Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 397-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-декабры № 541-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 117-б, 2015-жылдын 19-августундагы №399-р, 2015-жылдын 16-ноябрындагы №554-р, 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 570-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Тегене ("Тегене-Шахта" участогу) көмүр кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Тегене ("Тегене-Шахта" участогу) көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия бир айлык мөөнөттө конкурсту өткөрүүнүн шартын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Дж. Оторбаев |
Тиркеме
Тегене ("Тегене-Шахта" участогу) көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 117-б, 2015-жылдын 19-августундагы №399-р, 2015-жылдын 16-ноябрындагы №554-р, 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 570-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Рыскулов У.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы; |
Сапаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Нышанов С.К. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Пирматов И.А. | - | "Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Турсунбаев А.А. | - | "Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жутанов А.Т. | - | "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кыдыралиев У.Т. | - | "Республика - Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кодуранова А.С. | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Азимов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Джаманбаев М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Кокочаров У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Рыспеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Маматов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; |
Исаев А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Эмильбек у. Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Мырзагулов Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Батыралиев Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Укубаев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн жер казынасы секторунун башчысы; |
Гильфанов И.В. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
Ногаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын коргоо башкармалыгынын башкы адиси. |