Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2021-жылдын 23-марты № 231
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кайра өзгөрүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | У.Марипов |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
- уюштуруу-инспектордук иштер;
- укуктук экспертиза;
- социалдык өнүктүрүү;
- билим берүү, маданият жана спорт;
- агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү;
- курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү;
- коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.".