Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 472
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүүгө байланыштуу, "Кумтөр" долбоорунун ачыктыгын, айкындыгын жана реструктуралаштыруу боюнча конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кумтор" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара пайдалуу варианттарын издөө максатында "Кумтор" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеңештин КУРАМЫ
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Атаджанов Сабир Садыкджанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; |
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Кадыркулов Алмазбек Апандиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору; |
Артыкбаев Расул Саткынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Иманкожоева Эркингул Бекбачаевна | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бадыкеева Нуржан Нуралиевна | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча). |