Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-сентябры № 429
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 15-январындагы № 10 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жогоруда аталган буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 5-пунктта "Өкмөттүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү (мындан ары - регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү)" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын иш кагаздарын жүргүзүү жана Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо бөлүмү (мындан ары - иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "регламент жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттагы ", ошондой эле толуктап иштеп чыккандан" жана "жана регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчисине" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттун экинчи абзацындагы ", регламент жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пунктта:
биринчи абзацтагы "мындан ары - ведомство" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" жана "- министр (мындан ары - Аппарат жетекчиси)" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору каттайт жана ошол эле күнү өткөрүп берет:
- Өкмөттүн Аппаратына сурамжылоо жолу менен кабыл алуу үчүн түшкөн Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун, - Өкмөттүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө (мындан ары - экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү);
- Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн жыйынына чыгаруу үчүн түшкөн Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун, Өкмөттүн Регламентинин 61 жана 83-пункттарында каралган чечимдердин долбоорлорун жана кат-кабарларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун - тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө;
- коомдук талкуулоо үчүн актылардын долбоорлорун Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле башка кат-кабарлар - тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө.
Өкмөттүн Аппаратына саат 17.00дөн кийин түшкөн документтер тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө кийинки жумуш күнүндө, саат 11.00гө чейин өткөрүп берилет.";
- 12-пункттун биринчи абзацы "беш иш күндө)" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик орган демилгелеген тиешелүү актынын максатка ылайыктыгына талдоо жүргүзөт, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген бардык керектүү документтердин жана маалыматтардын болушун текшерет, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктта:
"регламент жана" деген сөздөр алып салынсын, ошондой эле "(кеңешчилери" деген сөздөн кийин ", консультанттары" деген сөз менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул учурда документтерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү фактысын (күнүн жана убактысын көрсөтүү менен каттоо) Өкмөт жетекчилигинин жана Аппарат жетекчисинин жардамчылары (кеңешчилери, консультанттары) атайын журналда белгилешет.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Акттын долбоору Өкмөттүн Регламентинин 45-1, 47, 48-1, 51, 61, 69 жана 91-пункттарынын талаптарына шайкеш келбеген учурда акттын долбоорун экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү иштеп чыгуучу мамлекеттик органга кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен жана эксперттик корутундуну тиркөө менен (зарыл болсо) толуктап иштеп чыгууга кайтарып берет.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Чечимдин долбоору Өкмөттүн Регламентинин талаптарына шайкеш келген учурда долбоор тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр менен тизмегин Аппарат жетекчиси аныктаган түзүмдүк бөлүнүштөрдүн электрондук даректерине долбоордун электрондук версиясын жиберүү аркылуу макулдашылат.
Жашыруун маалыматты, кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери түзүмдүк бөлүнүштөр менен өз алдынча долбоордун кагаз версиясын берүү аркылуу макулдашат.
Түзүмдүк бөлүнүштөр 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү чечимдин долбооруна өз корутундуларын бериши керек. Түзүмдүк бөлүнүштүн корутундусунда чечимдин долбоорунун тийиштүү чөйрөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө, ошондой эле ушул долбоор боюнча Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларынын болушу тууралуу маалыматтар чагылдырылат.
Түзүмдүк бөлүнүш көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду бербеген учурда, долбоор эскертүүлөр жана сунуштар жок катары макулдашылган болуп эсептелет.";
- төмөнкү мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:
"18-1. Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү тарабынан чечимдердин долбоорлорун даярдоо эксперттик корутундуну тиркемеге ылайык форма боюнча түзүүнү (№ 1 үлгү), лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү жана документтердин долбоорлорун кол коюу үчүн тариздөөнү камтыйт.
Чечимдин долбооруна эксперттик корутундуда анын ченемдик укуктук актыларга шайкеш экендиги, анын ичинде кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ актыларга, ушул тармакта мамлекет жүргүзүп жаткан саясатка шайкештиги, ченем жаратуу техникасынын эрежелеринин сакталгандыгы, долбоордун текстинин ички шайкештиги, ошондой эле сунушталган рекомендациялар чагылдырылат.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Акттын долбоору ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ актыларга, долбоорго тийиштүү чөйрөдө мамлекет жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбесе, ченем жаратуу техникасынын эрежелери сакталбаса, долбоордун текстинин ички ыраатсыздыгында акттын долбоору иштеп чыгуучу мамлекеттик органга кайтарылып берүүнүн себептерин негиздөө менен кайтарып берилет.
Бул учурда чечимдердин долбоорлору иштеп чыгуучу органдарга толуктап иштеп чыгуу үчүн же аларды кабыл алуу максатка ылайык эместигине байланыштуу Аппарат жетекчиси, ал жокто Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары тарабынан Премьер-министр менен, тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашуу боюнча кайтарылып берилет.
Премьер-министрдин чечими боюнча чечимдин долбоору ар кандай негиздер боюнча кайра артка жиберилиши мүмкүн.";
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мында иштеп чыгуучу мамлекеттик орган ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө чечимдин долбоорунун толукталып иштелип чыккан текстинин мамлекеттик тилден расмий тилге же расмий тилден мамлекеттик тилге котормосун камсыз кылат.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Өкмөттүн Аппаратына сурамжылоо жолу менен кабыл алуу үчүн түшкөн чечимдин долбоорун экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү карайт жана кол коёт жана тиркемеге ылайык форма боюнча (№ 2 үлгү) төмөнкү тартипте макулдашат:
- Аппарат жетекчисинин орун басарлары менен бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык;
- Аппарат жетекчиси менен;
- вице-премьер-министрлер менен.
Мындан кийин акттын долбоору кол коюуга Премьер-министрге киргизилет.
Мыйзам долбоорлорун жактыруу жөнүндөгү токтомдордун долбоорлорун Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү карайт жана кол коёт.
Чечимдин долбоорун вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилиги менен макулдашуунун жогоруда көрсөтүлгөн тартиби ушул регламентке ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.
Өкмөттүн чечиминин долбоорун Аппарат жетекчиси, вице-премьер-министрлер менен макулдашууга киргизүү, ошондой эле Премьер-министрге кол коюуга берүү иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү акттардын долбоорлорун иш кагаздарды жүргүзүү бөлүмүнө Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилиги менен макулдашууга жана кол коюуга киргизген күндөн тартып аларды аткаруу мөөнөтү токтотула турат, бул тууралуу чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмү тарабынан белги коюлат.";
- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Эл аралык келишимдердин долбоорлорунун тексттеринин расмий эмес котормолорун жана машинкада жазылганда элүү барактан ашкан көлөмдөгү чечимдердин долбоорлоруна тиркемелерди Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери парафирлебейт. Эл аралык келишимдердин долбоорлорунун арткы бетинин ар бир барагына иштеп чыгуучу органдын мөөрүнүн үлгүсү, машинкада жазылганда элүү барактан ашкан көлөмдөгү чечимдердин долбоорлоруна тиркемелерге - иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн мөөрүнүн үлгүсү коюлат.";
- 24-пункттагы "№ 7 үлгү" деген цифра жана сөз "№ 6 үлгү" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктта:
биринчи сүйлөмүндө "регламент жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Башка түзүмдүк бөлүм чыгарып жаткан акттын долбооруна тиешелүү тапшырмалар жана башка материалдар өндүрүшүндө турган түзүмдүк бөлүнүштөр аларды иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө берүүгө милдеттүү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 25-1 жана 25-2-пункттар менен толукталсын:
"25-1. Өкмөттүн Регламентинин 83-пунктунда каралган, Өкмөттүн Аппаратына сурамжылоо жолу менен кабыл алуу үчүн киргизилген чечимдердин долбоорлорун тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр Премьер-министрге ушул главада белгиленген тартипте кол коюуга киргизет.
Мындай долбоорлор милдеттүү түрдө кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен макулдашылат жана лингвистикалык экспертиза секторунда тиешелүү экспертизадан өтөт. Чечимдин долбоору тиркемеде (№ 3 үлгү) келтирилген форма боюнча каралат жана кол коюлат. Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен долбоордун кагаз варианты макулдашылууга тийиш.
25-2. Иштеп чыгуучу орган менен Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин (тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча) ортосунда консенсуска жетишпегенде иштеп чыгуучу орган Премьер-министрге же тейлеген вице-премьер-министрге демилгеленген Өкмөттүн чечиминин долбоорун колдоп берүү суранычы менен кайрылууга укуктуу. Мында коштомо катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жүйөлөрү менен макул эместигинин себептери жөнүндө маалымат чагылдырылат.
Иштеп чыгуучу органдан демилгеленген долбоорду колдоо суранычы менен кат түшкөн учурда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр түшкөн документтерге эки жумалык мөөнөттө талдоо жүргүзүшөт жана Премьер-министрде же тейлеген вице-премьер-министрде иштеп чыгуучу органдын жана кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен чечимдин долбоорун Өкмөттүн жыйынына чыгаруунун максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн долбоорду талкуулоону уюштурушат.
Мында тейлеген вице-премьер-министр тарабынан долбоорду мындан ары илгерилетүүнүн максатка ылайыктыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда долбоорду Өкмөттүн жыйынына чыгаруу маселеси Премьер-министр менен макулдашылат.
Чечимди кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча иштеп чыгуучу органга долбоорду андан ары Өкмөттүн жыйынына чыгаруу үчүн Өкмөттүн Аппаратына киргизүү зарылдыгы жөнүндө же тиешелүү долбоорду демилгелөөнүн максатка ылайыксыздыгы тууралуу билдирме жиберилет.
Бул учурда керектүү иш-чараларды жүргүзүүгө жана долбоорду Өкмөттүн жыйынына чыгаруу үчүн жооптуулар болуп түзүмдүк бөлүмдөр эсептелет.";
- 3-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өкмөттүн пландуу (кезектеги) жана кезексиз жыйындарын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жалпы жоболор
26. Өкмөттүн пландуу (кезектеги) жыйындарын өткөрүү жана маселелерди кароо тиешелүү жарым жылдыкта Өкмөттүн жыйындарында каралууга тийиш болгон, Премьер-министр бекиткен негизги маселелердин тизмегине ылайык жүргүзүлөт.
Премьер-министрдин же Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан сырткары) маселелер киргизилиши мүмкүн.
27. Түзүмдүк бөлүнүштөр министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун Өкмөттүн жыйынына маселелерди даярдоо боюнча кадамдык пландарды иштеп чыгышын жана беришин контролдойт.
28. Маселелерди даярдоого жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери тийиштүү материалдарды Өкмөттүн Аппаратына ("Өкмөттүн жыйынына" деген белги менен) жыйын өткөрүү белгиленген датага чейин 14 календардык күндөн кечиктирбей киргизишет.
29. Өкмөттүн жыйынына киргизилген Өкмөттүн чечиминин долбоорун же протоколдук тапшырманын долбоорун жооптуу түзүмдүк бөлүнүш кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен макулдашат, ошондой эле милдеттүү түрдө:
- экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен;
- бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарлары менен;
- Аппарат жетекчиси менен;
- тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашат.
30. Чечимдин долбоору же протоколдук тапшырманын долбоору макулдашылгандан кийин жооптуу түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн жыйыны өткөрүлүүчү датага чейин 7 календардык күндөн кечиктирбей иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо секторуна (мындан ары - уюштуруучулук камсыздоо сектору) төмөнкүдөй документтерди берет:
а) чечимдин долбоору боюнча:
- чечимдин белгиленген үлгүдөгү бланкка чыгарылган долбоорун мамлекеттик жана расмий тилдерде, жогорку оң бурчуна "Долбоор" деген белги менен;
- чечимдин долбооруна тиркемелерди, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- чечимдин долбооруна маалымкатты, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин колу менен;
- актынын долбооруна тиркемеде берилген форма боюнча (№ 3 үлгү) Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу барагын;
- Премьер-министрдин сүйлөөчү сөзүнүн "Times New Roman" 16-шрифт менен 1,5 интервалда басылган, эреже катары, көлөмү 3 барактан ашпаган мамлекеттик жана расмий тилдеги кыскача тезистерин;
- конкреттүү маселе боюнча Өкмөттүн жыйынына катышуучу адамдардын жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси тарабынан кол коюлган, такталган тизмесин:
- маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- мамлекеттик орган тарабынан даярдалган чечимдин долбоорун жана ага негиздеме-маалымкатты, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон, эске алынган же эске алынбаган сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө же болбосо алардын жоктугу жөнүндө маалыматтар менен жыйынды таблицаны;
- чечимдин долбооруна министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын коштоочу каттарынын жана макулдашуу барактарынын түп нускаларын;
- мыйзам актыларына жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө - колдонуудагы жана тиркемеде келтирилген форма (№ 4 үлгү) боюнча сунушталган редакциядагы салыштырма таблицаны;
- Өкмөттүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерди;
- жогоруда аталган документтерди же болбосо электрондук документ жүгүртүү аркылуу берилген документтерди камтыган электрондук маалымат сактагычты;
б) Өкмөттүн жыйындарында протоколдук тапшырмаларды кабыл алууну караган маселелер боюнча;
- протоколдук тапшырманын долбоорунун акыркы вариантын, мамлекеттик жана расмий тилдерде, жогорку оң жак бурчуна "Долбоор" деген белги коюлат;
- протоколдук тапшырманын долбооруна маалыматтын акыркы вариантын, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Премьер-министрдин сүйлөөчү сөзүнүн "Times New Roman" 16-шрифт менен 1,5 интервалда басылган, эреже катары, көлөмү 3 барактан ашпаган мамлекеттик жана расмий тилдеги кыскача тезистерин;
- конкреттүү маселе боюнча Өкмөттүн жыйынына катышуучу адамдардын жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси тарабынан кол коюлган, такталган тизмесин;
- маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кол коюлган протоколдук тапшырманын долбоорун жана бул маселе боюнча маалыматты, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- протоколдук тапшырманын долбооруна коштоочу каттын жана макулдашуу барактарынын түп нускаларын;
- Өкмөттүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерди;
- жогоруда аталган документтерди же болбосо электрондук документ жүгүртүү аркылуу берилген документтерди камтыган электрондук маалымат сактагычты.
31. Өкмөттүн жыйынында карала турган маселелердин презентациясынын тексти, эреже катары, "Times New Roman" 18-шрифтти колдонуу менен даярдалат.
32. Уюштуруучулук камсыздоо сектору жыйындын күн тартибинин жана ага карата материалдардын долбоорун, Өкмөттүн жыйынына чакырылган адамдардын акыркы тизмесин, телефонограмманын долбоорун түзөт жана аларды Аппарат жетекчисинин кароосуна киргизет.
33. Аппарат жетекчиси Өкмөттүн жыйыны өтүүчү күнгө чейин беш күн мурда жыйындын иш тартибинин долбоорун тийиштүү материалдар менен Премьер-министрдин кароосуна берет.
34. Премьер-министр жактырган жыйындын иш тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар Өкмөттүн жыйыны өтүүчү күнгө чейин 3 күн мурда уюштуруучулук камсыздоо сектору тарабынан Өкмөт мүчөлөрүнө, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жиберилет.
35. Өкмөттүн жыйынына чакырылган адамдардын акыркы тизмеси уюштуруучулук камсыздоо сектору жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн биринчи сектору тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
36. Аппарат жетекчиси кол койгон телефонограммаларды жөнөтүү, Өкмөттүн жыйынына чакырылган Өкмөт мүчөлөрүнүн, административдик ведомстволордун жетекчилеринин келүүсүн жана каттоого алууну уюштуруучулук камсыздоо сектору жүзөгө ашырат.
37. Маселелерди кароого катышуу үчүн башка чакырылган адамдардын келүүсүн тиешелүү маселени даярдоого жооптуу түзүмдүк бөлүнүш камсыз кылат.
38. Өкмөттүн жыйынында маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча жыйындын тиешелүү протоколу таризделет, аны даярдоо үчүн маселени киргизген жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан аткаруучусу жана жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси виза койгон протоколдук чечимдин долбоору талкууланган маселенин аталышын, баяндамачылардын жана талкууда чыгып сүйлөгөн адамдардын аты-жөнүн көрсөтүп, кабыл алынган коллегиялуу чечимди жана Премьер-министрдин конкреттүү тапшырмаларын баяндоо менен кийинки жумуш күндөн кеч эмес уюштуруучулук камсыздоо секторуна берилет.
39. Уюштуруучулук камсыздоо сектору үч жумуш күндүн ичинде тиешелүү протоколдун долбоорун тариздейт жана Аппарат жетекчисине, ал жокто - Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына кол коюуга киргизет.
Кол коюлгандан кийин протокол Премьер-министрдин бекитүүсүнө киргизилет. Протоколдун көчүрмөлөрү Өкмөт мүчөлөрүнө, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине аткаруу жана контролдоо үчүн жиберилет.
40. Эгерде Өкмөттүн жыйынында башка мөөнөт белгиленбесе, жооптуу түзүмдүк бөлүнүш беш жумуш күнгө чейинки мөөнөттө чечимдин долбоорун толуктап иштеп чыгат жана аны ушул Регламентте белгиленген тартипте Премьер-министрдин кол коюусуна киргизет.
41. Өкмөттүн ачык жыйынынын видео жана аудиожазмалары маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан толук көлөмдө, кыскартуусуз, Өкмөттүн расмий сайтында же болбосо жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарда, жыйын өткөрүлгөндөн кийин эки жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн расмий сайтында шилтемелерди сөзсүз түрдө жайгаштыруу менен жарыяланат. Өкмөттүн жыйынынын видео же аудиожазмаларын белгиленген мөөнөттө жарыялоого мүмкүн болбосо, маалыматтык камсыздоо бөлүмү жазмалар жарыялана турган мөөнөттү көрсөтүү менен маалыматты жарыялайт.
Өкмөттүн жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырууну маалыматтык камсыздоо бөлүмү ишке ашырат.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын таасирине туш болгон жыйындардын видео жана аудиожазмалары жашырындык режимин сактоо менен сакталат.
42. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезексиз жыйындары чакырылышы мүмкүн, аларда шашылыш жана өтө шашылыш мүнөздөгү маселелер каралат.
Өкмөт мүчөлөрү түзүмдүк бөлүнүштөргө тейлеген вице-премьер-министр менен андан ары макулдашуу үчүн кароо датасын көрсөтүп, Өкмөттүн кезексиз жыйынында кароонун максатка ылайыктуулугун так негиздөө менен маселелерди киргизет.
Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштөр Өкмөттүн кезексиз жыйынында кароого сунушталган маселелерди вице-премьер-министрлер менен макулдашкандан кийин маселелердин тизмесин жана тиешелүү материалдарды уюштуруучулук камсыздоо секторуна Өкмөттүн кезексиз жыйынынын иш тартибин түзүү үчүн жиберишет.
Уюштуруучулук камсыздоо сектору Өкмөттүн кезексиз жыйынынын иш тартибин түзгөндөн кийин аны Премьер-министр менен андан ары макулдашуу үчүн Аппарат жетекчисине киргизет.
43. Эгер Өкмөттүн кезексиз жыйынын чакыруу жөнүндө чечим жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 5 календарлык күндөн кем эмес мурда кабыл алынса, анда маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик орган үч календарлык күндөн кечиктирбей Өкмөттүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүнүшүнө төмөнкүлөрдү киргизет ("Өкмөттүн жыйынына" деген белги менен):
- мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- чечимдин долбоорун;
- чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкатты;
- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
- жыйынтыктоочу таблицаны, анда эске алынган жана эске алынбаган сунуштар менен пикирлердин баарын (негиздемеси менен) көрсөтүп жана эгер чечимдин долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылса, актынын долбоору сын-пикирлерсиз макулдашылганын белгилөө менен;
- эгер чечимдин долбоору ишкердик жүргүзүүгө укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөгө, ошондой эле мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталса, жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык баяндаманы.
Уюштуруучулук камсыздоо сектору Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана материалдарды бир календарлык иш күндөн кечиктирбей жыйындын катышуучуларына жиберет.
44. Өкмөттүн кезексиз жыйынына чечимдердин долбоорлору иштеп чыгуучу орган берген редакцияда, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперттик корутундусун тиркөө менен киргизилет. Мында түзүмдүк бөлүнүш тарабынан долбоордо козголгон чөйрөдө мамлекет жүргүзгөн саясатка долбоордун шайкештиги тууралуу маалыматтар, киргизилген чечимдин долбоорунун жана анын материалдарынын сапаты жөнүндө тыянактар, ошондой эле сунуштар берилет.
Чечимдердин долбоорлорун жана башка материалдарды түзүмдүк бөлүнүштөр менен макулдашуу жол-жобосу документтердин электрондук версиясын жиберүү аркылуу жүзөгө ашырылат, буга экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен макулдашуу кирбейт, аны менен долбоордун кагаз варианты макулдашылууга тийиш.
Түзүмдүк бөлүнүштөр бир жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн тиешелүү чечиминин долбооруна өз корутундуларын бериши керек. Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүн кошпогондо, түзүмдүк бөлүнүш корутундуну көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда долбоор эскертүүсүз жана сунуштоосуз макулдашылган болуп саналат.
Акттын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөрдүн жана сунуштардын болушу жөнүндө, ошондой эле эскертүүлөрдүн жана сунуштардын жоктугу тууралуу маалымат тиркемеде келтирилген форма (№ 5 үлгү) боюнча жыйынтыктоочу таблицада чагылдырылат, ага түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси жана түздөн-түз аткаруучусу кол коёт.
45. Уюштуруучулук камсыздоо сектору документтердин пакетин (чечимдердин долбоорлорун жана Өкмөттүн кезексиз жыйынынын иш. тартибин, алдын ала корутундуларды) түзүп, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине, ошондой эле тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберет.
46. Чечимдердин долбоорлорун Өкмөттүн кезексиз жыйынында талкуулаган учурда:
- сын-пикирлер жана сунуштар жок болсо - тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөр үч жумуш күндүн ичинде чечимдердин долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу жана тейлеген вице-премьер-министрге жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине виза койдуруу жол-жобосунан өткөрүп, Премьер-министрге кол коюуга киргизет;
- сын-пикирлер жана сунуштар бар болсо - иштеп чыгуучу мамлекеттик орган чечимдин долбоорун сын-пикирлер менен сунуштарды эске алып, бир жумуш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана тейлеген түзүмдүк бөлүнүшкө киргизет, ал үч жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу жол-жобосунан өткөрүп, тейлеген вице-премьер-министрге жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине виза койдуруп, Премьер-министрге кол коюуга киргизет.
47. Тейлеген түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн болуп өткөн кезексиз жыйынынын натыйжасы боюнча:
- бир жумуш күндүн ичинде протоколдук чечимдин долбоорун даярдайт, анда чечимдин долбоорун кароо учурунда айтылган сын-пикирлер менен сунуштар жана ал боюнча кабыл алынган чечим баяндалат, тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашат жана Өкмөттүн кезексиз жыйынынын протоколунун долбоорун даярдаш үчүн уюштуруучулук камсыздоо секторуна берет;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик орган чечимдин долбоорун макулдашууга катышкан министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын коштомо каттарынын жана макулдашуу барактарынын түп нускаларын документтерди андан ары комплекттөө үчүн берүүсүн камсыздайт.
48. Уюштуруучулук камсыздоо сектору бир жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн кезексиз жыйынынын протоколунун долбоорун даярдап, аны Аппарат жетекчисинен кол коюуга жана Премьер-министрге бекитүүгө киргизет.";
- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Акттын долбоорун талкуулоо Премьер-министрде, тейлеген вице-премьер-министрде, Аппарат жетекчисинде же анын орун басарларында да өткөрүлүшү мүмкүн.
Акттын долбооруна Премьер-министрде же тейлеген вице-премьер-министрде талкуулоону өткөргөн учурда талкуулоону уюштуруу жана протоколду тариздөө Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катчылыгы тарабынан түзүмдүк бөлүнүштөр менен макулдашуу боюнча камсыз кылынат.
Акттын долбоорун Аппарат жетекчисинде же анын орун басарларында талкуулоону өткөргөн учурда протоколду тариздөөнү түзүмдүк бөлүнүш жүргүзөт.";
- 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54. Өкмөттүн чечиминин долбоору боюнча консенсуска жетишпеген учурда Премьер-министрдин, тейлеген вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин чечими боюнча чечимдин долбоору иштеп чыгуучу органга кайтарып берилиши же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн жыйынына чыгарылышы мүмкүн.";
- 55-57, 63-65-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 61-пунктта ", жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин кызматтык катынын, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын визасынын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 66 жана 68-пункттардагы "укуктук камсыздоо бөлүмүнүн, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн" деген сөздөр "экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 89-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Премьер-министрдин катышуусунда өткөрүлүүчү иш-чараларга карата даярдалган сүйлөгөн сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери эки жумуш күндөн кечиктирилбей түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери тарабынан Премьер-министрге берилет, ал эми вице-премьер-министрлердин катышуусунда өткөрүлүүчү иш-чараларга карата даярдалган сүйлөгөн сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери вице-премьер-министрлерге профилдик түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери менен макулдашуу боюнча вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары тарабынан берилет.
Мында маалымкаттар, маалыматтык-аналитикалык жана башка материалдар Премьер-министрге жана вице-премьер-министрлерге түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилет.";
- 90-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"90. Оперативдүү маселелерди кароо боюнча Премьер-министр өткөрүүчү кеңешмелердин, анын ичинде селектордук кеңешмелердин протоколдорунун долбоорлору тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан даярдалат, ал эми вице-премьер-министрлер өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдорунун долбоорлорун вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары профилдик түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери менен макулдашуу боюнча даярдашат жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү же электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу аткаруучуларга жиберилет. Мында Өкмөттүн алдындагы комиссиялардын (кеңештердин) жыйындарынын протоколдорун тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр даярдайт.";
- 91-пунктта:
биринчи сүйлөм "бөлүнүштүн жетекчиси" деген сөздөрдөн кийин "(вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары)" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Протоколго номер жооптуу түзүмдүк бөлүнүш (вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары) тарабынан бөлүмдүн (вице-премьер-министрдин) индексин көрсөтүү менен ыйгарылат.";
үчүнчү абзацы "бөлүнүштүн" деген сөздөн кийин "(Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катчылыгынын)" деген сөздөр менен толукталсын";
- 92-пунктта:
биринчи абзацы "бөлүнүш" деген сөздөн кийин "(вице-премьер-министрдин кеңешчиси, консультанты жана жардамчысы)" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацтагы "жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин колу менен" деген сөздөр алып салынсын.
- тиркеме ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
№ 1 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн /аталышы/ токтомунун/буйругунун долбооруна ЭКСПЕРТТИК КОРУТУНДУ
201__-жылдын "__" ____________
Аталышы: _______________________________________________________________
Демилгечи: ______________________________________________________________
КР ӨАга келип түшкөн датасы: 201__-ж. "___" ________________
1. КРӨнүн Регламентине шайкештиги: шайкеш келет/шайкеш келбейт.
2. Коомдук талкуу: талап кылынат/талап кылынбайт; жүргүзүлдү/жүргүзүлгөн жок (Өкмөттүн сайтына долбоорду жайгаштырган дата).
3. ЖТТ: талап кылынат/талап кылынбайт; жүргүзүлдү/жүргүзүлгөн жок.
4. Долбоордун максаты ____________________________________________________
5. Корутунду:
Юстмин - оң/терс (эске алынды/эске алынган жок);
Финмин - оң/терс (эске алынды/эске алынган жок);
Экономмин - он/терс (эске алынды/эске алынган жок);
ТИМ - оң/терс (эске алынды/эске алынган жок).
6. Министрликтердин, ведомстволордун сын-пикири жана сунушу: сын-пикирсиз жана сунуштарсыз макулдашылды/документтердин пакетинде төмөнкү мамлекеттик органдардын сын-пикирлери бар: _____________________.
7. КРӨАнын тармактык бөлүмдөрүнүн корутундусу: бөлүмдүн оң/терс корутундусу/корутунду белгиленген мөөнөттө берилген жок.
8. ЭжУК бөлүмүнүн сын-пикири жана сунушу.
1. __________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________
9. Тыянак: ___________________________________________________________________
ЭжУК бөлүмүнүн эксперти |
| ___________________________ |
|
|
|
Макулдашылды: |
|
|
ЭжУК бөлүмүнүн башчысы |
| ___________________________ |
№ 2 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/аталышы/токтомунун/буйругунун долбооруна МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ
Макулдашылды:
КРнын биринчи вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
Эскертүү: Макулдашуу барагы өзүнчө баракта болушу керек ("Times New Roman" шрифти, 13-өлчөм).
№ 3 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн /аталышы/токтомунун/буйругунун долбооруна МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ
Макулдашылды:
КРнын биринчи вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (эксперттик корутунду, тариздөө):
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
|
|
Актынын долбоорун даярдаган бөлүмдүн башчысынын аты-жөнү |
|
| Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын аты-жөнү |
|
|
|
|
Аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ | Аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
Аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
Министрликтер жана ведомстволор:
Юстмин | (сунуш менен) | Министрдин аты-жөнү |
|
|
|
Экономмин | (сын-пикирсиз жана сунуштарсыз) | Министрдин аты-жөнү |
|
|
|
МУКК | (сын-пикири менен) | Төраганын аты-жөнү |
| (матрица) |
|
ИИМ | (сын-пикирсиз жана сунуштарсыз) | Министрдин орун басарынын аты-жөнү (министр жок учурда) |
Эскертүү: Макулдашуу барагы өзүнчө баракта болушу керек ("Times New Roman" шрифти, 13-өлчөм). Макулдашууга катышуучулардын саны көп болсо, шрифттин өлчөмүн кичирейтүүгө жол берилет, бирок "Times New Roman" шрифтинин 11-өлчөмүнөн кичине эмес.
№ 4 үлгү
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА (мисал)
Колдонуудагы редакция | Сунушталуучу редакция |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын: | 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын: |
а) мамлекеттик агенттиктер: | а) мамлекеттик агенттиктер: |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш [жана региондук өнүктүрүү боюнча] мамлекеттик агенттик; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык, ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; |
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; |
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
б) мамлекеттик кызматтар: | б) мамлекеттик кызматтар: |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
[- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы] | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы); |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; |
г) инспекциялар: | г) инспекциялар: |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу [Санитариялык,] ветеринардык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. |
| 1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинде аткаруу бийлигинин башка органдары иштешет: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин: | 2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин: |
а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар: | а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар: |
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; |
- Кырыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы; | - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы; |
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту; | - Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту |
[- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекция] |
|
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбооруна салыштырма таблица 14-өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору - 12-өлчөмүндө "Times New Roman" шрифти менен басылат.
№ 5 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "аталышы" токтомунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн сын-пикири жана сунушу боюнча ТОПТОМО ТАБЛИЦА (эгер буйруктун долбоору болсо, анда тырмакчасыз жана кичине тамгалар менен)
№ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүшүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүшүнүн сын-пикири/сунушу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн корутундусу |
1 |
| Сын-пикири жана сунушу менен. |
|
Сын-пикир: ________________________ ________________________ Сунуш ________________________ ________________________ | Эске алынды. Эске алынган жок. Негизи: ________________________ ________________________ | ||
2 |
| Сын-пикирсиз жана сунуштарсыз |
|
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн жетекчиси | Колу, датасы | Аты-жөнү |
|
|
|
Аткаруучу | Колу, датасы | Аты-жөнү |
№ 6 үлгү
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы _____________________ |
Урматтуу ________________________________,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ____-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 201__-жылдын "___" ___________ № ________ токтому менен жактырылган "_________________" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жиберет.
Тиркеме:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомунун көчүрмөсү, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- "_____________________" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме-маалымкат, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица (зарыл учурда), мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл учурда);
- киргизилүүчү мыйзамдын долбоорунан келип чыккан мыйзамдардын долбоорлору (зарыл учурда);
- эл аралык келишимдердин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттеринин корутундусу (зарыл учурда);
- эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө жана мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана аны ратификациялоодо башка кесепеттерин баалоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу (зарыл учурда);
- административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу (зарыл учурда);
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана коштоочу документтер, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук форматта.
Урматтоо менен, Премьер-министр |
| Аты-жөнү |