Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 1-декабры № 565
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 17-сентябрындагы № 427 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Муратов Абдиманнап Аттокурович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору, Кеңештин мүчөсү, тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, бизнес-коомчулуктун өкүлү болуп;
Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кеңештин мүчөсү, улуттук илимий коомчулуктун, окумуштуулардын өкүлү болуп;
- Кеңештин курамынан Дуйшеналиев Т.Б. чыгарылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |