Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-январы № 54
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасында Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык кеңеш (мындан ары - Ведомстволор аралык кеңеш) төмөнкү курамда бекитилсин:
- кызмат орду боюнча:
экономика маселесин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика министри, Ведомстволор аралык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Ведомстволор аралык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүнү мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
- жекече:
Бримкулов Улан Нургазиевич | - | "Манас" кыргыз-түрк университетинин маалыматтык технологиялар департаментинин башчысы, профессор, техникалык илимдердин доктору (макулдашуу боюнча); |
Джолдошов Бекболот Оморович | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин "Автоматтык башкаруу" кафедрасынын башчысы, профессор, техникалык илимдердин доктору (макулдашуу боюнча); |
Айдралиев Акылбек Орузбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын виртуалдык кафедрасынын башчысы; |
Нурматов Байыш Нурматович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 1 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |