Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-сентябры № 428-б
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Дин иштери жана жарандык коом боюнча министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-февралындагы № 49-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Дин иштери жана жарандык коом боюнча министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Казакстан Республикасынын Дин иштери жана жарандык коом боюнча министрлиги,
дин чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга умтулуу менен,
эки элдин тарыхый калыптанып калган мамлекеттер аралык достук байланышын эске алып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар диний иштерди мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында кызматташууну ишке ашырат.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде төмөндөгү багыттар боюнча кызматташат:
дин жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө маалыматтар, тажрыйба жана практика менен алмашуу;
өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү жолугушууларды, иш-чараларды (конференциялар, тегерек столдор жана ушул сыяктуу башка иш-чаралар) уюштуруу;
дин чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окутуу семинарларын өткөрүү жана адабияттар менен алмашуу;
дин чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүдө жарандык коомдун институттарынын катышуусун кеңейтүү максатында консультативдик иштерди камсыздоо;
деструктивдүү динге жамынган идеологиянын жайылышынын жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Тараптар менен макулдашуу боюнча өз ара кызыкчылыкты жараткан башка багыттарда кызматташуу.
3-берене.
Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык диний иштерди мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Тараптардын илимий-изилдөө уюмдарынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Эгерде ар бир конкреттүү учурда өзгөчө тартип макулдашылбаса, анда Тараптар ушул Меморандумду аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чектеринде өз алдынча тартышат.
5-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу Тараптар тарабынан улуттук мыйзамдарга жана Тараптардын мамлекети катышкан эл аралык келишимдерге ылайык камсыздалат.
6-берене.
Тараптар менен өз ара макулдашуу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечишет.
8-берене.
Ушул Меморандум эки Тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири кезектеги беш жылдык мезгил бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбестен экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүн токтотуу жөнүндө өз ниети тууралуу жазуу түрүндө кабар жөнөтпөсө, кийинки беш жылдык мезгилге өзүнөн-өзү узартылат.
Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу эгерде Тараптар башка тууралуу келишпесе ушул Меморандумдун алкагында ишке ашырылуучу биргелешкен долбоорлорго жана программаларга таасирин тийгизбейт.
201_-жылдын "__" ___________ _______________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун тексттеринде кайчы пикирлер пайда болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы үчүн |
| Казакстан Республикасынын Дин иштери жана жарандык коом боюнча министрлиги үчүн |