Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-февралы № 41-б
Жерүй кенин жана Жерүй аянтын комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Тиркемеге ылайык Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоо критерийлери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450-б буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык конкурстук комиссия Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жуктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин жана жеңүүчүнүн критерийлерин аныктоо
1. Конкурсту өткөрүүнүн негизи жана максаты
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен болуп эсептелген Жерүй кенинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс конкурстук комиссиянын 2014-жылдын 3-ноябрдагы № 4 протоколу, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген кенди пайдалануу укугу боюнча конкурс өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун талаптарына ылайык иштелип чыккан, Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө жүргүзүү жана жеңүүчүнүн критерийлерин аныктоо максатында, конкурс өткөрүү шарттарына жана тартибине (мындан ары - Шарттар) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450-б буйругун аткаруу үчүн өткөрүлөт.
2. Жерүй кенинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча, Кыргыз Республикасы үчүн эң пайдалуу шарттарды сунуш кылган жеңүүчүнү аныктоо максатында өткөрүлөт. Конкурска төмөндөгүлөр коюлат:
1) координаттын түз үч бурчтук тутумундагы төмөндөгү үч бурчтук чекиттери менен, конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык шарттарын аткарган учурда, пайдалуу кендин корлору түгөнгөнгө чейин кийин узартуу аркылуу, 20 (жыйырма) жылдык мөөнөттө Жерүй алтын кенин иштетүү максатында, жер казынасын пайдалануу укугу:
Чекиттердин № | X | Ү | Чекиттердин № | X | Ү |
1 | 13312502 | 4686698 | 6 | 13314182 | 4685865 |
2 | 13313021 | 4686764 | 13314080 | 4685924 | |
3 | 13313339 | 4686602 | 8 | 13313167 | 4686236 |
4 | 13313372 | 4686451 | 9 | 13312710 | 4686203 |
5 | 13314122 | 4686027 | 10 | 13312404 | 4686496 |
2) координаттын түз үч бурчтук тутумундагы төмөндөгү үч бурчтук чекиттери менен, конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык шарттарды аткарган учурда, техникалык долбоорго ылайык кийин узартуу аркылуу, 5 (беш) жылдык мөөнөттө Жерүй аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казнасын пайдалануу укугу:
Чекиттердин № | X | Ү | Чекиттердин № | X | Ү |
1 | 13304000 | 4693000 | 5 | 13314000 | 4693000 |
2 | 13310000 | 4693000 | 6 | 13324000 | 4693000 |
3 | 13310000 | 4702000 | 7 | 13324000 | 4680000 |
4 | 13314000 | 4702000 | 8 | 13304000 | 4680000 |
2. Жерүй кени жөнүндө жалпы маалымат(1)
3. Жерүй алтын кени Талас облусунун Талас районунун аймагында, Чоң-Чычкан дарыясынын жогору жагындагы Үч-Кошой сол куймасынын дарыясында 3200-3700 метр бийиктиктеги Талас Ала-Тоосунун түндүк тоо кыркаларынын ортоңку бөлүгүндө жайгашкан.
4. Ага жакын Кара-Ой калктуу конушу 23 км жайгашкан жана кен менен жакшы кыртыштуу жол бириктирип турат. Кара-Ой аркылуу Талас шаарын жана ашуу аркылуу Бишкек-Ош жолун көздөй асфальтталган жол кетет. Маймак темир жол станциясына чейинки аралык - 150 км, Тараз темир жолу - 187 км. Кен чыккан жердеги болочок карьерге карата, эки тилкелүү кыртыштуу автомобиль жолу салынган, келечектеги инфра түзүмү үчүн аянт даярдалган, ЛЭП-110 тартылган, ЛЭП-110го Кара-Ой айылы кошулган. Суу менен жабдуу 2,5 м3/сек. дебити менен Жерүй дарыясынан алынышы мүмкүн.
5. Жерүй кени 1969-жылы ачылган. 1974-1984-жылдары бардык баскычтагы геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Объект өздөштүрүүгө толугу менен даярдалган. Кендин технологиялык өзгөчөлүктөрү изилденген, 1:10000, 1:5000 жана 1:1000 масштабдарындагы геологиялык карталар түзүлгөн.
6. Кен анча чоң эмес сульфиддер аралаш алтын-кварц формациясына кирет. "Батыш зонасы", "Түндүк-Батыш", "Борбордук", "Түштүк-Чыгыш", "Чыгыш флангасы", "Терең зонасы" деген аталыштагы участкалар, абдан интенсивдүү кварцталган тектоникасы начарлаган зона бөлүктөрү кызыгууну туудурат. Бул участкалардын ар бири төмөн көздөй караган конус өңдүү кен штокверкт. Кен штокверктеринин узундугу 100-250 м, туурасы 40-200 м, төмөн көздөй узундугу 200-770 м. Үстүңкү бети боюнча узундугу 250 м., туурасы 200 м. Жана төмөн көздөй узундугу 770 м. болгон, өзүнө кендин 90% корун камтыган "Түндүк-Чыгыш" участогу практикалык чоң мааниге ээ. Алтындын орточо камтылышы тереңдик менен өсөт. Кендер кычкылданган эмес, зыяндуу аралашмалар жок.
7. Учурда мамлекеттик баланста корлор, категориялар (ГКЗ КР, 2004, № 90) боюнча такталган: баланстык С1 - 75141 кг, С2 - 5774 кг; бардыгы С1+С2 - 80915 кг, балансталгандар - 16161 кг., бардыгы - 97076 кг, анын ичинде:
- категориялар боюнча ачык иштетүү үчүн: баланстык C1 - 27606 кг, С2 - 497 кг, бардыгы C1+C2 - 28103 кг, балансталгандар - 5858 кг, бардыгы - 33961 кг.
- категориялар боюнча жер алдында иштетүү үчүн: баланстык С1 - 47535 кг, С2 - 5277 кг, бардыгы С1+С2 - 52812 кг, балансталгандар - 10303 кг, бардыгы - 63115 кг.
3. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
8. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүлөргө:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарга;
- чет өлкөлөрдө катталган юридикалык жактарга (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар) уруксат берилет.
9. Конкурска катышкан жактар (мындан ары - конкурстун катышуучулары), жер казынасын пайдалануу укугун алуу максатында, конкурстук комиссиянын кароосуна алар жөнүндө төмөндөгүлөр күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды жана документтерди беришет:
- алтын кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жаатында 5 (беш) жылдан кем эмес тажрыйбасы бар экендигин, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү иш тажрыйбасын;
- пайдалуу кендерди казуу жана иштеп чыгуу, пайдалуу кендерди чалгындоонун заманбап технологиясына ээ экендигин жана колдоноорун:
- жеке каражаттарынын болушун жана/же Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин;
- өнөр жай жана экологиялык коопсуздук, кенди коргоо жана кенди сарамжал пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын стандарттарын жана эл аралык стандарттарды өзүнүн иш-аракетинде сактоого кепилдик берүүчү.
10. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна, Жерүй кенин жерди иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча укук алуу үчүн зарыл болгон, алардын квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кошумча маалыматтарды жана документтерди берүүгө укуктуу.
4. Жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары
11. Жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары болуп, конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган жана Жерүй алтын кени чыккан жерди иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча лицензия (мындан ары - лицензия) алган жак тарабынан бир катар милдеттенмелердин аткарылышы эсептелет, анын ичинде лицензия алган (мындан ары - лицензиат) конкурстун жеңүүчүсү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн, конкурска катышуу боюнча тиешелүү табыштамада көрсөтүлгөн өлчөмдөгү бааны, бирок 100000000 (жүз миллион) АКШ долларынан кем эмес бааны (мындан ары - конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа) төлөөгө;
2) өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын сактоо боюнча эксперттик оң корутундулар менен техникалык долбоорду даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү ведомстволору менен макулдашууну камсыз кылууга, ошондой эле иштетүүгө лицензия берилген күндөн баштап, 1 (бир) жылдан кечиктирбестен Жерүй кенин иштетүү үчүн керектүү инфратүзүмдөрдүн жана башка объекттердин курулушуна уруксат берүүчү документтерди алууга;
3) кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган датадан баштап, 3 (үч) айдан кечиктирбей алтын алуу фабрикасынын (мындан Курулушту баштоо мөөнөтү бузулган учурда, лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ырасталуучу форс-мажордук жагдайлардан ("Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Форс-мажор - жер казынасын пайдалануу укугун берүү шарттарын аткарууну кыйындаткан ал жеткис күч жагдайы. Ал жеткис күч жагдайы - алдын ала көрүүгө жана токтотууга мүмкүн болбогон жер титирөө, суу ташкыны же блокада, согуш, иш таштоо жана башка жагдайлардын натыйжасында өзгөчө кырдаалдардын жана жеңилбес жагдайлардын пайда болуусу, көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча жалпыга белгилүү болгон фактылардын болушу, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы жана атайын далилдөө каражаттарын талап кылбаган жана башка ыкмалар менен белгиленет) сырткары курулушту баштоо мөөнөтү. бузулган ар бир ай үчүн 100000 (жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө айын пул төлөөгө макулдугун берүүгө (70 % - Республикалык бюджетке жана 30 % - Талас облусунун өнүктүрүү Фондуна);
4) кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу датасынан баштап 2 (эки) жылдан ашырбастан, билдирилген мөөнөттө ААФды жана калдык заттар көмүлүүчү жайларды ишке киргизүүнү камсыз кылууга. Өнөр жайлык пайдаланууга киргизүү мөөнөтү бузулган учурда, лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тастыкталуучу форс-мажордук жагдайлардан сырткары ("Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык), ар бир ай үчүн 100000 (жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып пул төлөөгө макулдугун берүүгө (70% - Республикалык бюджетке жана 30% - Талас облусунун өнүктүрүү Фондуна);
5) ААФды техникалык долбоордо каралган долбоордук өндүрүмдүүлүк кубаттуулукка, бирок 50% кем эмес долбоордук кубаттуулукка чыгуусун, аны пайдаланууга киргизүү күнүнөн баштап, 6 (алты) айдан кечиктирбестен камсыз кылууга. 50% долбоордук кубаттуулукка чыгуу мөөнөтү бузулган учурда, лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тастыкталуучу форс-мажордук жагдайлардан сырткары ("Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык), ар бир ай үчүн 100000 (жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып пул төлөөгө макулдугун берүүгө (70% - Республикалык бюджетке жана 30 % - Талас облусунун өнүктүрүү Фондуна);
6) геологиялык чалгындоо иштерине лицензия берилген датадан баштап, 6 (алты) айдан кечиктирбестен Жерүй аянтында геологиялык чалгындоо иштери боюнча жер казынасын сактоо жана экологиялык, өнөр жай коопсуздугу боюнча эксперттик оң корутундулары менен техникалык долбоорду даярдоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Геология агенттиги) менен макулдашууну камсыз кылууга;
7) чалгындалган пайдалуу кендерди эсептөөнү, техникалык-экономикалык негиздемени даярдоону жана аларды Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендер корлору боюнча мамлекеттик комиссияда (ПККМК) апробациядан өткөрүүнү камтуу менен, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө геологиялык чалгындоо иштерин аяктоого;
8) кенди иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштери боюнча техникалык долбоорлорго, иштин программасын, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, кенди сарамжал пайдалануу жана сактоо чараларын, кийин мониторинг жүргүзүү аркылуу тиешелүү фондду түзүү менен жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү долбоорун, тоо-кен мүлкүн жоюу долбоорун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген, лицензиаттын кендерди абдан сарамжал, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон жана башка иш-аракеттерин баяндаган жазууну киргизүүгө;
9) инвестицияларды салууну камсыз кылууга, анын ичинде, лицензия берилген датадан баштап, биринчи 3 (үч) жылдыкта ушул Шарттардын 17-пунктунда көрсөтүлгөн конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча бааны жана бонустарды киргизбестен, долбоорго ылайык банктык жана финансылык институттар тарабынан каржылоону тартуу жолу аркылуу;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоорлордун жоболорун бекем сактоого жана өнөр жай коопсуздугун сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо, кенди сарамжал пайдалануу боюнча талаптарды камтуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга;
11) алтынды аффинаждоону Кыргыз Республикасында өткөрүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аффинаждалган кымбат баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
13) лицензия алган датадан баштап, 2 (эки) айдан кечиктирбестен, жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүү, иш жүрүп жаткан райондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын түзүү, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу, кенди өздөштүрүү менен байланышкан, ишти жүргүзүүгө карата калкты тартуу максатында, аларды кесиптик даярдоону уюштуруу, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан жана башка маселелерди чечүүгө жардам берүү программасын камтыган социалдык пакетти (Макулдашуу) алар андан ары кароосу жана жактыруусу үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына даярдоого жана берүүгө. Мында. биринчи үч жылда жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү боюнча жылдык инвестициялардын өлчөмү 100000000 (жүз миллион) сомдон төмөн болбошу керек, ал эми кийинки жылдары 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон кем болбошу керек;
14) ААФты куруу убагында жана аны пайдаланууга киргизүүгө чейин, подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен, лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынан 30% (отуз) көп эмес, ал эми ААФты ишке киргизгенден кийин 10% (он) көп эмес чет өлкөлүк адистерди тартууга;
15) өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен, мурунку лицензиат жана/же аны уюштуруучулар жана/же башка бенефициарлар жана/же башка кызыкдар жактар менен, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын эл аралык соттордо жана Кыргыз Республикасынын сотторунда коргоону камсыз кылууга, кенди өздөштүрүү (иштетүү жана/же геологиялык чалгындоо) үчүн керектүү жер участкаларына болгон укук менен, Жерүй кенин жана/же Жерүй аянты боюнча укук менен байланышкан доолор боюнча, сот тарабынан таанылган мүлк мүнөзүндөгү доолор (сот чыгымдары, чыгымдар, текке кеткен пайдалар, зыяндар менен байланышкан чыгашалар ж.б.) боюнча төлөмдөрдү камтуу менен бардык чыгымдарды төлөөгө (3-тиркеме);
16) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн товарларды, аткарылбаган иштерди жана көрсөтүлбөгөн кызматтарды сатып алуудан сырткары, лицензиаттын иш-аракетин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын аймагындагы иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгиленген сапат стандарттарына туура келген товарларды (товардык-материалдык баалуулуктарды) сатып алууну жүзөгө ашырууга. Мына ушуга тете башка шарттарда Талас облусунун аймагында өндүрүлгөн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү (товардык-материалдык баалуулуктарды) артыкчылыктуу сатып алууну жүзөгө ашырууга;
12. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү шарттары анын ичинде жогоруда айтылып өткөн негизги шарттар конкурстун жеңүүчүсүнө берилген лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган шарттарынын аткарылбашы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп эсептелет.
13. Конкурска катышуу үчүн табыштама берүү менен, конкурстун катышуучусу жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган негизги шарттарын тааныйт жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилген лицензиялык макулдашууга аларды киргизүүгө макулдугун берет.
5. Жыйымдарды, кепилдик төгүмдөрдү, бааларды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмдөрү, тартиби жана мөөнөтү
14. Кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн акы төлөө:
1) комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз берүүчүгө, ушул Шарттардын 4-тиркемесине ылайык кыскача геологиялык маалымат берет. Конкурска катышуу үчүн арыз берүүчүлөр, 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акы төлөй, аталган геологиялык маалыматты алууга милдеттүү;
2) зарыл болгон учурда арыз берүүчү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартында № 144 токтому менен бекитилген, Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык, кошумча геологиялык маалымат алууга укуктуу;
3) ушул пункттун биринчи абзацында аталган алдын ала берилген геологиялык маалыматтын наркы, конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча акыркы баага киргизилет жана документтерди кароо жана/же конкурсту өткөрүү жыйынтыктарына көз каранды эмес, ушул Шарттардын 40-пунктунда жазылган учурлардан сырткары да кайтарылып берилбейт;
4) конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин, ага наркы 12179250 (он эки миллион жүз жетимиш тогуз миң эки жүз элүү) сом (алдын ала берилген геологиялык маалыматтардын наркын эсепке алуу менен) турган геологиялык маалыматтардын толук пакети берилет. Бул пакеттин наркы, конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага киргизилет;
5) Көрсөтүлгөн төлөмдөр комиссиянын жумушчу органынын (Геология агенттиги) атайын эсебине келип түшөт жана анын карамагында калат. Геологиялык маалымат анын наркы толук төлөнгөндөн кийин дароо арыз берүүчүгө берилет.
15. Конкурска катышуу үчүн жыйым:
1) конкурстун катышуучулары конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө же төлөө күнүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ доллары эквивалентиндеги жыйым (мындан ары - катышуу үчүн жыйым) төлөөгө милдеттүү, Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча акыркы баага киргизилбейт жана документтерди кароо жана/же конкурсту өткөрүү жыйынтыктарына көз каранды эмес, ушул Шарттардын 40-пунктунда жазылган учурлардан сырткары да кайтарылып берилбейт. Аталган каражаттар комиссиянын (Геология агенттиги) жумушчу органынын атайын эсебине келип түшөт жана анын карамагында калат.
16. Жеңүүчүнүн кепилдик төгүмү.
Конкурстун жеңүүчүсү, ал жеңүүчү деп жарыяланган датадан баштап, 5 (беш) иш күндүн ичинде, сунуш кылынган баадан 10% (он) өлчөмүндө кепилдик төгүмдү (мындан ары - конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү) төлөөгө милдеттүү. Ушул Шарттардын 17-пунктунда каралган пайдалануу укугу үчүн бааны конкурстун жеңүүчүсү кийин төлөгөн учурда, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча баасында эске алынат. Конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү, конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылып берилбейт, эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 17-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча бааны төлөбөсө, ал республикалык бюджетке чегерилет.
17. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча баа:
1) конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча баа. 100000000 (жүз миллион) АКШ долларынан кем болбошу керек. Баа өзүнө бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн бааны камтыйт, мында конкурска катышуучулар тарабынан абдан жогорку баа сунуш кылынышы мүмкүн. Бонусту эсептен чыгаруу менен жыйынтыкталган сумма жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн баа, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген кендерди пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүү шарттары жана тартиби жөнүндө Жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа, бир жолку жана кайтарылып берилбеген төлөм болуп эсептелет.
2) конкурстун жеңүүчүсү ага сунуш кылынган конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча бааны, "Эркин Тоо" гезитине конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандыгы жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими жарыяланган датадан баштап 30 (отуз) иш күндүн ичинде төлөөгө милдеттүү. Ошондой эле көрсөтүлгөн чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына жайгаштырылат.
18. Төлөмдөрдү төлөө үчүн маалым даректер:
1) геологиялык маалымат пакети үчүн төлөм, конкурска катышуу үчүн жыйым, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү, ошондой эле тиешелүү багытты көрсөтүү менен, конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча баа, төмөндөгү маалымдаректер боюнча Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине төлөнүшү керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун казыналык бөлүмү
Банк: "РСК-Банк" ААКсынын Бишкек филиалы БИК 120052
Алыш-бериш эсеби: 1290524132820096;
Энчилүү эсеп: 4402012100002662
Төлөм багыты: [Геология агенттигинин энчилүү эсебине кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн]/[Геология агенттигинин энчилүү эсебине конкурска катышкандыгы үчүн жыйым]/[Геология агенттигинин энчилүү эсебине конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү]/[Геология агенттигинин энчилүү эсебине кендерди пайдалануу укугу үчүн төлөм (конкурстун объектисинин кендерди пайдалануу укугу боюнча баа)].
19. Конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү. чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
6. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары тарабынан берилүүчү документтер
20. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди кабыл алат жана аларды экинчи папка катышуусуна жол берүү же андан баш тартуу максатында, ушул Шарттарда белгиленген талаптарга алардын документтеринин ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия экинчи этапка катышуусуна жол берилген конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди кабыл алат жана документтердин ушул Шарттарда белгиленген талаптарга ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашырат жана белгиленген критерийлерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
21. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары, конкурсту өткөрүү жөнүндө расмий органдарда кулактандыруу басылган учурдан баштап, 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен, Геология агенттигине Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2. № 217 кабинет, дареги боюнча төмөндөгү документтерди 2 (эки) нускада беришет:
1) конкурстук комиссиянын төрагасынын атына, бекитилген формага ылайык конкурска катышуу үчүн табыштама (1-тиркеме);
2) геологиялык маалымат пакети үчүн төлөнгөн төлөмдү ырастоочу документтеринин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын);
3) конкурска катышуу үчүн жыйымдын төгүлгөндүгүн ырастоочу документинин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын). Ошондой эле, чапталган конвертте төмөндөгү документтер берилет:
1) Кыргыз Республикасында катталган (кайрадан каттоодон өткөн) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн, ошондой эле мамлекеттик реестрден апостиленген же легалдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча ал иштеп жаткан юридикалык жак болуп эсептелээрин күбөлөндүргөн жана башка документ(2). Чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан чет тилиндеги уюштуруучу документтер жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулгандыгын расмий түрдө күбөлөндүрүү менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден көчүрмөнүн же өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча ал иштеп жаткан юридикалык жак болуп эсептелээрин күбөлөндүргөн жана башка документтин жарактуу мөөнөтү, көрсөтүлгөн документтер берилген датасынан баштап, 6 (алты) айдан ашпоого тийиш;
3) конкурстун катышуучуларынын белгилеген форматта ылайык акыркы ээлери жана/же бенефициарлары болуп эсептелген адамдарды ачыктаган маалыматтар жана документтер (2-тиркеме);
4) юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укугун ырастоочу документтер;
5) төмөндөгүлөр жөнүндө:
- конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган учурда, өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен, мурунку лицензиат жана/же аны уюштуруучулар жана/же башка бенефициарлар жана/же башка кызыкдар жактар менен, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын эл аралык соттордо жана Кыргыз Республикасынын сотторунда коргоону камсыз кылууга, кенди өздөштүрүү (иштетүү жана/же геологиялык чалгындоо) үчүн керектүү жер участкаларына болгон укук менен, Жерүй кени жана/же Жерүй аянтына карата укуктар менен байланышкан доолор боюнча, сот тарабынан таанылган мүлк мүнөзүндөгү доолор (сот чыгымдары, чыгымдар, текке кеткен пайдалар, зыяндар менен байланышкан чыгашалар ж.б.) боюнча төлөмдөрдү камтыган бардык чыгымдарды төлөөгө макулдук берүү (3-тиркеме);
- конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда, ААФдын курулушун баштоо жана/же ААФты өндүрүштүк пайдаланууга киргизүү мөөнөтүн бузган учурда, ушул Шарттарда каралган бардык айып пулдарды төлөөгө макулдугун берүү (3-тиркеме);
- конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда, конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча ага сунушталган баа кайтарылбас төлөм болуп эсептелээрине макулдук берүү (3-тиркеме);
- конкурстун катышуучусу өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана курчап турган чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуунун натыйжасында келтирилсе макулдук берүү жөнүндө жазуу түрүндө макулдук берет (3-тиркеме).
22. Конкурстун катышуучусу, конкурстун катышуучусунун толук аталышы жана дареги, конкурстун биринчи этабына катышууга берилген документтердин толук тизмеси көрсөтүлгөн документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тиркелип, бөлүштүргүч менен бөлүнүп, конкерттеги бардык беттерге номер коюлушу керек. Документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Эгерде документтер чет тилдерде берилсе, ага нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдердеги котормолору тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик жана расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор, документтерди берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
23. Конкурстук комиссия документтери бар конверттерди ачууну. документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктаган соң, кийинки жумушчу күнүндө жүргүзүшөт жана конкурстун катышуучусунун аталышы жана алар берген документтердин барагынын саны көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин, 5 (беш) иш күндүн ичинде берилген документтерди карай чыгат жана конкурстун экинчи этабына конкурстун катышуучусун жиберүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга туура келген шартта гана. алар экинчи этапка жиберилет. Берилген документтердин түрүнө, формасына жана тизмесине карата талаптар боюнча маселелер келип чыккан учурда, конкурстук комиссия протокол түрүндө таризделген кошумча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
24. Конкурстун экинчи этабына конкурстун катышуучусун жиберүү же баш тартуу жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына, ошондой эле жана башка расмий басылмаларга жайгаштырылат.
25. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка жиберилген конкурстун катышуучулары, экинчи этапка жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан баштап, 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен, Геология агенттигине Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2, № 217 кабинет дареги боюнча төмөндөгү документтерди беришет:
1) төмөндөгүлөр боюнча сунуштарды (алдын-ала) өзүнө камтышы керек болгон, Жерүй кенин иштетүү программасын:
- капиталдык салымдар. иштетилүүчү чыгымдар жана долбоордук рентабелдүүлугү жөнүндө техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү;
- ААФдын куруу жана аны пайдаланууга берүү мөөнөттөрүн, иштерди жүргүзүү этаптарын сактоо;
- бузулган жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү;
- талап кылынгын инвестициялардын эсебин;
- ААФтын иш-аракетинин жыйынтыгынан улам, республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык жана салык эмес төлөмдөрдүн келип түшүүсүнүн эсебин;
- конкурстун катышуучусунун кароосу боюнча жана башка кошумча маалыматтарды жана документтерди.
2) Жерүй аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү программасын;
3) пайдалуу кендерди чалгындоодо, казууда жана иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, кенди сактоо жана сарамжал пайдалануу боюнча сунуштардын жана чаралардын комплекси;
4) акыркы үч жылдан кем эмес мезгилде, алтын кени чыккан жерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү жаатындагы иш тажрыйбасы жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтар жана документтер;
5) жеке каражаттарынын бар экендигин жана/же баштапкы капиталдык салымдар үчүн финансылык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ырастоо, анын ичинде, акыркы 3 (үч) жылга карата бухгалтердик отчеттор, банктык маалымкаттар, насыяларды алуу жөнүндө келишимдер, салык карызынын жоктугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер жана башка окшош документтер;
6) региондун жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүү, иш жүргүзүлгөн райондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын түзүү, кен чыккан жерди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу, кенди өздөштүрүү менен байланышкан, ишти жүргүзүүгө карата калкты тартуу максатында, аларды кесиптик даярдоону уюштуруу, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан жана башка маселелерди чечүүгө жардам берүү программасын камтыган социалдык пакет боюнча сунуштар;
7) конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча, ушул Шарттардын 17-пунктунда көрсөтүлгөн минималдык нарктан кем эмес бааны сунуш кылуу. Мында комиссия тарабынан конверттер ачылгандан жана критерийлер боюнча балл коюлгандан кийин, конкурстун башка катышуучуларынын катышуусунда көрнөкчөнү көтөрүү менен, абдан жогорку бааны ачык сунуш кылуу укугу берилет. Абдан жогорку бааны сунуш кылуу, баа критерийлери боюнча максималдуу баллга жеткенге чейин бир нече жолу берилиши мүмкүн.
8) юридикалык жактын - болочок лицензиаттын уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына бекер берүү боюнча сунуш;
9) Жерүй кенин иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон, конкурстун катышуучусунун квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө күбөлөндүрүүчү кошумча ар кандай маалыматтар жана документтер.
26. Экинчи этапка жиберилген конкурстун катышуучусу, конкурстун катышуучусунун толук аталышы жана дареги, конкурстун экинчи этабына катышууга берилген документтердин толук тизмеси көрсөтүлгөн документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тиркелип, бөлүштүргүч менен бөлүнүп, конверттеги бардык беттерге номер коюлушу керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтер чет тилинде берилген учурда, аларга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор, документтерди берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
27. Конкурстук комиссия документтери бар конверттерди ачууну документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктаган соң, кийинки жумушчу күнүндө жүргүзүшөт жана конкурстун катышуучусунун аталышы жана дареги, ошондой эле алар берген документтердин барагынын саны жана кендерди пайдалануу укугу боюнча сунуш кылынган баа көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстун катышуучулары конвертти ачууга катышууга укуктуу.
28. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу конверттер ачылган күндөн кийинки күнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттиктин веб-сайттарына жайгаштырылат.
7. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоочу критерийлер
29. Конкурстук комиссия конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу жарыялангандан кийин, 5 (беш) иш күндүн ичинде өткөрүлгөн конкурстун экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт жана ушул протоколдун негизинде, конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карап чыгууда, конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмө берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
30. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо жолу менен аныкталат. Документтерди баалоо. баллдык тутум боюнча төмөндөгүдөй чен белгилер менен жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Балл |
1 | Ушул Шарттарда белгиленген тиешелүү талаптар киргизилген Жерүй кенин иштетүү боюнча берилген программанын сапаты | 5 баллга чейнп |
2 | Ушул Шарттарда белгиленген тиешелүү талаптарды киргизүү менен Жерүй аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча берилген программанын сапаты | 3 баллга чейин |
3 | Пайдалуу кендерди чалгындоодо, казууда жана иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын сактоо жана сарамжал пайдалануу боюнча сунуштар | 10 баллга чейин |
4 | Жерүй кенин иштетүү үчүн финансылык (жеке жана тартылган каражаттар) мүмкүнчүлүктөр | 5 баллга чейин |
5 | Ушул Шарттардын 11-пунктунун 13-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан ашыкча социалдык пакетке бөлүнгөн финансылык каражаттардын өлчөмү (суммасы) | 3 баллга чейин |
6 | Конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча минималдык баанын ашырылышы (бул критерий боюнча акыркы балл, конкурска катышуучулар тарабынан абдан жогорку баа сунуш кылынгандан кийин коюлат) | Конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча минималдык бааны ашыкча, ар бир кийинки 10 миллион АКШ доллары үчүн 1 балл, бирок ал 10 баллдан ашпайт |
7 | Фабриканы, ошондой эле объекттин инфратүзүмдөрүн куруу жана пайдаланууга берүү мөөнөттөрү | 18 айга чейин - 2 балл; жыл ичинде - 4 балл. |
8 | юридикалык жактын - болочок лицензиаттын уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына бекер берүү | Ар бир 10 пайыз үчүн - 1 балл |
31. Конкурстук комиссия тарабынан, катышуучунун ар бир критерий боюнча алган баллы жана катышуучунун жалпы баллы көрсөтүлгөн ар бир катышуучу боюнча баллды эсептөө протоколу түзүлөт.
32. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча баллды аныктоонун негизинде, комиссия өткөрүлгөн конкурстун экинчи этабынын натыйжалары боюнча добуш берүү жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат.
33. Эн көп балл алган катышуучу, конкурстун жеңүүчүсү болуп эсептелет. Эки же андан коп катышуучунун баллы тең болуп калганда, комиссиянын төрагасы ачык добуш берүү тартибин дайындайт. Добуш берүү конкурска катышуучунун ар бири боюнча жүргүзүлөт. Мында, комиссиянын ар бир мүчөсү конкурстун бир катышуучусуна гана добушу берүүгө укуктуу. Эң көп сандагы добуш алган конкурстун катышуучусу жеңүүчү болуп таанылат. Эгерде эки же андан көп катышуучуга бирдей добуш берилсе, бул катышуучуларга биринчи турдун эрежеси боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда, конкурстун жеңүүчүсү аныкталганга чейин, добуш берүүнүн кошумча туру өткөрүлөт. Комиссия мүчөлөрү добуш бербей коюуга укугу жок. Конкурстук комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган бардык турларда конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.
34. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу жүзүндө таризделет жана конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсү кол коет жана конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими расмий басма сөз органдарында жарыяланат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына жайгаштырылат.
35. Конкурстук комиссиянын чечими, конкурстук комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү кол койсо, жарактуу болуп эсептелет.
36. Чечим Жерүй кенин иштетүү максатында, жер казынасын пайдалануу укугу боюнча лицензияны жана Жерүй аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында, жер казынасын пайдалануу укугу боюнча лицензияны конкурстун жеңүүчүсүнө берүү үчүн негиз болуп эсептелет. Лицензияларга карата лицензиялык макулдашуулар, конкурс өткөрүүдө белгиленген шарттарды камтышы керек.
37. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензия Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан Жерүй кени боюнча конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлгөн жана катталган туунду компанияга берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлгөн туунду компания, конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган күндөн баштап, бир айдан кечиктирбестен катталышы керек. Түзүлгөн туунду компания конкурстун жеңүүчусү - чет өлкөлүк юридикалык жакка 100% (жүз) тиешелүү болушу керек, юридикалык жактан лицензиаттын катышуу үлүшү Кыргыз Республикасына бекер берилген учурдан сырткары болот.
38. Конкурстун катышуучусуна лицензия, конкурстун объектисин пайдалануу укугу боюнча аларга сунуш кылынган баа төлөнгөндөн кийин, 5 (беш) иш күндүн ичинде берилет. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензия конкурстун объектисин пайдалануу укугу боюнча аларга сунуш кылынган баа (i) төлөнгөндөн кийин жана (ii) чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясын Жерүй кени боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн же түп нускасын көрсөткөндө, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кечирээк баштала тургандыгына карабастан, 5 (беш) иш күндүн ичинде берилет.
39. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан учурда же белгиленген мөөнөттө конкурс объектисин пайдалануу укугу боюнча жарыяланган бааны төлөбөсө, конкурстун жеңүүчүсү лицензия алуу укугун жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү болуп, баш тарткан конкурстун жеңүүчүсүнөн кийин, башка катышуучуларга Караганда эн көп баллга ээ болгон жана кошумча добуш берүүдө көп сандагы добуш алган катышуучу таанылат, эгерде конкурстук комиссия тарабынан башка чечим кабыл алынбаса.
8. Конкурсту токтотуу жана жараксыз, болбой калды деп таануу
40. Жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыяланганга жана конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту токтотууга укуктуу. Мында конкурстук комиссия жоюлууга тийиш. Эгерде жарыялангандан кийин конкурс болбой калса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук комиссияны жоюуга жана жаңы конкурстук курамдагы жаны конкурс жарыялоого укуктуу.
41. Конкурска катышуу үчүн табыштама жок болсо же конкурска катышуу үчүн бир гана катышуучудан табыштама келип түшсө, же конкурстун бардык катышуучулары тарабынан берилген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурстук комиссиянын протокол менен таризделген жана басма сөздүн расмий органдарында жарыяланган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына жайгаштырылган чечиминин негизинде конкурс өтпөй калды дел таанылат.
42. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурска катышуу жөнүндө өзүнүн табыштамасын алып коюуга укуктуу. Мында, конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү жыйым кайтарылбайт.
Маалымат алуу үчүн телефондор: (+996312) 30-03-71, 30-02-46. Бул маалымат менен Геология агенттигинин www.geology.kg веб-сайтында таанышууга болот.
(1) "Жерүй" кен чыккан жер жөнүндө маалыматтар маалыматтык мүнөзгө ээ жана берилген маалыматтар акыркы болуп эсептелбейт.
(2) Документтерди легализациялоо талап кылынбайт:
а) чет өлкөлүк расмий документтерди талап кылууну алып салган 1961-жылдын 5-октябрындагы Конвенциянын ("Гаага Конвенциясы") мүчө өлкөлөрү үчүн, Кыргыз Республикасынын Гаага Конвенциясына биригүүсүнө каршы болгон мүчө өлкөлөрдөн сырткары, жана
б) укук жардамы жана жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укук мамилелери жөнүндө 2002-жылдын 7-октябрындагы Конвенциясынын ("Кишинев Конвециясы") мүчө өлкөлөрү үчүн.
|
| Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин жана жеңүүчүнүн критерийлерин аныктоого карата 1-тиркеме |
Конкурска катышуу боюнча ТИПТҮҮ ТАБЫШТАМА
Юридикалык жана физикалык жактар үчүн:
Мен, ______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
___________________________________________________________________________
(өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ)
___________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
___________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери. каттоо датасы жана органы,
атынан чыгып жатып, дареги, банктык маалымдареги)
___________________________________________________________________________
(тарап анын негизинде иш алып баруучу документ, эгерде өкүл ишеним кат боюнча
иш алып барса
___________________________________________________________________________
негизинде иш алып баруу менен айда ишеним каттын маалымдареги)
Ишеним кат боюнча:
Мен, ______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
___________________________________________________________________________
(өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ)
___________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
___________________________________________________________________________
(өлкө, шаар, айыл, көчө, үй жана батир №)
______________________________________________________ дареги боюнча жашаган.
ушуну менен:
___________________________________________________ кен объектиси(лери) боюнча
(жери жана убактысы) өтүүчү конкурска катышуу ниетимди билдирем.
лот(тор) боюнча: _____________________________________________________________
Буга ылайык, мен төмөндөгү төгүмдөрдү төлөдүм:
1. 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө алдын ала геологиялык маалымат үчүн төлөм;
2. 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурста жеңип алган учурда төмөндөгүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органга, конкурс боюнча ээ болгон объект кендерин пайдалануу укугунун наркын, конкурстун шарттарында белгиленген мөөнөттө төлөөгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, керектүү төлөмдөрдү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органга төлөөгө;
4) кен объектисин пайдаланууга карата конкурска коюлган кен объектисинин бөлүнгүс шарттары болуп эсептелген, конкурстун уюштуруучулары тарабынан белгиленген талаптарды аткарууга, ал эми аларды аткарбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын ____ февралындагы № _____ токтому менен Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык жактан изилдөө жүргүзүү жана жеңүүчүнүн критерийлерин аныктоо максатында кенди пайдалануу укугу боюнча конкурсту өткөрүү шарттарында жана тартибинде белгиленген айып пул санкцияларын төлөөгө.
Мен, эгерде айтылган сунуштардын бири даты конкурстун шарттарына жооп бербесе, же табыштамалар жок болсо, же бир гана табыштама келип түшсө, конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга, ошондой эле алдын ала геологиялык маалымат үчүн төлөнгөн төлөм жана конкурска катышуу үчүн жыйым суммалары кайтарылбастыгына жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органда кала тургандыгына макулмун.
Конкурска катышуу үчүн, ушул арызга кошумча төмөндөгүлөрдү тиркейм:
1. _________________________________________________________________;
2. _________________________________________________________________;
3. _________________________________________________________________;
4. _________________________________________________________________;
5. _________________________________________________________________;
6. _________________________________________________________________;
7. _________________________________________________________________;
8. _________________________________________________________________;
9. _________________________________________________________________;
10. ________________________________________________________________;
11. ________________________________________________________________;
Табыштама берүүдө талапкер паспортун өзү көрсөтөт.
Арыз берүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу:
Датасы "__" _____________ 2015-жыл.
Кабыл алынды: _____________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызматы)
__________________________________________________
(убакытты так көрсөтүлгөн табыштама кабыл алынган дата)
__________________________________________________
(Табыштаманы кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу)
|
| Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин жана жеңүүчүнүн критерийлерин аныктоого карата 2-тиркеме |
Компаниянын менчик ээлери жөнүндө МААЛЫМКАТ
1. Компаниянын толук аталышы
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан жери)
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери
4. Компания |
| жеке |
| мамлекеттик болуп эсептелет |
5. Компания 100% акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон туунду компанияларды атагыла
6. Компания 5% жана андан кон акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон жана башка компанияларды атагыла
7. Компаниянын менчик ээлери (компаниянын акционерлери/катышуучулары) жөнүндө маалымат
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Каттоо дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
8. Компаниянын менчик ээлери, акционерлери/катышуучулары жөнүндө маалымат
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин фамиялиясы аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Каттоо дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
9. 8-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин фамилиясы, аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Каттоо дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 | ||||
2 | ||||
3 |
| |||
... |
Компания ушул маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугуна, тактыгына жана аныктыгына кепилдик берет.
Колу: ________________________________ М.О.
Аты-жөнү: ___________________________
Кызматы: ___________________________
Датасы: _____________________________
|
| Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин жана жеңүүчүнүн критерийлерин аныктоого карата 3-тиркеме |
МИЛДЕТТЕНМЕ
____________________________________________________________________________________________________,
(мындан ары - Катышуучу) ____________________________________________________________________________
атынан, _____________________________________________________________________________________________
негизинде иш алып баруучу, ушуну менен Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде (мындан ары - Шарттар) каралган бардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Катышуучу Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда, Катышуучу төмөндөгүлөргө милдеттенет:
- өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен, мурунку лицензиат жана/же аны уюштуруучулар жана/же башка бенефициарлар жана/же башка кызыкдар жактар менен, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын эл аралык соттордо жана Кыргыз Республикасынын сотторунда коргоону камсыз кылууга, кенди өздөштүрүү (иштеп чыгуу жана/же геологиялык чалгындоо) үчүн зарыл жер участокторуна карата укуктар менен, Жерүй кенин жана/же Жерүй аянтына карата укуктар менен байланышкан доолор боюнча, сот тарабынан таанылган мүлк мүнөзүндөгү доолор (сот чыгымдары, чыгымдар, текке кеткен пайдалар, зыяндар менен байланышкан чыгашалар) боюнча төлөмдөрдү камтыган бардык чыгымдарды төлөөгө;
- ААФ курулушун баштоо жана/же ААФты өнөр жай пайдалануусуна киргизүү мөөнөтүн бузган учурда, ушул Шарттарда каралган бардык айып пулдарды төлөөгө;
- Шарттардын 42-пунктунда каралган учурлардан сырткары, жер казынасын пайдалануу укугу боюнча аларга сунуш кылынган баа, кайтарылбаган төлөм болуп эсептелээрине макулдугун берүүгө;
- өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында айлана-чөйрөгө кетирилген зыяндын ордун толтурууга жана айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуунун натыйжасында келтирилсе.
Катышуучу жогоруда саналып өткөн милдеттенмелер Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтына геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурстун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелээрин түшүнөт жана ага макулдугун берет жана аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу: _______________________________
Аты-жөнү: ___________________________
Кызматы: ___________________________
Датасы: _____________________________
|
| Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык жактан изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугу боюнча конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин жана жеңүүчүнүн критерийлерин аныктоого карата 4-тиркеме |
Жерүй кени жана Жерүй аянты боюнча геологиялык кыскача МААЛЫМАТ
Инв. № 007600 1984-жылдын 1-августундагы абал боюнча запастарды эсептөө менен, Жерүй алтын кени боюнча терең горизонтторду толук чалгындоо боюнча (2-кезектеги) отчет. 1984-ж. СКГЭ УГ Кырг. ССРи, Фрунзе ш., Жерүй аянты, Талас шаары.
Том I - 350 барак.
Том II - I - 260 барак.
Том II - II - 292 барак.
Том II - III - 287 барак.
Том III - I - 267 барак.
Том III II - 106 барак.
1984-жылдын 14-ноябрындагы ГКЗ № 9585 протоколу, 161 барак.
Том IV - I - 31 графикалык тиркеме.
Том IV - II - 28 графикалык тиркеме.
Том IV - III - 7 графикалык тиркеме.