Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 24-июлу № 348-б
Арым II мрамор кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары менен тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 513-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен болуп эсептелген Арым II мрамор кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 513-б буйругуна ылайык иштелип чыккан, конкурстук комиссиянын 2014-жылдын 9-декабрындагы № 2 протоколу менен жактырылган Арым II мрамор кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине (мындан ары - Шарттар) ылайык өткөрүлөт.
2. Арым II мрамор кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс мраморду иштетүүдө Кыргыз Республикасына эң пайдалуу шартты сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында өткөрүлөт.
Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна өткөрүлүүчү конкурска координаттардын тик бурчтук системасындагы төмөндөгү бурчтук чекиттер коюлат:
Чекиттер, № | X | Y |
1 | 4659014 | 13319288 |
2 | 4659010 | 13319441 |
3 | 4658868 | 13319439 |
4 | 4658872 | 13319264 |
S = 0,49 км2 же 4,9 га | ||
3. Арым II мрамор кени Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында Суусамыр тоосунун түштүк капталында жайгашкан. Абсолюттук бийиктик белгилери 1526-1683 м чектерде турат. Географиялык координаттары: 42º 03' түндүк кендик жана 72º 49' чыгыш узундук.
4. Арым II мрамор кени Арым-Кичине-Арым суу жайыктары бөлүнгөн жерде турат жана ал улам барган сайын түштүк-батыш тарапка жогорулай берет. Катмардын сууга жакын бөлүгү чымга айланган жана тегиздиги менен өзгөчөлөнөт.
5. Кендин транспорттук шарттары ыңгайлуу: райондук борбор Токтогул шаары кенден 28 километр аралыкта турат, анын жанында 0,7 км Бишкек - Ош автожолу өтөт, Таш-Көмүр темир жол станциясына чейин - 155 км. Кара-Балта шаарына чейин - 200 км.
6. Негизги суу артериясы болуп Чычкан суусу жана анын ири куймасы Арым суусу эсептелет. Арым суусундагы суунун агымы июль айында 8-15 м/сек., түзөт, февраль айында 1 м/сек., чейин кыскарат.
7. Райондун климаты кескин континенталдуу. Минималдуу кышкы температура январь айында -12,6º С, чейин түшөт, максималдык лента (июлда) +15,7º С жетет, орточо жылдык - плюс 9,5º С. Орточо жылдык жаан-чачын 661 мм., жетет.
8. Арым II мрамор кенинин аянтында кар көчкү көп жүрбөйт.
9. Арым II кенинин аянты бирин-серин арча, бадалдардан башка өсүмдүк өспөгөндүгү менен мүнөздөлөт.
10. КW-500 электр берүү линиясы Арым II мрамор кенинен 400 метр түндүктө өтөт.
11. Ичүүчү жана техникалык суу менен камсыздоо булактары болуп Чычкан жана Арым суулары эсептелет.
12. Чычкан суусунун ойдуңунда Ала-Бел ашуусунан Токтогул шаарчасына чейин дээрлик калктуу пункт жок.
13. Аймакта калк аз. "Итагор" метеостанциясында жашаган адамдардын аз тобу, жол жээгиндеги кафелерде жана жол-курулуш участкасындагы ашканаларда иштегендер бул жерде сезондо же нөөмөттүк алмашууда турушат.
14. Жумушчу күчүн жалдоо Токтогул шаарчасында ишке ашырылышы мүмкүн.
15. Мраморлор түстүүлөр тобуна (сары, ачык-сары, көгүлтүр-сары, жашыл, кээде кара) кирет жана жогорку декоративдүүлүгү менен мүнөздөлөт жана жакшы жылмаланат.
16. Химиялык курамы боюнча продуктулук породалар 46,46дан 53,76% чейин кальцийдин окиси камтылган кальций курамдуу мраморго, 0,98ден 3,2% чейин магнийдин окиси бар мраморго, 2,9дан 12,0% чейин кремнекислоталуу мраморго, 20,5% магнийди окиси жана 31,08% кальцийдин окиси камтылган мраморго айланган доломиттерге, 2,1% кремнекислоталуу жана магнийдин окиси (22,87% чейин), кальцийдин окиси (32,36% чейин), кремнийдин Экиокиси (24,22% чейин) жогорулаган өзгөрүлгөн мраморлорго бөлүнөт.
17. Участоктогу породалар монолиттүү жана дээрлик суусуз. Скважиналар казылган жерлерде жер алдындагы суу табылган жок. Жаан чачындан карьерге агып түшкөн суунун максималдуу агымы эсептөөлөр боюнча 115 м3/саатты түзөт. Карьерден суу өзү агып чыгышы мүмкүн.
18. Ичүүчү жана техникалык суу менен камсыз кылуу Арым суусунун эсебинен чечилет. Суунун бактериологиялык анализи ал толугу менен ГОСТтун 2874-73 "Ичүүчү суу" талаптарына жооп бергендигин көрсөттү.
19. Кенди иштетүүнүн кендик-техникалык жана гадрогеологиялык шарттары аны ачык карьердик ыкма менен иштетүү үчүн ыңгайлуу, участокту түзгөн породалар монолиттүү жана дээрлик суусуз.
20. Кен жон болуп бөлүнүп чыгып турган кыркадан турат. Карьерди иштетүүчү участокто жер көчкү же сел жүрүү кубулуштары болбойт.
21. Кендин геологиялык түзүлүшүнүн жана чалгындоонун колдонулган методикасынын жана системасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен продуктулуу породалар боюнча запастарды эсептөө бийиктикти кесүү методу менен жүргүзүлгөн. Запастар техникалык-экономикалык негиздер кабыл алган 1530 м жана 1680 м белгилердин ортосундагы кондициялардын карьеринин тоолук контурунда эсептелген. Чалгындоолордун жана изилдөөлөрдүн сапатынын деңгээли боюнча мрамордун эсептелинген запастары А, В жана С1 категориялары боюнча квалификацияланат.
22. А категориясы боюнча монолиттик мрамордун запасы I-А и II-А блокторунун чегинде эсептелген.
23. В категориясы боюнча мрамордун запасы III-В и IV-В блоктору боюнча эсептелген. С1 категориясы боюнча запастар V-С1 и V1-С1. блокторунда эсептелген.
24. Жогорку зонадагы жаракалуу мраморлор А (1-А жана 2-А подблоктор) жана С1 (алдындагы 3-С1 подблок) категориялары боюнча эсептелген.
25. Сырткы аска катмарды ачуу 4, 5, 6 жана 7-подблоктордо эсептелген, жумшак катмарды ачуу - 8 жана 9-подблоктордо эсептелген.
26. Ички аска катмарды ачуу (микродиориттердин дайкалары) статистикалык ыкма менен эсептелген.
27. Запастар пайдалуу казындылардын запастары боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан 01.09.1980-ж. карата төмөнкүдөй бекитилген:
Запастардын категориясы | Мрамордун шамал тийбеген монолит породаларынын запасы, миң м3 | Мрамордун шамалдын таасири тийген жаракалуу породаларынын запасы, миң м3 |
А | 171 | 118 |
В | 470 | - |
C1 | 80 | 21 |
Бардыгы: | 721 | 139 |
28. 80-жылдардын ортосунда участокто мрамордун аз сандагы блокторун алуу менен ачуу иштери башталып, тез эле токтоп калган.
29. Мрамордун каптоочу блокторду, плиталарды жана мрамор кумун өндүрүү үчүн керектүү запастары 1980-жылы СССРдин ГКЗ тарабынан А+В+С1 категориялары боюнча бекитилген (№ 8673 протокол): Арым II участогу боюнча - 860 миң м3. 2011-жылдын 1-январына карата абал боюнча Арым II участогунда баланстык запастар А+В+С1 категориялары боюнча - 717миң м3, С2 категориясы боюнча 889 миң м3 түзөт. Мрамордун шамалдын таасири тийген баланстык запастары А+В+С1 - категориялары боюнча 128 миң м3, анын ичинде А категориясы боюнча 107 миң м, С1 категориясы боюнча 21 миң м3 түзөт.
30. Конкурска катышууга киргизилүүчүлөр:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет мамлекеттерде катталган (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар) юридикалык жактар.
31. Конкурска катышуучулар (мындан ары - конкурстун катышуучулары) жер казынасын пайдалануу укугун алуу максатында конкурстук комиссиянын кароосуна күбөлөндүрүлгөн төмөнкүдөй маалыматтарды жана документтерди тапшырууга тийиш:
- кен иштетүү тармагында 2 (эки) жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;
- пайдалуу казындыларды чалгындоонун, пайдалуу казындыларды казуунун жана иштетүүнүн заманбап технологияларына ээ болушу жана колдоно алышы;
- Арым II мрамор кенин иштетүү үчүн керектүү өздүк каражаттарынын болушу жана/же кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу;
- өз ишинде өнөр жайлык коопсуздуктун, экологиялык коопсуздуктун, жер казынасын коргоонун жана жер казынасын сарамжалдуу пайдалануунун эл аралык стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын стандарттарын сактоого кепилдиги.
32. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна Арым II мрамор кенин иштетүү укугун ишке ашыруу үчүн зарыл кошумча маалыматты жана адистеринин квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө документтерди берүүгө укуктуу.
33. Жеңүүчү деп табылган жана Арым II мрамор кенин иштетүүгө лицензия алган юридикалык жак (мындан ары - лицензиат) жер казынасын пайдалануунун төмөндөгү негизги шарттарын аткарууну камсыздоого милдеттүү:
1) конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны конкурска катышууга тийиштүү өтүнмөнүн өлчөмүндө төлөө, бирок 3200000 (үч миллион эки жүз миң) АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө (мындан ары - конкурстун объектисинин баасы) төлөөгө;
2) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутундулары бар техникалык долбоорду даярдоону тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууну, ошондой эле Арым II мрамор кенин иштетүү үчүн керектүү инфраструктуралык жана башка объекттерди курууга уруксат документтерди алууну кенди иштетүүгө лицензия берилгенден 6 (алты) айдан кечиктирбестен камсыздоого;
3) кенди иштете баштоо мөөнөтү бузулган учурда лицензиат форс-мажор кырдаалдан башка учурларда кенди иштетүүнү баштоо мөөнөтү бузулган ар бир толук ай үчүн жалпы сумманын 0,5 пайыз өлчөмүндө (100% республикалык бюджетке) айып төлөөгө макулдук берет ("Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык форс-мажор - жер казынасын пайдалануу укугунун шарттарын аткарууну татаалдаштыруучу, токтото алгыс күчтөр жараткан жагдай. Токтото алгыс күчтөр - жер титирөө, суу ташкыны же курчоо, согуш, иш таштоо жана алдын ала айтууга же болтурбай коюуга мүмкүн эмес, же алдын ала айтуу мүмкүн, бирок болтурбай коюуга мүмкүн эмес башка жагдайлар сыяктуу өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын пайда болушу. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоонун жана атайын далил каражатына муктаж эмес башка жагдайлардын бар экендиги менен аныкталат), форс-мажор кырдаал ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталат;
4) кенди иштетүүнүн техникалык долбооруна өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо чараларын, бузулган жерлерди рекультивациялоо жана тийиштүү фондуну түзүү менен мониторингдөө боюнча чараларды, кен мүлкүн жоюунун долбоорун, жер казынасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык кыйла сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон лицензиаттын башка иш-аракеттеринин баяндамасын киргизүүгө;
5) мраморду казууда бургулоо-жардыруу практикасына жол бербей (мраморду иштетүүдө жарака кетпеши үчүн), заманбап таш кесүүчү экологиялык жабууну колдонууга;
6) кенди иштетүүдө атмосферага чаң чыгарбоо үчүн заманбап кен-транспорттук жана майдалоочу-сорттоочу жабдууларды колдонууга;
7) ушул Шарттардын бөлүмүнүн 39-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны жана лицензия берилген датадан алгачкы 3 (үч) жыл ичиндеги лицензиялык төлөмдөрдү кошпостон долбоорго ылайык банктык жана финансылык институттар тарабынан каржылоону тартуу жолу менен инвестицияларды салууну камсыз кылууга;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоорлордун жоболорун так сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана өнөр жайлык коопсуздук боюнча талаптарын так аткарууга;
9) лицензияларды алган датадан 2 (эки) айдан кечиктирбестен жергиликтүү жамаатты жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иш жүргүзүлүүчү райондо жашаган калк үчүн иш орундарын ачууну, кенди иштетүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максимум пайдаланууну, кенди иштетүүгө байланышкан жумуштарга тартуу максатында элди кесиптик даярдоону уюштурууну жана Токтогул районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө байланышкан башка маселелерди чечүүнү камтыган социалдык пакетти даярдоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароо жана жактыруу үчүн берүүгө.
34. Жогоруда баяндалган негизги шарттарды кошуу менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү шарттары конкурстун жеңүүчүсүнө берилген лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жер казынасын пайдалануунун жогоруда айтылган шарттарын аткарбагандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын колдонууга негиз болот.
35. Конкурска катышууга өтүнмө берүү фактысы деп конкурстун катышуучусу жогоруда саналган жер казынасын пайдалануунун негизги шарттарын тааныйт жана аларды конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга киргизүүгө макул болот.
36. Геологиялык маалымат үчүн төлөм.
1) Комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз берүүчүгө геологиялык маалыматтарды берет. Арыз берүүчүлөр конкурска катышуу үчүн аталган геологиялык маалыматты 27500 (жыйырма жети миң беш жүз) сом өлчөмдө акы төлөө менен алууга милдеттүү;
2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн геологиялык маалыматтардын пакети үчүн төлөм ушул Шарттардын 40-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын жумушчу органы болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Геология агенттиги) атайын эсебине түшөт жана анын карамагында калат. Геологиялык маалымат арыз берүүчүгө анын наркы толук төлөнөөрү менен берилет.
37. Конкурска катышуу үчүн акы.
Конкурстун катышуучулары конкурска катышуу үчүн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө же төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ долларынын эквивалентинде акы (мындан ары - катышуу үчүн акы) төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуу үчүн акы конкурстук объекттин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага кошулбайт жана конкурстун документтерин кароонун жыйынтыгына жана/же өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына карабастан кайра берилбейт. Ал каражаттар, ушул Шарттардын 40-пунктунда көрсөтүлгөн комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын карамагында калат.
38. Жеңүүчүнүн кепилдик төгүмү.
Конкурстун жеңүүчүсү аны жеңүүчү деп жарыялаган күндөн тартып 5 (беш) иш күндүн ичинде сунушталган баанын 10 (он) пайыз өлчөмүндө кепилдик төгүм (мындан ары - конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү) төлөөгө милдеттүү. Ушул Шарттардын 39-пунктунда каралгандай, конкурстун жеңүүчүсү объекттин жер казынасын пайдалануу укугуна акыны кийин төлөгөн учурда, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү конкурстун объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баасынын эсебине киргизилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыны ушул Шарттардын 39-пунктунда каралган мөөнөттө төлөбөсө, конкурстун катышуучусунун кепилдик төгүмү кайра берилбейт жана республикалык бюджетке которулат.
39. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа.
Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа 3200000 (үч миллион эки жүз миң) АКШ долларынан аз болушу мүмкүн эмес. Баага бонустун (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) суммасы жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн баа кошулат, мында конкурсанттар кымбатыраак бааны сунуш кылышса да болот. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн бааны чыгарып салгандан кийин жыйынтык сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайра берилбөөчү төлөм болуп эсептелет.
2) конкурстун жеңүүчүсү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуш кылган бааны конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жайгаштырылган күндөн тартып 30 иш күндүн ичинде төлөөгө милдеттүү.
40. Акыны төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык маалымат үчүн акы, конкурска катышуу үчүн акы, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төлөмү, ошондой эле тийиштүү арналышын көрсөтүү менен конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине төмөндөгү реквизиттер боюнча төлөнүүгө тийиш:
Алуучу: Казыналыктын Бишкек ш. Биринчи май райондук бөлүмү
Банк: "РСК-Банк" ААКнын Бишкектеги филиалы
БИК 129052
Алыш/бериш эсеп 1290524132820096;
Өздүк эсеп 4402012100002662
Төлөмдүн арналышы: [Геология агенттигинин өздүк эсебине геологиялык маалымат үчүн акы]/[ Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурска катышуу үчүн акы]/[ Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдиги]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы (конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа)].
41. Конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана акыларды төлөөгө милдеттүү.
42. Конкурс эки этапта өтөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынын документтерин кабыл алат жана экинчи этапка киргизүү же экинчи этапка киргизүүдөн баш тартуу максатында алардын ушул Шарттарда белгиленген талаптарга ылайыктыгын баалайт. Экинчи этапта конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабына киргизилген конкурстун катышуучуларынын документтерин кабыл алат жана алардын ушул Шарттарда белгиленген талаптарга ылайыктыгын баалайт жана белгиленген критерийлерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
43. Конкурстун биринчи этабы.
Конкурстун биринчи этабында катышуучулар конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу расмий басма сөз органдарында жарыялангандан 20 (жыйырма) календарлык күндөн кечиктирбестен Геология агенттигине: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 2, № 217 кабинет дареги боюнча төмөнкүдөй документтерди эки нускада тапшырышат:
1) 1-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына конкурска катышууга арыз;
2) геологиялык маалыматтын пакети үчүн акыны төлөгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
3) конкурска катышуу үчүн акы төлөгөнүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы).
Ошондой эле чапталган конвертте төмөндөгү документтер тапшырылат:
1) Кыргыз Республикасында катталган (кайрадан катталган) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, уставдын жана уюштуруу келишиминин өз мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле Мамлекеттик реестрден апостиль коюлган же легалдаштырылган көчүрмө же ал өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документ(1). Чет өлкөлүк юридикалык жактар чет тилде берүүчү уюштуруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден берилүүчү көчүрмөнүн же өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документтин жарактуулук мөөнөтү ал документтер берилген күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпоого тийиш;
3) конкурстун катышуучусунун акыркы ээлик кылуучусу жана бенефициары болуп эсептелген жактарды ачыктаган маалыматтар жана документтер, 2-тиркемеге ылайык форма боюнча;
4) юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;
5) төмөнкүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмелер:
- конкурстун катышуучусу, эгерде ал конкурстун жеңүүчүсү деп таанылса ушул Шарттардын 33-пунктунун 3-пунктчасында каралган бардык айыптарды жана бышманаларды төлөөгө макулдугу жөнүндө;
- конкурстун катышуучусу, эгерде ал конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталса, ал сунуштаган конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна баа кайра берилбөөчү төлөм деп эсептелерине макулдугу жөнүндө;
- эгерде конкурстун катышуучусунун ишинин натыйжасында экологиялык эрежелерди бузуунун кесепетинен айлана-чөйрөгө зыян келтирилсе, андай зыяндын ордун толтурууга жана айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө макулдугу жөнүндө, 3-тиркемеге ылайык форма боюнча.
44. Конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышы жана дареги жазылган, конкурска биринчи этабынын алкагында катышаары, тапшырылуучу документтердин толук тизмеси көрсөтүлгөн документтерди бир конвертке салып тапшырууга тийиш. Тапшырылуучу документтер көктөлүп, бөлүштүргүчтөр менен бөлүнүп жана конверттеги бардык барактарга номер коюлууга тийиш. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Документтер чет тилде тапшырылса ага нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдердеги котормолору тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Документтерди тапшыруунун ушул Шарттардын 43-пунктунда белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Тапшырылган документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
45. Документтер салынган конверттерди ачуу ушул Шарттардын 43-пунктунда белгиленген документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийинки иш күндө конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана алар берген документтердин барактарынын саны көрсөтүлөт. Конкурстук комиссия конверттер ачылгандан 5 (беш) иш күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгат жана конкурстун катышуучуларын конкурстун экинчи этабына конкурска киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары эгерде алар берген документтер ушул Шарттарда белгиленген талаптарга ылайык келсе экинчи этапка киргизилет. Тапшырылуучу документтердин тизмесине, түрүнө жана формасына карата маселе чыкса, конкурстук комиссия протокол түрүндө таризделген кошумча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
46. Конкурстук комиссиянын экинчи этапка катыштыруу же катыштыруудан баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайтында жарыяланат.
47. Конкурстун экинчи этабы.
Конкурстун экинчи этабына катышууга уруксат берилген конкурстун катышуучулары ага киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 (он) календарлык күндөн кечиктирбестен Геология агенттигине чапталган конверт менен Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 217 кабинет дареги боюнча төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) Арым II мрамор кенин иштетүүнүн программасы, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- сунуштар (баштапкы):
долбоорго капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдары жана рентабелдүүлүгү жөнүндө техникалык-экономикалык эсептөөлөр боюнча;
бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча;
талап кылынган инвестициялардын эсеби боюнча;
2) кенди иштетүүнүн натыйжасында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түшүшүнүн эсеби боюнча.
Конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча кошумча маалымат жана документтер.
3) пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоодо, пайдалуу казындыларды казууда жана иштетүүдө, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоодо, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдаланууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар жана иш-чаралардын комплекси;
4) акыркы 2 (эки) жылдан кем эмес мөөнөттө геологиялык чалгындоо жана кен иштетүү тармагында иштөө тажрыйбасы бар экенин күбөлөндүргөн маалыматтар жана документтер;
5) баштапкы капиталдык салым үчүн өз каражаттарынын бар экени жөнүндө жана/же финансылык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тастыктоо, анын ичинде акыркы 2 (эки) жылдын ичиндеги бухгалтердик отчеттордун, банктык маалымкаттардын көчүрмөлөрү, кредит алуу жөнүндө келишимдер, салыктык карыздары жоктугун күбөлөндүргөн документтер жана ушул сыяктуу башка документтер;
6) жергиликтүү жамаатты жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө, жумуштар жүргүзүлүүчү региондо жашаган калк үчүн иш орундарын уюштурууга, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууга, кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерге тартуу максатында калктын кесиптик даярдыгын уюштурууга, Токтогул районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасы менен байланышкан башка маселелерди чечүү инвестициялык программасын камтыган социалдык пакет боюнча сунуштар;
7) ушул Шарттардын 39-пунктунда көрсөтүлгөн минималдык баадан кем эмес конкурстун объектисинин баасына сунуш;
8) конкурстун катышуучусунун квалификациясынын деңгээлин, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн күбөлөндүргөн, Арым II мрамор кенин иштетүү үчүн зарыл башка баардык кошумча маалыматтар жана документтер.
48. Конкурстун экинчи этабына киргизилген конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышы жана дареги, конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында документтерди берүүгө көрсөтмө, берилген документтердин толук тизмеси камтылган документтерди бир конвертке салуу менен бериши керек. Берилген документтер көктөлүшү, бөлүштүргүчтөр менен бөлүнүшү, конверттеги ар бир баракка номер коюлушу керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтер чет тилдерде берилген учурда алардын нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги котормолору тиркелиши керек. Документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
49. Документтер салынган конверттерди конкурстук комиссия документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийинки иш күндүн ичинде ачат жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана даректери, алар берген документтердин барактарынын саны жана конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт. Конкурска катышуучулар конверттерди ачууга катышууга укуктуу. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу конверттерди ачкан датадан кийинки күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарында жарыяланат.
50. Конкурстук комиссия конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу жарыялангандан кийин 5 (беш) иш күндүн ичинде конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт жана ошол протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары тапшырган документтерди кароодо конкурстук комиссия конкурстук документтердин жоболорун кошумча түшүндүрүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
51. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо жолу менен аныкталат. Документтерди баалоо конкурстук комиссия тарабынан төмөндөгү критерийлер боюнча баллдык система боюнча жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Балл |
1 | Арым II мрамор кенин иштетүүгө берилген программанын сапаты, ушул Шарттарда белгиленген талаптарга ылайыктуулугун кошуу менен | 3 баллга чейин |
2 | Пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоодо, пайдалуу казындыларды казууда жана иштетүүдө, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоодо, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдаланууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар | 5 баллга чейин |
3 | Арым II кенин өздөштүрүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр (өздүк жана тартылган каражаттар) | 5 баллга чейин |
4 | Ушул Шарттардын 9-пунктунда көрсөтүлгөн суммадан сырткары социалдык пакетке бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү (суммасы) | 3 баллга чейин |
5 | Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна минималдык баадан ашышы | Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна минималдык баадан ашкан ар бир 100000 (жүз миң) АКШ доллары үчүн 1 балл |
6 | Арым II кенин иштетүүнү, ошондой эле керектүү инфраструктуралык объектилерди курууну баштоо мөөнөтү | байга чейин - 6 балл; |
жыл ичинде - 4 балл. |
52. Ар бир катышуучу боюнча конкурстук комиссия тарабынан баллдын эсебинин протоколу түзүлүп, анда ар бир критерий боюнча катышуучу алган балл жана катышуучунун жалпы баллы көрсөтүлөт.
53. Катышуучулардын бардык сунуштарынын анализинин жана белгиленген критерийлер боюнча баллды аныктоонун негизинде комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө протокол түзүп жана аталган протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
54. Эң көп балл алган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп табылат. Эки же андан көп катышуучунун баллы бирдей болуп калса комиссиянын төрагасы ачык добуш берүү процедурасын дайындайт. Добуш берүү ар бир катышуучу боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү өз добушун бир гана катышуучуга берүүгө укуктуу. Эң көп сандагы добуш алган катышуучу жеңүүчү деп табылат. Эгерде эки же андан көп катышуучуга бирдей добуш берилип калса, мындаy катышуучулар боюнча добуш берүүнүн экинчи туру биринчи турдун эрежеси боюнча өткөрүлөт. Зарыл болсо кошумча турлар конкурстун жеңүүчүсү аныкталганга чейин өткөрүлөт. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү добуш берүүдөн баш тартууга укуксуз. Добуш берүүнүн бардык турларында добуштар бирдей болуп калган учурда конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
55. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу жүзүндө таризделет, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн жана конкурстун жеңүүчүсүнүн колу коюлат жана комиссиянын жыйналышына конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чакыруу менен жарыяланат. Конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тууралуу чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарында жайгаштырылат.
56. Конкурстук комиссиянын протоколдору эгерде ага конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү кол койгондо жарактуу деп эсептелет.
57. Комиссиянын протоколу Арым II мрамор кенинин жер казынасын иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн конкурстун жеңүүчүсүнө лицензия берүүгө негиз болот. Лицензияга лицензиялык макулдашууга конкурсту өткөрүүдө белгиленген шарттар киргизилиши керек. Конкурстун жеңүүчүсү деп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, лицензиялар конкурстун жеңүүчүсү болгон чет өлкөлүк юридикалык жак Кыргыз Республикасынын аймагында Арым II кени жайгашкан жерде түзгөн жана каттоодон өткөргөн анын туунду компаниясына берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак түзүүчү туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланган күндөн бир айдан кечиктирилбестен каттоодон өтүшү керек. Түзүлүп жаткан туунду компания 100 (жүз) пайыз конкурстун жеңүүчүсүнө - чет өлкөлүк юридикалык жакка таандык болууга тийиш.
58. Лицензиялар конкурстун жеңүүсүнө конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна сунуштаган бааны төлөгөндөн 5 (беш) иш күндүн ичинде берилет. Эгер конкурстун жеңүүчүсү деп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензияларды берүү конкурстун объектисиндеги жер казынасын пайдалануу укугуна сунуштаган бааны төлөгөндөн жана чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясы катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилгенден кийин 5 (беш) иш күндүн ичинде, ушул даталардын кайсынысы кийин болгонуна жараша жүргүзүлөт.
59. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса, же конкурстун объектисиндеги жер казынасын пайдалануу укугуна көрсөтүлгөн бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, конкурстун жеңүүчүсү лицензия алуу укугун жоготот жана эгерде конкурстук комиссия тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, баш тарткан жеңүүчүдөн кийин башка катышуучуларга караганда кыйла көп балл алган, же кошумча добуш берүүдө баарынан көп добуш алган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
60. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча, форс-мажордук кырдаал болгон учурда гана токтотулушу мүмкүн. Конкурсту өткөрүү токтотулган учурда конкурска катышуу үчүн төлөнгөн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акы кайра берилүүгө тийиш.
61. Конкурска катышууга арыз жок болсо же конкурска катышууга бир эле катышуучудан арыз берилсе же бардык катышуучулардын тапшырган документтери негизги шарттарга жана конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга жооп бербесе, конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурс өткөн жок деп таанылып, протокол менен таризделет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайтына жарыяланат.
62. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндөгү чечимин чыгарганга чейин өзүнүн арызын кайра алууга укуктуу. Мында конкурска катышуу үчүн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү төлөм кайра берилбейт.
Бул информация менен Геология агенттигинин расмий веб-сайтынан таанышса болот: www.geology.kg.
(1) Документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт:
а) 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жойгон ("Гаага Конвенциясы") Конвенцияга катышуучу-өлкөлөр үчүн, Гаага Конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусуна каршы болгон катышуучу-өлкөлөрдөн башкалары үчүн, жана
б) 2002-жылдын 7-октябрындагы ("Кишинев Конвенциясы") жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш жазык иштеринде мыйзамдык жардамдар жана мыйзамдык мамилелер жөнүндө Конвенцияга катышкан өлкөлөр үчүн.
|
| Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине 1-тиркеме |
Форма
Юридикалык жактар үчүн:
Мен, _________________________________________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________________________________________________
(ким экенин күбөлөндүрүүчү документ)
______________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген)
________________________________________________________ атынан чыгып:
(юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, датасы жана
______________________________________________________________________
каттаган орган, дареги, банктык реквизиттери)
Иш жүргүзүүгө негиз болгон документ: ___________________________________
(иш жүргүзүүгө негиз болгон документ, эгерде өкүл ишеним кат боюнча
______________________________________________________________________
иштесе - ишеним каттын реквизиттери)
Ишеним кат боюнча:
Мен, _________________________________________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________________________________________________
(ким экенин күбөлөндүрүүчү документ)
______________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген)
жашаган дареги: _______________________________________________________
(өлкө, шаар, айыл, көчө, үйдүн жана батирдин №)
Ушуну менен: _________________________________________________________
______________________________________________________________________
(жери жана убактысы)
объект (жер казынасы) _________________________________________________
лот (лоттор) __________________________________________________________
______________________________________________________________________
болуучу конкурска катышуу ниетимди билдирем.
Ушул ниетке ылайык, мен төмөндөгү акыларды төлөдүм:
1. Кыскача геологиялык маалымат үчүн 27500 (жыйырма жети миң беш жүз) сом өлчөмдө акы.
2. Конкурска катышуу үчүн 100000 (жүз миң) сом өлчөмдө акы.
Конкурста жеңсем төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, конкурста объекттин жер казынасын пайдаланууга алган укуктун баасын конкурстун шарттарында белгиленген мөөнөттө төлөөгө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга керектүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөгө;
4) объекттин жер казынасын конкурска коюунун кен бөлүнгүс шарттары болуп эсептелген, конкурстун уюштуруучулары тарабынан белгиленген талаптарды аткарууга, ал эми аларды аткарбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлерине ылайык айыптык санкцияларды төлөөгө.
Мен, эгерде конкурс болгон жок деп таанылса, берилген сунуштардын бири дагы конкурстун шарттарына жооп бербесе, же арыздар жок болсо, же бир гана арыз түшсө конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга, мында кыскача геологиялык маалымат үчүн төлөнгөн акынын суммасы жана конкурска катышуу үчүн акынын суммасы кайра берилбестигине жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калаарына макулмун.
Конкурска катышуу үчүн ушул арызга кошумча төмөнкүлөрдү тиркейм:
1. ___________________________________________________________________;
2. ___________________________________________________________________;
3. ___________________________________________________________________;
4. ___________________________________________________________________;
5. ___________________________________________________________________;
6. ___________________________________________________________________;
7. ___________________________________________________________________;
8. ___________________________________________________________________;
9. ___________________________________________________________________;
10. __________________________________________________________________;
11. __________________________________________________________________;
Паспортту талапкер арыз берүүдө өзү көрсөтөт.
Арыз берүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: ___________________________
Датасы 2015-жылдын "___" ___________________
Кабыл алынды: _________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызматы)
______________________________________________________________________
(арыз кабыл алынган дата, убакыты так көрсөтүлөт)
______________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын фамилиясы, аты-жөнү жана колу)
|
| Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине 2-тиркеме |
Форма
1. Компаниянын толук аталышы.
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан жери).
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери.
4. Компания; □ жеке □ мамлекеттик болуп эсептелет.
5. Компания 100% акциясы/катышуу үлүшү бар туунду компанияларды атагыла.
6. Компания 5% жана андан көп акциясы/катышуу үлүшү бар башка компанияларды атагыла.
7. Компаниянын менчик ээлери (компаниянын акционерлери/катышуучулары) жөнүндө маалымат.
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин фамилиясы, аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Каттоо дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 | ||||
2 | ||||
3 | ||||
... |
8. 7-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат:
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин фамилиясы, аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Каттоо дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 | ||||
2 | ||||
3 | ||||
... |
9. 8-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат:
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин фамилиясы, аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Каттоо дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 | ||||
2 | ||||
3 | ||||
... |
Компания ушул маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтардын толук жана так, туура экендигине кепилдик берет.
Колу: __________________________________________ М.О.
Аты-жөнү: ______________________________________
Кызматы: _______________________________________
Датасы: ________________________________________
|
| Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине 3-тиркеме |
Форма
_________________________________, (мындан ары - "Катышуучу") ______________________ деп аталат, негизинде иш жүргүзөт, ушуну менен Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде (мындан ары - Шарттар) каралган баардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Катышуучу Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда Катышуучу төмөндөгү милдеттенмелерди өзүнө алат:
- ушул Шарттарда каралган бардык айыптарды төлөөгө;
- жер казынасын пайдалануу укугу боюнча өзү сунуш кылган баа кайра берилбечү төлөм болуп эсептелишине макулдугун берет;
- эгерде конкурстун катышуучусунун ишинин натыйжасында экологиялык эрежелерди бузуунун кесепетинен айлана-чөйрөгө зыян келтирилсе, андай зыяндын ордун толтурууга жана айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө макулдугун берет.
Катышуучу жогоруда аталган милдеттенмелер Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелишин түшүнөт жана ага макулдугун берет жана аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу: ____________________________________
Аты-жөнү: ________________________________
Кызматы: _________________________________
Датасы: __________________________________