Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 3-апрели № 82
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 720, 2021-жылдын 23-мартындагы № 231 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 токтому менен бекитилтен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобонун 17-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда тузүлсүн.
2. Комиссиянын жыйыны эки айда бир жолудан кем эмес еткөрүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 23-мартындагы № 231 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
- уюштуруу-инспектордук иштер;
- укуктук экспертиза;
- социалдык өнүктүрүү;
- билим берүү, маданият жана спорт;
- агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү;
- курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү;
- коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.".