Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2020-жылдын 28-февралындагы № 121 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-октябры № 470
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
|
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругу менен бекитилген |
Мавлянов Абдырахман Субанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы; |
Тыналиева Бакыт Карыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Быковченко Юрий Григорьевич | - | биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору (макулдашуу боюнча); |
Дженчураева Розалия Джаманкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун лабораториясынын башчысы, академик, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Жайнаков Аманбек Жайнакович | - | академик, физика-математика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Мааметайып Жумагулович | - | философия илимдеринин доктору, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору; |
Нифадьев Владимир Иванович | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, академик, техника илимдеринин доктору, профессор; |
Сулайманкулов Какин Сулайманкулович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун лабораториясынын башчысы, академик, химия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Койчуев Турар Койчуевич | - | академик, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор; |
Дюшалиев Камчыбек Шаменович | - | искусство таануунун доктору, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын музыка таануу кафедрасынын профессору; |
Нурунбетов Балтагул Аттокурович | - | Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор; |
Борубашев Бекбосун Ишенбекович | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор.". |