Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 425
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 59, 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы деп өзгөртүлүп аталсын.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын атайын каражаттары жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын башкаруу схемасы.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын жана анын Президиумунун курамдары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын маселелери" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)