Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 428-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 9-февралы № 49-б
Дин жаатында информациялар, тажрыйба жана мамлекеттик саясатты жүргүзүү практикасын алмашуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору макулдашылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги, мындан ары Тараптар деп аталып,
дин чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга умтулууну билдирип,
эки элдин тарыхый калыптанып калган мамлекеттер аралык достук байланышын эске алуу менен,
төмөнкүлөрдү макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында дин чөйрөсүндө кызматташууну ишке ашырат.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташууну ишке ашырууга ниеттенишет:
дин жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө маалыматтар, тажрыйба жана практика менен алмашуу;
өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү жолугушууларды, иш-чараларды (конференциялар, тегерек үстөлдөр ж.б.у.с. иш чаралар) уюштуруу;
дин чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окутуу семинарларын өткөрүү жана адабияттар менен алмашуу;
дин чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүдө жарандык коомдун институттарынын катышуусун кеңейтүү максатында консультативдик иштерди камсыздоо;
деструктивдүү диний идеологиянын жайылышынын жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Тараптардын макулдашуусу менен өз ара кызыкчылыкты жараткан башка багыттарды.
3-берене.
Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык дин маселелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Тараптардын илимий-изилдөө уюмдарынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Ушул Меморандумду алар тараптан аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды, эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса Тараптар өз алдынча тартышат.
5-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу Тараптар тарабынан улуттук мыйзамдарга жана Тараптардын мамлекети катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык камсыздалат.
6-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана өзүнчө протокол менен таризделе турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7-берене.
Ушул Меморандумду чечмелөө же жоболорун колдонуу боюнча талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечишет.
8-берене.
Ушул Меморандум Тараптардын экөө тең кол койгон датадан баштап күчүнө кирет.
Ушул Меморандум беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын эч бири кезектеги беш жылдык мезгил бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбей экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүн токтотуу жөнүндө өз ниети тууралуу жазуу түрүндө кабар жөнөтпөсө кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Меморандумду колдонууну токтотуу эгерде Тараптар башка тууралуу келишпесе ушул Меморандумду колдонуу мезгилинде башталган биргелешкен долбоорлорго жана программаларга таасирин тийгизбейт.
201_жылдын "__" _________ _______________ шаарында эки нускада, бардык тексттер бирдей күчкө ээ, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү.
Ушул Меморандумду чечмелөө жана жоболорун колдонуу боюнча талаш-тартыштар жана каршы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы үчүн |
| Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги үчүн |