Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-апрели № 221
Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын
реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө
Өлкөнү туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн талап кылынган билимдерди алууну жана берүүнү камсыз кылган илимий-инновациялык системанын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жана балансташуусуна жетишүү, Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын түзүү, илимий иштерди өнүктүрүү жана кадыр-баркын жогорулатуу максатында, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин кадамдык планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- Концепциянын аткарылышын камсыз кылышсын;
- ченемдик укуктук актыларды, тармактык жана региондук социалдык-экономикалык программаларды иштеп чыгууда Концепцияны жетекчиликке алышсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын
реформалоо концепциясы
1. Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасынын максаттары, милдеттери, принциптери жана механизмдери
1.1. Илим жана илимий-техникалык иштин иштөөсүн камсыз кылган негизги укуктук, экономикалык жана социалдык шарттар жана кепилдиктер “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган. Бул Мыйзам 1994-жылы кабыл алынган. Бул мезгил Кыргызстандын эгемендүү өнүгүшүнүн, өлкөнүн саясий түзүлүшүнүн өзгөрүшүнүн, демократиянын өнүгүшүнүн, рыноктук мамилеге өтүүнүн башталышы болгон; көптөгөн түзүмдөр дагы эле пландуу экономика боюнча иштеп жаткан; коомдук аң-сезимде пландуу экономиканын жана командалык-административдик башкаруунун методдору басымдуулук кылып турган. Ошондуктан бул Мыйзамда илим чөйрөсүн эски “социалисттик” модель боюнча жөнгө салуу принциптери сакталып калган.
Азыркы мезгилде илим чөйрөсүн жөнгө салуунун рыноктук принцибин киргизүү актуалдуу. Мыйзам өз милдеттерин аткарды жана заманбап талаптарга жооп бербейт.
Ушуга байланыштуу илимди уюштуруу системасын реформалоонун негизги багыттарын аныктаган, ошондой эле Кыргыз Республикасында илимий иштерди өркүндөтүүнү жана кадыр-баркын жогорулатууну көздөгөн концептуалдык укуктук документти иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.
Илимде инновациянын жоктугу, анын билим берүү процессинен ажырап калышы билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизүүдө. Жогорку окуу жайларынын (мындан ары – ЖОЖдор) профессордук окутуучулук курамын илим жана илим изилдөө иштери менен олуттуу иш жүргүзүүгө кызыктыруу жок.
Азыркы учурда олуттуу илимий жетишкендиктердин жана изилдөөлөрдүн жоктугунан Кыргыз Республикасынын айрым гана ЖОЖдору глобалдуу рейтингдерге катыша алышат. Ошол эле мезгилде дүйнөнүн ири университеттери – бул жөн эле билим берүү мекемелери эмес, баарынан мурда илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлору.
1.2. Илимий-техникалык жана инновациялык иштердин өнүгүүсүн кечеңдетүүнүн негизги көйгөйлөрү болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- илимди бюджеттен каржылоонун төмөнкү деңгээли (ИДПнын 0,1 %);
- илимий жабдуулардын эскириши: ЖОЖдордо илимди жетишсиз каржылоо, илимий жабдуулардын эскирип, иш жүзүндө жаңыланбагандыгы;
- кадрлардын карышы, иштин башка чөйрөлөрүнө кетиши: жаш, келечектүү окумуштуулардын жана адистердин үлүшүнүн азайышы;
- илимий иштелмелерге өнөр жай жана бизнес-түзүмдөрү тарабынан суроо-талаптардын жоктугу;
- ЖОЖдордун илимий изилдөөлөргө катышуусунун төмөнкү деңгээлде болушу, ЖОЖдордун негизинен билим берүү функцияларына гана багытталышы.
1.3. Илимди жаңы деңгээлге көтөрүүнүн стратегиялык максаты – Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторунун илимий-инновациялык иштерин өркүндөтүү аркылуу алардын технологиялык жаңыланышына кошулган илимдин салымын жогорулатуу болуп саналат. Бул өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн талап кылынган жана өлкөнүн коопсуздугуна пайда болгон коркунучтарга тез таасир берүүгө жөндөмдүү билим алууну жана берүүнү камсыз кылган атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө жана балансташууга жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Ата мекендик экономиканын технологиялык жаңыланышына багыт алуу – учурдагы он жылдыкта илимди реформалоонун артыкчылыгы – жаңы компетенциясы менен кадрларды даярдоону гана эмес, илимий мекемелердин жана уюмдардын системасында илимий-инновациялык идеялардын жана технологиянын күчтүү булагын түзүүнү да талап кылат. Илимий инновациялар ата мекендик экономиканын өндүрүүчү күчү болушу керек, ал эми илимий-инновациялык изилдөөлөрдүн артыкчылыгы баарынан мурун энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында заманбап энергияны жана ресурсту үнөмдөөчү өндүрүштөрдү киргизүүгө багытталган колдонмо изилдөөлөрдүн жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин үлүшүн көбөйтүү шартында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктары менен түздөн-түз байланышкан.
Кыргыз Республикасындагы илимди уюштуруу системасын реформалоонун зарылдыгы тѳмѳнкү проблемаларды жана терс тенденцияларды чечүү менен байланышкан:
- бирдиктүү мамлекеттик илимий- техникалык саясаттын жоктугу;
- илимий иштер менен ѳлкѳнүн ѳнүгүү артыкчылыгынын
ортосундагы ѳз ара тыгыз байланыштын жоктугу;
- илимий иштер менен ѳндүрүштүн ортосундагы ѳз ара байланыштын жоктугу;
- ѳлкѳнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсү илимий колдоого муктаждыгына объективдүү баа берүүнүн жана илимий изилдѳѳлѳрдүн натыйжаларынын майнаптуулугун баалоонун жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары – УИА) илимий мекемелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын алдындагы илимий мекемелердин кадрларды, илимий-методикалык, материалдык-техникалык жана финансылык ресурстарды жетишээрлик деңгээлде натыйжалуу пайдаланбагандыгы;
- илимий чѳйрѳнү башкарууну жана илимий изилдѳѳлѳрдү каржылоону уюштуруунун натыйжалуу моделдеринин жетишсиздиги.
1.4. Концепциянын максаты мамлекеттин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, кеңири академиялык жана чарбалык ѳз алдынчалыкка ээ болгон менчиктин ар кандай түрү жана формасындагы илимий мекемелердин ишине негизделген стратегиялык артыкчылыктуу багыттарын камсыз кылган илимди уюштуруу системасын түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекет үчүн социалдык жана экономикалык жактан маанилүү болгон долбоорлорду сапаттуу чечүүнү камсыз кылууга жѳндѳмдүү илимий кадрларды даярдоо жана аттестациялоо системасын түзүү жана ѳнүктүрүүчү шаймандарды иштеп чыгуу; ѳлкѳнүн туруктуу ѳнүгүүсү жана анын дүйнѳлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчѳтүү үчүн талап кылынган билимди алуу, генерациялоо жана берүү, илимий иштердин кадыр-баркын улуттук деңгээлде жогорулатуу болуп саналат.
1.5. Реформалоонун милдеттери:
- ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүнүн артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн илимий мекемелердин иштѳѳ системасын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
- ѳлкѳнүн илимий-техникалык саясатын ишке ашыруу үчүн болгон илимий, финансылык жана уюштуруу ресурстарын топтоо жана ЖОЖдордун заманбап илимий базасын, илимий изилдѳѳлѳрдүн жогорку сапатын камсыз кылуучу илимий кадрлардын потенциалын түзүү жана ѳнүктүрүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- натыйжалуу иштеген илимий артыкчылыктарды аныктоо/ ѳзгѳртүү системасын түзүү;
- илимий мекемелердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн конкурстук каржылоонун механизмин иштеп чыгуу;
- ѳлкѳнүн стратегиялык милдеттерин чечүүгѳ жарамдуу, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн региондук жана эл аралык деңгээлдерде камсыз кылуучу илимий кадрларды даярдоонун жаңы моделин түзүү;
- дүйнѳлүк илимий мейкиндикте таанылуучу жана салыштырууга мүмкүн болгон окумуштуулук (академиялык) даражалар менен наамдар үчүн бирдиктүү системаны түзүү;
- илимий эмгектердин жогорку сапатын камсыз кылуучу натыйжалуулукту баалоо критерийлерин иштеп чыгуу;
- каржылоонун түрдүү формалары аркылуу илимий иштерге дем берүү.
1.6. Кыргыз Республикасынын илимин уюштуруу системасын реформалоонун принциптери:
- системалуулук менчигинин түрүнө же формасына карабастан илимий мекемелерди камтуу менен камсыз кылынат;
- ырааттуулук мониторинг, логикалык ѳз ара байланышкан пландуу иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен камсыз кылынат;
- реформалоо процессин жүргүзүүнүн этаптуулугу ченемдик укуктук базанын ѳнүгүүсү, учурдагы социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен пландалат жана ишке ашырылат.
1.7. Кадрлык, материалдык-техникалык жана бюджеттик ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берген илимди жана илимий мекемелерди уюштуруу системасын реформалоонун негизги механизмдери тѳмѳнкүлѳр:
- ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу үчүн кайталануучу түзүмдүк бөлүнүштөрдү болтурбоо жолу менен илимди башкаруунун уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу;
- ЖОЖдордогу илимий изилдѳѳлѳрдүн деңгээлин, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана илимий кадрларды жаңыртуу үчүн илимий мекемелерди профиль боюнча ЖОЖдордун профилдүү түзүмүнө киргизүүнү горизонталдык интеграциялоо;
- илимий мекемелердин статусун ѳзгѳртүү: аларды бириктирүү, ЖОЖдордун курамына киргизүү; мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүк, ошондой эле ѳз алдынча иш жүргүзүү шарттарында бириктирүү;
- Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу үчүн бюджеттен тышкаркы булактардан финансылык ресурстарды жана менчикти пайдалануу жолу менен айрым илимий мекемелердин иштерин ѳзүн-ѳзү каржылоо принцибине ѳткѳрүү;
- Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга катышкан илимий мекемелер үчүн мамлекеттик заказдарды каржылоонун жаңы формасын жайылтуу.
2. Кыргыз Республикасынын илимий чөйрөсүн
башкаруунун уюштуруу түзүмү
Илимий чөйрөнү башкаруунун уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу максатында тѳмѳнкүлѳр сунушталат:
2.1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдында Илим жана инновациялар боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) уюштуруу. Кеңештин функциясы – Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ мамлекеттик илимий-техникалык саясат маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.
Кеңештин курамына тѳмѳнкүлѳр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Кеңештин төрагасы;
- Кеңештин тѳрагасынын орун басарлары – Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча Вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары – БИМ) же улуттук илимий коомдун (УИА, тармактык илим-изилдөө мекемелеринин жана ЖОЖдордун) өкүлү;
Кеңештин мүчѳлѳрү: 1/3 - улуттук илимий жамааттардын ѳкүлдѳрү, айрым окумуштуулар, 1/3 - тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, бизнес-коомчулуктардын ѳкүлдѳрү, 1/3 - чет өлкөлүк окумуштуулар, ата мекендик эксперттер.
2.2. Илим жана технологиялар чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын БИМдин Илим жана инновациялар департаментин түзүү.
БИМдин алдындагы Илим департаменти Илим фондунун (мындан ары – Фонд) ишин башкарат, ал аркылуу илимий изилдѳѳлѳрдүн ѳлкѳ үчүн артыкчылыктуу багыттары каржыланат. Фонд илимге багытталган бюджеттик ресурстарды бирден бир кармоочусу жана тескѳѳчүсү болот. Фондго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган донордук жана башка каражаттар тартылышы мүмкүн.
2.3. Илимий мекемелер, айрым окумуштуулар жана окумуштуулар тобу Илим фондунан каржылоо алуу үчүн конкурстарга катыша алышат.
2.4. Илимди уюштуруу чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү вертикалын түзүү УИАнын мамлекеттик функциясын ишке ашырган жогорку мамлекеттик илимий мекеме катары УИАнын Президиумунун аппаратынын иш жүргүзүүсүн максатка ылайыксыздыгына алып келет. УИАнын Президиумунун Аппараты, УИАнын Президиумунун алдындагы бѳлүмдѳр жана уюмдар кайрадан түзүлөт. УИА мамлекеттик илимий мекеме статусун алат. Мында УИАнын 4 вице-президенттеринин кызмат орду жана кеңешчилер институту жоюлат.
2.5. Учурдагы УИАнын академиктерине жана мүчѳ-корреспонденттерине академиялык наамы үчүн мамлекеттик ставка сакталат. Мында, эгерде учурдагы УИАнын мүчѳ-корреспонденти академик болуп шайланса, анда ал УИАнын мүчѳ-корреспондентинин ставкасын алат. Кайра шайланган УИАнын академиктери жана мүчѳ-корреспонденттери академиялык наамы үчүн ставка алышпайт.
2.6. УИАнын мекемелерин жана тармактык илимий-изилдөө мекемелерин кайра түзүү улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүлѳт. УИАнын мекемелеринин жана тармактык илимий-изилдөө мекемелеринин иштеринин ар түрдүү уюштуруу формалары сунушталат: бириктирүү, ѳз алдынча илимий мекеме катары сактоо; УИАнын курамындагы ѳз алдынча илимий мекеме катары сактоо; мамлекеттик ЖОЖдорго жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына интеграциялоо; башка уюмдар менен биригүү. Мында ѳткѳѳл мезгилде институттарды каржылоону сактоо боюнча чаралар кѳрүлѳт.
3. Илимий кадрларды даярдоонун жана аттестациялоонун
мамлекеттик системасын реформалоо
Ѳлкѳнүн стратегиялык маселелерин чечүүгѳ жарамдуу, анын атаандаштыкка жѳндѳмдүүлүгүн региондук жана эл аралык деңгээлде камсыз кыла алган илимий кадрларды даярдоону жана аттестациялоону ѳркүндѳтүү, дүйнѳлүк илимий коомчулукта салыштырууга мүмкүн болгон жана таанылган окумуштуулук даражалар менен наамдардын системасын түзүү, ошондой эле илимий иштердин жогорку сапатын камсыз кылуучу механизмдерди иштеп чыгуу максатында тѳмөндөгүлѳр зарыл:
3.1. Кыргыз Республикасында илимий кадрларды даярдоонун жаңы моделин түзүү жана ѳнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу:
- БИМдин кайталанма функцияларын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү;
- илимий кадрларды даярдоонун жана аттестациялоонун жаңы моделин түзүү жана ѳнүктүрүү боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- илимий кадрларды даярдоонун жана аттестациялоонун жаңы моделин пайдалануу боюнча пилоттук долбоорлордун жыйынтыктарын апробациялоо жана кеңири талкуулоо.
3.2. Академиялык/окумуштуулук даражалардын деңгээлин аныктоо үчүн квалификациялык критерийлерди иштеп чыгуу. Академиялык/окумуштуулук даражаларга чектелген талаптарды аныктоо.
3.3. Илимий кадрларды өткѳѳл мезгилде азыркы система боюнча даярдоону, ошол эле учурда илимий эмгектердин мазмунуна жана аларды коргоо жол-жоболоруна коюлган талаптарды жогорулатуу менен (жаңы моделдин айрым элементтерин акырындык менен жайылтуу) модернизациялоо:
- Кыргызстандын экономикасын ѳнүктүрүү чѳйрѳсүндѳгү жана илимдин артыкчылык багыттарына ылайык изденүүчүлѳрдүн диссертациялык изилдѳѳлѳрүнүн жаңы темаларын бекитүү жол-жобосун кароо;
- коргоо жол-жобосуна талаптарды күчөтүү, илимий кадрларды аттестациялоонун жаңы моделинин элементтерин киргизүүнү камсыз кылуу: кѳз карандысыз эксперттерди тартуу менен бир жолку диссертациялык комиссияларды түзүү, электрондук базаларды ишке киргизүү.
- милдеттүү илимий жарыялоолорго (Scopus, Web of Science, РИНЦ ж.б. базадагы жогорку импакт-фактору менен болгон эл аралык журналдардагы) талаптарды киргизүү;
- диссертацияны даярдоо, баалоо жана коргоонун ар бир этабындагы жол-жоболордун (электрондук базалар, вебсайттарда жарыялоо, видеожазуулар ж.б.) ачыктыгын камсыз кылуучу шаймандарды өркүндөтүү;
- “доцент”, “профессор” окумуштуулук наамдарды ыйгарууда илимий жана окуу-методикалык жарыялоолордун сапатына талаптарды күчөтүү;
- дүйнѳлүк билим берүү жана илимий мейкиндиктеги алдыңкы ѳлкѳлѳрдүн окумуштуулук даражаларын таанууну жеңилдеткен тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- диссертациялык илимий изилдөөлөрдүн жана илимий эмгектерди даярдоонун сапаты үчүн илимий жетекчилердин жоопкерчиликтерин күчѳтүү.
3.4. Улуттук/региондук деңгээлдеги улуттук маселелерди чечүү үчүн илимий изилдѳѳлѳрдүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу.
4. Илимий иштерди каржылоо
4.1. Илимий изилдѳѳлѳрдүн натыйжалуулугун жана майнаптуулугун камсыз кылуу максатында илимий жана/же илимий-техникалык ишти мамлекеттик бюджеттен каржылоону тѳмѳнкү формада ишке ашырууну кароо зарыл:
1) базалык каржылоо (ѳткѳѳл мезгилге 5 жылга чейин);
2) программалык-максаттуу каржылоо;
3) гранттык каржылоо.
4.2. Базалык каржылоо ѳткѳѳл мезгилге УИАнын илимий-изилдѳѳ институттарына, ошондой эле тармактык министрликтердин илимий-изилдөө мекемелерине жана ЖОЖдор менен интеграцияланган илим-изилдөө мекемелерине илимий инфратүзүм менен мүлктү, анын ичинде имараттар, жабдуулар менен материалдар, башкаруучулук жана тейлѳѳчү персоналдын эмгек акысын учурдагы камсыздоону базалык каржылоонун ченеми боюнча бөлүнөт.
4.3. Илимий иштеп чыгууларды колдоо үчүн программалык-максаттуу каржылоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Программасынын артыкчылыгына жана Кеңештин чечимине ылайык, конкурстук жол-жоболорду өткөрүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
4.4. Гранттык каржылоо илимий-изилдѳѳ иштеринин, илимий-техникалык потенциалдын жана илимий мекемелердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, алардын жамаатынын, ошондой эле окумуштуулардын деңгээлин кѳтѳрүү максатында Кеңеш аныктаган илимий багыттардын артыкчылыгына ылайык жүргүзүлөт.
4.5. Каржылоонун ар түрдүү булактарынын эксперттик корутундулары ѳз ара таануу шарттарын түзүү үчүн илимий долбоорлордун экспертизаларынын жалпы принциптерин иштеп чыгуу, илимий-изилдөөлөрдүн жана программалардын натыйжалуулугун баалоонун жалпы кабыл алынган критерийлери аркылуу мамлекеттик максаттуу программаларды жана долбоорлорду каржылоо боюнча конкурс өткөрүү үчүн эксперттер комиссиясын түзүү зарыл.
4.6. Долбоорлорду каржылоонун мѳѳнѳтүн үч-беш жылга чейин узартуу зарыл.
4.7. Илимий изилдѳѳлѳрдү каржылаган жеке фонддор менен жеке адамдар үчүн жеңилдик берүү системасын иштеп чыгуу зарыл.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
5.1. Улуттук деңгээлдеги артыкчылыктуу стратегиялык маселелерди чечүү улантылат.
5.2. Чет ѳлкѳлүк эксперттерди тартуу менен өлкѳнүн туруктуу ѳнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыгына ылайык илимий артыкчылыктарды аныктоо/ѳзгѳртүү системасы бекитилет.
5.3. УИАнын менчигинин реестри жаңыланат.
5.4. Илимий мекемелер кайра түзүлөт, бул изилдѳѳлѳр жана илимий кадрларды даярдоо үчүн илимий күч-кубатты кыйла оптималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
5.5. УИА Кыргыз Республикасында илим жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга активдүү катышып, мамлекеттик илимий мекеме катары иштейт.
5.6. Оптималдаштырылган илимий системанын натыйжалуу иштешин камсыз кылуучу ченемдик база түзүлѳт.
5.7. ЖОЖдордун пилоттук долбоорлорунун натыйжаларынын негизинде илимий кадрларды даярдоонун жаңы моделин жайылтуу үчүн мыйзамдык жана ченемдик база түзүлѳт.
5.8. Илимий изилдѳѳлѳргѳ бѳлүнүүчү финансылык ресурстар үчүн Илим фонду түзүлѳт.
5.9. Илимий изилдѳѳлѳрдү каржылаган жеке фонддор менен жеке адамдар үчүн жеңилдик берүү системасы иштелип чыгат жана иштей баштайт.
5.10. Изилдѳѳлѳрдүн натыйжалуулугу менен жогорку сапатын камсыз кылуучу илимий долбоорлорду экспертизадан ѳткѳрүүнүн принциптери иштелип чыгат, ошондой эле илимий изилдѳѳлѳргѳ мамлекеттик каражатты эле эмес, жеке капиталды тартууга мүмкүндүк берген ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат.
5.11. Изилдѳѳчүлѳрдүн иштеринин натыйжаларын жогорку импакт-факторлуу эл аралык журналдарга (Scopus, Web of Science, РИНЦ ж.б. базаларынан) жарыялоого шык берген баллдык система боюнча иштердин маанилүүлүгүн баалоо үчүн атайын жарыялоолорго талаптар ѳзгѳртүлѳт, илимий натыйжаларды баалоого интернет ресурстар аркылуу кирүүнү кеңейтүүгѳ мүмкүндүк берген ченемдик документтер иштелип чыгат.
5.12. Улуттук/региондук деңгээлдерде артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий изилдѳѳлѳрдү каржылоонун макулдашылган схемалары иштелип чыгат.
5.13. Чет ѳлкѳлүк эксперттерди тартуу, диссертациялык иштерди даярдап, коргоонун бардык этаптарындагы жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуучу заманбап электрондук шаймандарды – он-лайн каттоо, электрондук базалар, он-лайн жарыялоолор, веб-конференциялар, видеожазуулар ж.б. кеңири пайдалануу менен бир жолку диссертациялык кеңештерди түзүү аркылуу кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоонун оптималдаштырылган схемасы уюштурулат.
5.14. Окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруунун жаңы эрежелери иштелип чыгып, жайылтылат.
5.15. Диссертациялык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий кадрларды даярдоо боюнча илимий жетекчилердин, консультанттардын жоопкерчилигин жогорулатуучу талаптар иштей баштайт.
6. Чакырыктар жана тобокелдиктер
6.1. Илим системасын реформалоо процесстерин натыйжалуу жөнгө салууга мүмкүндүк бербеген социалдык абалдын анык эместиги.
6.2. Саясий туруксуздук табигый кырсыктар, техногендик алааматтар, коррупция.
6.3. Мамлекеттик каржылоонун тѳмѳндѳшү же илим системасынын иштеши үчүн жетиштүү болгон бюджеттик каражаттын алынбай калышы.
6.4. Илимий саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине коомчулуктун тартылбагандыгы.
6.5. Окумуштуу кесибинин кадыр-баркынын төмөндөшү.
6.6. Айрым социалдык катмарларда жана кесиптик коомчулуктун бир бѳлүгүндѳ илимде жүргүзүлүүчү инновациялар жана анын зарылдыгы тууралуу түшүнүктүн жоктугу.
6.7. Илимий изилдѳѳлѳрдүн натыйжаларын жайылтуу жаатында артта калуучулук.
6.8. Инновациялык долбоорлордун жоктугунан ѳнѳр жай ѳндүрүшү чөйрөсүндө артта калуучулук.
7. Кыргыз Республикасынын илимин уюштуруу системасын реформалоонун концепциясын ишке ашыруунун мөөнөттөрү
1-этап – 2015-жылдын 31-декабрына чейин
1. Ѳлкѳнүн илимий мекемелерин башкаруунун жана иштѳѳсүнүн натыйжалуу системасы түзүлѳт, ушул системанын ар бир түзүмдүк элементтеринин функциялары, ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери так аныкталат, бул болсо илимий, финансылык жана уюштуруучулук ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жолу менен улуттук деңгээлде артыкчылыктуу социалдык-экономикалык стратегиялык маселелерди чечүү үчүн илимий изилдѳѳлѳрдүн жогорку сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
2. Оптималдаштырылган системанын натыйжалуу иштешин камсыз кылуучу ченемдик база түзүлѳт.
3. УИАнын менчигинин реестри жаңыланат.
4. Илимий мекемелер кайра түзүлөт, профилдик жогорку окуу жайларынын түзүмдѳрүнѳ интеграциялоо жүргүзүлѳт, бул болсо изилдѳѳлѳр жана илимий кадрларды даярдоо үчүн илимий күч-кубатты кыйла оптималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
5. УИА Кыргыз Республикасында илим жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга активдүү катышуу менен, мамлекеттик илимий мекеме катары иштейт.
6. Улуттук деңгээлдеги артыкчылыктуу стратегиялык милдеттерди чечүүгѳ багытталган, илим жаатындагы мамлекеттик саясаттын багыттары аныкталат.
7. Чет ѳлкѳлүк эксперттерди тартуу менен өлкѳнүн туруктуу ѳнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыгына ылайык илимий артыкчылыктарды аныктоо/ѳзгѳртүү системасы бекитилет.
8. Илимий изилдѳѳлѳргѳ бѳлүнүүчү финансылык ресурстарды топтоо үчүн Илим фонду түзүлѳт.
9. Изилдѳѳлѳрдү ѳткѳѳл мезгилде каржылоону жана ал аяктагандан кийин алардын натыйжалуулугун баалоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтер иштелип чыгат жана бекитилет.
10. Изилдѳѳлѳрдүн натыйжалуулугу менен жогорку сапатын камсыз кылуучу илимий долбоорлорду экспертизадан ѳткѳрүүнүн принциптери иштелип чыгат, ошондой эле илимий изилдѳѳлѳргѳ мамлекеттик каражат эле эмес, жеке капиталды тартууга мүмкүндүк берген ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат.
11. ЖОЖдордун пилоттук долбоорлорунун натыйжаларынын негизинде илимий кадрларды даярдоонун жаңы моделин ишке киргизүү үчүн мыйзамдык жана ченемдик база түзүлѳт.
12. Изилдѳѳчүлѳрдүн иштеринин натыйжаларын жогорку импакт-факторлуу эл аралык журналдарга (Scopus, Web of Science, РИНЦ ж.б. базалардан) жарыялоого кызыктырган баллдык система боюнча иштердин маанилүүлүгүн баалоо үчүн атайын жарыялоолорго талаптар ѳзгѳртүлѳт, илимий натыйжаларды баалоого интернет ресурстар аркылуу кирүүнү кеңейтүүгѳ мүмкүндүк берген ченемдик документтер иштелип чыгат.
2-этап – 2017-жылдын 31-декабрына чейин
1. Окумуштуулук/академиялык даражаларды салыштыруу үчүн квалификациялык критерийлер иштелип чыгат. Квалификациялык критерийлердин негизинде улуттук окумуштуулук/академиялык даражаларды чет ѳлкѳдѳ таануу, ошондой эле дүйнѳлүк билим берүүчү жана илимий мейкиндиктеги окумуштуулук/академиялык даражаларын Кыргыз Республикасында таануу боюнча ченемдик документтер иштелип чыгат.
2. Улуттук/региондук деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий изилдѳѳлѳрдү каржылоонун артыкчылыктуу багыттары иштелип чыгат.
3. Чет ѳлкѳлүк эксперттерди тартуу, диссертациялык иштерди даярдоонун жана коргоонун жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуучу электрондук шаймандарды (он-лайн каттоо, электрондук базалар, он-лайн жарыялоолор, веб-конференциялар, видеожазуулар ж.б.) кеңири пайдалануу менен бир жолку диссертациялык кеңештерди түзүү аркылуу кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоо оптималдаштырылат.
4. Окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды ыйгарууга жаңыланган талаптар иштелип чыгат жана иштей баштайт.
5. Диссертациялык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана илимий кадрларды даярдоого илимий жетекчилердин, консультанттардын жоопкерчилигин жогорулатуунун эрежелери иштей баштайт.
3-этап – 2018-жылдын 1-январынан
1. Илимий кадрларды даярдоонун жаңы модели иштей баштайт.
2. Илимий изилдѳѳлѳрдү каржылаган жеке фонддор менен жеке адамдар үчүн жеңилдик берүү системасы иштелип чыгат жана иштей баштайт.