Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-январы № 13
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4206-V токтому менен биринчи окууда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун сапаттуу толуктап иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин корутундуларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун толуктап иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун толуктап иштеп чыгууга катышууга министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун тең төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун тең төрагасы (макулдашуу боюнча).
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча).