Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 25-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-марты № 70-б
Айыл чарба техникасынын атаандаштык рыногун түзүү, агрардык өнөр жай комплекси үчүн жаңы техника жана соңку технологиялар жөнүндө айыл чарба субъекттеринин жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдун маалымдуулугун жогорулатуу максатында:
1. 2015-жылдын 20-22-майында Бишкек шаарында "Айыл-Агро -2015" эл аралык агрөөнер жай көргөзмөсү (мындан ары - Көргөзмө) өткөрүлсүн.
2. Тиркемеге ылайык курамда Көргөзмөнү өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети:
2015-жылдын 1-мартына чейин Көргөзменү өткөрүү боюнча Иш-чаралар планын бекитсин;
Көргөзмөнү уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн "Росагромаш" Россия айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясы жана башка кызыкдар эл аралык уюмдар менен финансылык каражаттарды тартуу женүндө маселени иштеп чыксын.
4. Уюштуруу комитета Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте министрликтердин, администратавдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) Көргөзмөнү өз убагында даярдоого жана өткөрүүгө жооптуу болуп аныкталышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эл аралык агрөөнөр жай көргөзмөлөрүн өткөзүү үчүн облустун аймагынан 8,0 мин кв. метрден кем эмес аянттагы жер участогун (орун) издеп тапсын жана 2015-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
7. 2016-жылдан тартып Көргөзмө Кыргыз Республикасында жыл сайын өткөрүлө тургандыгы белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2013-жылдын 14-февралындагы № 39-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрөөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Корчевой Е.А. | - "Росагромаш" Россия айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын директору, уюштуруу комитетинин теңтөрагасы (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Асрандиев Э.Ш. | - "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасыньга терагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Жумабеков Ж.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрөөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Торалиева Г.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Керималиев Ж.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Джакыпов К.Дж. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Сазбаков А. 3. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору; |
Бердалиев Ш.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Кайкиев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиганин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Бектеналиев М.А. | - Кыргыз Республикасыньш Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Садыков Н.М. | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Шаршекеев М.Д. | - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Рыскулова А.М. | - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Малабаев А.Дж. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынынын башкы директору; |
Елизарова А.В.
| - "Росагромаш" Россия айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын "Агросалон" көргозмөсүнүн директору (макулдашуу боюнча); |
Серебренникова О.Н. | - "Росагромаш" Россия айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын экспорт боюнча менеджери (макулдашуу боюнча); |
Тезекбаева А.С.
| - "Айыл банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |