Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы №361-б)

2015-жылдын 2-апрели № 142-б

Республикада ат спортун мындан ары жайылтуу, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жайгашкан ат майданын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Каракол шаарында жайгашкан,  аянты 44,76 га ат майданын жана жер аянты 67 га көмөкчү чарбасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы №361-б)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ат майданды жана көмөкчү чарбасын оперативдүү башкарууга кабыл алсын;

- аталган объекттерди максаттуу арналышы боюнча пайдаланууну камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы №361-б)

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен бирге ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы №361-б)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерге укукту кайра каттасын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы №361-б)

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди кармоо үчүн керектүү каражатты 2015-жылга республикалык бюджеттен издеп тапсын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы №361-б)

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев