Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-июну ПБ № 142
Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 3-сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйналышын өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) кызмат орду боюнча тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- 2018-жылдын 22-июнуна чейин тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- 2018-жылдын 25-июнуна чейин пландалган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзсүн жана бекитсин;
- жыйналыштарды өткөрүү ордун даярдоо менен байланышкан иш-чараларды координациялоону жүргүзсүн.
3. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 буйругунун 1-3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап курган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Чолпон-Ата шаарынын мэри;
"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча).