Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 6-марты № 80-б

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы № 295-б, 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 474-б, 2016-жылдын 14-мартындагы № 101-б, 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 502-б, 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 108-б, 2017-жылдын 14-августундагы № 336-б, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 581-б, 2019-жылдын 23-январындагы № 4-б, 2019-жылдын 3-октябрындагы № 373-б ,2019-жылдын 24-октябрындагы № 406-б, 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 439-б, 2020-жылдын 30-июлундагы № 266-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

 

Премьер-министр

 

Дж.Оторбаев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы № 295-б, 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 474-б, 2016-жылдын 14-мартындагы № 101-б, 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 502-б, 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 108-б, 2017-жылдын 14-августундагы № 336-б, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 581-б, 2019-жылдын 23-январындагы № 4-б, 2019-жылдын 3-октябрындагы № 373-б, 2019-жылдын 24-октябрындагы № 406-б, 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 439-б, 2020-жылдын 30-июлундагы № 266-б 2020-жылдын 11-декабрындагы № 394-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

 

№

Өкмөттөр аралык комиссиянын аталышы

Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы

1

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

2

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясы

-

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана Евразия экономикалык бирлиги маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

3

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украин биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

4

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясы

-

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана Евразия экономикалык бирлиги маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

5

Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясы

-

чек ара маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

6

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри

7

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

8

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

9

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

10

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри

11

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 20-январында Москва шаарында кол коюлган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобу

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри

12

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри

13

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри

14

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

15

Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри

16

Эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

17

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри

18

Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри

19

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобу

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

20

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри

21

Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

22

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-поляк комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

23

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

24

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 108-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

25

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

26

Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

27

Экономикалык, өнөр жайлык кызматташтык жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-италия жумушчу тобу

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

28

Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

29

Экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри

30

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы

31

Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-катар комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри

32

Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-эмират биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

33

Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индонезия комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри

34

Кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд комитети

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри

35

Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

36

Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер биргелешкен комиссиясы

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри