Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-майы № 142
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнундө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык;
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 117 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 26-июлундагы № 367 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жылдын 28-октябрындагы № 500 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жылдын 6-майындагы № 204 буйругу.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы. Кеңештин катчысы.
Кенештин мүчөлөрү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси -министр;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы.