Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-июлу № 391
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июнундагы № 273 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Канулькулов Марат Эдильевич | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);"; |
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Касымбеков Алмаз Салмоорбекович | - | Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);"; |
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруунун иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Тенизбаев Бектур Алматаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти киргизилсин;
- жумушчу топтун курамынан Н.К.Утемисов чыгарылсын;
- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калиева Гулбара Утюровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);"; |
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексин ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жана "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Естебесов Адыл Жээнбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары киргизилсин;
- "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Байзаков Самат Шейшенбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификациялоо секторунун башчысы киргизилсин;
жумушчу топтун курамынан М.И.Усаров чыгарылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
"1-тиркеме
Соттук реформаны жүргүзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелерин тейлеген, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасында Укуктун үстөмдүгү боюнча ПРООН программасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча).
Жекече:
Бактыгулов Шерадил Джумадилович - стратегиялык пландоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Мадеюев Ахмат Низамович - стратегиялык пландоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).".