" принциби боюнча иштерди жайылтуу | Пенитенциардык тутумдун бардык мекемелеринде маалыматтык-алдын алуу жана агартуучулук иштери жүргүзүлөт | ЖАМК, ССМ | 2016-жылдын IV кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
9 | Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
9.1 | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарды (административдик, ыкчам жана тергөө практикасындагы) колдонуу практикасын иликтөө | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарды (административдик, ыкчам жана тергөө практикасындагы) колдонуунун анализи түзүлөт | БКМК, ИИМ, МУКК, МБК, МЧК | 2015-жылдын IV кварталына чейин; 2019-жылдын III кварталы - баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдардын колдонуу анализин кайра кароо | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.2 | Баңгизаттарды контролдоо жөнүндө жана транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык конвенциялардын (Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенция, 1972-жылдын 25-мартындагы протоколу менен киргизилген түзөтүүлөрү менен. Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенциянын түзөтүүлөрү жөнүндө, Психотроптук заттар жөнүндө 1971-жылдагы конвенция, Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө 1988-жылдагы БУУнун конвенциясы, Транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы 2000-жылдагы БУУнун конвенциясы) токтомдорунун жана рекомендацияларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүү маселесин изилдөө | Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндө эл аралык макулдашуулар менен мыйзамдарды ылайыкташтыруу боюнча аналитикалык документ түзүлөт | БКМК | 2014-жылдын IV кварталына чейин бул чөйрөдөгү мыйзам долбоорлорунун планынын долбоорун иштеп чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.3 | Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды (прекурсорлорду) даярдоодо көп пайдаланылуучу баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана химиялык заттардын тизмесин Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине шайкеш келтирүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтому менен бекитилген баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилет | БКМК, ССМ, ЭМ, ИИМ, МУКК, МБК | 2015-жылдын IV кварталында - БУУнун башкы катчысынан конвенциядагы "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөр жөнүндө" жоболорго ылайык жооп алганда | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.4 | Контролдонгон ташып жеткирүүлөр (кызматтык пайдалануу үчүн) боюнча методикалык көрсөтмөнү иштеп чыгаруу | Контролдонгон ташып жеткирүүлөр боюнча методикалык көрсөтмө иштелип чыгарылат | БКМК, ИИМ, МУКК, МБК, МЧК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.5 | Материалдардын негизинде жана алдыңкы тажрыйбалардын практикасы боюнча автотранспортту кароо (кызматтык пайдалануу үчүн) боюнча методикалык колдонмону чыгаруу | Методикалык колдонмо чыгарылат жана автотранспортту кароо боюнча иш-чаралар өркүндөтүлөт | БКМК, ИИМ, МУКК, МБК, МЧК | 2017-жылдын II кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.6 | Темир жол транспортун кароо (кызматтык пайдалануу үчүн) боюнча методикалык колдонмо түзүү | Методикалык колдонмо чыгарылды жана темир жол автотранспортун кароо боюнча иш-чаралар өркүндөлөт | БКМК, ИИМ, МУКК, МБК, МЧК | 2016-жылдын II кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.7. | Акыркы 7 жылдагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү абалына анализ жүргүзүү | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кырдаалга аналитикалык талдоо жүргүзүү иштелип чыгарылат | БКМК, ИИМ, МБК, МУКК, БУУ БКБ, ОБСЕден, БУУ БКБдан жана башкалардан техникалык колдоо суроо | 2015-жылдын II кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.8 | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан иштерди кароо боюнча соттук практиканы жалпылоо | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан иштерди кароо боюнча соттук практикаларды жалпылоо тууралуу аналитикалык талдоо жүргүзүлөт | БКМК, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын II кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.9 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн баңгизаттарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү иштерин баалоонун методдорун иштеп чыгуу | Методдор иштелип чыгарылган жана критерийлерди баалоо жүргүзүлөт | БКМК (иштеп чыгуу), БКМКК (бекитүү) | 2016-жылдын III кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.10 | Баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун соттук-химиялык экспертизасын жүргүзүү боюнча методикалык окуу колдонмону иштеп чыгуу | Соттук-химиялык эксперттер методикалык колдонмолорду жетекчиликке алышат | БКМК, ИИМ, ССМ, МУКК | 2016-жылдын I кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
9.11 | Соттук-химиялык эксперттер үчүн "Соттук-химиялык экспертизанын методикасы жана укуктук проблемалары" деген тема боюнча семинарларды өткөрүү | 10 семинар өткөрүлөт | БКМК, ИИМ, ССМ, МУКК | 2015-жылдын IV кварталы; 2016-жылдын III кварталы; 2017-жылдын III кварталы; 2018-жылдын III кварталы; 2019-жылдын III кварталы | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
10 | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө координациялоону жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
10.1 | Улуттук деңгээлде координациялоо жана көп сектордуу кызматташуу механизмин түзүү | Көп сектордуу кызматташуунун механизми иштелип чыгарылат жана меморандумдарга кол коюлат | БКМК | Дайыма | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
10.2 | Эл аралык уюмдар, эл аралык структуралар, ошондой эле алардын бөлүмдөрү жана/же чет өлкөлөрдүн профилдик ведомстволору менен кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү | Меморандумдарга кол коюлат жана кызматташтык уюштурулат | БКМК, ТИМ, ИИМ | Жыл сайын, БККнын чакыруусу боюнча | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
10.3 | БУУ БКК мүчөлүк маселесин кароо менен, БУУнун баңги каражаттары боюнча комиссиясынын (БКК) сессияларынын пленардык жыйындарына катышуу | БУУ БКК сессияларынын пленардык 5 (беш) жыйынына катышылат, Кыргыз Республикасы 2016-жылдан тартып БУУ БККнын мүчөсү болуп саналат | БКМК, ТИМ | Жыл сайын. БККнын чакыруусу боюнча, 2016-жылдан тартып мүчөлүк жөнүндө маселе | 1200000 сом жыл сайын (Австриянын Вена ш. иш сапарга 3 өкүлдү БККнын негизги жана кошумча сессиясына жөнөтүү). Донордук каржылоо (факт боюнча) |
10.4 | Баңгизаттарды контролдоо жөнүндө эл аралык үч конвенцияны аткаруу боюнча Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитети (БКЭК) жана БУУнун башка тиешелүү органдары менен диалог түзүү | Баңгизаттарды контролдоо жөнүндө конвенциялардын аткарылышы боюнча потенциалды баалоо жүргүзүлөт | БКМК, ТИМ | 2018-жыл | Мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. Тартылган донордук каржылоо (факт боюнча) |
№ | Максат | Индикаторлор | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
11 | Баңгизат кырдаалын мониторингдөө боюнча маалыматтарды чогултууну, анализдөөнү жана баалоону өнүктүрүү | Мыйзамсыз баңгизаттарга суроо-талапты кыскартуу | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, кызыкдар болгон ӨЭУ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен | 2014-2019- жылдар | Бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган донордук каржылоо |
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоонун көлөмү |
11.1 | Баңгизаттарды колдонуунун жана баңгизатка көз карандылык мүнөзү жана масштабдары жөнүндө маалыматтарды чогултуу ишин активдештирүү | Баңгизаттарды колдонуунун жана баңгизатка көз карандылыктын мүнөзү жана масштабдары жөнүндө реалдуу маалыматтар | БКМК, ССМ | Донордук каржылоого жараша | 14000000 сом (тартылган донордук каржылоо) |
11.2 | Баңгизат кырдаалы жөнүндө, ал эми зарылдыгына жараша баңгизат кырдаалынын өзгөчөлүү маселелери жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдоо, басып чыгаруу жана таратуу | Жылдык же өзгөчөлүү отчеттор басып чыгарылат | БКМК | 2016-жылдын тартып жыл сайын, кийинки жылдын 1-апрелине чейин | Отчетторду даярдоо министрликтердин жана ведомстволордун эсебинен жүргүзүлөт. Басып чыгаруу жана жайылтуу - 660000 сом донордук каражаттардын эсебинен, жыл сайын. Тартылган донордук каржылоо |
11.3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө доклад берүү үчүн учурдагы баңгизат кырдаалына анализ жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө учурдагы баңгизат кырдаалынын анализи берилет | БКМК | Квартал сайын, 2015-жылдан тартып | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
11.4 | Бул пландын натыйжалуулугун баалоону жүргүзүү | Планды баалоо тууралуу отчет | БКМК, БКМКК | 2014-жылдын IV кварталы; 2019-жылдын IV кварталы | Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
11.5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизатка каршы программасын ишке ашыруу боюнча облустар үчүн пландарды иштеп чыгуу | Облустар үчүн пландар иштелип чыгарылат | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Этностор агенттиги, БКМК (консультациялоо) | 2014-жылдын III кварталы | 3000000 сом (Тартылган донордук каржылоо) Кошумча ресурстар талап кылынбайт |
11.6 | Инъекциялык баңгизаттарды керектөөчүлөрдүн арасында жүрүм-турумдук көзөмөлгө алууну изилдөө | Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана маалыматтар жаңыланат | БКМК | 2015-жыл жана 2019-жыл | 8250000 сом (бир изилдөөгө тартылган донордук каржылоо) |
Эскертүү:
1. Аутрич (outreach) - бул жабык социалдык топтордогу, ошондой эле көнүмүш жерлерде чогулган же баңгизаттарды колдонуучулардын болжол менен жүргөн жерлерде, көчөдө өткөрүлгөн социалдык иштер: баңгизаттарды саткан жерлерде, баңгизаттардын көмүскө жайларда, керектөөчүлөрдүн батирлеринде, окуу жайларда, наркологиялык же инфекциялык ооруканаларда ж.б. Аутрич-иши щприцтерди алмаштырууну, милдеттүү медициналык, социалдык жана укуктук маселелер боюнча экспресс-консультация берүүнү коштоо жол-жоболорун; брошюраларды, профилактикалык каражаттарды (презерватив, спирттелген майлык, инъекцияга колдонгон тазаланган сууну, витаминдерди ж.б.) таратуу; ар кандай медициналык жана социалдык мекемелерге багыттамаларды берүүдөн турат. Аутрич-ишин инъекция аркылуу баңгизаттарды керектөөчүлөр чогулган/жашаган жерлерде, атайын окутулган кызматкерлер, өз ыктыяры менен милдетин тармактуу аткаруучулар, ошондой эле адистер өткөрөт (социалдык жумушчулар, дарыгерлер, орто медициналык жумушчулар, психологдор, социологдор).
2. Детокс-терапия (детоксификациялоо) - бейтапты психоактивдүү заттын таасиринен чыгаруу процесси.
3. Алмаштыруучу терапия (алмаштыруучу опиоид терапиясы) - мыйзамсыз баңгизатты (адатта инъекция аркылуу колдонулат) мыйзамдуу баңгизатка алмаштыруу (адатта ичилет) медициналык кароо шартында, опиаттарды колдонгон жактар үчүн.
4. Постдетокс-инфратүзүмү - детокс-терапиядан кийин кайталанганга каршы жана калыбына келтирүү иш чараларды өткөргөн медициналык мекемелер.
5. Психоактивдүү заттар (ПАЗ) - мээге түздөн-түз таасир берген, анын ченемдүү иштешин алмаштырган (көңүлүн, аң-сезимин, ээсин, эмоцияларын, жүрүш-турушун жана башка функцияларын) ар кандай табигый же синтетикалык заттар. Психоактивдүү заттарга баңги жана психотроптук заттар, алкоголь, тамеки жана башка айтылган касиеттерин камтыган заттар кирет.
Кыскартуулардын тизмеси
CATIC | - | Борбордук Азиядагы зыянды азайтууну окутуу маалымат борбору; |
АИВ/КИЖС | - | Адамдын иммундук таңсык вирусу/Кишинин иммундук жетишсиз синдрому; |
ГШ АМБ | - | Генералдык Штабдын аскердик медициналык башкармалыгы; |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
ДТСМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; |
БККК | - | Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик координациялоо комитети; |
МУКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; |
БКМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы; |
АКБГФ | - | АИВ/КИЖС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд; |
ӨЫКТ | - | өз ыктыяры менен консультациялоо жана тестирлөө; |
БУУ БЗК | - | Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар боюнча комиссиясы; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
БКЭК | - | Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитет; |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги; |
ЖӨБО | - | ЖӨБ органдары; |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар; |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; |
ПАЗ | - | психоактивдүү заттар; |
ИБЗК | - | инъекциялык баңгизаттарды керектөөчүлөр; |
РНБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык наркология борбору; |
ЖАТ | - | жазаларды аткаруу тутуму; |
БУУ БКБ | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы. |