Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 500-б буйругунун редакциясына ылайык)

2015-жылдын 2-марты № 66-б

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Жол фонду жөнүндө» Кьргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2015-жылга республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен жана анын чегинде Чүй облусундагы Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы Панфиловка - Орто-Арык автомобиль жолунун узундугу 1 км болгон участогуна, жөө жүрүүчүлөр жолуна жана автотоктотмого (А.Осмонов атындагы мемориалдык музейден Э.Султаналиев атындагы ат майданына чейин) долбоордук-сметалык документтерди даярдасын жана капиталдык оңдоо жүргүзсүн.

 (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 500-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ушул буйруктун аткарьлышьн контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев