Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-январы № 24-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иштердин кадамдык планы (мындан ары - Кадамдык план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадамдык планды ишке ашырууга катышкан министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча):
- Кадамдык планды ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн;
- жарым жылда бир жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Кадамдык пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарым жылда бир жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кадамдык пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жыйынтык маалыматты берип турсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин КАДАМДЫК ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжалар | Каржылоо булактары |
1 | Мамлекеттин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, илим жана инновация жаатындагы артыкчылыктардын стратегиялык багыттарын аныктоо боюнча жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө | 2016-жылдын I-II кварталы | БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Илим жана инновация жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо тажрыйбасы менен бирге илимди өнүктүрүү программасы иштелип чыгат | Министрлик менен УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
2 | Кыргыз Республикасынын илим жана инновация жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновация боюнча кеңештин кароосуна киргизүү | 2016-жылдын I-II кварталы | БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновация боюнча кеңештин кароосуна киргизилет | Министрлик менен УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
3 | Илимий мекемелердин бирдиктүү маалыматтык системасын иштеп чыгуу: - Кыргыз Республикасынын аймагында онлайн режиминде катталган илим-изилдөө мекемелердин реестрин даярдоо, - жыл сайын өтүүчү илим-изилдөө мекемелеринин рейтинг системасын иштеп чыгуу | 2016-жылдын I-II кварталы | БИМ, ЭМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | Илимий мекемелердин бирдиктүү маалыматтык ачылышы иштелип чыгат жана киргизилет. Илим изилдөө мекемелеринин жылдык рейтинг системасын бекитүүчү ЧУА кабыл алынат | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
4 | Илим-изилдөө мекемелеринин натыйжалуулугун көтөрүү: - мамлекеттик илим-изилдөө мекемелеринин ишинин натыйжалуу критерийлерин иштеп чыгуу жана бекитүү; - мамлекеттик илим-изилдөө мекемелеринин илим, инновация жаатындагы улуттук артыкчылыктарга дал келүүсүн текшерүү | 2016-жылдын I-II кварталы | БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик илим-изилдөө мекемелеринин натыйжалуулук критерийлери иштелип чыгат жана бекитилет. Жыйынтыктын маалыматы даярдалат. Инспекция жүргүзгөн тыянактар боюнча маалымат даярдоо | Министрлик менен УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
5 | Илимий кадрларды даярдоо жана илимий дараметти оптималдуу пайдалануу максатында ЖОЖдордун профилдик түзүмдөрүн, УИАнын илим-изилдөө мекемелерин интеграциялоо жана кайра түзүү | 2016-жылдын I-III кварталы | БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | УИАнын 5тен кем эмес илимий мекемеси мамлекеттик ЖОЖдорго интеграцияланат | Министрлик менен УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
6 | Илим жана инновация жаатындагы ишти жөнгө салууга ылайык, ЧУАга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү | 2016-жылдын I-III кварталы | БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Талдоо жүргүзүлөт, ЧУА кабыл алынат | Министрлик менен УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
7 | УИАнын карамагында турган мүлктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн программа иштеп чыгуу | 2016-жылдын I-III кварталы | ММБФ, МКК, БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Программа иштелип чыгат | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
8 | Онлайн режимине жайгаштыруу менен УИАнын карамагында турган мүлктөрдүн бирдиктүү маалыматтык реестрин түзүү | 2016-жылдын I-Ill кварталы | ММБФ, МКК, БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Онлайн режиминде бирдиктүү реестр түзүлөт жана жөнгө салууга болот | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
9 | Долбоорлорду сынак түрүндө тандап алууда мамлекеттик жана башка илимий мекемелердеги мыйзамдуулукту жөнгө салуу үчүн дүйнөлүк илимий долбоорлордун улуттук тажрыйбасын экспертизага алуу, үйрөнүү | 2016-жылдын I-III кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | Илимий жана инновациялар долбоорлорун натыйжалуу, көз карандысыз баалоо жаатындагы ченемдик базасы иштелип чыгат, анын принциптери, экспертизациялоо системасынын принциптери жана механизмдери жөнүндө аналитикалык маалымдама даярдалат. Изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көз карандысыз баалоонун ченемдик базасы иштелип чыгат | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
10 | Баалоонун баллдык системасы менен бирге, илимий иштерин жүзөгө ашырган айрым окумуштуулардын, адистердин сандык көрсөткүчүн, ошону менен катар жамаат, уюм менен бирге ишке ашырылган эмгектердин натыйжасын баалоону киргизүү | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | Көрсөткүчтөр түзүлөт | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
11 | Мамлекеттик (көз карандысыз) тажрыйба-конструктордук, илим-изилдөө, илимий-техникалык экспертизалык долбоорлордун тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | Тажрыйба-конструктордук, илим-изилдөө, илимий-техникалык эксперттик долбоорлордун тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
12 | Натыйжалуу каржылоону жана өткөөл мезгилдеги сунуштарды иштеп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын илим жана инновациялык тармагын каржылоо жаатындагы бюджеттик каржылоонун инструменттерин жана түрлөрүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ, ЖАК, ФМ, ЭМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ЧУА кабыл алынат, фандрайзингди өнүктүрүү үчүн илимий уюмдардын мотивизация системасын түзүү боюнча сунуштар иштелип чыгат | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
13 | Фандрайзингди өнүктүрүү үчүн илимий уюмдарда мотивизация системасын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ, ЖАК, ФМ, ЭМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ЧУА кабыл алынат. Фандрайзингди өнүктүрүүдө илимий уюмдарда мотивизация системасын түзүү боюнча сунуштар иштелип чыгат | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
14 | Илимий кадрларды даярдоо боюнча иштеп жаткан долбоорлорго жана программаларга талдоо жүргүзүү | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ |
| Министрликтин бекитилген бюджетинин алкагында |
15 | Пилоттук долбоорлордун негизинде илимий кадрларды даярдоонун жаңы моделин түзүү боюнча ЧУАны өнүктүрүү | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ | Пилоттук долбоорлордун негизинде илимий кадрларды даярдоонун сапатын жакшыртуу боюнча ченемдик база түзүлөт | Министрликтин бекитилген бюджетинин алкагында |
16 | Академиялык жана улуттук окумуштууларды таануунун критерийлери жана тартиби боюнча жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн тажрыйбасына талдоо жүргүзүү | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ, ЖАК | Талдоо жүргүзүлөт | Министрликтин, ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында |
17 | Улуттук кесипкөйлүктүн алкагындагы долбоорго ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Окумуштуулар жана академиялык даражалар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ, ЖАК | ЧУАнын долбоору иштелип чыгат | Министрлик менен ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында |
18 | Илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмесин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2016-жылдын I-IV кварталы | БИМ, ЭМ, ФМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | Илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмеси бекитилет | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
19 | Диссертациялык кеңештердин базасында ачылыштарга атаандашкандарга илимий мекемелердин деңгээлинде жарыяланган илимий иштерге жаңы критерийлерди киргизип, талаптар менен карап чыгуу | 2016-жылдын IV кварталы, 2017-жылдын I кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде иштеп жаткан диссертациялык кеңештерди паспорттоштуруу жүргүзүлгөн. 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн илимий ишинин натыйжалуулугуна карата талаптар белгиленет | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
20 | 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде иштеп жаткан диссертациялык кеңештерде паспорттоштуруу жана мониторинг ишин жүргүзүү | 2016-жылдын IV кварталы, 2017-жылдын I кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде диссертациялык кеңештерде паспорттоштуруу жүргүзүлөт. 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн илимий иштеринин натыйжалуулугунун талаптары белгиленет | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
21 | 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн илимий ишинин натыйжалуулугуна карата талаптарды белгилөө | 2016-жылдын IV кварталы, 2017-жылдын I кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде диссертациялык кеңештердеги паспорттоштуруу иши жүргүзүлөт, Диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн илимий иштеринин натыйжалуулугунун талаптары белгиленет | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
22 | ЧУАларды иштеп чыгуу, диссертациялык ишти даярдоо, коргоо мезгилинде илимий иштин сапатсыз иштелгендиги аныкталганда, диссертациялык кеңештердин базасында илимий жетекчилердин (кеңешчилердин), оппоненттердин, жетектөөчү изденип табуучулардын, изденип табуучулардын жоопкерчилигин белгилөө | 2017-жылдын III-IV кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | ЧУАнын долбоору иштелип чыгат | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
23 | 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн илимий жетекчилеринин илимпоздук этикасы тууралуу кодекстин долбоорун иштеп чыгуу | 2017-жылдын III-IV кварталы | БИМ, ЖАК, УИА (макулдашуу боюнча) | 2018-жылга чейинки өткөөл мезгилде диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн илимий жетекчилеринин илимпоздук этикасы тууралуу кодекстин долбоору иштелип чыгат | Министрликтин, ведомствонун жана УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
24 | Иштеп жаткан ЧУАнын иштерин кайрадан кароо, инвентаризациялоо жана төмөнкүлөр боюнча чет өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдерди карап чыгуу: - окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулар наамдарын ыйгаруу нострификациялоо (теңештирүү) тартиби тууралуу; - башка мамлекеттер берген илимий даражалар жана окумуштуулар эквиваленттүүлүгү жөнүндөгү документтерди таануу тууралуу; - эквиваленттүү документтерди таануу тууралуу Кыргыз Республикасы келишим түзбөгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мамлекеттер ортосундагы илимий наамдардын, илимий даражалардын ээси болгон жарандарды кайрадан аттестациялоо, наамдарды тапшыруу тартиби тууралуу | 2018-жылдын I-II кварталы | БИМ, ЖАК, (макулдашуу боюнча) | Чет өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдерде камтылган ЧУАнын келишимдери инвентаризацияланат | Министрликтин жана ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында |
25 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын I-II кварталы | БИМ, ЖАК, (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору иштелип чыгат | Министрлик менен ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында |
26 | Пилоттук долбоорлордун тажрыйбасынын негизинде PnD ("Философия доктору" академиялык даража) даражаны изденип алууда докторанттарды даярдоого өтүү | 2018-жылдын ичинде | БИМ, ЖАК, (макулдашуу боюнча) | Пилоттук долбоордун негизинде PnD ("Философия доктору" академиялык даража) даражаны изденип алууда докторанттарды даярдоо боюнча долбоор иштелип чыгат | Министрликтин, ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында |
27 | Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө илим жана инновация жаатындагы изилдөөлөрдү жеке менчик фонддор аркылуу каржылоо системасына талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын ичинде | БИМ, ЭМ, ФМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Талдоо жүргүзүлөт | Министрлик менен УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
28 | Илимий изилдөөлөрдү каржылоочу, ошондой эле жеке менчик фонддор жана жеке адамдар үчүн артыкчылыктар системасын өнүктүрүү механизмин иштеп чыгуу | 2019-жылдын ичинде | БИМ, ЭМ, ФМ, УИА (макулдашуу боюнча) | Илим жана инновация жаатындагы изилдөөлөрдү жеке менчик фонддор аркылуу каржылоо системасынын преференциясын өнүктүрүү, жеке фонддор жана жеке адамдар, ошондой эле каржылоо үчүн артыкчылыктар системасын өнүктүрүүгө түрткү берген механизмдер иштелип чыгат | Министрлик менен УИАнын бекитилген бюджетинин алкагында |
Кыскартылган аталыштар:
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ММБФ | - | Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд |
МКК | - | Мамлекеттик каттоо кызматы |
УИА | - | Улуттук илимдер академиясы |
ЖАК | - | Жогорку аттестациялык комиссия |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |