Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 20-сентябрындагы№ 432 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн РЕГЛАМЕНТИ
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламенти (мындан ары - регламент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин (мындан ары - Өкмөттүн Регламенти), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) документтер менен ишти уюштуруу жана башкаруучулук ишти документтик камсыздоо боюнча негизги талаптар караштырылган.
2. Кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүнүштөр) өз убагында аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
3. Мекемелер жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана башка чечимдеринин долбоорлорун (мындан ары - чечимдин/актынын долбоору) даярдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү процессин оптималдаштыруу максатында Өкмөттүн Аппаратында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы иштейт.
5. Өзгөчө кырдаал болгондон башка учурларда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бюджетти бекиткенден кийин бюджеттен кошумча каражат бөлүү же бюджеттен кошумча каражат бөлүү керек болгон кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө, ошондой эле Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелер боюнча өтүнгөн каттар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын каттары жана кайрылуулары Өкмөттүн Аппаратында каралбайт жана Өкмөттүн Аппаратынын иш кагаздарын жүргүзүү жана Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо бөлүмү (мындан ары - иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү) тарабынан адресаттын өзүнө кайра жиберилүүгө тийиш.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Өкмөттүн Аппаратына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан башкалар), мамлекеттик органдарга караштуу мекемелер жана уюмдар тарабынан, ошондой эле чарбакер субъекттер тарабынан киргизилген документтер алардын жогору турган органдары жана тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары менен алдын ала макулдашылбаса каралбастан, иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан кайра артка жиберилүүгө тийиш.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
7. Жарандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелер боюнча беришкен, ошондой эле "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына туура келген кайрылууларды Өкмөттүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү (мындан ары - каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү) адресаттын өзүнө кайра артка жиберүүгө тийиш.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомунда аныкталгандан кийин Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин рангындагы түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине даректелген актылардын долбоорлорунан башка, Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин атына келген документтердин маалыматтык мүнөздөгүдөн башкалары кабыл алынбайт жана катталбайт.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
9. Чечимдердин долбоорлору жана документтер түзүмдүк бөлүнүштөр жөнүндө жоболорго жараша же алар тейлеген мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ишинин багытын эске алуу менен бөлүштүрүлөт.
Документтерди бир түзүмдүк бөлүнүштөн башкасына өткөрүп берүү алардын жетекчилеринин макулдашуусу же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин (мындан ары - Аппарат жетекчиси) же Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын көрсөтмөсү боюнча иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу ишке ашырылат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
10. Токтоосуз чечүү зарыл болгондон башка учурларда Өкмөттүн Аппараты министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын чечимдин долбоорун макулдашууга жардамдашуу же аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарына тигил же бул ишти аткаруу жөнүндө тапшырма берүү маселеси боюнча каттарын кабыл ал байт.
Токтоосуз чечүү зарыл болгон учурлар болуп Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары Премьер-министр), вице-премьер-министрлери (мындан ары - вице-премьер-министрлер), Аппарат жетекчиси, анын орун басарлары жетектөөчү жумушчу топторду, комиссияларды, делегациялардын курамдарын түзүү маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри (мындан ары - биринчи вице-премьер-министр), вице-премьер-министрлер жана Аппарат жетекчиси аныктоочу маселелер эсептелет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
11. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору каттайт жана ошол эле күнү өткөрүп берет:
- Өкмөттүн Аппаратына сурамжылоо жолу менен кабыл алуу үчүн түшкөн Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун, - Өкмөттүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө (мындан ары - экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү);
- Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн жыйынына чыгаруу үчүн түшкөн Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун, Өкмөттүн Регламентинин 61 жана 83-пункттарында каралган чечимдердин долбоорлорун жана кат-кабарларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун - тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө;
- коомдук талкуулоо үчүн актылардын долбоорлорун Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле башка кат-кабарлар - тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө.
Өкмөттүн Аппаратына саат 17.00дөн кийин түшкөн документтер тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө кийинки жумуш күнүндө, саат 11.00гө чейин өткөрүп берилет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
12. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу үч иш күндүн ичинде (эгер долбоор 30 барактан ашык болсо - беш иш күндө) мамлекеттик орган демилгелеген тиешелүү актынын максатка ылайыктыгына талдоо жүргүзөт, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген бардык керектүү документтердин жана маалыматтардын болушун текшерет, ошондой эле коомдук талкуулоо үчүн Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырууга берилген актылардын долбоорлорундагы маанилик, орфографиялык, грамматикалык каталарды жана юридикалык так эместиктерди жоюу боюнча иш жүргүзөт.
Толуктап иштеп чыккандан кийин актынын долбоору Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө (мындан ары - маалыматтык камсыздоо бөлүмү) Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу үчүн берилет.
13. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору корреспонденцияны атайын жашиктен жумуш күндөрү күн сайын саат 10.00дө жана 17.00дө алат.
14. Өкмөттүн жетекчилигине жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине кароо (кол коюу) үчүн жиберилүүчү корреспонденцияны жана актылардын долбоорлорун түзүмдүк бөлүнүштөр иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу жумуш күндөрү күн сайын саат 11.00дө беришет. Документтердин маанилүүлүгүн жана алардагы тапшырмалардын шашылыштыгын эске алуу менен түзүмдүк бөлүнүштөр документтерди Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жардамчылары (кеңешчилери, консультанттары) аркылуу беришет.
Бул учурда документтерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү фактысын (күнүн жана убактысын көрсөтүү менен каттоо) Өкмөт жетекчилигинин жана Аппарат жетекчисинин жардамчылары (кеңешчилери, консультанттары) атайын журналда белгилешет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Чечимдердин долбоорлору менен иштөө боюнча негизги жоболор
15. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору Өкмөттүн жыйынында же сурамжылоо жолу менен (шашылыш тартипте) кабыл алынат.
16. Чечимдердин долбоорлорун Өкмөттүн мүчөлөрү (министрликтер, мамлекеттик комитет) жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу жол-жобосу Өкмөттүн Регламентинде аныкталган тартипке ылайык ишке ашырылат.
17. Акттын долбоору Өкмөттүн Регламентинин 45-1, 47, 48-1, 51, 61, 69 жана 91-пункттарынын талаптарына шайкеш келбеген учурда акттын долбоорун экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү иштеп чыгуучу мамлекеттик органга кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен жана эксперттик корутундуну тиркөө менен (зарыл болсо) толуктап иштеп чыгууга кайтарып берет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
18. Чечимдин долбоору Өкмөттүн Регламентинин талаптарына шайкеш келген учурда долбоор тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр менен тизмегин Аппарат жетекчиси аныктаган түзүмдүк бөлүнүштөрдүн электрондук даректерине долбоордун электрондук версиясын жиберүү аркылуу макулдашылат.
Жашыруун маалыматты, кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери түзүмдүк бөлүнүштөр менен өз алдынча долбоордун кагаз версиясын берүү аркылуу макулдашат.
Түзүмдүк бөлүнүштөр 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү чечимдин долбооруна өз корутундуларын бериши керек. Түзүмдүк бөлүнүштүн корутундусунда чечимдин долбоорунун тийиштүү чөйрөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө, ошондой эле ушул долбоор боюнча Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларынын болушу тууралуу маалыматтар чагылдырылат.
Түзүмдүк бөлүнүш көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду бербеген учурда, долбоор эскертүүлөр жана сунуштар жок катары макулдашылган болуп эсептелет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
18-1. Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү тарабынан чечимдердин долбоорлорун даярдоо эксперттик корутундуну тиркемеге ылайык форма боюнча түзүүнү (№ 1 үлгү), лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү жана документтердин долбоорлорун кол коюу үчүн тариздөөнү камтыйт.
Чечимдин долбооруна эксперттик корутундуда анын ченемдик укуктук актыларга шайкеш экендиги, анын ичинде кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ актыларга, ушул тармакта мамлекет жүргүзүп жаткан саясатка шайкештиги, ченем жаратуу техникасынын эрежелеринин сакталгандыгы, долбоордун текстинин ички шайкештиги, ошондой эле сунушталган рекомендациялар чагылдырылат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
19. Акттын долбоору ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ актыларга, долбоорго тийиштүү чөйрөдө мамлекет жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбесе, ченем жаратуу техникасынын эрежелери сакталбаса, долбоордун текстинин ички ыраатсыздыгында акттын долбоору иштеп чыгуучу мамлекеттик органга кайтарылып берүүнүн себептерин негиздөө менен кайтарып берилет.
Бул учурда чечимдердин долбоорлору иштеп чыгуучу органдарга толуктап иштеп чыгуу үчүн же аларды кабыл алуу максатка ылайык эместигине байланыштуу Аппарат жетекчиси, ал жокто Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары тарабынан Премьер-министр менен, тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашуу боюнча кайтарылып берилет.
Премьер-министрдин чечими боюнча чечимдин долбоору ар кандай негиздер боюнча кайра артка жиберилиши мүмкүн.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
20. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштөр актылардын долбоорлорун киргизилген актынын долбоорундагы маселенин маанисин өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө жана редакциялоого укуктуу.
21. Өкмөттүн Аппаратында толуктап иштеп чыгуу процессинде андагы маселенин мазмунуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген актылардын долбоорлору аларды иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси, ал жок учурда - жетекчинин милдетин аткаруу тапшырылган орун басары (статс-сектретары) менен эки жумуш күндүн ичинде кайрадан макулдашылууга (парафирленүүгө) тийиш.
Кайрадан макулдашуу актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) же жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин колу менен, актынын өзгөртүлгөн же толукталган долбоорун тиркеп кат жиберүү жолу менен иш тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мында иштеп чыгуучу мамлекеттик орган ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө чечимдин долбоорунун толукталып иштелип чыккан текстинин мамлекеттик тилден расмий тилге же расмий тилден мамлекеттик тилге котормосун камсыз кылат.
22. Өкмөттүн Аппаратына сурамжылоо жолу менен кабыл алуу үчүн түшкөн чечимдин долбоорун экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү карайт жана кол коёт жана тиркемеге ылайык форма боюнча (№ 2 үлгү) төмөнкү тартипте макулдашат:
- Аппарат жетекчисинин орун басарлары менен бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык;
- Аппарат жетекчиси менен;
- вице-премьер-министрлер менен.
Мындан кийин акттын долбоору кол коюуга Премьер-министрге киргизилет.
Мыйзам долбоорлорун жактыруу жөнүндөгү токтомдордун долбоорлорун Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү карайт жана кол коёт.
Чечимдин долбоорун вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилиги менен макулдашуунун жогоруда көрсөтүлгөн тартиби ушул регламентке ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.
Өкмөттүн чечиминин долбоорун Аппарат жетекчиси, вице-премьер-министрлер менен макулдашууга киргизүү, ошондой эле Премьер-министрге кол коюуга берүү иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү акттардын долбоорлорун иш кагаздарды жүргүзүү бөлүмүнө Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилиги менен макулдашууга жана кол коюуга киргизген күндөн тартып аларды аткаруу мөөнөтү токтотула турат, бул тууралуу чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмү тарабынан белги коюлат.
23. Чечимдин долбоорунун жана анын тиркемелеринин белгиленген үлгүдөгү бланктагы акыркы вариантынын барактары арткы бетинин ылдыйкы сол жак бурчуна ар бир баракка фамилияларды жана инициалдарды көрсөтүү менен парафирленет:
- мамлекеттик тилде - лингвистикалык экспертиза секторунун актынын долбоорун мамлекеттик тилге ылайыктыгы боюнча экспертизалаган жооптуу кызматкерлери, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкери жана жетекчиси тарабынан;
- расмий тилде - лингвистикалык экспертиза секторунун актынын долбоорун расмий тилге ылайыктыгы жагынан экспертизалаган жооптуу кызматкери, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкери жана жетекчиси, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мыйзамдык экспертиза жасаган кызматкери, ошондой эле укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы тарабынан, чечимдин долбоорунун тиркемелеринин барактарынан башкалары.
Эл аралык келишимдердин долбоорлорунун тексттеринин расмий эмес котормолорун жана машинкада жазылганда элүү барактан ашкан көлөмдөгү чечимдердин долбоорлоруна тиркемелерди Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери парафирлебейт. Эл аралык келишимдердин долбоорлорунун арткы бетинин ар бир барагына иштеп чыгуучу органдын мөөрүнүн үлгүсү, машинкада жазылганда элүү барактан ашкан көлөмдөгү чечимдердин долбоорлоруна тиркемелерге - иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн мөөрүнүн үлгүсү коюлат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
24. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүш ошондой эле Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорунун жиберилип жатканы жөнүндө тийиштүү катты тиркемеде берилген форма (№ 6 үлгү) боюнча даярдайт.
25. Актынын долбооруна Премьер-министр кол койгондон кийин тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштүн чечимдин долбоорун кол коюуга даярдаган кызматкери таратуу барагын тариздеп, иштин бардык материалдарын (кара жазма материалдар, кат жазышуулар, тапшырмалар ж.б.) баяндоо менен тийиштүү маалымкатты толтуруп, иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын, ал жок учурда - бөлүм башчынын орун басарынын визасы менен иш кагаздарын жүргүзүү секторуна аны андан ары тариздөө жана чечимдин копияларын тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберүү үчүн берет. Башка түзүмдүк бөлүм чыгарып жаткан акттын долбооруна тиешелүү тапшырмалар жана башка материалдар өндүрүшүндө турган түзүмдүк бөлүнүштөр аларды иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө берүүгө милдеттүү.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
25-1. Өкмөттүн Регламентинин 83-пунктунда каралган, Өкмөттүн Аппаратына сурамжылоо жолу менен кабыл алуу үчүн киргизилген чечимдердин долбоорлорун тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр Премьер-министрге ушул главада белгиленген тартипте кол коюуга киргизет.
Мындай долбоорлор милдеттүү түрдө кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен макулдашылат жана лингвистикалык экспертиза секторунда тиешелүү экспертизадан өтөт. Чечимдин долбоору тиркемеде (№ 3 үлгү) келтирилген форма боюнча каралат жана кол коюлат. Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен долбоордун кагаз варианты макулдашылууга тийиш.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
25-2. Иштеп чыгуучу орган менен Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин (тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча) ортосунда консенсуска жетишпегенде иштеп чыгуучу орган Премьер-министрге же тейлеген вице-премьер-министрге демилгеленген Өкмөттүн чечиминин долбоорун колдоп берүү суранычы менен кайрылууга укуктуу. Мында коштомо катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жүйөлөрү менен макул эместигинин себептери жөнүндө маалымат чагылдырылат.
Иштеп чыгуучу органдан демилгеленген долбоорду колдоо суранычы менен кат түшкөн учурда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр түшкөн документтерге эки жумалык мөөнөттө талдоо жүргүзүшөт жана Премьер-министрде же тейлеген вице-премьер-министрде иштеп чыгуучу органдын жана кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен чечимдин долбоорун Өкмөттүн жыйынына чыгаруунун максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн долбоорду талкуулоону уюштурушат.
Мында тейлеген вице-премьер-министр тарабынан долбоорду мындан ары илгерилетүүнүн максатка ылайыктыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда долбоорду Өкмөттүн жыйынына чыгаруу маселеси Премьер-министр менен макулдашылат.
Чечимди кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча иштеп чыгуучу органга долбоорду андан ары Өкмөттүн жыйынына чыгаруу үчүн Өкмөттүн Аппаратына киргизүү зарылдыгы жөнүндө же тиешелүү долбоорду демилгелөөнүн максатка ылайыксыздыгы тууралуу билдирме жиберилет.
Бул учурда керектүү иш-чараларды жүргүзүүгө жана долбоорду Өкмөттүн жыйынына чыгаруу үчүн жооптуулар болуп түзүмдүк бөлүмдөр эсептелет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Өкмөттүн пландуу (кезектеги) жана кезексиз жыйындарын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жалпы жоболор
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
26. Өкмөттүн пландуу (кезектеги) жыйындарын өткөрүү жана маселелерди кароо тиешелүү жарым жылдыкта Өкмөттүн жыйындарында каралууга тийиш болгон, Премьер-министр бекиткен негизги маселелердин тизмегине ылайык жүргүзүлөт.
Премьер-министрдин же Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан сырткары) маселелер киргизилиши мүмкүн.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
27. Түзүмдүк бөлүнүштөр министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун Өкмөттүн жыйынына маселелерди даярдоо боюнча кадамдык пландарды иштеп чыгышын жана беришин контролдойт.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
28. Маселелерди даярдоого жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери тийиштүү материалдарды Өкмөттүн Аппаратына ("Өкмөттүн жыйынына" деген белги менен) жыйын өткөрүү белгиленген датага чейин 14 календардык күндөн кечиктирбей киргизишет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
29. Өкмөттүн жыйынына киргизилген Өкмөттүн чечиминин долбоорун же протоколдук тапшырманын долбоорун жооптуу түзүмдүк бөлүнүш кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен макулдашат, ошондой эле милдеттүү түрдө:
- экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен;
- бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарлары менен;
- Аппарат жетекчиси менен;
- тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
30. Чечимдин долбоору же протоколдук тапшырманын долбоору макулдашылгандан кийин жооптуу түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн жыйыны өткөрүлүүчү датага чейин 7 календардык күндөн кечиктирбей иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо секторуна (мындан ары - уюштуруучулук камсыздоо сектору) төмөнкүдөй документтерди берет:
а) чечимдин долбоору боюнча:
- чечимдин белгиленген үлгүдөгү бланкка чыгарылган долбоорун мамлекеттик жана расмий тилдерде, жогорку оң бурчуна "Долбоор" деген белги менен;
- чечимдин долбооруна тиркемелерди, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- чечимдин долбооруна маалымкатты, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин колу менен;
- актынын долбооруна тиркемеде берилген форма боюнча (№ 3 үлгү) Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу барагын;
- Премьер-министрдин сүйлөөчү сөзүнүн "Times New Roman" 16-шрифт менен 1,5 интервалда басылган, эреже катары, көлөмү 3 барактан ашпаган мамлекеттик жана расмий тилдеги кыскача тезистерин;
- конкреттүү маселе боюнча Өкмөттүн жыйынына катышуучу адамдардын жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси тарабынан кол коюлган, такталган тизмесин:
- маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- мамлекеттик орган тарабынан даярдалган чечимдин долбоорун жана ага негиздеме-маалымкатты, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон, эске алынган же эске алынбаган сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө же болбосо алардын жоктугу жөнүндө маалыматтар менен жыйынды таблицаны;
- чечимдин долбооруна министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын коштоочу каттарынын жана макулдашуу барактарынын түп нускаларын;
- мыйзам актыларына жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө - колдонуудагы жана тиркемеде келтирилген форма (№ 4 үлгү) боюнча сунушталган редакциядагы салыштырма таблицаны;
- Өкмөттүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерди;
- жогоруда аталган документтерди же болбосо электрондук документ жүгүртүү аркылуу берилген документтерди камтыган электрондук маалымат сактагычты;
б) Өкмөттүн жыйындарында протоколдук тапшырмаларды кабыл алууну караган маселелер боюнча;
- протоколдук тапшырманын долбоорунун акыркы вариантын, мамлекеттик жана расмий тилдерде, жогорку оң жак бурчуна "Долбоор" деген белги коюлат;
- протоколдук тапшырманын долбооруна маалыматтын акыркы вариантын, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Премьер-министрдин сүйлөөчү сөзүнүн "Times New Roman" 16-шрифт менен 1,5 интервалда басылган, эреже катары, көлөмү 3 барактан ашпаган мамлекеттик жана расмий тилдеги кыскача тезистерин;
- конкреттүү маселе боюнча Өкмөттүн жыйынына катышуучу адамдардын жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси тарабынан кол коюлган, такталган тизмесин;
- маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кол коюлган протоколдук тапшырманын долбоорун жана бул маселе боюнча маалыматты, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- протоколдук тапшырманын долбооруна коштоочу каттын жана макулдашуу барактарынын түп нускаларын;
- Өкмөттүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерди;
- жогоруда аталган документтерди же болбосо электрондук документ жүгүртүү аркылуу берилген документтерди камтыган электрондук маалымат сактагычты.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
31. Өкмөттүн жыйынында карала турган маселелердин презентациясынын тексти, эреже катары, "Times New Roman" 18-шрифтти колдонуу менен даярдалат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
32. Уюштуруучулук камсыздоо сектору жыйындын күн тартибинин жана ага карата материалдардын долбоорун, Өкмөттүн жыйынына чакырылган адамдардын акыркы тизмесин, телефонограмманын долбоорун түзөт жана аларды Аппарат жетекчисинин кароосуна киргизет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
33. Аппарат жетекчиси Өкмөттүн жыйыны өтүүчү күнгө чейин беш күн мурда жыйындын иш тартибинин долбоорун тийиштүү материалдар менен Премьер-министрдин кароосуна берет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
34. Премьер-министр жактырган жыйындын иш тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар Өкмөттүн жыйыны өтүүчү күнгө чейин 3 күн мурда уюштуруучулук камсыздоо сектору тарабынан Өкмөт мүчөлөрүнө, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жиберилет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
35. Өкмөттүн жыйынына чакырылган адамдардын акыркы тизмеси уюштуруучулук камсыздоо сектору жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн биринчи сектору тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
36. Аппарат жетекчиси кол койгон телефонограммаларды жөнөтүү, Өкмөттүн жыйынына чакырылган Өкмөт мүчөлөрүнүн, административдик ведомстволордун жетекчилеринин келүүсүн жана каттоого алууну уюштуруучулук камсыздоо сектору жүзөгө ашырат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
37. Маселелерди кароого катышуу үчүн башка чакырылган адамдардын келүүсүн тиешелүү маселени даярдоого жооптуу түзүмдүк бөлүнүш камсыз кылат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
38. Өкмөттүн жыйынында маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча жыйындын тиешелүү протоколу таризделет, аны даярдоо үчүн маселени киргизген жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан аткаруучусу жана жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси виза койгон протоколдук чечимдин долбоору талкууланган маселенин аталышын, баяндамачылардын жана талкууда чыгып сүйлөгөн адамдардын аты-жөнүн көрсөтүп, кабыл алынган коллегиялуу чечимди жана Премьер-министрдин конкреттүү тапшырмаларын баяндоо менен кийинки жумуш күндөн кеч эмес уюштуруучулук камсыздоо секторуна берилет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
39. Уюштуруучулук камсыздоо сектору үч жумуш күндүн ичинде тиешелүү протоколдун долбоорун тариздейт жана Аппарат жетекчисине, ал жокто - Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына кол коюуга киргизет.
Кол коюлгандан кийин протокол Премьер-министрдин бекитүүсүнө киргизилет. Протоколдун көчүрмөлөрү Өкмөт мүчөлөрүнө, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине аткаруу жана контролдоо үчүн жиберилет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
40. Эгерде Өкмөттүн жыйынында башка мөөнөт белгиленбесе, жооптуу түзүмдүк бөлүнүш беш жумуш күнгө чейинки мөөнөттө чечимдин долбоорун толуктап иштеп чыгат жана аны ушул Регламентте белгиленген тартипте Премьер-министрдин кол коюусуна киргизет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
41. Өкмөттүн ачык жыйынынын видео жана аудиожазмалары маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан толук көлөмдө, кыскартуусуз, Өкмөттүн расмий сайтында же болбосо жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарда, жыйын өткөрүлгөндөн кийин эки жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн расмий сайтында шилтемелерди сөзсүз түрдө жайгаштыруу менен жарыяланат. Өкмөттүн жыйынынын видео же аудиожазмаларын белгиленген мөөнөттө жарыялоого мүмкүн болбосо, маалыматтык камсыздоо бөлүмү жазмалар жарыялана турган мөөнөттү көрсөтүү менен маалыматты жарыялайт.
Өкмөттүн жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырууну маалыматтык камсыздоо бөлүмү ишке ашырат.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын таасирине туш болгон жыйындардын видео жана аудиожазмалары жашырындык режимин сактоо менен сакталат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
42. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезексиз жыйындары чакырылышы мүмкүн, аларда шашылыш жана өтө шашылыш мүнөздөгү маселелер каралат.
Өкмөт мүчөлөрү түзүмдүк бөлүнүштөргө тейлеген вице-премьер-министр менен андан ары макулдашуу үчүн кароо датасын көрсөтүп, Өкмөттүн кезексиз жыйынында кароонун максатка ылайыктуулугун так негиздөө менен маселелерди киргизет.
Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштөр Өкмөттүн кезексиз жыйынында кароого сунушталган маселелерди вице-премьер-министрлер менен макулдашкандан кийин маселелердин тизмесин жана тиешелүү материалдарды уюштуруучулук камсыздоо секторуна Өкмөттүн кезексиз жыйынынын иш тартибин түзүү үчүн жиберишет.
Уюштуруучулук камсыздоо сектору Өкмөттүн кезексиз жыйынынын иш тартибин түзгөндөн кийин аны Премьер-министр менен андан ары макулдашуу үчүн Аппарат жетекчисине киргизет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
43. Эгер Өкмөттүн кезексиз жыйынын чакыруу жөнүндө чечим жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 5 календарлык күндөн кем эмес мурда кабыл алынса, анда маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик орган үч календарлык күндөн кечиктирбей Өкмөттүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүнүшүнө төмөнкүлөрдү киргизет ("Өкмөттүн жыйынына" деген белги менен):
- мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- чечимдин долбоорун;
- чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкатты;
- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
- жыйынтыктоочу таблицаны, анда эске алынган жана эске алынбаган сунуштар менен пикирлердин баарын (негиздемеси менен) көрсөтүп жана эгер чечимдин долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылса, актынын долбоору сын-пикирлерсиз макулдашылганын белгилөө менен;
- эгер чечимдин долбоору ишкердик жүргүзүүгө укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөгө, ошондой эле мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталса, жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык баяндаманы.
Уюштуруучулук камсыздоо сектору Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана материалдарды бир календарлык иш күндөн кечиктирбей жыйындын катышуучуларына жиберет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
44. Өкмөттүн кезексиз жыйынына чечимдердин долбоорлору иштеп чыгуучу орган берген редакцияда, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперттик корутундусун тиркөө менен киргизилет. Мында түзүмдүк бөлүнүш тарабынан долбоордо козголгон чөйрөдө мамлекет жүргүзгөн саясатка долбоордун шайкештиги тууралуу маалыматтар, киргизилген чечимдин долбоорунун жана анын материалдарынын сапаты жөнүндө тыянактар, ошондой эле сунуштар берилет.
Чечимдердин долбоорлорун жана башка материалдарды түзүмдүк бөлүнүштөр менен макулдашуу жол-жобосу документтердин электрондук версиясын жиберүү аркылуу жүзөгө ашырылат, буга экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен макулдашуу кирбейт, аны менен долбоордун кагаз варианты макулдашылууга тийиш.
Түзүмдүк бөлүнүштөр бир жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн тиешелүү чечиминин долбооруна өз корутундуларын бериши керек. Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүн кошпогондо, түзүмдүк бөлүнүш корутундуну көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда долбоор эскертүүсүз жана сунуштоосуз макулдашылган болуп саналат.
Акттын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан эске алынган жана эске алынбаган эскертүүлөрдүн жана сунуштардын болушу жөнүндө, ошондой эле эскертүүлөрдүн жана сунуштардын жоктугу тууралуу маалымат тиркемеде келтирилген форма (№ 5 үлгү) боюнча жыйынтыктоочу таблицада чагылдырылат, ага түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси жана түздөн-түз аткаруучусу кол коёт.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
45. Уюштуруучулук камсыздоо сектору документтердин пакетин (чечимдердин долбоорлорун жана Өкмөттүн кезексиз жыйынынын иш. тартибин, алдын ала корутундуларды) түзүп, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине, ошондой эле тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
46. Чечимдердин долбоорлорун Өкмөттүн кезексиз жыйынында талкуулаган учурда:
- сын-пикирлер жана сунуштар жок болсо - тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөр үч жумуш күндүн ичинде чечимдердин долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу жана тейлеген вице-премьер-министрге жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине виза койдуруу жол-жобосунан өткөрүп, Премьер-министрге кол коюуга киргизет;
- сын-пикирлер жана сунуштар бар болсо - иштеп чыгуучу мамлекеттик орган чечимдин долбоорун сын-пикирлер менен сунуштарды эске алып, бир жумуш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана тейлеген түзүмдүк бөлүнүшкө киргизет, ал үч жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу жол-жобосунан өткөрүп, тейлеген вице-премьер-министрге жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине виза койдуруп, Премьер-министрге кол коюуга киргизет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
47. Тейлеген түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн болуп өткөн кезексиз жыйынынын натыйжасы боюнча:
- бир жумуш күндүн ичинде протоколдук чечимдин долбоорун даярдайт, анда чечимдин долбоорун кароо учурунда айтылган сын-пикирлер менен сунуштар жана ал боюнча кабыл алынган чечим баяндалат, тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашат жана Өкмөттүн кезексиз жыйынынын протоколунун долбоорун даярдаш үчүн уюштуруучулук камсыздоо секторуна берет;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик орган чечимдин долбоорун макулдашууга катышкан министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын коштомо каттарынын жана макулдашуу барактарынын түп нускаларын документтерди андан ары комплекттөө үчүн берүүсүн камсыздайт.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
48. Уюштуруучулук камсыздоо сектору бир жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн кезексиз жыйынынын протоколунун долбоорун даярдап, аны Аппарат жетекчисинен кол коюуга жана Премьер-министрге бекитүүгө киргизет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорлору менен иштөөнүн тартиби
49. Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбоору министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун жетекчилери тарабынан Өкмөттүн Аппараты аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына (мындан ары - Президенттин Аппараты) киргизилет.
50. Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбоорун экспертизалоонун жана макулдашуунун тартиби ушул регламенттин 2-бабына ылайык ишке ашырылат.
51. Президенттин Аппаратына төмөнкүдөй документтер киргизилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылган, Премьер-министр кол койгон коштоочу кат же Президенттик Аппараттын жетекчисинин атына жазылган, Аппарат жетекчиси кол койгон коштоочу кат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбоору, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- мамлекеттик органдын жетекчиси-иштеп чыгуучу тарабынан кол коюлган Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбооруна негиздеме-маалымкат, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбооруна министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун коштоочу каттарынын жана макулдашуу барактарынын түп нускалары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө (же жаңы редакцияда) - колдонуудагы жана сунушталган редакциядагы салыштырма таблица;
- кагаздагы вариантына окшош Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбоорун камтыган электрондук маалымат сактагыч жана ага негиздеме-маалымкат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер.
5. Актынын долбооруна карата пикир келишпестиктерди (сын пикирлерди) жоюунун тартиби
52. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүш пикир келишпестиктерди өз ара алгылыктуу чечүү максатында мамлекеттик органдын жетекчиси-иштеп чыгуучунун (жетекчинин орун басарынын), ошондой эле жоюлбаган сын пикирлер менен актынын долбоорун макулдашкан мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери менен актынын долбоорун талкуулоону камсыздайт.
53. Акттын долбоорун талкуулоо Премьер-министрде, тейлеген вице-премьер-министрде, Аппарат жетекчисинде же анын орун басарларында да өткөрүлүшү мүмкүн.
Акттын долбооруна Премьер-министрде же тейлеген вице-премьер-министрде талкуулоону өткөргөн учурда талкуулоону уюштуруу жана протоколду тариздөө Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катчылыгы тарабынан түзүмдүк бөлүнүштөр менен макулдашуу боюнча камсыз кылынат.
Акттын долбоорун Аппарат жетекчисинде же анын орун басарларында талкуулоону өткөргөн учурда протоколду тариздөөнү түзүмдүк бөлүнүш жүргүзөт.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
54. Өкмөттүн чечиминин долбоору боюнча консенсуска жетишпеген учурда Премьер-министрдин, тейлеген вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин чечими боюнча чечимдин долбоору иштеп чыгуучу органга кайтарып берилиши же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн жыйынына чыгарылышы мүмкүн.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
55. (КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
56. (КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
57. (КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
6. Чечимдердин долбоорлорун даярдоонун, экспертизалоонун жана аларды узартуунун мөөнөттөрү
58. Чечимдердин долбоорлорун кол коюуга даярдоонун мөөнөттөрү чечимдердин долбоорлорун кол коюуга даярдоону камсыздоочу жооптуу түзүмдүк бөлүнүшкө актылардын долбоорлору келип түшкөн күндөн баштап эсептелет.
59. Чечимдердин долбоорлорун кол коюуга даярдоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө ишке ашырылат:
- буйруктун долбоору - 10 жумуш күндөн ашык эмес;
- токтомдун долбоору - 14 жумуш күндөн ашык эмес;
- мыйзамдын долбоору - 20 жумуш күндөн ашык эмес;
- башка актылар - 15 жумуш күндөн ашык эмес.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын гана чечими менен жол берилет. Узактыгы жогоруда аталган мөөнөттөрдүн чегинде, мөөнөттөрүн узартууга бир жолу гана жол берилет. Эгерде актынын долбоорунун көлөмү 30 барактан ашса, бир жолудан ашык мөөнөткө жана зарыл болгон мөөнөткө узартууга жол берилет.
Актылардын бир же андан көп долбоорлорун даярдоонун мөөнөтүн бир кызматтык кат менен узартууга тыюу салынат.
60. Актылардын долбоорлорун Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине кол коюуга киргизген күндөн тартып, аларды аткаруунун мөөнөтү токтотула турат, ал жөнүндө чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмүндө белги коюлат.
61. Лингвистикалык экспертизада турган актынын долбоорун даярдоонун мөөнөтүн узартуу 59-пункттун алтынчы абзацынын талаптарын эске албастан ишке ашырылат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
62. Актынын долбоорунун акыркы вариантын министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомствонун, актынын долбоорун иштеп чыккан башка мамлекеттик органдын жетекчиси менен кайрадан макулдашуу мезгилинде Өкмөттүн Аппаратында аны иштеп чыгуунун мөөнөтү 2 жумуш күнгө токтотула турат.
Буга негиз болуп актынын долбоорунун акыркы вариантын кайрадан макулдашууга жиберүү жөнүндө каттын көчүрмөсү же электрондук почтадан көчүрүү эсептелет.
63. (КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
64. (КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
65. (КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
7. Премьер-министрдин жана Аппарат жетекчинин буйруктарын даярдоонун, тариздөөнүн жана таратуунун тартиби
66. Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлору каралуучу маселеге жараша мамлекеттик башкаруу органдарында же тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат, кызматкердин, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн, Аппарат жетекчисинин, Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, ошондой эле тейлеген вице-премьер-министрдин визалары коюлат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
67. Долбоорго маалымкат тиркелет, анда маселенин кыскача мазмуну, ал чечимди кабыл алуунун негиздемеси, каржылоо булагынын бар экени же бюджетке кошумча финансылык оорчулук келтирилбестиги баяндалууга тийиш жана аткаруучу жана түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси кол койгон таратуунун көрсөткүчү тиркелет.
68. Аппарат жетекчисинин буйругунун долбоорлору жооптуу түзүмдүк бөлүнүштө даярдалат, Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Аппарат жетекчисинин орун басары, кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен макулдашылат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
69. Ички тартип (өргүү, өргүмө берүү, (кайра чакыруу), материалдык жардам берүү, командировкага жиберүү, жазалоо жана сыйлоо) маселелери боюнча Аппарат жетекчисинин буйруктары чыгарылат. Буйруктарды даярдоо, аларды каттоо, эсепке алуу, таратуу жана сактоо мамлекеттик башкаруу кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлөт.
8. Өкмөт кабыл алган актылардын чечмелениши
70. Өкмөттүн актыларынын (токтомдордун, буйруктардын) мазмунун чечмелөө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелеринде жана Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте, Аппарат жетекчинин буйругу менен бекитилүүчү циркулярдык кат (түшүндүрмө) түрүндө ишке ашырылат.
Өкмөттүн мурда чыгарылган чечиминин мазмунун расмий чечмелөөчү циркулярдык катты (түшүндүрмөнү) бекитүүчү буйруктун долбоорун Өкмөттүн Аппаратына мазмуну чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) талап кылган Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлигинин органы киргизет. Буйруктун долбооруна чечмелөөнүн (түшүндүрмөнүн) долбоорун иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси милдеттүү түрдө виза коет жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, ошондой эле кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана уюмдарынын жетекчилери менен макулдашылат.
Аппарат жетекчисинин Өкмөттүн актыларынын мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) боюнча буйругунун долбоорун актынын долбоорун чыгарууга даярдаган түзүмдүк бөлүнүш же чечмелөө (түшүндүрүү) зарыл болгон маселе компетенциясына кирген түзүмдүк бөлүнүш даярдайт.
Аппарат жетекчисинин Өкмөттүн актыларынын мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) боюнча буйругунун долбоорун экспертизалоо жана макулдашуу Өкмөттүн Регламентинде жана ушул регламентте белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо максатында Өкмөттүн Аппарат жетекчиси расмий чечмелөө жөнүндө буйруктун долбоорун иштеп чыгууну башка түзүмдүк бөлүнүшкө же аткаруу бийлигинин башка органына тапшырууга укуктуу.
9. Башка документтер менен иштөөнүн тартиби
72. Келген документтерди түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси аткаруучуларга берет. Зарылдыкка жараша конкреттүү сунуштарды жана тапшырманын долбоорун иштеп чыккандан жана даярдагандан кийин документ 3 жумуш күндүн ичинде регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине же анын орун басарларына кароого берилет.
Аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлгөн резолюциянын долбооруна аткаруучу, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси, ошондой эле кызыкдар түзүмдүк бөлүнүш милдеттүү түрдө виза коет. Эгерде документти кошумча изилдөө талап кылынса, тапшырманы аткаруу мөөнөтүн Аппарат жетекчиси же анын орун басарларынын бири 10 жумуш күнгө чейин узартат.
Документтер регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө аткаруучуларга берүү үчүн кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.
73. Кечиктирилгис чараларды көрүү талап кылынган документтер жөнүндө түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине, Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына же Аппарат жетекчисинин орун басарына шашылыш маалымдашат.
74. Президенттин Аппаратынын кайрылуусуна аткаруунун башка мөөнөттөрү белгиленбеген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жооптор берилет. Зарылдыгына жараша бул мөөнөттөр коюлган маселелердин толук ишке ашырылышына чейин узартылышы мүмкүн.
Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчиге даректелген Президенттин Аппаратынын кайрылуулары, алар катталган күнү түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине тапшырылат жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштар даярдалгандан кийин үч күндүк мөөнөттө регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу жетекчиликке өткөрүлүп берилет.
Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин кайрылууларына Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин атынан жооптор жиберилиши мүмкүн.
10. Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтомдору, чечимдери жана Жогорку Кеңештин комитеттери менен депутаттарынын суроо-талаптары менен иштөө тартиби
75. Өкмөткө келип түшкөн Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтомдору, чечимдери жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптары тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.
Түзүмдүк бөлүнүштөр тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана ведомстволорго тапшырмаларды даярдашат, андан кийин Жогорку Кеңешке жооп даярдайт, мында жооптун көчүрмөсү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жана тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшкө берилет.
Эки же андан ашык министрликтердин, административдик ведомстволордун (тиешелүү түрдө эки же андан ашык түзүмдүк бөлүнүштүн) компетенциясына таандык болгон Өкмөткө берилүүчү тапшырманы камтыган Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтомдоруна, чечимдерине жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптарына тапшырма документте биринчи (чечимде көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерге жана Жогорку Кеңештин токтомунун аталышына, комитеттердин жана депутаттардын суроо-талаптарына ылайык) көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүнүш тарабынан даярдалат жана тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр менен макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен министрликтерге жана административдик ведомстволорго, ошондой эле жоопторду контролдоо жана экспертизалоо үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшкө жиберилет.
Тапшырманын долбоорун даярдаган түзүмдүк бөлүнүш маалыматты жалпылап Жогорку Кеңешке жиберет.
Жогорку Кеңешке берилген жооптун көчүрмөсү милдеттүү тартипте Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
76. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшкөн депутаттык суроо-талаптар Өкмөттүн Аппаратында катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралат.
77. Эгерде Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтому, чечими, Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптары кошумча изилдөөнү же узак мөөнөттүү кароону талап кылса, анда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш тарабынан аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен Жогорку Кеңешке кат жиберилет.
78. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренесине ылайык депутаттык суроо-талаптарга жоопторду депутаттар жазуу жүзүндө суроо-талап менен кайрылган орган же кызмат адамы бир айлык мөөнөттө берет.
79. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору Премьер-министрдин отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлер Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнө жиберилет, ал өз учурунда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр үчүн аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн белгилөө менен тиешелүү тапшырма даярдайт.
Зарыл болгон учурда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр айтылган сын-пикирлерди тейлөөчү мамлекеттик органдарга кароо жана маалымат берүү үчүн жиберишет.
Премьер-министрдин отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлер боюнча жыйынды маалыматты экономика жана инвестициялар бөлүмү даярдайт, мында тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш жоопторду тейлөөчү министрликтер жана административдик ведомстволор тарабынан экономика жана инвестициялар бөлүмүнө берилишин камсыз кылат.
Жыйынды маалымат экономика жана инвестициялар бөлүмү тарабынан кийин Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө жиберилет.
Жогорку Кеңеште талкуулануучу маселелер боюнча вице-премьер-министрлердин маалыматына карата депутаттардын сунуштары жана сын пикирлери тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жана тейлөөчү вице-премьер-министрлерге жиберилет. Тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр аларды ишке ашыруу боюнча тейлөөчү вице-премьер-министрлердин колу коюлуучу тапшырманын долбоорун даярдашат.
80. Түзүмдүк бөлүнүштөр тейлөөчү министрликтер жана административдик ведомстволор тарабынан жыйынды маалымат даярдоочу түзүмдүк бөлүнүшкө дыкат экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана жооптордун берилишин камсыз кылат.
Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтомдору, чечимдери, Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптары жарым-жартылай аткарылган же көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аткарылбаган учурда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш тарабынан Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин наамына кийин Жогорку Кеңешке жиберүү үчүн бул документтердин аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен орто аралык маалымат же кат даярдалат.
Жогоруда аталган документтерде берилген тапшырмалардын бирин оперативдүү аткарууда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш маалыматты даярдап, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө көчүрмөсүн милдеттүү түрдө берүү менен Жогорку Кеңешке белгиленген тартипте жиберет.
Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат Өкмөттүн Аппараты тарабынан жазуу жүзүндө чечим алынган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбей жиберилет. Министрликтерге жана административдик ведомстволорго тапшырмаларды даярдоодо түзүмдүк бөлүнүш маалыматты жалпылоо үчүн мөөнөттү зарыл болгон убакытты эсепке алуу менен көрсөтөт.
Жалпылоого берилген маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчилик Жогорку Кеңештин чечимин же Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптарын кароо тапшырылган мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
81. Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү ай сайын Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине жыйынды (сандык) маалыматты, ошондой эле жетекчилик сураган маалыматты даярдайт.
82. Жогорку Кеңештин депутаттары демилге кылган жана Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн мыйзам долбоорлору министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана кызыкдар административдик ведомстволорго, ошондой эле актынын долбоору компетенциясына таандык болгон башка мамлекеттик органдарга расмий корутунду даярдоо үчүн жиберилет.
Эгерде мыйзам долбооруна карата "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарынын колдонулушу жайылтылса, анда расмий корутунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен таризделет.
Мыйзам долбоору келип түшкөн учурда түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу тарабынан мыйзам долбоорунун "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине шайкештигине экспертиза жүргүзүлөт жана зарылдыгына жараша Өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоору даярдалат жана ал мыйзам долбоору менен кошо министрликтерге, мамлекеттик комитетке, кызыкдар административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет.
Өкмөттүн расмий корутундусун даярдоо тиешелүү мамлекеттик органга же тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшкө тапшырылышы мүмкүн.
11. Документтердин айрым категорияларынын өтүшүнүн жол-жобосу
83. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлер дин наамдарына түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан даярдалуучу документтер (тапшырма, кызматтык кат, маалымат, отчет ж.б.) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин түздөн-түз тапшырмасы жок болсо Аппарат жетекчисинин кароосуна берилет.
Аталган документтердин өтүүсү актылардын долбоорлорун өткөрүү үчүн белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.
84. Түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан даярдалуучу документтерди Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин наамына электрондук документ айландыруу тутуму менен өткөрүп берүү Аппарат жетекчисин кийин кабардар кылуу менен регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.
85. Шашылыш чечим кабыл алууну талап кылган маселелер боюнча Аппарат жетекчисин кийин кабардар кылуу менен түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан документтерди Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге өткөрүп берүүгө жол берилет.
86. Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин атынан чет өлкөлүк мамлекеттерге, эл аралык уюмдардын жана эл аралык укуктун башка субъекттерине жиберилүүчү каттардын жана телеграммалардын долбоорлору министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор тарабынан расмий тилде жана зарылдыгына жараша башка чет тилдерде киргизилет, мында алар кызыкдар мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (тышкы карыз алуу жана гранттык (кайтарымсыз жардам) маселелери боюнча) менен милдеттүү түрдө макулдашылган түшүндүрмө кат (негиздеме) кошо тиркелет. Талаптагыдай макулдашылбастан киргизилген каттардын жана телеграммалардын долбоорлору каралбайт жана белгиленген тартипте макулдашуу жол-жоболорун өткөрүү үчүн аларды киргизген мамлекеттик органга кайтарылууга жатат.
Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштө иштелип чыккандан кийин документ аткаруучунун, түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн (чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу жаатында), лингвистикалык экспертиза секторунун - каттын же телефонограмманын долбоору расмий тилде даярдалган учурда колу менен жетекчиликтин кол коюусуна берилет.
87. КМШнын мүчө мамлекеттеринин башчылар кеңешинин, КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кароосуна киргизилүүчү документтердин долбоорлору боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболор өткөрүлөт. Бул максаттарда министрликтер жана мамлекеттик комитет тарабынан каралуучу документтердин долбоорлору боюнча корутундулар Өкмөттүн мүчөлөрү жана алар жок болуп калган учурда гана - статс-катчылар, жетекчилердин биринчи орун басарлары тарабынан кол коюлат.
88. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин дарегине чет тилде келип түшкөн кат-кабарлар которулат жана жетекчиликке маалымдоо үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.
12. Премьер-министр жана вице-премьер-министрлер тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелердин протоколдорун даярдоо
89. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусунда өткөрүлүүчү кеңешмелерге маселелерди даярдоодо кеңешменин протоколунун долбоорунун материалдары Өкмөттүн Аппаратына министрликтер, административдик ведомстволор тарабынан кеңешмени өткөрүү датасына чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилет.
Премьер-министрдин катышуусунда өткөрүлүүчү иш-чараларга карата даярдалган сүйлөгөн сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери эки жумуш күндөн кечиктирилбей түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери тарабынан Премьер-министрге берилет, ал эми вице-премьер-министрлердин катышуусунда өткөрүлүүчү иш-чараларга карата даярдалган сүйлөгөн сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери вице-премьер-министрлерге профилдик түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери менен макулдашуу боюнча вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары тарабынан берилет.
Мында маалымкаттар, маалыматтык-аналитикалык жана башка материалдар Премьер-министрге жана вице-премьер-министрлерге түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилет.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
90. Оперативдүү маселелерди кароо боюнча Премьер-министр өткөрүүчү кеңешмелердин, анын ичинде селектордук кеңешмелердин протоколдорунун долбоорлору тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан даярдалат, ал эми вице-премьер-министрлер өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдорунун долбоорлорун вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары профилдик түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери менен макулдашуу боюнча даярдашат жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү же электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу аткаруучуларга жиберилет. Мында Өкмөттүн алдындагы комиссиялардын (кеңештердин) жыйындарынын протоколдорун тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр даярдайт.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
91. Жооптуу аткаруучу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси (вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары) кол койгондон кийин кеңешмени өткөргөн адам протоколго кол коет. Укуктук камсыздоо бөлүмү тарабынан протоколдорго ченемдик мүнөздөгү пункттар ага киргизилген учурда гана кол коюлат.
Протоколго номер жооптуу түзүмдүк бөлүнүш (вице-премьер-министрлердин кеңешчилери, консультанттары жана жардамчылары) тарабынан бөлүмдүн (вице-премьер-министрдин) индексин көрсөтүү менен ыйгарылат.
Протоколдун кол коюлган нускасы жана анын материалдары жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн (Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катчылыгынын) көктөмөсүнө топтолот.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
92. Кеңешмени уюштуруу үчүн түзүмдүк бөлүнүш (вице-премьер-министрдин кеңешчиси, консультанты жана жардамчысы) милдеттүү түрдө:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына микрофондор, презентацияларды өткөрүү, аудиожазмаларды ишке ашыруу ж.б. үчүн зарыл болгон жабдуу менен камсыз кылуу жөнүндө өтүнүчтү жиберет;
- кеңешменин катышуучуларынын аты-жөнүн көрсөтүү менен куверттерди даярдайт;
- Өкмөттүн Аппаратынын административдик имаратынын тиешелүү постторуна берүү үчүн кеңешмеге чакырылган адамдардын биринчи сектор менен макулдашылган акыркы тизмесин түзөт;
- кеңешменин катышуучуларын жайгаштыруу үчүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун кызматкерлерин кеңешме өткөрүлүүчү жерге чакырат.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
13. Аткарууну контролдоо боюнча негизги жоболор
93. Контролго мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, буйруктары, тапшырмалары, Президенттин Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, комитеттеринин чечимдерин жана депутаттык суроо-талаптарды ишке ашырууга тиешелүү маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, Өкмөттүн токтомдору, буйруктары, Премьер-министрдин буйруктары, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин тапшырмалары, Аппарат жетекчисинин буйруктары (тапшырмалары) жана анын орун басарларынын тапшырмалары коюлат.
94. Чечүүнү же жоопту талап кылган документтер жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөттө, мөөнөттөрү белгиленбегендер - бир айдын ичинде аткарылат. "Өтө шашылыш", "шашылыш", "ыкчам тартипте" белгиси бар документтер тиешелүү түрдө эки, үч жана он жумуш күндүн ичинде аткарылууга тийиш.
Эгерде тапшырмада аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал сегиз жумуш күндүн ичинде (Өкмөттүн Аппаратында - бир айдын ичинде) аткарылууга тийиш, бута эки айлык мөөнөттө аткарылуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга тийиштүү тапшырмалар кирбейт. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышпаган тапшырмаларды аткаруу мөөнөтү макулдашуу боюнча бир айга чейин узартылышы мүмкүн.
95. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын Өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын жана протоколдук тапшырмаларын өз убагында аткарышын контролдоону тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөр жогоруда аталган чечимдерди даярдаган бөлүнүштөр менен бирге ишке ашырышат. Эгерде Өкмөттүн актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Өкмөт тарабынан кабыл алынган актылардын аткарылышын контролдоо эреже катары жооптуу аткаруучу болгон бир конкреттүү түзүмдүк бөлүнүшкө жүктөлөт.
Бул актынын аткарылышын контролдоо жүктөлгөн түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси, ошондой эле анын орун басары кызматкерлери менен бирге анын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Актыда эки же андан көп түзүмдүк бөлүнүш көрсөтүлгөн учурда биринчи түзүмдүк бөлүнүш негизги аткаруучу болуп саналат жана ага ишти координациялоо, ошол актыда көрсөтүлгөн башка түзүмдүк бөлүнүштөргө тапшырма берүү жана маалымат суроо укугу берилет.
Актыларды аткаруу мөөнөтү бүткөндө башкы түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет, зарыл болгон учурда тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарбаган, маалыматты белгиленген мөөнөттө бербеген же актыларда камтылган тапшырмаларды сапатсыз аткарган түзүмдүк бөлүнүштөр, министрликтер жана административдик ведомстволор жөнүндө билдирет.
Эгер түздөн-түз аткаруучу болгон түзүмдүк бөлүнүш маалыматты белгиленген мөөнөттө бербеген же актыдагы тапшырмаларды сапатсыз аткарган түзүмдүк бөлүнүштөр, министрликтер жана ведомстволор жөнүндө маалымат бербесе, актынын аткарылышы үчүн бардык жоопкерчилик ошол түзүмдүк бөлүнүшкө жүктөлөт.
96. Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин актыларын жана Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну уюштуруу, ошондой эле аларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өз убагында маалымдоо түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин орун басарларына жүктөлөт, алар жеке жоопкерчилик тартышат.
Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү жума сайын Аппарат жетекчисинин орун басарларына, вице-премьер-министрлерге Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын актыларынын жана тапшырмаларынын түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
97. Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жооптуу кызматкерлери функциялык милдеттерине ылайык тейлеген маселелерди аткаруунун жүрүшүнүн абалы жөнүндө учурдагы маалыматты билүүгө тийиш жана ал үчүн административдик чараларды көрүүгө чейин жеке жоопкерчилик тартышат.
98. Документ, эгер ал боюнча чечим чыгарылса, зарыл болгон маалымат берилсе, даректөөчүгө жооп берилсе (анын ичинде түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин колу менен) же түзүмдүк бөлүнүштүн контролдон алуу жөнүндө жетекчиликтин резолюция менен аткаргандыгы жөнүндө маалымкаты даярдалса аткарылды деп эсептелет жана контролдон алынат.
Контролдон алынган документтер (түп нуска) бардык баштапкы топтолгон материалдар менен "делого" деген белги менен регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.
14. Жарандардын кайрылууларын эсепке алуу (каттоо), кароо жана аткарылышын контролдоо тартиби
99. Жарандардын жеке жана жамааттык кайрылуулары (мындан ары кайрылуулар) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
100. Жарандардын жазуу жүзүндө, электрондук кайрылуу түрүндө келип түшкөн же Премьер-министрдин коомдук кабылдамасы аркылуу оозеки жеке кайрылуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун жыйынтыктары каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө катталат, андан кийин тийиштүү маалыматтар электрондук документ жүгүртүү тутумуна киргизилет.
Кайрылуунун биринчи барагынын алдыңкы бетине, барактын сол жагынан 3,0 см калтыруу менен тексттен бош жерине каттоо штампы коюлат, анда кайрылуунун катталган номери, катталган күнү жана барактардын саны көрсөтүлөт. Коюлган каттоо номери бир эле учурда кириш жана чыгыш номери болуп эсептелет.
Каттоо номери тамга индексинен жана кайрылуунун катар номеринен турат. Жеке кайрылууларда автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы: К-45; жамааттык (эки же андан көп автордун колу коюлган) кайрылууларга "Жм" деген тамга белгиси коюлат, мисалы, Жм45; жеке кабыл алууну суранган кайрылууларга "ЖК" деген тамга белгиси коюлат жана дефистен кийин автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы: ЖК-А-45.
Жарандардын кайрылуулары Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Эгерде кайрылууда коюлган маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тийиштүү болсо, кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же тиешелүү кызмат адамдарына жиберилет.
101. Автордун бир эле маселени бир жылдын ичинде кайрадан козгогон экинчи кайрылуусуна биринчи кайрылуу катталган номер коюлат, ал эми электрондук каттоо карточкасында "экинчи" деген белги коюлат; эгер кайрылуу үч жана андан ашык жолу келсе, - "көп жолу" деген белги коюлат. Кайталанган кайрылуулардын мазмунун кароо ошол эле автордон мурда келген кайрылуулар боюнча көрүлгөн чараларды эске алуу менен жана ага берилген жоопторго жана түшүндүрмөлөргө жараша каралат. Кайталанган кайрылууларга мурдагы кайрылууларда каралган материалдар кошулат.
Жарандардын жаңы жүйөлөр же жаңы ачылган жагдайлар келтирилбеген, алар боюнча текшерүүлөрдүн толук материалдары болгон жана жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген кайталанган кайрылуулары каралбайт жана бул жөнүндө кайрылуунун авторлоруна кабарланат.
102. Жарандардын колдору коюлбаган, аты-жөнү, жашаган жери жөнүндө маалыматтары көрсөтүлбөгөн кайрылуулары тоголок кат деп таанылат жана каралбайт.
Эгер кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда ал кайрылууну карал жаткан адам кайрылуунун мазмунун жана жүйөөлөрүн тактоо жана аныктоо үчүн арыз ээсин чакырат (эгер арыз ээсинин фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо). Эгер кайрылууну каран жаткан адам арыз ээси менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарланат.
Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда кайрылууну карап жаткан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык ал боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу чечим чыгарат, буга кайрылууда жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык жөнүндө маалыматтар камтылган учурлар кирбейт.
103. Жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана республиканын башка мекемелеринин компетенциясына тийиштүү кайрылуулары Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын же каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысынын колу коюлган коштоочу кат менен катталган күндөн баштап беш жумуш күндүн ичинде жиберилүүгө тийиш.
104. Чечими же иш-аракети (аракетсиздиги) даттанылуучу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына жарандардын кайрылууларын кароого жиберүүгө тыюу салынат.
Премьер-министрдин жарандардын кайрылуулары боюнча тапшырмасы контролго алынат. Контролго алынуучу кайрылууларга "Контроль" деген штамп коюлат.
Жарандардын кайрылуулары катталган күндөн баштап 14 календарлык күндүн ичинде каралат.
Эгер кайрылууну кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда кароо мөөнөтү 30 календарлык күндөн кеп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бул жөнүндө чечимди резолюциянын автору же анын ордун алмаштыруучу адам чыгарат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары жөнүндө корутундуну, автор менен болгон сүйлөшүү жана ага берилген жооп жөнүндө белгилерди кайрылуунун түп нускасына же мамлекеттик органдардан алынган маалымкатка жазса болот. Кайрылууларды кароонун жыйынтыктары Премьер-министрге, биринчи вице-премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине оозеки түрдө баяндалуучу учурларда контролдон алынгандыгы жөнүндө белги кайрылуунун түп нускасына же эсепке алуу карточкасына коюлат.
Сот органдарына жиберилүүчү кайрылуулар Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык каралат. Жарандардын соттук чечимдерге даттанылуучу кайрылууларына ошол соттук чечимге даттануунун тартиби түшүндүрүлөт.
105. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
- кайрылууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө;
- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;
- коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган эреже бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө.
Кайрылуу боюнча чечим конкреттүү ченемдик актыларга шилтеме жасоо менен жүйөөлүү болууга, аны даттануунун тартиби жөнүндө көрсөтмөнү камтууга тийиш.
Кайрылуулардын авторлору кайрылуунун өзүнөн тышкары, түп нуска документтерди жазуу жүзүндө сурап алууга укуктуу.
106. Календарлык жыл бүткөндө кайрылууларды текшерүүнүн бардык материалдары делолорго түзүлөт жана каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн күндөлүк архивине үч жылдын ичинде өткөрүлүп берилет, андан кийин белгиленген тартипте жок кылынат.
Күндөлүк архивден кайрылууларды текшерүүнүн материалдары түзүмдүк бөлүнүштөрдүн кызматкерлерине каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысынын макулдугу боюнча, документтерди эсепке алуу карточкасына кол койдуруу менен берилет.
107. Премьер-министрдин жарандарды кабыл алуу боюнча коомдук кабылдамасы жумуш күндөрү саат 9-00дон 18-00гө чейин иштейт, зарыл болгон учурда анын иштөө убактысы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары катталат, эсепке алынат жана таризделет.
Жарандар кайрылуунун катталган күнү жана номери жөнүндө оозеки түрдө маалымат, алардын кайрылууларын кароо кимге тапшырылганы, ошондой эле кайрылууда коюлган маселелерди конкреттүү чечүү боюнча акыркы жыйынтык тууралуу өз убагында кабарлама алууга укуктуу.
Жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси, Аппарат жетекчисинин орун басарлары, түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери тарабынан Премьер-министрдин буйругу менен бекитилүүчү, Өкмөттүн расмий сайтында жана Премьер-министрдин коомдук кабылдамасынын стенддинде жарыяланган графикке ылайык ишке ашырылат.
Эгер жарандарды кабыл алуу учурунда коюлган маселелерди чечүү мүмкүн болбосо, жазуу жүзүндө кайрылуу кабыл алынып, ал катталгандан кийин тийиштүү мамлекеттик органдарга кароого жиберилет.
Эгер кабыл алуу убагында жаран тарабынан коюлган маселелер Өкмөттүн компетенциясына кирбесе, ага мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарына кайрылуунун тартиби түшүндүрүлөт.
Эгер жаранга кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча мурда жооп берилсе, жеке кабыл алуунун жүрүшүндө анын кайрылуусун андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.
Республиканын алыскы райондорунан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
108. Жамааттык кайрылуулар, Өкмөттүн административдик имаратынын жанында өткөрүлүп жаткан акциялар, пикеттер жана митингдер жөнүндө каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине оозеки жана жазуу жүзүндө билдирет.
109. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү жарандар тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда коюлган маселелерди талдайт жана жалпылайт, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине кайрылуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө мезгил-мезгили менен маалымат берет, ошондой эле жетекчиликтин тапшырмасы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө аналитикалык баяндамаларды берет.
15. Документтерди архивге өткөрүп берүү тартиби
110. Аткаруу документтери 10 жумуш күндүн ичинде "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык андан ары сактоо үчүн түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү секторуна белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.
111. Документтер жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин визасы менен документтин астыңкы бетинде "№ делого" деген белги, барактардын санын жана эсептен чыгарылган күндү көрсөтүү менен сактоо үчүн өткөрүлүп берилет.
Аткарыла элек жана контролдон алынбаган документтерди сактоого өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Документтерди сактоо ар бир түзүмдүк бөлүнүштүн ишинин номенклатурасына ылайык ишке ашырылат.
112. Иш кагаздарын жүргүзүү секторуна сактоого өткөрүлүп берилүүчү документтердин пакетинин толуктугу үчүн жоопкерчиликти жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкерлери жана жетекчиси тартат.
113. Эсептен чыгарылуучу документтерге сактоо үчүн өткөрүлүп берилүүчү документтердин бар экендиги жөнүндө 2 нускада реестр тиркелет.
Бир нускасы түзүмдүк бөлүнүштө калат, экинчи нускасы өткөрүлүп берилген документтер менен сакталат.
Документтер түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишинин номенклатурасына ылайык жана документтердин (жетекчиликтин тапшырмалары, мамлекеттик органдар менен кат алмашуулар, кызматтык каттар, Өкмөттүн жооптору ж.б.) бардык тиешелүү түп нускалары болгондо түзүлөт.
Сактоо үчүн өткөрүлүп берилүүчү документтердин пакетинде материалдар жетишпеген учурда бардык документтер аны андан ары комплекттөө үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүнүшкө кайтарылып берилет.
114. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору өткөрүлүп берилүүчү документтердин реестрине ылайык бардык тиркелген документтер болгон учурда делонун номерин жана эсептен чыгарылган күндү көрсөтүү менен документтерди архивге сактоого өткөрүп берүү жөнүндө маалыматты маалымат базасына киргизет.
Тиркеме
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругунун редакциясына ылайык)
№ 1 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн /аталышы/ токтомунун/буйругунун долбооруна ЭКСПЕРТТИК КОРУТУНДУ
201__-жылдын "__" ____________
Аталышы: _______________________________________________________________
Демилгечи: ______________________________________________________________
КР ӨАга келип түшкөн датасы: 201__-ж. "___" ________________
1. КРӨнүн Регламентине шайкештиги: шайкеш келет/шайкеш келбейт.
2. Коомдук талкуу: талап кылынат/талап кылынбайт; жүргүзүлдү/жүргүзүлгөн жок (Өкмөттүн сайтына долбоорду жайгаштырган дата).
3. ЖТТ: талап кылынат/талап кылынбайт; жүргүзүлдү/жүргүзүлгөн жок.
4. Долбоордун максаты ____________________________________________________
5. Корутунду:
Юстмин - оң/терс (эске алынды/эске алынган жок);
Финмин - оң/терс (эске алынды/эске алынган жок);
Экономмин - он/терс (эске алынды/эске алынган жок);
ТИМ - оң/терс (эске алынды/эске алынган жок).
6. Министрликтердин, ведомстволордун сын-пикири жана сунушу: сын-пикирсиз жана сунуштарсыз макулдашылды/документтердин пакетинде төмөнкү мамлекеттик органдардын сын-пикирлери бар: _____________________.
7. КРӨАнын тармактык бөлүмдөрүнүн корутундусу: бөлүмдүн оң/терс корутундусу/корутунду белгиленген мөөнөттө берилген жок.
8. ЭжУК бөлүмүнүн сын-пикири жана сунушу.
1. __________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________
9. Тыянак: ___________________________________________________________________
ЭжУК бөлүмүнүн эксперти |
| ___________________________ |
|
|
|
Макулдашылды: |
|
|
ЭжУК бөлүмүнүн башчысы |
| ___________________________ |
№ 2 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/аталышы/токтомунун/буйругунун долбооруна МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ
Макулдашылды:
КРнын биринчи вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
Эскертүү: Макулдашуу барагы өзүнчө баракта болушу керек ("Times New Roman" шрифти, 13-өлчөм).
№ 3 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн /аталышы/токтомунун/буйругунун долбооруна МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ
Макулдашылды:
КРнын биринчи вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын вице-премьер-министринин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
КРнын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин аты-жөнү | ___________________ | 201__-ж."___" ________________ |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (эксперттик корутунду, тариздөө):
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
|
|
Актынын долбоорун даярдаган бөлүмдүн башчысынын аты-жөнү |
|
| Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын аты-жөнү |
|
|
|
|
Аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ | Аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
|
|
Аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" _____________ |
|
|
Министрликтер жана ведомстволор:
Юстмин | (сунуш менен) | Министрдин аты-жөнү |
|
|
|
Экономмин | (сын-пикирсиз жана сунуштарсыз) | Министрдин аты-жөнү |
|
|
|
МУКК | (сын-пикири менен) | Төраганын аты-жөнү |
| (матрица) |
|
ИИМ | (сын-пикирсиз жана сунуштарсыз) | Министрдин орун басарынын аты-жөнү (министр жок учурда) |
Эскертүү: Макулдашуу барагы өзүнчө баракта болушу керек ("Times New Roman" шрифти, 13-өлчөм). Макулдашууга катышуучулардын саны көп болсо, шрифттин өлчөмүн кичирейтүүгө жол берилет, бирок "Times New Roman" шрифтинин 11-өлчөмүнөн кичине эмес.
№ 4 үлгү
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА (мисал)
Колдонуудагы редакция | Сунушталуучу редакция |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын: | 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын: |
а) мамлекеттик агенттиктер: | а) мамлекеттик агенттиктер: |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш [жана региондук өнүктүрүү боюнча] мамлекеттик агенттик; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык, ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; |
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; |
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
б) мамлекеттик кызматтар: | б) мамлекеттик кызматтар: |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
[- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы] | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы); |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; |
г) инспекциялар: | г) инспекциялар: |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу [Санитариялык,] ветеринардык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. |
| 1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинде аткаруу бийлигинин башка органдары иштешет: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин: | 2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин: |
а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар: | а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар: |
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; |
- Кырыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы; | - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы; |
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту; | - Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту |
[- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекция] |
|
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбооруна салыштырма таблица 14-өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору - 12-өлчөмүндө "Times New Roman" шрифти менен басылат.
№ 5 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "аталышы" токтомунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн сын-пикири жана сунушу боюнча ТОПТОМО ТАБЛИЦА (эгер буйруктун долбоору болсо, анда тырмакчасыз жана кичине тамгалар менен)
№ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүшүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүшүнүн сын-пикири/сунушу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн корутундусу |
1 |
| Сын-пикири жана сунушу менен. |
|
Сын-пикир: ________________________ ________________________ Сунуш ________________________ ________________________ | Эске алынды. Эске алынган жок. Негизи: ________________________ ________________________ | ||
2 |
| Сын-пикирсиз жана сунуштарсыз |
|
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн жетекчиси | Колу, датасы | Аты-жөнү |
|
|
|
Аткаруучу | Колу, датасы | Аты-жөнү |
№ 6 үлгү
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы _____________________ |
Урматтуу ________________________________,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ____-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 201__-жылдын "___" ___________ № ________ токтому менен жактырылган "_________________" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жиберет.
Тиркеме:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомунун көчүрмөсү, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- "_____________________" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме-маалымкат, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица (зарыл учурда), мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл учурда);
- киргизилүүчү мыйзамдын долбоорунан келип чыккан мыйзамдардын долбоорлору (зарыл учурда);
- эл аралык келишимдердин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттеринин корутундусу (зарыл учурда);
- эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө жана мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана аны ратификациялоодо башка кесепеттерин баалоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу (зарыл учурда);
- административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу (зарыл учурда);
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана коштоочу документтер, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук форматта.
Урматтоо менен, Премьер-министр |
| Аты-жөнү |