Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 20-февралындагы № 144 буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 29-июну № 273
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Сот реформасын жүргүзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1 -тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөрдү ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтор түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, 2-тиркемеге ылайык курамда;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, 3-тиркемеге ылайык курамда;
- "Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, 4-тиркемеге ылайык курамда;
- "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, 5-тиркемеге ылайык курамда.
3. Координациялык кеңеш менен жумушчу топтордун жетекчилери төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- катчылыктарды түзүүгө;
- зарыл болгон учурларда, белгиленген тартипте жумушчу топтордун ишине министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарынын мэрияларынын (макулдашуу боюнча) адистерин, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттерин тартууга;
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
4. (КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 буйругуна ылайык күчүн жоготту).
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы жана башка эл аралык уюмдар менен бирдикте Координациялык кеңештин жана жумушчу топтордун иштерин техникалык жактан колдоо маселесин иштеп чыксын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
1-тиркеме
Соттук реформаны жүргүзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 буйругунун редакциясына ылайык)
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелерин тейлеген, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасында Укуктун үстөмдүгү боюнча ПРООН программасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча).
Жекече:
Бактыгулов Шерадил Джумадилович - стратегиялык пландоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Мадеюев Ахмат Низамович - стратегиялык пландоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 буйругунун редакциясына ылайык)
Сыдыкова Лейла Чынтургановна | - | юридикалык илимдердин доктору, профессор, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору, топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Сманалиев Кынатбек Мойнокович | - | юридикалык илимдердин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институттун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Канулькулов Марат Эдильевич | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Летова Ирина Витальевна | - | БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы долбоорунун укуктук эксперти (макулдашуу боюнча); |
Кулбаев Аслан Касымалиевич | - | юридикалык илимдердин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борборунун юридикалык жана гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Сулайманова Назгуль Назарбековна | - | юридикалык илимдердин доктору, доцент, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жолдошев Нурлан Шарипжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы штабынын улук инспектору; |
Сапарбаев Батыр | - | БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперти (макулдашуу боюнча); |
Койлубаева Асель | - | "Голос Свободы" коомдук фондусунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Касымбеков Алмаз Салмоорбекович | - | Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Ишматов Амир | - | ЕККУнун Бишкектеги Борборунун улук программалык ассистенти (макулдашуу боюнча); |
Тенизбаев Бектур Алматаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти. |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 буйругунун редакциясына ылайык)
Калиева Гулбара Утюровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Мадалиев Рустам Каримович | - | улуттук координатор, GIZ "Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү укуктук мамлекеттүүлүккө көмөктөшүү" региондук программасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Салиев Азамат Рахимбердиевич | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын улук окутуучусу (макулдашуу боюнча); |
Рыбалкина Антонина Дмитриевна | - | Бишкек шаардык сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Эрмек Калмурзаевич | - | "Ачык укук институтунун" башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Естебесов Адыл Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары. |
4-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 буйругунун редакциясына ылайык)
Сатаров Улан Мелисович | - | адвокат, топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Медеров Азирет Баратович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин документтерди жүгүртүү бөлүмүнүн башчысы; |
Николаева Светлана Викторовна | - | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Соттук аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн сот аткаруучусу; |
Карасартова Рита Рахмановна | - | "Коомдук талдоо институту" коомдук бирикменин директору (макулдашуу боюнча); |
Солтобаева Айдай Жоомартбековна | - | ЕККУнун Бишкектеги Борборунун долбоорунун консультанты (макулдашуу боюнча); |
Кристине Коре-Перконе | - | Европа Союзунун "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн чыңдоого көмөктөшүү" долбоорунун негизги эксперти (макулдашуу боюнча); |
Естебесов Адыл Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары. |
5-тиркеме
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 буйругунун редакциясына ылайык)
Сейдалиева Марипа Эрмековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгынын начальниги, топтун жетекчиси; |
Калыбаева Алия Абдысатаровна | - | юридикалык илимдердин кандидаты, доцент, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин соттук экспертиза кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Кыдыралиева Бакыт Амантуровна | - | БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы долбоорунун укуктук эксперти (макулдашуу боюнча); |
Ашуралиева Тахмина | - | "Кыргызстан-Сорос" фондусунун укуктук программасынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Хорина Сандра | - | Европа Союзунун "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн чыңдоого көмөктөшүү" долбоорунун негизги эксперти (макулдашуу боюнча); |
Самаков Бакыт | - | адвокат; |
Байзаков Самат Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификациялоо секторунун башчысы. |