Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-январы № 25-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)
Айыл чарба техникалары базарында атаандаштык чөйрөнү түзүү, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө жаңы техника жана соңку технологиялар жөнүндө айыл чарба субъекттеринин жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2016-жылдын 25-27-майында Бишкек шаарында "Айыл-Агро-2016" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү (мындан ары - Көргөзмө) өткөрүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Көргөзмөнү өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети 2016-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Көргөзмөнү өткөрүү боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Көргөзмө өткөрүү үчүн бөлүнгөн аянтка бажы контролунун убактылуу зонасын түзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) Көргөзмөнү өз убагында даярдоого жана өткөрүүгө жооптуу органдар болуп аныкталышсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 70-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
"Росагромаш" Россия айыл чарба техникаларын чыгаруучулар ассоциациясынын директору, уюштуруу комитетинин теңтөрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
"Росагромаш" Россия айыл чарба техникаларын чыгаруучулар ассоциациясынын "Агросалон" көргөзмөсүнүн директору (макулдашуу боюнча);
"Росагромаш" Россия айыл чарба техникаларын чыгаруучулар ассоциациясынын экспорт боюнча менеджери (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан банктар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).