Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-июлу, № 325
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери менен артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо боюнча республикалык кеңешмеге өз убагында даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-декабрындагы № 237 "2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. 2015-жылдагы республикалык кеңешмеге даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч күндүк мөөнөттө 2015-жылдагы республикалык кеңешмеге даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 5-мартындагы № 99 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2015-жылдагы республикалык кеңешмеге даярдык көрүү жана
өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Момуналиев Нурханбек Сакенович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Эргешов Алтынбек Калдарович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Рыспаев Бакыт Келгенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Насыров Алмаз Турусбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Айтбаев Урмат Шакиралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын иш кагаздарын жүргүзүү жана Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Ахмедова Назира Махамаджановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жусубалиев Азимкан Ильясович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Утурова Динара Джолдошевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары; |
Рыскулова Айгуль Маратбековна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору. |