Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-июну № 260-б
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалын жакшыртуу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Жалпы узундугу 112,2 км, наркы 994 216,000 (тогуз жүз токсон терт миллион эки жуз он алты миң) сом болгон автомобиль жолдорунун асфальтбетон жабууларын (мындан ары - автомобиль жолдору) оңдоо пландалган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөру, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти менен бирге эки жумалык меенөттө ушул буйруктун тиркемесине ылайык Тизмеке киргизилген автомобиль жолдору боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине ушул буйруктун тиркемесине ылайык Тизмекте камтылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын автомобиль жолдорун оңдоого 994 216,000 (тогуз жүз токсон терт миллион эки жүз он алты миң) сом белуп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджета жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды караштырсын;
- 850 0000000 (сегиз жүз элүү миллион) сом суммасында 2015-жылы ондоо талап кылынган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын автомобиль жолдорунун тизмесин 2015-жылга "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан каржылануугу мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмегане киргизсин;
- калган сумманы жана иштин көлөмүн кийинки жылдардагы пландарда караштырсын;
- долбоордук-сметалык документацияга тиешелүү каражат бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департамента Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын автомобиль жолдорун оңдоо боюнча мамлекеттик заказчы болуп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департамента белгиленген тартипте:
- "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын жана акы төлөөнү иш жүзүндө аткарылган жумуштар боюнча жүргүзсүн;
- ушул буйруктун тиркемесине ылайык Тизмекке киргизилген автомобиль, жолдорун оңдоо үчүн зарыл болгон сатып алууларды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзсүн;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууда консультациялык кызмат керсөтүүлөрдү караштырсын;
- жүргүзүлген сатып алуулардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
| № | Калктуу конуштун аталышы | Иштин көлөмү, (км) | Болжолдуу наркы (мин сом) | ||
| Баткен облусу | |||||
| 1. | Баткен ш. | 5 | 41 137,9 | ||
| 2. | Сүлүктү ш. | 2,26 | 12 870,7 | ||
| 3. | Исфана ш. | 4,15 | 24 570,8 | ||
| 4. | Кызыл-Кия ш. | 2 | 23 382,5 | ||
| 5. | Кадамжай ш. | 2 | 12 933,2 | ||
|
| Жалпы | 15,41 | 114 895,1 | ||
| Ош шаары | |||||
| 1. | Ош ш. | 6,8 | 125 157,4 | ||
|
| Жалпы | 6,8 | 125 157,4 | ||
| Ош облусу | |||||
| 1. | Ноокат ш. | 3,6 | 40 181,6 | ||
| 2. | Кара-Суу ш. | 3,8 | 35 060,0 | ||
| 3. | Өзгөн ш. | 3,8 | 26 463,9 | ||
|
| Жалпы | 11,2 | 101 705,6 | ||
| Жалал-Абад облусу | |||||
| 1. | Жалал-Абад ш. | 11,1 | 72 722,3 | ||
| 2, | Кербен ш. | 3,2 | 22 111,1 | ||
| 3. | Кара-Көл ш. | 2,4 | 11 927,7 | ||
| 4. | Токтогул ш. | 3 | 28 560,2 | ||
| 5. | Майлуу-Суу ш. | 2 | 13 930,5 | ||
| 6. | Таш-Кемүр ш. | 3,3 | 25 871,2 | ||
| 7. | Шамалды-Сай а. | 3 | 18 407,1 | ||
|
| Жалпы | 28 | 193 530,1 | ||
| Талас облусу | |||||
| 1. | Талас ш. | 5,9 | 43 415,7 | ||
| 2. | Кызыл-Адыр а. | 2,5 | 14 926,9 | ||
| Жалпы | 8,4 | 58 342,6 | |||
Чүй облусу | ||||||
1. | Токмок ш. | 2 | 11 424,8 | |||
2. | Кара-Балта ш. | 2 | 10 423,6 | |||
3. | Лебединовка а. | 5 2 | 27 543,3 | |||
4. | Шопоков ш. | 2,05 | 13 765,2 | |||
5. | Кайыңды ш. | 2,987 | 16 752,3 | |||
6. | Беловодское а. | 3,9 | 20 017,1 | |||
| Жалпы | 18,14 | 99926,3 | |||
Нарын облусу | ||||||
1. | Нарын ш. | 6,75 | 63 601,5 | |||
2. | Кочкор а. | 2,5 | 18 305,1 | |||
| Жалпы | 9,25 | 81 906,6 | |||
Ысык-Көл облусу | ||||||
1. | Каракол ш. | 10 | 166 710,8 | |||
2. | Балыкчы ш. | 3 | 31 394,7 | |||
3. | Чолпон-Ата ш. | 2 | 20 646,8 | |||
| Жалпы | 15 | 218 752,3 | |||
| Бардыгы | 112,2 | 994216,0 | |||