Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-февралы № 52-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалын өнүктүрүү жана Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Концессия үчүн сунушталган объекттердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту
6. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Концессия үчүн сунушталган объекттердин ТИЗМЕСИ
№ | Концессия объектисинин аталышы | Жайгашкан жери | Пайдалуу кендин түрү |
1 | Кара-Кече кени | Жумгал району, Нарын облусу | Күрөң көмүр |
2 | Миң-Куш кени ("Ак-Улак" участогу) | Жумгал району, Нарын облусу | Күрөң көмүр |
2-тиркеме
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү ШАРТТАРЫ ЖАНА ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттары жана тартиби (мындан ары - Шарттары) конкурс өткөрүү жана Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо үчүн иштелип чыккан, жеңүүчү менен "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүү, "Кара-Кече" жылуулук электр станциясын (1200 МВт) жана Балыкчы -Кочкор - Кара-Кече каттамы боюнча темир жол куруу боюнча комплекстүү долбоорду (мындан ары - Комплекстүү долбоор) ишке ашырууга концессиялык келишим жана инвестициялык макулдашуу түзүлөт.
2. Конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 427-б буйругуна ылайык түзүлгөн Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) тарабынан өткөрүлөт.
3. Концессиялык келишимдин объектиси Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендери болуп саналат (мындан ары - Концессиялык объект).
4. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендеринин кыскача баяндалышы жана ЖЭСти жана темир жолду куруу жөнүндө жалпы маалыматтар ушул Шарттардын 1-тиркемесинде келтирилген.
5. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүүгө инвестициялардын негиздемесин даярдоого техникалык тапшырма ушул Шарттардын 2-тиркемесинде келтирилген.
6. ЖЭСти курууга. инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгууга техникалык тапшырма ушул Шарттардын 3-тиркемесинде келтирилген.
7. Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун курууга инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгууга техникалык тапшырма ушул Шарттардын 4-тиркемесинде келтирилген.
2. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
5. Koнкурска төмөнкүлөр катыша алышат:
- жеке жактар - Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандары;
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактар (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- консорциумдар.
6. Ушул Шарттардын 8-пунктунда аталган жактар жана консорциумдар конкурска катышууга уруксат алуу үчүн төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- конкурстук билдирүү берилген учурга жана конкурсту өткөрүү убагында жоюлуу процессинде болбошу керек;
- заманбап технологияларга ээ болушу жана колдонушу керек;
- Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жетиштүү финансы каражаттары жана/же түз инвестициялар түрүндө кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгү болушу керек;
- кендерди иштетүү жана/же ЖЭСтерди жана/же темир жолдорду куруу жаатында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек.
3. Комплекстүү долбоорду ишке ашыруунун негизги шарттары
7. Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн негизги шарттар конкурстун жеңүүчү болуп таанылган жана концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзгөн жак тарабынан бир катар милдеттенмелердин аткарылышы болуп саналат, анын ичинде:
1) ушул Шарттардын 4-главасында көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөмдөрдү төлөө;
2) инвестициялык макулдашууга кол коюлган учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен Комплекстүү долбоор боюнча долбоордук документтерди, ТЭНди даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууну, анын ичинде айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону камсыздоо;
3) өнөр жайлык коопсуздук, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, куруу жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыкты эл аралык тажрыйбанын, эл аралык стандарттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын, ченемдеринин сакталышын, ошондой эле "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо;
4) ЖЭС жана темир жол боюнча долбоордук документти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашкан күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен ЖЭСтин жана темир жолдун курулушун баштоо. Курулушту баштоо мөөнөттөрү бузулган учурда, инвестор "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, курулушту баштоо мөөнөтүн бузуунун ар бир толук айы үчүн 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө (70% - республикалык бюджетке, 30% - Нарын облусун өнүктүрүү фондуна) айып төлөөгө макул болот;
5) конкурстун жеңүүчүсү белгилеген мөөнөттө ЖЭС жана темир жолун эксплуатацияга киргизүүнү камсыздоо. Эксплуатацияга киргизүүнүн белгиленген мөөнөтү бузулган учурда, инвестор "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, курулушту баштоо мөөнөтүн бузуунун ар бир толук айы үчүн 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө (70% - республикалык бюджетке, 30% - Нарын облусун өнүктүрүү фондуна) айып төлөөгө макул болот;
6) Комплекстүү долбоорду ишке ашырууда заманбап технологияларды колдонуу. Жабдуунун заманбаптыгы жабдуунун, машиналардын жана башка техниканын чыккан жылы, функцияларынын спектри, ошондой эле эл аралык техникалык талаптарга, стандарттарга жана ченемдерге шайкештиги менен аныкталат;
7) Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча алдын ала ТЭНге ылайык түз инвестициялардын артыкчылыктуу салымын камсыздоо;
8) алдын ала ТЭНде ар жыл сайын 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес суммага регионду өнүктүрүү боюнча шарттарды кароо жана концессиялык келишимди түзүү датасынан эки айдан кечиктирбестен, жергиликтүү коомчулукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, райондо жашаган калк үчүн жумуш орундарын уюштурууну, кендерди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, кендерди өздөштүрүүгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө аны тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштурууну, райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү камтыган социалдык пакетти кароо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү;
9) Комплекстүү долбоорду ишке ашыра турган биргелешкен ишкананын уставдык капиталындагы 20 (жыйырма) пайыздан кем эмес өлчөмүндөгү үлүштү Кыргыз Республикасына кайтарымсыз өткөрүп берүү;
10) Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече маршруту боюнча темир жолдун курулушу аяктап, ал эксплуатацияга берилгенден кийин, инвестициялык макулдашууда аныкталган шарттарда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү.
11. Концессиялык объектти берүү шарттары концессиялык келишимде бекитилет.
Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу шарттары инвестициялык долбоордо аныкталат.
12. Конкурстун катышуучусу ушул Шарттарды тааныйт жана аларды концессиялык келишимге жана инвестициялык макулдашууга киргизүүгө макул болот. Мында, конкурстун катышуучусу концессиялык келишим жана инвестициялык макулдашуу түзүлгөнгө чейин конкурстун катышуучуларынан алынган билдирүүдөгү маалыматтар чындыкка дал келбегендиги аныкталгандыгына же концессиялык келишимге жана/же инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген жоболор киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Концессиялык объектти өткөрүп берүү жөнүндө өзүнүн чечимин каалаган учурда чакыртып алууга укуктуу экендигине макул болот.
4. Төлөмдүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
13. Кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөм.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Геология агенттиги) - конкурстук комиссиянын жумушчу органы ар бир билдирүүчүгө кыскача геологиялык маалыматтын пакетин берет. Конкурска катышуу үчүн билдирүүчүлөр кыскача геологиялык маалыматтын аталган пакетин 2300000 (эки миллион үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү төлөмгө сатып алууга милдеттүү.
Ушул пункттун экинчи абзацында аталган кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөм Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
14. Конкурска катышуу үчүн төлөм.
Конкурстун катышуучулары конкурска катышуу үчүн 15000000 (он беш миллион) сом өлчөмүндө же төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча AКШ долларынын эквивалентинде төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуу үчүн төлөм концессия үчүн төлөмдүн акыркы суммасына киргизилбейт жана документтерди карап чыгуунун жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгына карабастан кайтарылбайт. Аталган каражаттар Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
15. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 76000000 (жетимиш алты миллион) сом өлчөмүндө же төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча AКШ долларынын эквивалентинде кепилдик төгүмүн төлөөгө же 76000000 (жетимиш алты миллион) сом суммасына банктык кепилдикти көрсөтүүгө милдеттүү.
Банктык кепилдик ушул Шарттардын 16-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстун жеңүүчүсү концессия үчүн төлөмдү толугу менен же жарым-жартылай төлөбөсө жана/же ушул Шарттарда белгиленген мөөнөттө концессиялык келишимге жана/же инвестициялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, кепилденген төгүмдүн суммасын республикалык бюджетке төлөө боюнча банк-гаранттын милдеттенмесин камтышы керек.
Ушул Шарттардын 16-пунктунда каралгандай, концессия үчүн төлөм конкурстун жеңүүчүсү тарабынан кийин төлөнсө, кепилдик төгүмү концессия үчүн төлөм катары эсептелет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 16-пунктунда каралган мөөнөттө концессия үчүн төлөмдү толугу менен же жарым-жартылай төлөбөсө, ошондой эле ушул Шарттарда белгиленген мөөнөттө концессиялык келишимге жана инвестициялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, кепилдик төгүмү конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт. Каражаттар республикалык бюджетке чегерилет. Банктык кепилдик бар болсо, кепилдик төгүмүнүн каражаттары мыйзамдарда белгиленген тартипте банк-гаранттан талап кылынат.
16. Концессия үчүн төлөм.
Концессия үчүн төлөм бир жолку жана кайтарылгыс төлөм болуп саналат. Концессия үчүн төлөмдүн өлчөмү кийин жеңүүчүсү болуп аныкталган конкурстун катышуучусу сунуштаган суммадан улам конкурстун жүрүшүндө аныкталат жана концессиялык келишимдин шарттарында көрсөтүлөт. Мында концессия үчүн төлөмдү сунуштоо конкурстун катышуучулары үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында биргелешкен ишкананы мамлекеттик каттоо күнүнөн баштап 30 (отуз) календардык күндүн ичинде концессия үчүн ага сунуштаган төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Концессия үчүн төлөм Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине кийин республикалык бюджетке жөнөтүү менен төлөнөт.
17. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстук документтерге, келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлоруна жана конкурска катышуу үчүн киргизилген төлөмдүн суммасынын эсебинен жабылбаган, конкурска тиешеси бар башка документтерге экспертиза жүргүзүү үчүн консалтинг компаниясын тартуу боюнча Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын чыгымдарын төлөп берет.
Консалтинг компаниясын тартуу боюнча Конкурстук комиссиянын жумушчу органынын чыгымдарын төлөө тартиби жана мөөнөтү инвестициялык макулдашууда белгиленет.
18. Төлөмдөрдү төлөө үчүн реквизиттер.
Кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөм, конкурска катышуу үчүн төлөм, конкурстук комиссиянын катышуучусунун кепилдик төгүмү, ошондой эле тийиштүү дайындалышын көрсөтүү менен конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине төлөнүшү керек.
Алыш-бериш эсебинин реквизиттери:
Алуучу: Казыналыктын Бишкек шаарынын Октябрь районундагы бөлүмү
Банк: "РСК-Банк" ААКнын Октябрь районундагы филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеп: 4402032100002327
Төлөмдүн багыты: [Геология агенттигинин өздүк эсебине кыскача геологиялык маалымат үчүн төлөм]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине концессия үчүн төлөм]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине консалтинг кызматы үчүн төлөм].
19. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү төлөөгө милдеттүү.
5. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берген документтер
20. Конкурс эки этапта өткөрүлөт.
Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары басманын расмий органдарында конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя жарыяланган учурдан тартып 45 (кырк беш) календардык күндөн кечиктирбестен, Геология агенттигине: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик проспекти 2, № 219 кабинет дареги боюнча төмөнкүдөй документтерди эки нускада берет:
1) ушул Шарттардын 5-тиркемесинде келтирилген форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын атына конкурска катышууга билдирүүнү;
2) кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын);
3) конкурска катышуу үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын);
4) кепилдик төгүмүнүн төлөнгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын) жана/же банк кепилдигинин түп нускасын.
Чапталган конвертте ошондой эле төмөнкүдөй документтер берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган (кайрадан катталган) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле мамлекеттик реестрден апостилденген же мыйзамдаштырылган көчүрмө же ал өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүрүүчү башка документ, ошондой эле алардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан чет тилде берилген уюштуруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдердеги котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден же өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүрүүчү башка документтен көчүрмөнүн аракеттенүү мөөнөтү аталган документтер берилген күндөн баштап 6 (алты) айдан ашпашы керек;
в) жеке жактар үчүн - паспортунун же жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жактар паспортунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун кошумчалап беришет;
г) ушул Шарттардын 6-тиркемесинде келтирилген форма боюнча төмөнкүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу конкурстун жогоруда аталган негизги шарттарын тааныйт жана аларды концессиялык келишимге жана инвестициялык макулдашууга киргизүүгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу, аны жеңүүчү деп аныктаган учурда, ушул Шарттарда каралган бардык айып пулдарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу, аны жеңүүчү деп аныктаган учурда, концессия үчүн ал сунуштаган төлөм кайтарылгыс төлөм болуп саналаарына макул болот;
- конкурстун катышуучусу, аны жеңүүчү деп аныктаган учурда, ушул Шарттардын талаптарына жана конкурстун экинчи этабында ал билдирген сунуштарга ылайык инвестициялык макулдашууну түзүүгө милдеттенет;
д) кендерди иштетүү же ЖЭСти же темир жолун куруу жаатында иш тажрыйбасы, персоналы бар экендиги жана анын квалификациясы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер жана маалыматтар;
е) долбоордук сунуш.
21. Конкурстун катышуучусу документтерди алардын толук тизмеги менен бир конвертте бериши керек. Конвертте: конкурстун биринчи этабына катышуу, конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дареги көрсөтүлөт. Берилген документтердин ар бир бетине номер коюлушу, тиркелиши жана бөлүштүргүч менен бөлүнүшү керек. Документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Эгерде документтер чет тилдерде берилсе, ага нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдердеги котормолору тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор, документтерди берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер артка кайтарылбайт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
22. Документтер бар конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки иш күнүндө конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана конкурстун катышуучуларынын аталышы жана алар берген документтердин барагынын саны көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин, 10 (он) иш күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгат жана конкурстун катышуучуларына конкурстун экинчи этабына катышууга уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары берген документтер ушул Шарттарда белгиленген талаптарга туура келгенде гана экинчи этапка катышууга уруксат алышат. Берилген документтердин тизмесине, түрүнө жана формасына карата суроолор пайда болгон учурда, конкурстук комиссия протокол түрүндө таризделген кошумча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
23. Конкурстун экинчи этабына катышууга уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө Конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына, ошондой эле башка расмий басылмаларга жарыяланат. Конкурстук комиссия тарабынан катышууга уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алышынын негизи болуп документтердин белгиленген талаптарга шайкештиги саналат. Эгерде документтер белгиленген талаптарга шайкеш келбесе, Конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабына катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин кабыл алат.
24. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка катышууга уруксат алган конкурстун катышуучулары, уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан баштап, 120 (жүз жыйырма) календардык күндөн кечиктирбей, Геология агенттигине Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2, № 217 кабинет дареги боюнча төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) изилдөөнүн төмөнкүдөй багыттарын камтый турган, кенди өздөштүрүү, алдын-ала ТЭН менен ЖЭСти жана темир жолду куруу программасын:
- Комплекстүү долбоордун стратегиясы жана алкагы;
- Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн финансы ресурстары, каржылоо булактары;
- жайгашкан жерин жана участокту тандоо, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоону талдоо;
- Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн технологияны жана жабдууну тандоо;
- Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди уюштурууну аныктоо;
- Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашырууну керектүү эмгек ресурстары менен камсыздоо;
- Комплекстүү долбоордун иш графигин жана бюджетин оптималдаштыруу;
- алдын-ала финансылык талдоо жана Комплекстүү долбоордун натыйжалуулугун баалоо;
- Комплекстүү долбоордун аныксыздыктын негизги факторлоруна туруктуулугун жана тобокелдиктерин баалоо;
- талап кылынган инвестициялардын эсеби;
- кендерди иштетүүнүн натыйжасында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн эсебин;
- конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча башка кошумча маалыматтар жана документтер;
2) геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү программасы;
3) геологиялык жана тоо-кен тармактарында, ЖЭС жана темир жолду курууда иш тажрыйбасын ырастоочу документтер;
4) кенди, ЖЭС жана темир жолду эксплуатацияга киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш;
5) пайдалуу кенди чалгындоонун, пайдалуу кенди казып алуунун жана кайра иштетүүнүн, ЖЭС жана темир жолду куруунун заманбап технологияларын колдонуу, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана пайдалуу кендерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар жана чаралардын комплекси;
6) бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча сунуштар;
7) Комплекстүү долбоорду ишке ашырууга тартылуучу жумушчулардын жалпы санынын жана ишке тартылган чет өлкөлүк жана ата-мекендик адистердин жана жумушчулардын катыштыгы жөнүндө сунуш;
8) алгачкы капиталдык салымдар үчүн жеке каражаттардын жана/же финансы ресурстарын тартуу мүмкүндүгү бар экендигин ырастоо, анын ичинде аудитордук корутундулар менен соңку эки жылдагы бухгалтердик отчёттордун, банктык маалымкаттардын, кредиттерди алуу жөнүндө келишимдердин көчүрмөлөрү, салыктык карыздардын жоктугу жөнүндө документтер жана ушуга окшогон башка документтер;
9) социалдык пакет боюнча сунуштар;
10) концессия үчүн төлөмдүн суммасын сунуштоо;
11) Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, конкурстун катышуучусунун квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө күбөлөндүрүүчү кошумча ар кардай маалыматтар жана документтер.
25. Конкурстун катышуучусу документтерди алардын толук тизмеги менен бир конвертте бериши керек. Конвертте: конкурстун биринчи этабына катышуу, конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дареги көрсөтүлөт. Берилген документтердин ар бир бетине номер коюлушу, тиркелиши жана бөлүштүргүч менен бөлүнүшү керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтер чет тилинде берилген учурда, аларга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек. Конкурстун катышуучулары документтерди берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин берген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер артка кайтарылбайт жана Геология агенттигинин архивинде сакталат.
26. Документтер салынган конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки иш күнүндө конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана конкурстун катышуучуларынын аталышы жана дареги, алар берген документтердин барагынын саны жана конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстун катышуучулары конвертти ачууда катышууга укуктуу.
27. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин веб-сайттарына жарыяланат.
28. Конкурстун катышуучулары алардын квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кошумча маалыматтарды жана документтерди конкурстук комиссиянын кароосуна берүүгө укуктуу.
6. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо критерийлери
29. Конкурстук комиссия конверттерди ачуу жөнүндө Конкурстук комиссиянын протоколу жарыялангандан кийин, 30 (отуз) календардык күндүн ичинде конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карап чыгат, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карап чыгууда, берилген документтердин алкагында Конкурстук комиссия кошумча түшүндүрмө берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
30. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо жолу менен аныкталат. Документтерди баалоо балл ыйгаруу системасы боюнча төмөндөгүдөй критерийлер менен конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Балл |
1 | Ушул Шарттардын 24-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештигин кошо алганда, алдын ала ТЭН менен ЖЭС жана темир жол куруунун, кендерди иштетүүнүн, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча сунушталган программаларынын сапаты | 3 баллга чейин |
2 | Пайдалуу кенди чалгындоонун, пайдалуу кенди казып алуунун жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын колдонуу, өнөр жайлык коопсуздукту жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар | 5 баллга чейин |
3 | ЖЭСте заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар: - негизги жабдууларда; - көмөкчү технологиялык системалардын схемаларында; - экологиялык коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча | 5 баллга чейин |
4 | Темир жолду курууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар: - экологиялык коопсуздук камсыздоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча | 5 баллга чейин |
5 | Комплекстүү долбоордун финансылык натыйжалуулугу: - инвестицияларды тартуунун баасы (пайыздык ставка жана төлөө мөөнөтү); - каржылоо булактары; - Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү боюнча сунушталган финансылык-экономикалык моделдер | 15 баллга чейин |
6 | Ушул Шарттарда көрсөтүлгөн суммадан ашыкча социалдык пакетке бөлүнгөн финансылык каражаттардын өлчөмү (суммасы) | 3 баллга чейин |
7 | Концессия үчүн төлөм | Максимумдук сумма үчүн 5 балл |
8 | Долбоордук документтерди макулдашуу учурунан баштап, темир жолдун курулушун бүтүрүү мөөнөттөрү: |
|
| 1-фаза - Балыкчы-Кочкор участогу | 1 жылга чейин - 7 балл; 1 жыл жана андан жогору - 3 балл |
| 2-фаза - Кочкор - Кара-Кече участогу | 3 жылга чейин - 7 балл; 3 жыл жана андан жогору - 3 балл |
9 | Долбоордук документти макулдашуу учурунан баштап, ЖЭС куруу мөөнөттөрү | 3 жылга чейин - 5 балл; 4 жылга чейин - 2 балл; 5 жылга чейин - 1 балл |
10 | Белгиленген милдеттүү үлүштөн ашыкча биргелешкен ишкананын уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына бекер берүү (20 пайыз) | Ар 1% үчүн - 0,5 балл |
31. Ар бир катышуучу боюнча Конкурстук комиссия тарабынан катышуучулардын ар бир критерий боюнча жана жалпы алган баллдарын көрсөтүү менен баллдарды эсептөө протоколу түзүлөт.
32. Көз карандысыз консалтинг компаниясы документтерге талдоо жана баалоо жүргүзөт, анын сунуштары менен корутундусу Конкурстук комиссиянын кароосуна берилет.
33. Катышуучулардын бардык сунуштарына талдоо жүргүзүүнүн жана белгиленген критерийлер боюнча баллын аныктоонун негизинде, Конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду тариздейт жана ушул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
34. Конкурстун жеңүүчүсү деп эң көп балл топтогон катышуучу таанылат. Эки же андан көп катышуучулардын баллы бирдей болуп калса, конкурстук комиссиянын төрагасы ачык добуш берүү жол-жобосун дайындайт. Добуш берүү ар бир конкурсант үчүн өзүнчө жүргүзүлөт. Мында Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү бир конкурсант үчүн гана добуш берүүгө укуктуу. Көп добуш алган конкурсант жеңүүчү болуп табылат. Эгерде эки же андан көп конкурсант бирдей добуш алып калса, конкурстун жеңүүчүсүн аныктаганга чейин, биринчи турдун эрежеси боюнча добуш берүүнүн кошумча турлары өткөрүлөт. Добуш берүүнүн бардык турларында конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добушу бирдей болсо, конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
35. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, ошондой эле конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен Конкурстук комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геологиялык агенттигинин веб-сайттарында жарыяланат.
36. Конкурстук комиссиянын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколу, эгерде ага Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо анык деп саналат.
37. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү объектти концессияга берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн концессия алган концессионер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте инвестициялык макулдашуу түзөт.
38. Инвестициялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлөт. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү деп жеке жак же чет өлкөлүк юридикалык жак табылса, концессиялык келишим конкурстун жеңүүчүсү түзүп жана Кыргыз Республикасынын аймагында каттаткан туунду компания (биргелешкен ишкана) менен Концессиялык объект жайгашкан жерде - Нарын облусунун Жумгал районунда түзүлөт. Чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлүүчү туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен каттоодон өтүшү керек. Түзүлүүчү туунду компания конкурстун жеңүүчүсүнө жана ушул Үлүштүк шарттарга ылайык макулдашылган үлүштө Кыргыз Республикасына таандык болууга тийиш.
39. Концессиялык келишим жана инвестициялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимди комплекстүү экспертизалоо боюнча комиссиянын корутундусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде түзүлөт.
40. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, же концессия үчүн белгиленген акыны алар белгиленген мөөнөттө төлөбөсө конкурстун жеңүүчүсү концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзүү укугун жоготот, бул укук кийинки талапкерге өтөт.
41. Конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин Конкурстук комиссия эл аралык консультанттын коштоосунда конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимдин жана инвестициялык макулдашуунун орчундуу шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында үч айдын ичинде макулдашууга жетишилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстун жеңүүчүсүнүн билдирүүсүн жокко чыгарууга жана конкурстун потенциалдуу жеңүүчүлөрүнүн баллынын саны боюнча экинчи болуп көрсөтүлгөн жакка концессиялык Келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзүү укугун өткөрүп берүү менен, конкурстун жыйынтыгын кайрадан кароого укуктуу.
42. Конкурстун жеңүүчүсү концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзгөндөн кийин юридикалык жакты түзөт, анда кыргыз тараптын үлүштүк катышуусу уставдык капиталдын 20 пайызынан кем болбойт. Кыргыз тараптын үлүшүн башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органга тапшырылат.
7. Конкурсту токтотуу жана болбой калды, жараксыз деп таануу
43. Жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя жарыяланганга жана Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту токтотууга укуктуу. Мындай учурда конкурстук комиссия жоюлууга тийиш. Эгерде конкурс жарыялангандан кийин ишке ашпай калса Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук Комиссияны жоюуга жана жаңы конкурстук курамдагы жаңы конкурс жарыялоого укуктуу.
44. Конкурска катышуу үчүн билдирүүлөр жок болсо же конкурска катышуу үчүн бир гана катышуучудан билдирүү түшсө, же конкурстун бардык катышуучулары тарабынан берилген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурс өтпөй калды деп таанылат да, ал протокол менен таризделип, расмий басма сөз органдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
45. Конкурстун катышуучусу Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурска катышуу жөнүндө өзүнүн билдирүүсүн алып коюуга укуктуу. Конкурстук комиссиянын чечими менен конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин, жеңүүчү конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартууга укуктуу. Мында эки учурда тең конкурска катышуу үчүн акы жана кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн акы кайра берилбейт, ал эми кепилдик төгүмү кайра берилүүгө тийиш.
Маалымат алуу үчүн телефондор: (+996312) 30-03-71, 30-02-46.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин www.geology.kg веб-сайтында таанышууга болот.
8. Ушул Шарттарда жана анын тиркемелеринде пайдаланылуучу терминдер
Дисконттоо - бардык төлөмдөрдүн наркын убакыттын аныкталган учуруна келтирүү жолу менен акчалай агымдын наркын аныктоо. Дисконттоо убакыт факторун эсепке алуу менен акчанын наркын эсептөө үчүн база болот.
Жер иштери - өзүнө: кыртышты иштетүүнү, жайгаштырууну, төшөөнү жана тыгыздоону камтыган жумуштар. Мында жумуштун ачык жердеги, суу түбүндөгү жана жер алдындагы түрлөрү бар.
Жасалма курулуштар - татаал транспорттук курулуштардын: көпүрөлөрдүн, эстакадалардын, туннелдердин, суу өткөрүүчү түтүктөрдүн ж.б. шарттуу аталышы. Жолдордун дарыялар, тоо кыркалары жана башка жолдор менен кесилишкен жерлерине орнотулат.
Комплекстүү долбоор - Кара-Кече жана Миң-Куш күрөң көмүр кендерин ("Ак-Улак" участогун) куруу пландалып жаткан ЖЭС жана Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече маршруту боюнча темир жол курулушу менен технологиялык чынжырчада өздөштүрүү.
Консорциум - биргелешип иштөө жөнүндө келишимдин (жөнөкөй өнөктөштүк келишиминин) негизинде юридикалык жакты түзбөстөн эле, юридикалык жана/же жеке жактардын (жеке ишкерлердин) убактылуу бирикмеси.
Огуна карата жүк - бир октун дөңгөлөгү менен темир жолдун үстүңкү бетине берилүүчү вагондун массасына карата жүк.
Айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүү (АТББ) - белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин болжолдуу таасирин, ал тарабынан айлана-чөйрөдө пайда боло турган өзгөрүүлөрдү аныктоо, талдоо, баа берүү жана долбоордук чечимдерде эсепке алуу.
Поезддердин жуптары - темир жолдун бир жолдуу участокторунда өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн бирдиги. Чектелген аралыктар боюнча ар кандай багыттагы поезддердин жуптарын өткөрүүгө кеткен убакыт поезддердин жүрүү графигинин убактысын түзөт, иш жүзүндөгү өткөрүү жөндөмдүүлүгү анын өлчөмүнө жараша болот.
Алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме - долбоорду ишке ашыруунун бардык жагдайлары боюнча изилдөө, анын ичинде кендердеги жана куруу пландалып жаткан темир жолдун, жылуулук электр станциясынын жана башка инфратүзүмдүк объекттердин участокторундагы экологиялык кырдаалды изилдөө.
Долбоордук документтер - капиталдык курулуш объекттин курууну же реконструкциялоону камсыз кылуу боюнча архитектуралык, функциялык-технологиялык, конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдер. Долбоордук документтерге төмөнкүлөр кирет: техникалык тапшырмалар, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, техникалык долбоорлор, пландоо схемалары, архитектуралык чечимдер, курулушту уюштуруу долбоорлору жана Комплекстүү долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон башка документтер.
Долбоордук ылдамдык, эсептик ылдамдык - кыймылдын коопсуздук шарттары боюнча белгиленген, уруксат берилүүчү эң жогорку чектеги ылдамдык. Аны ошол жердеги жолдун жана рельефтин категориясына жараша дайындашат.
Долбоордук сунуш - Кара-Кече жана Миң-Куш күрөң көмүр кендерин ("Ак-Улак" участогун) долбоордун капиталдык салымдары, эксплуатациялык чыгымдары жана рентабелдүүлүгү боюнча ирилештирилген техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен комплекстүү иштетүү программасы.
Өткөрүү жөндөмдүүлүгү - бар болгон техникалык жабдуунун жана поезддердин жүрүшүн уюштуруунун кабыл алынган системасында белгилүү бир убакыттын (сутка же саат) ичинде линия боюнча өткөрүлүшү мүмкүн болгон, тийиштүү массадагы поезддердин же поезддердин жуптарынын саны.
Иш долбоору - долбоорду же планды ишке ашырууга багытталган долбоордук иш-чаралардын комплекси. Иш долбоору долбоордук документтерден жана иш документтеринен, ошондой эле уруксат берүүчү документтерден жана макулдашуулардын комплексинен турат.
Ийри радиус (ийри айлампа) - темир жолдун чектеш эки түз участогун горизонталдык тегиздикте акырындык менен кошуу үчүн кызмат кылган айлампанын иймеги. Ийри айлампа түз участокко ийри өтмөнүн жардамы менен бириктирилет. Ийри айлампалар жер иштеринин көлөмүн азайтуу жана жасалма суу өткөрүүчү курулмаларды куруунун чыгымын азайтуу максатында тоскоолдуктарды айланып өтүү жана трассаны өнүктүрүү участокторунда колдонулат.
Багыт берүүчү жантаюу - акырындык менен узак өргө чыгуу, бул салынуучу темир жол линиясынын негизги параметрлеринин бири, поезддин массасынын бир сүйрөгүчтөгү нормасы жана жүрүүнүн эсептелген минимум ылдамдыгы анын чоңдугуна жараша белгиленет. Багыт берүүчү жантаюу топографиялык шарттарга, линиянын категориясына жараша болот жана жаңыдан курулуучу жана ага кошулуучу мурдатан бар линияларда поезддердин салмактык ченемдерин бир түргө келтирүү менен техникалык-экономикалык эсептөөлөр аркылуу белгиленет.
Социалдык пакет - жергиликтүү коомчулукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасы, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялар программасы, региондо жашаган калк үчүн жумуш орундарын уюштуруу, кендерди иштетүүдө, жылуулук электр станциясын жана темир жолду курууда жана эксплуатациялоодо жергиликтүү эмгек ресурстарын максимум пайдалануу, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга байланышкан жумуштарды аткарууга тартуу максаты менен калкты кесиптик даярдоону уюштуруу.
Сигнализация каражаттары - темир жол светофорлорунун негизинде аткарылган, темир жолдордогу жана ушул сыяктуу рельстүү транспорттогу сигнализациянын бөлүгү. Жалпысынан конструкциясы жана тышкы көрүнүшү жактан окшош светофорлор болгондо, рельстүү транспорттун ар түрдүү системалары белгилердин (сигналдык көрсөткүчтөрдүн) ар кандай системаларын тактап айтканда машинистке (жүрүүчү курамдын айдоочусуна) берилүүчү ар түрдүү маанидеги буйруктардын системасын жана көз менен көрүүчү белгилердин ар түрдүү системаларын пайдаланышат;
Өзүн-өзү актоо мөөнөтү - инвестициялардан алынуучу кирешелер инвестицияга кеткен чыгымдарды жабышы үчүн керектүү убакыттын аралыгы.
Жылуулук электр станциясы (ЖЭС) - көмүр жагуу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу электр станциясы.
Техникалык-экономикалык негиздеме - долбоорду түзүүнүн жана ишке ашыруунун максатка керектиги (же керексиздиги) жөнүндө корутунду чыгаруучу маалымат берилген документ. ТЭНде чыгымдардын жана натыйжалардын талдоосу камтылат. ТЭН инвесторлорго сунушталган долбоорго акча салуу керектигин же керек эместигин аныктоого мүмкүндүк берет.
Эмгектин сарпталышы - продукциянын бирдигин өндүрүүгө жумшалуучу эмгек жана жумуш убакыты.
Тартуучу - поезддерди кыймылга келтирүү үчүн колдонулуучу техникалык каражат.
Салыштырмалуу капиталдык салымдар - жумшалган капиталдык салымдардын эсебинен ишкананын продукциясынын жылдык көлөмүнүн өсүшүнүн бирдигине же негизги каражаттардын өсүш бирдигине туура келүүчү капиталдык салым.
Салыштырмалуу сарптоо - продукциянын бирдигин өндүрүү үчүн натуралай же акчалай түрдө жумшалган ресурстун сарпталышы.
Шпалдар - рельстерди төшөө үчүн жыгач устун же темир бетон буюм түрүндөгү таянычтар.
Экологиялык коопсуздук - адамдын жана коомдун жашоосу үчүн шарты жана каражаты катары адамдын, коомдун турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын антропогендик жана табигый таасирлерден пайда болуучу коркунучтардан корголушунун, айлана-чөйрөнүн корголушунун абалы.
Эксплуатациялык узундук - темир жол линиясынын километрдик узундугу, ал негизги жолдун огу боюнча, ал эми көп жолдуу линияларда - ушул линияны бөлүп туруучу ар кайсы пункттардын ортосундагы эң кыска башкы жолдун огу боюнча өлчөнөт.
|
| Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттарынын жана тартибинин 1-тиркемеси |
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин кыскача сүрөттөө жана ЖЭС жана темир жолдун курулушу жөнүндө жалпы маалыматтар
1. Кара-Кече кени жөнүндө жалпы маалыматтар
1. Кара-Кече күрөң көмүр кени Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында жайгашкан. Кендин географиялык координаттары: 74°46' чыгыш узундукта жана 41°47' түндүк кеңдигинде.
2. Координаттардын тик бурчтуу системасында (GK, Пулково, 1942-ж.) кен төмөндөгүдөй бурчтук чекиттерге ээ:
Чекиттер № | X | Y | Чекиттер № | X | Y |
1 | 13477398 | 4618145 | 6 | 13485782 | 4622438 |
2 | 13480260 | 4619870 | 7 | 13486128 | 4622268 |
3 | 13482197 | 4620595 | 8 | 13485304 | 4621405 |
4 | 13483247 | 4621323 | 9 | 13479165 | 4618067 |
5 | 13484504 | 4621990 | 10 | 13477738 | 4617840 |
S = 8.04 км2 | |||||
Конкурстук объекттен төмөндөгүдөй бурчтук чекиттердин координаттары менен үч жер казынасын пайдалануучунун лицензиялык аянттары (S=0,196+0,18+0,06=0,436 км2) чыгарылат:
1) "Ак-Жол Көмүр" ЖЧКсы:

1 | 13477720 | 4618445 | 3 | 13478725 | 4618385 |
2 | 13478700 | 4618580 | 4 | 13477760 | 4618245 |
S = 0.196 км2 | |||||
2) "Шарбон" ЖАКы:
Чекиттер № | X | Ү | Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13479140 | 4618283 | 6 | 13479465 | 4618720 |
2 | 13479050 | 4618475 | 7 | 13479545 | 4618600 |
3 | 13479100 | 4618540 | 8 | 13479515 | 4618400 |
4 | 13479165 | 4618720 | 9 | 13479430 | 4618300 |
5 | 13479300 | 4618850 | 10 | 13479355 | 4618360 |
S = 0.18 км2 | |||||
3) "Демилге плюс ЛТД" ЖЧКсы:

1 | 13484880 | 4622100 | 6 | 13485300 | 4622120 |
2 | 13485065 | 4622170 | 7 | 13485260 | 4622060 |
3 | 13485160 | 4622225 | 8 | 13485200 | 4622045 |
4 | 13485245 | 4622230 | 9 | 13485120 | 4622010 |
5 | 13485295 | 4622210 | 10 | 13484900 | 4622035 |
S = 0.06 км2 | |||||
3. Негизги суу артериялары Молдо-Тоо тоо кыркаларынын түндүк капталынан башталган Кара-Кече, Бозайгыр, Токсон-Теке, Кара-Аларча суулары болуп саналат. Суулардын агуу режими тоо суулары үчүн мүнөздүү. Дарыялардын толукталуусу атмосфералык жаан-чачындын жана жер астындагы сууларды дренаждоонун эсебинен ишке ашырылат.
Кенде суу менен камсыздоонун булагы № 2 булак болуп саналат, анын дебити 100 л/сек. чейин түзөт.
4. Райондун климаты аба температурасынын суткалык жана сезондук олуттуу өзгөрүүлөрү менен, кескин континенталдык.
5. Кенден түндүк-батышты карай 40 км аралыкта жайгашкан Чаек райондук борбордо эт комбинаты, кыш заводу, 110 кВ чыңалуусу менен жогорку вольттуу электр линиясы бар, андан 10 кВ чыңалуусу менен кенге карата 40 км узундукта ажыратылат.
Жакынкы Балыкчы темир жол станциясы кенден 230 км аралыкта жайгашкан жана аны менен асфальт төшөлгөн жана тегизделген жол аркылуу байланышкан.
6. Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган. 1915-1981-жылдары геологиялык чалгындоо иштеринин бардык баскычтары жүргүзүлгөн. Объект толугу менен өздөштүрүүгө даяр. Көмүрдүн технологиялык касиеттери изилденген, 1:10000, 1:5000 жана 1:1000 масштабдарынын геологиялык карталары түзүлгөн.
1980-1981 жылдары Кара-Кече кенинде деталдуу чалгындоо жүргүзүлгөн, анын жыйынтыктары боюнча СССРдин ЗМКсы A+B+C1 - 326 млн. т, жана С2 - 58 млн. т, анын ичинде ачык иштетүү үчүн A+B+C1 - 172 млн. т өлчөмүндө көмүрдүн запастарын бекиткен.
Конкурска СССРдин ЗМКнын балансында турган (1982-жылдагы № 9042 протокол), 431,804 млн. т көлөмүндөгү көмүрдүн запасы коюлат.
2. Миң-Куш кени ("Ак-Улак" участогу) боюнча жалпы маалыматтар
7. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Миң-Куш күрөң көмүр кени 4 (төрт) участокко бөлүнөт: "Тура-Кавак", "Ак-Улак", "Батыш" жана "Чыгыш". Миң-Куш кенинин үстүңкү бетинин абсолюттук белгилери 1700 м баштап 2800 м чейин өзгөрөт. Салыштырмалуу жогору ашып кетиши 450-650 м түзөт.
8. Координаттардын тик бурч системасында (GK Пулково, 1942-ж.) Миң-Куш күрөң көмүр кенинин ("Ак-Улак" участогу) төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар:

1 | 13458522 | 4618609 | 7 | 13460895 | 4617606 |
2 | 13460232 | 4618493 | 8 | 13460285 | 4617667 |
3 | 13460784 | 4618499 | 9 | 13460018 | 4617535 |
4 | 13461609 | 4618257 | 10 | 13459559 | 4617796 |
5 | 13461684 | 4618012 | 11 | 13458513 | 4617698 |
6 | 13461441 | 4617682 |
|
|
|
S = 2,513 км2 | |||||
Масштабдын номенклатурасы 1:100000, К-43-77, 78.
Участоктун аянты: Sжалпы = 251,3 га, анын ичинде S1550CE = 26,52 га жана Sчыг.62159CE = 4,27 га.
Конкурстук участоктун аянты Sконкурс.уч = 251,3 - 26,52 - 4,27 = 220,5 га түзөт.
Төмөнкүдөй бурчтук чекиттердин координаттары менен эки кен пайдалануучунун лицензиялык аянттары конкурстук объекттен чыгарылат:
1) "Борбор Азия Көмүр" ЖАКы:

1 | 13458875 | 4618400 | 3 | 13459500 | 4617850 |
2 | 13459560 | 4618225 | 4 | 13458875 | 4617925 |
S = 0,2652 км2 | |||||
2) "Берекет" ЖАКы:

1 | 13458696 | 4618240 | 3 | 13458464 | 4617896 |
2 | 13458700 | 4618040 | 4 | 13458520 | 4618200 |
S = 0,0427 км2 |
|
|
|
|
|
9. Минимум - 0.7 м3/сек. жана максимум 8.6 м3/сек. болгон орточо жылдык суу чыгымы 2,13 м3/сек. менен Миң-Куш суусу ойдуңдун негизги суу артериясы болуп саналат.
10. Кендин районунун климаты кескин континенталдык, бийик тоолуу.
11. Нарын облусунун, жарым-жартылай Ысык-Көл облусунун жашоочулары, уюмдары, ишканалары, мектептери, медициналык мекемелери Миң-Куш кенинин көмүрүн керектөөчүлөрү болуп саналат. "Ак-Улак" разрезинен тартып Нарын облусунун көмүрдү керектөөчү райондук борборлоруна чейинки аралык төмөнкүлөрдү түзөт: Чаек айылына чейин - 59 км, Кочкор айылына чейин - 179 км, Кочкор айылы аркылуу Нарын шаарына чейин - 304 км, Баетов айылына - 424 км, Ат-Башы айылына - 350 км.
Разрезден тартып Балыкчы темир жол станциясына чейинки аралык - 239 км, Кара-Балтага чейин - 220 км түзөт.
12. 1952-1978-жылдары Миң-Куш кенинде бардык баскычтагы геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүрдүн технологиялык жана физика-механикалык касиеттери изилденген, 1:10000, 1:5000 и 1:1000 масштабдарынын геологиялык карталары түзүлгөн.
13. Миң-Куш кенинин "Ак-Улак" участогунун запастары акыркы жолу 1978-жылы СССРдин ЗМКы тарабынан (1978-жылдын 3-февралындагы № 8013 протокол) В+С1+С2 - 69,077 млн. т көлөмүндө бекитилген.
Конкурска 10,534 млн. т көмүр көлөмүндөгү запастары менен "1550 СЕ" лицензиясы боюнча лицензиялык аянттан жана 0,112 млн. тонна көлөмүндөгү көмүр запастары менен "2159 СЕ" лицензиясы боюнча лицензиялык аянттын чыгыш бөлүгүнөн тышкары, 66,653 млн. т көлөмүндөгү геологиялык запастары менен "Ак-Улак" участогунун бардык аянты коюлат.
Конкурска коюлуучу көмүрдүн запастары 66,653-10,534-0,112=56,0066 млн. т көмүрдү түзөт.
14. 2300000 (эки миллион үч жүз миң) сом өлчөмүндө акы төлөнгөндөн кийин конкурстун катышуучуларына берилүүчү кыскача геологиялык маалыматтын жыйнагына кирген геологиялык материалдардын аталышы:
Инв. № | Автору | Материалдын аталышы | Чыг. жылы |
7302 | Ибраимов Б.И. Копылов Б.В. | 1981-жылдын 1-сентябрына карата көмүр запастарын кошо эсептөө менен Кара-Кече күрөң көмүр кенин деталдуу чалгындоо тууралуу отчет: - I тому - 331 барак; - II тому - 331 барак; - III тому -170 барак; - IV тому - 69 чийме; - V тому -13 чийме; - МКЗнын 1982-ж. 30.06. № 9024 протоколу - 65 барак | 1981 |
7282 | Большанин Е.И. | Кыргыз ССРиндеги Кара-Кече күрөң көмүр кенин ачык иштетүүгө туруктуу кондицияларды аныктоо боюнча Техникалык-экономикалык доклад (ТЭД). Тема боюнча отчет (Л.1.3/208(1))25-(2/16): - I тому - 304 барак; - II тому - 29 чийме; - МКЗнын 1982-ж. 28.05. № 1702-к протоколу - 37 барак | 1982 |
4388 | Махрин Я.А. Телунц В.В. | 1960-жылдын 1-январына карата чалгындалган абал боюнча Кара-Кече күрөң көмүр кенинин Батыш участогун деталдуу чалгындоонун жыйынтыктары тууралуу отчет: - I тому - 373 барак; - II тому - 452 барак; - III тому - 159 барак; - ИТКнын протоколу - 3 барак | 1960 |
3289 | Каширин Ф.Т. Каширина З.Е. | Кавак көмүрү бар аянттын геологиялык сүрөттөлүшү. Чаек партиясынын 1951-ж. үчүн отчету. Кара-Кече кенинин геологиялык түзүлүшү: - I тому - 235 барак; - II тому - 37 барак; - тезистер - 8 барак; - запастар боюнча Бүткүл союздук комиссиянын 1951-ж. 13-декабрындагы № 7825 протоколу - 21 барак | 1951 |
2682 | Махрин Я.А. Михайлов В.В. | 1958-ж. 1.06. карата Кара-Кече кенинин белгиленген карьералык иштеп чыгаруу участкасын деталдуу чалгындоонун жыйынтыктары жана аны чалгындоонун абалы жөнүндө отчет: - II-I тому 1 барак 14 карта; - протокол - 76 барак | 1958 |
10752 |
| Кыргыз Республикасынын Пайдалуу казындылардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ЗМК) 2013-жылдын 28-январындагы жыйынынын № 611 протоколу. Миң-Куш күрөң көмүр кенинин "Батыш Ак-Улак" участогу: - тексти - 8 барак | 2013 |
10250 |
| Кыргыз Республикасынын Пайдалуу казындылардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ЗМК) 2008-жылдын 28-октябрындагы жыйынынын № 295 протоколу Миң-Куш күрөң көмүр кенинин "Батыш Ак-Улак" участогу: - тексти - 17 барак | 2008 |
6761 | Яковенко В.П. | Миң-Куш күрөң көмүр кенинин "Ак-Улак" жана "Тура-Кабак" участокторун 1977-жылдын 10-июлуна карата көмүрдүн запастарын эсептеп чыгуу менен деталдуу чалгындоо боюнча отчет: - I тому - 240 барак; - II-I тому - 505 барак; - II-II тому - 164 барак; - III-I тому - 6 чийме; - III-II тому - 8 чийме; - V тому -177 барак; - VI тому - 335 барак; - VII-I тому - 93 барак; - VII-II тому - 11 чийме; - VIII-I тому - 283 барак; - VIII-II тому - 18 чийме; - ЗМКнын № 8013 протоколу - 94 барак; - ИТКнын № 1398 протоколу - 7 барак; кабыл алуу-өткөрүү акты - 7 барак | 1977 |
|
|
|
|
3. Жылуулук электр станциясын куруу боюнча жалпы маалыматтар
15. Жылуулук электр станциясын Кара-Кече кенинен 30-40 км аралыкта куруу болжолдонууда.
Жылуулук электр станциясы 1200 МВт белгиленген кубаттуулукта болот, анын курамында ар биринин кубаттуулугу 300 МВт болгон төрт энергия блогу каралат.
ЖЭС энергия блокторунун иштөө режими: базалык.
Жыл бою иштетүү-токтотуу циклдери: сезондук.
Белгиленген кубаттуулукту пайдалануу сааттарынын саны: 6500.
Иштетүү комплекстери (куруу кезеги) курулуштун башталышы - 2016-жыл экендигин эске алуу менен:
1-кезек (600 МВт) - 2019-жыл;
2-кезек (600 МВт) - 2020-2021-жылдар.
Жылуулук электр энергиясын ар жылдык өндүрүүнүн көлөмү - 7,8 млрд. кВтс, анын ичинде:
1-кезек - жылына 3,9 млрд. кВтс;
2-кезек - жылына 3,9 млрд. кВтс.
Электр станциясы салттуу буу күч циклин пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн арналган. Электр станциясынын жылуулук схемасы блок принциби боюнча курулушу керек.
Ар бир энергия блогунун курамында төмөнкүдөй негизги жабдуу каралат:
- тийиштүү параметрдеги жана буу өндүрүмдүүлүктөгү буу казаны;
- конденсация тибиндеги буу турбинасы;
- тийиштүү кубаттуулуктагы электр генератору;
- буу казандын чыккан газдарды тазалоо системасы.
Бардык станция үчүн көмөкчү жабдуу:
- эки секциялуу желдеткич градирня;
- атмосфералык деаэратор;
- бийиктиги 210-300 м 4 ствол түтүн чыгуучу түтүк (Айлана-чөйрөгө таасирди баалоо боюнча эсептөөгө жараша);
- булгоочу заттарды тазалоо үчүн жабдуу;
- насостук жабдуусу;
- жылуулук алмашуу жабдуусу;
- суу даярдоо жабдуусу;
- отун чарба жабдуусу;
- күл кармоо системасынын жабдуусу;
- күл чарба системасынын жабдуусу;
- 500/110/35 кВ карата бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана 500 кВ ЭБЛ куруу.
Негизги отун: Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендеринин жана жалпысынан Кавак көмүр бассейнинин күрөң көмүрү.
Резервдик отун: мазут М-100 (отундун ченемдик запасынын чегиндеги көлөм).
ЖЭСке чейин отунду ташуунун экономикалык кыйла алгылыктуу жана экологиялык, өнөр жай коопсуздугунун талаптарына жооп бергенин тандоо үчүн төмөнкүдөй беш варианты иштелип чыкты: автомобилдик; темир жол; конвейердик; пневмоконтейнердик; гидравликалык өткөргүч түтүк аркылуу.
16. Техникалык-экономикалык маалыматтары:
ЖЭСти тийиштүү өндүрүштүк жана коммуналдык инфраструктура менен камсыздоо менен долбоордун жалпы наркы | 1,557 млрд. АКШ доллары |
Электр энергиясынын өздүк наркы | 1 кВтс электр энергиясы үчүн 4,6 цент |
1200 МВт кубаттуулугунда отунду керектөө көлөмү | Жылына болжол менен 4,4 млн. тонна көмүр |
Ачык казып алуу үчүн Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендеринин өнөр жай запастары | 300 млн. тоннадан жогору |
Куруу мөөнөттөрү | 48 ай |
600 Мвт кубаттуулугун ишке киргизүү менен 1-кезектеги курулушту аяктоонун узактыгы | 36 ай |
1-кезектеги чыгымдардын өзүн актоо мөөнөтү | 4,6 цент/кВтс тарифинде болжол менен 14 жыл |
Өзүн актоонун толук мөөнөтү | Финансылык-экономикалык моделдерди иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча аныкталат |
4. Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу боюнча жалпы маалыматтар
17. Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече каттамы боюнча темир жол комплекстүү долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.
18. Пландалган темир жолдун курулуш узундугу болжол менен 185,3 км түзөт жана 2 участокко бөлүнөт.
Жалпы узундугу болжол менен 63 км болгон Балыкчы-Кочкор темир жол участогу колдонуудагы Балыкчы темир жолунун акыркы станциясынан башталат жана Нарын облусунун Кочкор айылынан аяктайт.
Жалпы узундугу болжол менен 124 км болгон Кочкор - Кара-Кече темир жол участогунун линиясы колдонуудагы А-367 автожолун кесип өтөт.
Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече маршруту боюнча темир жол линиясында жалпы узундугу 4244 м болгон - 57 көпүрөнү, анын ичинде 17 чоң, 27 орточо жана 13 кичине көпүрө куруу керек, 3 чоң көпүрө түз участокто жана 4‰ көп эмес жантаюуда жайгашкан, калган көпүрөлөр 8‰ баштап 20‰ чейинки жантайыш менен жолдун ийри бөлүктөрүндө жайгашкан. Так маршрут, жасалма курулмалардын саны, ошондой эле курулуштун баасы Техникалык-экономикалык негиздемени аныктоого мүмкүндүк берет.
19. Бул маршрут боюнча темир жол куруу Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендеринен жана Кавак көмүр бассейнинин башка кендеринен Бишкек шаарынын ЖЭБне чейин жана өлкөнүн башка тундук региондоруна темир жол транспорту менен көмүрдү ташууну камсыздайт. Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын өнүктүрүүнүн келечегинде бул участок Кыргызстан-Кытай темир жол магистралынын долбоорун ишке ашырууда өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун туташтырууга мүмкүндүк берет, бул сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторуна чыгарат.
20. Техникалык мүнөздөмөлөрү:
Жолдордун саны | Бир жол |
Ийректин минималдуу радиусу | 400 м |
Окко карата максималдуу жүктөм | 23 т |
Поезддердин стандарттуу салмагы | 2800/3000 т |
Тарткычтын түрү | Тепловоздук, электрлештирүүнүн перспективасы менен |
Долбоордук ылдамдык | 80 км/с |
Рельстердин түрлөрү | Р-65 |
Шпалалардын түрү | Темир-бетон |
Байланыш жана сигнализация каражаттары | Жарым автоматтык тосмолоо |
Эксплуатациялык узундук | 184,9 км |
Жетектөөчү эңкейиш: |
|
- Кочкор - Кара-Кече участогу | 20‰ |
- Кара-Кече - Угольная участогу | 30‰ |
Станциялар | 4 |
Өтмөктөр | 2 |
Кичине көпүрөлөр | 13 |
Орточо көпүрөлөр | 27 |
Чоң көпүрөлөр | 17 |
Тоннелдер | 1 |
(*) Жасалма курулмалардын, анын ичинде тоннелдердин так саны Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече участогунун ТЭН иштелип чыккандан кийин аныкталат.
21. Темир жолду куруунун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү:
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Долбоор боюнча көрсөткүчтөр(*) |
1 | 1 км темир жолго карата жер иштеринин көлөмү | миң. м3 | 31,6 |
2 | 1 км курулуш узундугуна карата эмгек сыйымдуулугу | адам/күн | 4950 |
3 | Негизги курулуш материалдарынын салыштырмалуу чыгымы: |
|
|
| - металл | т/м | 8,1 |
| - цемент | т/км | 34,1 |
| - жыгач | м3/км | 6,6 |
(*) Болжолдуу ТЭНдин маалыматтары.
22. Өткөрүү жөндөмдүүлүгү
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Балыкчы- Кочкор | Кочкор - Кара-Кече | Кара-Кече - Угольная |
Бир тарапка/кайра артка кыймыл убактысы, мүн. | 76/76 | 99/60 | 22,5/19 |
Кош поезддердин өткөрүү жөндөмдүүлүгү/24 саат | 8,9 | 8,5 | 23,4 |
23. Жүк ташуунун болжолдуу көлөмү:
Жакынкы жылдары | 5-жылы | 10-жылы |
Жылына 1,3 млн. т | 5,2 млн. т | Жылына 10 млн. т (түндүк-түштүк долбоорун ишке ашырууда) |
|
| Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттарынын жана тартибинин 2-тиркемеси |
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүүдөгү инвестициялардын негиздемесин даярдоого ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
№ | Негизги талаптардын тизмеги | Талаптардын мазмуну |
1. Жалпы маалыматтар | ||
1 | Заказчы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
2 | Кендердин жайгашкан орду жана кенди долбоорлоонун жана иштетүүнүн өзгөчө шарттары | Кендердин жайгашкан орду: Нарын облусу, Жумгал району. Кендерди иштетүүнүн болжолдуу схемаларын Тапшырыкчы берет |
3 | Долбоордун максаты | Курулуп жаткан ЖЭСтин жана Бишкек шаарындагы ЖЭБдин муктаждыктарына электр энергиясын өндүрүү үчүн күрөң көмүр кендерин иштетүү, ошондой эле республиканын калкын жана бюджеттик уюмдарын көмүр менен камсыздоо. Энергетика системасынын тартыш түйүнүндө генерациялоонун ишенимдүү булагы катары Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендерин пайдаланууга киргизүүнүн эсебинен Бишкек шаарынын ЖЭБинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана жылуулук менен камсыздоо |
4 | Иштерди аткарууну баштоонун жана аяктоонун мөөнөттөрү | 180 күн |
5 | Курулуштун түрү | Жаңы курулуш |
6 | Иштерди аткаруунун баскычтары | Иш түзүлгөн инвестициялык макулдашууга жана концессиялык келишимге ылайык аткарылат |
7 | Инвесторго коюлуучу талаптар | Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендерин комплекстүү өздөштүрүү боюнча үч долбоорду бирдиктүү долбоор катары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүүгө ТЭН жана долбоор-смета документтерин инвестордун каражаттарынын эсебинен түзүү. Кара-Кече ЖЭСти курууга ТЭНди жана долбоордук документтерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КЧТБга түзүү жана макулдашуу. ТЭНдин эл аралык стандарттарга, Кыргыз Республикасынын ченемдик документтерине жана мыйзамдарына ылайыктуулугу. Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо. Инвестициялардын формалары: мамлекеттик кепилдиктер берилбеген тике инвестициялар. Биргелешкен ишканадагы Кыргыз Республикасынын 20 пайыздан кем эмес үлүшүн караштыруу. Көмүр тармагындагы иш тажрыйбасы бар ийгиликтүү компания. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен долбоордук документтер макулдашылган датадан баштап 3 (үч) айдан кечиктирбестен долбоорду ишке ашыра баштоо. Инвестордун иш процессинде айлана-чөйрөгө зыян келтирилген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте зыяндын өлчөмүнүн ордун толтуруу |
8 | Негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр | Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендерин заманбап технологиялардын базасында жана жаңы курулуп жаткан ЖЭСти жана Бишкек шаарындагы ЖЭБ белгиленген электр кубаттуулугунун жетиштүү көлөмдөрүндө энергия менен камсыздоо, ошондой эле түндүк региондун калкын көмүр менен камсыздоо үчүн иштетүү. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендеринде көмүр казуунун болжолдуу көлөмү - 3,3 млн. тоннаны түзөт, анын ичинде: - Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн - 1,0 млн. т; - ЖЭСи үчүн - 1,8 млн. т; - калк, бюджеттик уюмдар жана Кыргызтуракжайкоммунсоюз үчүн - 500 миң т. Кыртышты ачуунун орточо коэффициенти - 6,3 м3/т болгон учурда, .кыртышты ачуу иштеринин көлөмү - 20,0-22,0 млн. м3 |
2. Инвестициянын максаты жана булактары, каралган финансы каражаттарынын көлөмү | ||
1 | Иштерди аткаруунун максаты | Эл аралык стандарттарга жана кендерди иштетүүнүн эң мыкты эл аралык тажрыйбаларына ылайык Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендерин комплекстүү иштетүүнүн экономикалык жана техникалык максатка ылайыктуулугун аныктоо. Көмүр казуунун жана кыртышты ачуу жумуштарынын оптималдуу жылдык көлөмүн негиздөө, ЖЭСтин отун ресурстарына болгон муктаждыгын аныктоо жана Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүүгө инвестициялардын натыйжалуулугун аныктоо. Кендерди иштетүүнүн техникалык долбоорун түзүү. Инвестициялардын кайтарымдуулугунун кепилдигин камсыздоо үчүн кендерди иштетүүнү жана өнөр жай объекттерин курууга минималдуу жана оптималдуу чыгымдарды аныктоо. Кендерди иштетүүнүн эң натыйжалуу ыкмасын тандоону негиздөө |
2 | Каржылоонун булагы | Инвестордун өзүнүн жана карызга алынган каражаттары |
3 | Каржылоонун көлөмү | Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүүдө, ошондой эле алдын ала түзүлгөн ТЭН ылайык аныкталат |
3. Кендерди иштетүү технологиясы, негизги жабдууларга коюлган талаптар | ||
1 | Негизги технологиялык чечимдер | Айлана-чөйрөнүн шарттарын жана жагылган көмүрдүн мүнөздөмөлөрүн эске алып, заманбап жогорку натыйжалуу технологияларды пайдалануу менен кендерди иштетүүнү караштыруу |
2 | Кара-Кече кенин иштетүү тутуму | Кендерди иштетүү тутуму ЖЭСтин жана Бишкек шаарынын ЖЭБ өздүк муктаждыктарын камсыздашы керек, ошондой эле республиканын түндүк региондорунун калкын жана бюджеттик уюмдарынын буу казандары үчүн көмүр казуунун көлөмдөрүн караштырышы керек. Кендердеги, анын участокторундагы жана жалпы Кабак күрөң көмүр бассейни боюнча көмүрдүн запасы Мамлекеттик геология агенттиги берген запастар боюнча маалыматтардын алкагында эсептелет жана негизделет |
3 | Көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрү | Ad кургак көмүрдүн күлдөрү - 20,0%. Жумушчу көмүрдүн нымдуулугу - 23,9%. N daf учмалуулугу - 39,6%. Күкүрт S - 1,1%. Күйгөндөгү жогорку жылуулугу - 5000-5500 Ккал/кг. Көмүрдүн мүнөздөмөлөрүн баалоо боюнча лабораториянын курулушуна кетүүчү чыгымдарды аныктоо |
4 | Автоматташтыруу жана байланыш тутуму | Көмүр казуунун технологиялык процесстерин автоматташтыруу, аны ташуу, техникалык-коммерциялык чечимди ишке ашыруу боюнча принциптүү техникалык сунуштарды жана сунуштамаларды берүү, ошондой эле бирдиктүү программалык-техникалык комплекстин базасында автоматташтырылган башкаруу тутумун (АБТ) түзүү |
4. Архитектуралык-пландоо жана конструктивдүү чечимдер | ||
1 | Курулуш чечимдери | Негизги имараттарды жана курулмаларды көрсөтүү менен негизги өнөр жай аянтын жана көмөкчү жабдууларды жайгаштыруунун схемаларын жана принциптүү көлөмдүк-пландоо чечимдерин иштеп чыгуу. Заманбап конструкцияларды, буюмдарды жана материалдарды колдонууну кароо. Мында техникалык жактан мүмкүн болгон жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу болгон жерлерде заводдон толук даярдалып чыккан блок-модулдуу конструкцияларды пайдаланууну кароо |
2 | Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүүнүн башкы планы | Кендерди иштетүүнүн комплекстүү планынын кыскача мүнөздөмөсүн берүү (Мамлекеттик геология агенттиги менен макулдашылган тоо иштерин өнүктүрүү планына ылайык). Курчап турган чөйрөгө таасир берүү факторун эске алуу менен кендерди иштетүүнүн натыйжалуулугун техникалык-экономикалык баалоону аткаруу. 1:2000 масштабында өнөр жай аянтынын курулуш объекттерин жайгаштыруу менен жагдайлык пландардын схемасын иштеп чыгуу |
5. Кадрлар жана социалдык өнүгүү | ||
1 | Кадрлар жана социалдык өнүгүү, анын ичинде ЭИУ (эмгекти илимий уюштуруу) жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" участогунун колдонуудагы өндүрүштүк процесси менен бирге өндүрүштү башкаруу | Объекттин (иштетилип жаткан кендердин) жумушчулардын категориялары боюнча эмгек ресурстарына болгон муктаждыгын аныктоо (жумушчулар, ИТК, кызматчылар). Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендеринин кызматчыларынын вахта методундагы иши үчүн эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты аныктоо. Иштетилип жаткан кендердин кызматкерлери үчүн зарыл болгон социалдык иш-чараларды караштыруу |
6. Инвестицияларды негиздөөнүн курамындагы аткаруулар | ||
1 | Жаратылышты коргоо иш-чаралары | Кендерди иштетүү зонасында уруксат берилген чектүү чыгарылыштарды эске алуу менен, Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендеринин жабдуулар курамын, иштөө режимин тандоо боюнча сунуштарды даярдоо. Кендерди иштетүүдө маанилүү факторлордун таасир этүүсүн эске алуу менен курчап турган чөйрөгө таасирди баалоонун (КЧТБ) болжолдуу чен критерийлерин иштеп чыгуу. Жаратылышты коргоо иш-чараларынын наркын алдын ала баалоону аткаруу. Иштетилүүчү Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендеринин санитардык зоналарын аныктоо. Төмөнкүлөрдү кароо жана чечимдерди аткаруу: - колдонуудагы мыкты жеткиликтүү технологияларды киргизүүнү; - жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана колдонуу, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын комплекстүү кайра иштетүү жана утилизациялоону; - булганыч сууларды натыйжалуу тазалоону камсыздоо, аларды техникалык муктаждыктар үчүн пайдаланууну; - кыртыш катмарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана калыбына келтирүү, өзгөчө корголуучу алынган жаратылыш аймактарынын объекттеринин статусун сактоону; - бузулган жерлерди рекультивациялоону; - калкты жана айлана-чөйрөнү антропогендик физикалык, химиялык жана биологиялык факторлордун зыяндуу таасиринен коргоону |
2 | Өзгөчө кырдаалдардын (ӨК) алдын алуу боюнча иш-чаралар | Өзгөчө кырдаалдарга карата мүмкүн болгон чыгымдарды баалоо |
3 | Коопсуздук системалары жана объекттерди кайтаруу режими боюнча иш-чаралар | Коопсуздук системасы жана объекттерди кайтаруу режими боюнча мүмкүн болуучу чыгымдарды баалоо |
7. Объекттин негизги техникалык-экономикалык мүнөздөмөлөрү жана көрсөткүчтөрү | ||
1 | Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин өздөштүрүү боюнча иштетүүнүн наркы | Баасын жана мөөнөттөрүн аныктоо жана эсептөөнү негиздөө: - изилдөө иштери; - долбоордук иштер; - курулуш-монтаждоо иштери. Ирилештирилген көрсөткүчтөрдү, эксперттик баалоолорду жана региондун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушундай мүнөздөгү долбоорлордун реалдуу баалары боюнча, таблица формасында беренелер боюнча бөлүү менен чыгымдарды эсептөөлөрдүн варианттарын даярдоо: - жабдуулар; - тышкы тармактар; - изилдөө иштери; - долбоордук иштер; - курулуш-монтаж иштери |
2 | Инвестициялардын натыйжалуулугу | Тапшырыкчы менен макулдашуу боюнча BOOT - курулуш, ээлик кылуу, пайдалануу, берүү же ВОО - куруу, ээлик кылуу, пайдалануу базасында адистешкен программалык продуктунун финансылык моделин иштеп чыгуу. Ишти аяктагандан кийин эсептик финансылык моделдерди ачык түрдө Заказчыга берүү. Финансылык моделдердин жардамы менен негизги техникалык-экономикалык параметрлердин эсептерин жүргүзүү. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендерин иштетүүгө инвестициялардын кайтарым механизмин Заказчы берет. Төмөндөгү негизги көрсөткүчтөр боюнча тобокелдиктерди баалоону жүргүзүү: - Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендерин иштетүүнүн баасынын көбөйүшү; - иштетүү мөөнөтүнүн узарышы; - Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендерин иштетүү жана пайдалануу менен байланышкан чыгымдардын көбөйүшү |
3 | Техникалык тапшырманын колдонуу мөөнөтү | Концессиялык келишимдин жана инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык |
4 | Ишти тапшыруунун тартиби | Концессиялык келишимдин жана инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык |
8. Башка маалыматтар | ||
1 | Тапшырыкчы тарабынан Аткаруучуга берилүүчү баштапкы маалыматтар | Иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон баштапкы маалыматтардын тизмегин жана берүү графигин Аткаруучу иштеп чыгат жана Заказчыга берет |
9. Иштердин натыйжалары | ||
1 | Иштин натыйжалары | Заказчыга төрт нускада кагаз түрүндө жана бир нускада - электрондук булакта тийиштүү форматта орус тилинде берилет |
Эскертүү: Техникалык тапшырма конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашуу түзүүдө оңдоп-түзөтүлүшү мүмкүн.
|
| Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттарынын жана тартибинин 3-тиркемеси |
ЖЭС курулушуна инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгуунун ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАСЫ
№ | Негизги талаптардын тизмеси | Талаптардын мазмуну |
1. Жалпы маалымат | ||
1 | Заказчы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
2 | Жайгашкан жери жана ЖЭС долбоорлоонун жана куруунун өзгөчө шарттары | ЖЭС аянтчасынын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Арал айылы. Долбоорлоонун жана куруунун өзгөчө шарттары: - сейсмикалык туруктуулугу - 8-9 балл; - тоолуу шарттар |
3 | Долбоордун максаты | Кыргыз Республикасынын калкына жана экономика тармактарынын муктаждыгына керектелүүчү электр энергияны иштеп чыгуу. Республиканын дефициттик энергосистемасында генерациялоонун ишенимдүү булагын ишке киргизүүнүн эсебинен ишенимдүүлүгүн жогорулатуу |
4 | Иштерди аткаруунун башталышы жана бүтүрүү мөөнөтү | Долбоордук документацияны макулдашкан учурдан тартып эки жылдан беш жылга чейин |
5 | Курулуштун түрү | Жаңы курулуш |
6 | Иштерди аткаруунун стадиялары | Жумуш 4 этапта (кезекте) аткарылат. Ишке киргизүү комплекстери (курулуштун кезектери): 1-кезеги - 2018-жыл; 2-кезеги - 2019-жыл; 3 жана 4-кезектери - 2020-жыл |
7 | Талаптар | Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүү боюнча үч долбоорду бир долбоор кылып ишке ашыруу мүмкүндүгү. Инвесторлордун каражаттарынын эсебинен ЖЭСтин курулушуна ТЭН жана долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу. ЖЭС, анын ичинде ОВОС курулушуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ТЭН жана долбоордук документацияны иштеп чыгуу жана макулдашуу. ТЭНдин эл аралык стандарттарга, ченемдик документтерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу. Инвестициялардын формасы: мамлекеттин кепилдиги берилбестен түз инвестициялар. Кыргыз Республикасынын биргелешкен ишканадагы үлүшүн 20 (жыйырма) пайыздан кем эмес өлчөмдө кароо. Энергетика тармагындагы иш тажрыйбалуу ийгиликтүү компания. Инвестор өз ишинде айлана-чөйрөгө зыян келтиргенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте зыяндын ордун толтуруусу |
2. Инвестициялоо булактары жана максаты, каралган финансылык каражаттардын көлөмү | ||
1 | Иштерди аткаруунун максаты | ЖЭС куруунун техникалык жана экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктоо. ЖЭС жана энергоблоктун оптималдык электр кубаттуулугун (ар биринин кубаттуулугу 300 МВт 4 агрегаттары менен 1200 МВт сунушталат, жылына 7,8 млрд. кВтс электр энергиясы чыгарылат. Электр станциясынын ресурстарга муктаждыгы 3 млн. т көмүр) жана электр станциясын курууга инвестициялардын натыйжалуулугун негиздөө. ЖЭС курулушуна Заказчы сунуштаган аянтчанын вариантын кароо. Инвестициялардын кайтарылышын камсыз кылуу үчүн электр энергиясына республикада коюлган тарифтерди эске алуу. Ушул техникалык тапшырманын 3.1-п талаптарын эске алуу менен станциянын жабдуусунун натыйжалуу конфигурациясын тандоону негиздөө |
2 | Каржылоо булагы | Инвестордун өздүк жана зайым каражаттары |
3 | Каржылоонун көлөмү | Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ЖЭСти тиешелүү өндүрүштүк жана коммуналдык инфраструктура менен камсыз кылууну кошуп долбоордун жалпы наркы 1,153 млрд. AКШ долларын түзөт |
3. Энергия өндүрүүчү технология, негизги жабдууларга коюлган талаптар | ||
1 | Негизги технологиялык чечимдер | Электр станциянын курулушун электр энергияны генерациялоонун заманбап жогорку натыйжалуу технологияларын колдонуу менен, айлана-чөйрөдөгү азыркы шарттарды жана отундун күйүүсүнүн мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен алдын ала кароо. ЖЭС энергоблокторунун иш режими: базалык. "Ишке киргизүү - токтотуу" циклдери: жыл ичинде сезондук. Аныкталган кубаттуулугун канча саат колдонуу мүмкүн: 6500. Электр станция салттуу буу-күч циклын колдонуу менен электр энергиясын иштеп чыгууга арналат. Электр станциянын жылуулук схемасы блоктук принцип боюнча курулууга тийиш. Ар бир энергоблоктун курамында негизги жабдуу каралган: - тиешелүү параметрдеги жана буу ендүрүмдүүлүктогү буу казаны; - конденсациялык типтеги буу турбинасы; - тиешелүү кубаттуулуктагы электр генератору; - казандын тышка чыккан газдарын тазалоо системасы. Бардык станция үчүн жардамчы жабдуулар: - эки секциялуу вентилятордук градирня БМГ-2000 өндүрүмдүүлүгү 3500 м3/с; - деаэратор атмосфералык ДА-10; - түтүн түтүгү 4-сөңгөктүү Н=60 м; - насостук жабдуу; - жылуулукту алмаштыруучу жабдуу; - суу даярдаган жабдуу; - отун чарбасынын жабдуулары; - алтын чогултуу системасынын жабдуусу; - бөлүштүргүч түзүлүштөр 500/220/110/35 кВ |
2 | Отун чарбасы | Отундун негизги түрү - көмүр: - күрөң көмүр Б-3 маркадагы; - Qнр = 5000-5500 Ккал/кг. Кургак отундун күлүнүн түшүшү Ad - 20,0% ЖЭС жабдуунун конфигурациясынын үч варианты үчүн көмүргө муктаждыгын эсептеп чыгуу талап кылынат (алдын ала маалыматтар боюнча жылына 3,0 млн. т). Отунду транспорттоонун беш варианттарынан: автомобилдик, темир жол, конвейердик, пневмоконтейнердик, түтүк гидравликалык, көмүрдү керектөөчүлөргө жеткирүүнүн эң эле экономикалык жактан натыйжалуу ыкмасы катары адистер тарабынан түтүк гидравликалык транспорту аныкталды. Суюк отунду резерв же авариялык учурда пайдалануу үчүн суюк отун чарбасын куруу зарылдыгын кароо |
3 | Суу менен камсыздоо жана суу буруу системасы | Электр станциясында техникалык жана ичүүгө жарактуу сууга болгон муктаждыкты аныктоо. Суу менен камсыздоо булактарын аныктоо жана ЖЭСтен суу менен камсыздоо булактарына чейин суу тартуу курулушуна кеткен чыгымдарды баалоо (Көкөмерен жана Жумгал дарыяларын суу менен камсыздоо булактары). Өндүрүштүк, тиричиликтеги жана жаан сууларын чыгаруу көлөмүн аныктоо. Колдонуудагы тазалоо курулуштарынын кубаттуулугун кеңейтүү же жаңысын куруу зарылдыгын жана мүмкүн болгон чыгымдарды баалоо. Суу даярдоо системасына чыгымдарды баалоо |
4 | Автоматизация жана байланыш системасы | Технологиялык процесстерди автоматташтыруу бөлүгүндө техникалык коммерциялык чечимдерди ишке ашыруу боюнча, ошондой эле бирдиктүү программалык-техникалык комплекстин базасында АСУ ТП түзүү боюнча принциптүү техникалык сунуштарды берүү |
4. Архитектуралык-планировкалык жана конструкциялык чечимдер | ||
1 | Курулуштук чечимдер | Электр станциянын негизги жана эң чоң имараттарын, татаал курулмаларды жана конструкцияларды көрсөтүү менен негизги жана жардамчы жабдууларды жайгаштыруунун схемаларын жана принциптүү көлөмдүк-планировкалык чечимдерди иштеп чыгуу. Заманбап конструкцияларды, буюмдарды жана материалдарды колдонууну алдын ала кароо. ЖЭСте техникалык жактан мүмкүн жана экономикалык жактан максатка ылайык болсо, толугу менен заводдо даярдалган блоктук-модулдук конструкцияларды колдонууну кароо |
2 | Башкы план | Курулуштун аянтчасынын кыскача мүнөздөмөсүн берүү. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүү факторун эсепке алуу менен курулуштун аянтчасын техникалык экономикалык жактан баалоо. Курулуш объекттерин 1:2000 масштабында жайгаштыруу менен кырдаалдык пландардын схемаларын иштеп чыгуу. ЖЭС аянтчасынын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Арал айылы |
5. Кадрлар жана социалдык өнүгүү | ||
1 | Кадрлар жана социалдык өнүгүү, ЭИУ (эмгекти илимий уюштуруу) жана өндүрүштү башкаруу | Станцияны куруу мезгилинде курулуштук-монтаждык иштерде аракеттенген кадрлардын эң көп 4405 адамды түзөт. Түздөн түз ЖЭСте 1032 адам иштейт, бардыгы болуп 1600-1700 иш орундар түзүлдү, ал эми социалдык инфраструктураны эсепке алганда 8000ге чейинки иш орундар. ЖЭС жумушчулары жана жергиликтүү калк үчүн зарыл социалдык иш чараларды кароо |
6. Инвестицияларды негиздөөнүн курамында төмөнкүлөрдү аткаруу | ||
1 | Жаратылышты коргоо иш чаралары | ЖЭС иш режимин, жабдууларды тандап алуу жана алардын курамы боюнча колдонуудагы ПДВ эске алуу менен сунуштарды даярдоо. ОВОС алдын ала иштеп чыгуу. Жаратылышты коргоо иш чараларынын наркын алдын ала баалоо. ЖЭС санитардык зонасын аныктоо. Төмөнкүлөр боюнча долбоордук чечимдерди кароо жана аткаруу: - колдонуудагы эң мыкты жеткиликтүү технологияларды ишке киргизүү; - жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүү жана рационалдуу колдонуу, комплекстүү кайра иштетүү, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилизациялоо; - агынды сууларды натыйжалуу тазалоону камсыздоо, аларды техникалык муктаждыктарга колдонуу; - жер кыртышын, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана калыбына келтирүү, өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарынын объекттери статусун сактоо; - бузулган жерлерди рекультивациялоо - антропогендик физикалык, химиялык жана биологиялык факторлордун зыяндуу таасиринен калктын жана айлана-чөйрөнүн корголушун камсыз кылуу |
2 | Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалды алдын ала эскертүү боюнча иш чаралар (ЖК жана ӨК) | Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалга кете турган чыгымдарды баалоо |
3 | Объскттерди коргоо режими жана коопсуздук системалары боюнча иш чаралар | Объекттердин коргоо режими жана коопсуздук системасы боюнча мүмкүн боло турган чыгымдарды баалоо |
4 | Варианттарды иштеп чыгуу | Курулуштун ар бир аянтчасында жабдуунун конфигурациясынын үчтөн кем эмес алтернативалуу варианттар |
7. Объекттин көрсөткүчтөрү жана негизги техникалык экономикалык мүнөздөмөсү | ||
1 | Курулуштун наркы | Мөөнөттөрүн жана наркын эсептөөнү негиздөө жана аныктоо: - изилдөө иштери; - долбоордун иштер; - курулуш-монтаждык иштер; - региондун өзгөчөлүгүн, эксперттердин баалоосун, кеңейтилген көрсөткүчтөрүн эске алуу менен ушуга окшогон долбоорлордун реалдуу баалары боюнча. Таблица түрүндө варианттар боюнча капиталдык чыгымдарын беренелер боюнча бөлүштүрүп баалоо: - жабдуулар; - тышкы тармактар; - изилдөөчүлүк иштер; - долбоордук иштер; - курулуштук-монтаждык иштер |
2 | Долбоорду ишке ашыруунун кеңейтилген графиги | "П" стадиясынан баштап эксплуатацияга киргизүү менен аяктап, байланыштар жана чыгымдар бюджети менен долбоордун кеңейтилген графигин электрондук түрдө иштеп чыгуу |
3 | Инвестициялардын натыйжалуулугу | Заказчы менен макулдашылган курулуштун ар бир варианты үчүн адистештирилген программалык продуктуда финансылык моделди иштеп чыгуу. Иш бүткөндөн кийин Заказчыга эсептик финансылык моделдерди ачык түрдө өткөрүп берүү. Финансылык моделдердин жардамы менен долбоордун негизги техникалык экономикалык параметрлерин (NPV, DPBP, IRR ж.б.) Заказчынын каржылоо схемасынын жана сценарийлик шарттарынын негизинде эсептеп чыгуу. Курулушка инвестицияларды кайтарып берүү механизмдерин, электр кубаттуулугу үчүн ставканы жана анын өзгөрүү динамикасын Заказчы берет. Тобокелдиктерди баалоону төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүү: - курулуштун наркын көбөйтүү; - курулуштун мөөнөтүн узартуу; - ЖЭС эксплуатациялоого байланыштуу чыгымдарды көбөйтүү |
4 | Техникалык тапшырманын иш мөөнөтү | Инвестициялык макулдашуунун жана концессиялык келишимдин шарттарына ылайык |
5 | Ишти өткөрүп берүүнүн тартиби | Инвестициялык макулдашуунун жана концессиялык келишимдин шарттарына ылайык |
6 | Эксплуатациялоонун наркы | Аналогдор, кеңейтилген көрсөткүчтөр жана эксперттик баалоолор боюнча эксплуатациялоонун наркын аныктоо. Анын ичинде казан жана турбиналык жабдууларды капиталдык оңдоодон өткөрүү чыгашаларын эсепке алуу (колдонуудагы долбоорлор менен окшоштугу боюнча объектке болгон капиталдык салымдардан 0,01-0,03) |
7 | Чыгашалардын бюджети | "П" стадиясынан баштап эксплуатацияга киргизүү менен аяктап, долбоорду ишке ашыруу графигине ылайык, квартал боюнча долбоордун чыгашаларынын кеңейтилген бюджетин иштеп чыгуу |
8. | Долбоорду башкаруу планы | Долбоорду уюштуруунун оптималдуу планын, анын ичинде долбоорду башкаруунун уюштуруу схемасын сунуштоо жана негиздеп берүү |
8. Башка маалыматтар | ||
1 | Аткаруучуга Заказчы тарабынан берилген баштапкы маалыматтар | Ишти аткаруу үчүн керектүү баштапкы маалыматтарды берүү графигин жана тизмесин Аткаруучу иштеп чыгат жана Заказчыга өткөрүп берет |
9. Иштин жыйынтыктары | ||
1 | Иштин жыйынтыктары | Заказчыга орус тилинде 4 нускада кагаз түрүндө жана бир нускасы электрондук түрдө берилет |
Даярдык иштеринин этаптары:
Иштердин көлөмү | Жыйынтыгы |
1-этап - ЖЭС куруунун концепциясын иштеп чыгуу. Республиканы электр энергиясы менен камсыздоо муктаждыктары үчүн керектүү жана жетиштүү коюлган электр кубаттуулугу менен замапбап технологиялардын электр энергиясын генерациялоо булагын курууну кароо. ЖЭС коюлган кубаттуулугунун болжолдуу мааниси: - электр кубаттуулугу - 1200 МВт; - электр энергияны иштеп чыгуу - 7,8 млрд. кВт/с. Электр энергиясын (кубаттуулугун) сатуу рыногунун маркетингдик талдоосун жүргүзүү. Mapкетингдик талдоонун негизинде ЖЭСтин коюлган кубаттуулугуна, ошондой эле негизги жабдуунун өзүнүн кубаттуулугуна талдоо жүргүзүү. Жүргүзүлгөн маркетингдик талдоонун жыйынтыктарынын негизинде коюлган электр кубаттуулугун колдонуунун сааттарынын санын негиздеп берүү. Курулуш аянтчасы боюнча материалдардын талдоосун жүргүзүү, ЖЭС курулуш аянтчасына Аткаруучунун барышы. Тандалган курулуш аянтчасы боюнча концептуалдык логистиканы, суу менен камсыздоо жана күл чыгаруу системаларына кетүүчү чыгымдарды баалоо. Долбоорлонгон ЖЭСтен республиканын энергосистемасынын линияларына чейин электр энергиясын өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды баалоо (кошуунун техникалык шарттары жана капиталдык чыгымдар). Экологиялык маселелерди, өнөр жай коопсуздугу жана объектти тышкы инфраструктурага кошуу үчүн аянтчанын шарттарын камсыз кылууну эске алуу менен объектти куруунун наркына жана тандап алынган аянтчаны тышкы инфраструктурага технологиялык коштуруунун эксперттик аныктамасын берүү (окшош долбоорлордун негизинде). Буу турбиналарын жана казандарды тандап алууну негиздөө менен энергетикалык жабдуулардын рыногуна талдоо жүргүзүү. Заказчыга ар кандай кубаттуулуктагы жабдууну орнотуу менен станциянын конфигурацияларынын бир нече варианттарын (үчтөн кем эмес) макулдашууга сунуштоо: - ар бир вариантта техникалык чечимдер алдын ала иштелип чыгууга тийиш, куруунун наркы жана эксплуатациялоого кете турган чыгашаларды баалоо, ошондой эле негизги финансылык-экономикалык параметрлеринин алдын ала эсептери электр энергиясынын наркын аныктоо, инвестицияларды 15 жылдын ичинде дисконттолгон түрдө кайтарып берилишин камсыздоо менен жүргүзүлүшү керек. Электр энергиясынын өздүк наркына талдоо жүргүзүү. "ЖЭС куруу концепциясы" отчетун жана презентацияны даярдоо. Заказчы менен ЖЭС куруунун негизги варианттарын Инвестициялардын негиздемесинин алкагында бекитүү | "Жылуулук электр станциясын куруунун концепциясы" алдын ала отчету. Ишти аткаруу мөөнөтү: 120 күн |
2 этап - ЖЭС курулушуна Инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгуу. Ар бир аянтчада ЖЭС курулушунун үчтөн кем эмес варианттарын жайгаштырууда курулуштун тандап алынган аянтчасы үчүн ЖЭС курууга Инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгуу. Инвестициялардын негиздемесин СП 11-101-95 сунуштарына ылайык иштеп чыгуу. Отчеттук документацияны жана презентацияны даярдоо | Отчеттук документация СП 11-101-95 ылайык. Презентация. Иштин аткаруу мөөнөтү - 60 күн |
Эскертүү: Техникалык тапшырма конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашуу түзүүдө оңдоп-түзөтүлүшү мүмкүн.
|
| Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттарынын жана тартибинин 4-тиркемеси |
Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун курууга инвестициялардын негиздемесин иштеп чыгуунун ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАСЫ
1. Жалпы маалыматтар | ||
1 | Заказчы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
2 | Долбоорлонуучу объекттин жайгашкан жери | Кыргызстан, Нарын жана Ысык-Көл облустары |
3 | Долбоордун максаты | Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу (мындан ары - Долбоор). Көмүрдү темир жол транспорту менен Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) кендеринен ЖЭСке жана Бишкек шаарынын ТЭЦине, түндүк региондун жана Бишкек ш. элине жеткирүү |
4 | Талаптар | Долбоорду ишке ашыруу мүмкүндүгү; Инвесторлордун каражаттарынын эсебинен Долбоордун ТЭНин жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу. ТЭНдин эл аралык стандарттарга, Кыргыз Республикасынын ченемдик документтерине жана мыйзамдарына ылайык келиши. "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу. Инвестициялардын түрү: мамлекеттик кепилдиги жок түз инвестициялар. Биргелешкен ишканада Кыргыз Республикасынын үлүшүн 20 пайыздан кем эмес өлчөмдө караштыруу. Энергетикада жана транспорттук чөйрөдө иш тажрыйбасы бар ийгиликтүү компания. Инвестордун иш жүргүзүү процессинде айлана-чөйрөгө зыян келтирилгенде, зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте толтуруу |
2. Техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу | ||
1 | ТЭНге коюлган негизги талаптар | ТЭНдин эл аралык стандарттарга шайкеш келиши, анын ичинде: - техникалык-технологиялык бөлүм Темир жол уюмдарынын шериктештигинин жалпы ченемдик-техникалык стандарттарынын, Курулуштагы стандартташтыруу, техникалык нормалоо жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссия тарабынан кабыл алынган мамлекеттер аралык курулуш нормаларынын, (МаКН) стандарттардын (ГОСТ) жана эрежелер жыйындысынын негизинде аткарылат, ал эми курулуш наркын окшош Долбоорлордун наркынын негизинде эсептөө; - натыйжалуулугун баалоо долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо боюнча колдонуудагы методикалык рекомендациялардын жоболоруна, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунда "ЮНИДО" өнөр жайды өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо боюнча эл аралык методикага ылайык аткарылат |
2 | ТЭНдин негизги бөлүмдөрү | Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолу боюнча ташылуучу товарлардын, продукциянын жана көмүрдүн көлөмүн изилдөө. Темир жолду куруунун варианттарын изилдөө жана варианттардын бирин тандоо. Экономикалык натыйжалуулугу. Темир жолду куруу технологиясы. Институттук бөлүм. Экологиялык таасири. Долбоордун социалдык натыйжасы. Ресурстарды пайдалануу: сууну, электр энергияны, курулуш материалдарын. Адам ресурстарын пайдалануу: кызматкерлердин штаты, башкаруучу персонал. Долбоорго финансылык талдоо; Учурдагы опурталдар жана проблемалар |
3 | Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолу боюнча ташылуучу товарлардын, продукциянын жана көмүрдүн көлөмүн изилдөө | Экономикасынын өнүгүшүн жана облустардын өнөр жайынын түзүмүн, алардын Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече маршруту боюнча темир жол аркылуу ташууларга муктаждыгын талдоо. Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолу боюнча жүк ташуулардын көлөмүн болжолдоо |
4 | Темир жолдун варианттарын изилдөө жана варианттардын бирин тандоо | Темир жолду куруунун эки-үчтөн кем эмес вариантын ар бир варианты боюнча эсептөөлөрү менен талдоо. Темир жолду куруунун эң оптималдуу вариантын эсептөөлөрү менен сунуштоо |
5 | Экономикалык (коммерциялык) натыйжалуулугу | Долбоорду ишке ашыруудан: региондо өндүрүлгөн продукциянын көбөйүшү, чектеш ишканалардын ишке киргизилиши, экономикалык субъекттердин ташууга чыгымдарынын азайышы сыяктуу экономикалык пайдаларды баалоо. Региондогу ишкерлик жана экономикалык иштин өнүгүшүн баалоо. Долбоордун коммерциялык натыйжалуулугун эсептөөнүн параметрлерин жана шарттарын аныктоо. Коммерциялык натыйжaлуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн баалоо: өзүн актоо мөөнөтү, таза дисконттук киреше, кирешелердин ички ченемин. Инвестициялардын тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо |
6 | Техникалык-технологиялык бөлүм | Курулуштун табигый-климаттык, рельефтик инженердик-геологиялык, гидрографиялык, сейсмикалык жана башка шарттарын сүрөттөө. Каралып жаткан темир жол багытынын технологиялык чечимдеринин варианттары: - жүрүүнү уюштуруу; - планы жана узата профили; - жердин бети; - жолдун үстүнкү түзүлүшү; - жасалма курулмалар; - тоннелдер жана галереялар; - туруктуу жана убактылуу автожолдор; - бөлүштүрүү пункттары; - локомотивдик жана вагондук чарба; - автоматика жана телемеханика түзүлүштөрү; - байланыш түзүлүштөрү; - электр менен камсыздоо; - штаттар; - кызматтык-техникалык имараттар; - инженердик камсыздоо; - курулуштун уюштурулушу, кезеги, көлөмү жана узактыгы; - курулуштун наркын эсептөө, бул аналогдор, болжолдук жана эксперттик баалоолор боюнча базалык жана учурдагы баалар менен эсептелет (АКШ доллары менен) |
7 | Экологиялык таасирин баалоо | Долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо, Долбоорду ишке ашыруудан болуучу экологиялык зыяндын санын баалоо жана анын зыяндуу таасирин азайтуу боюнча сунушталган иш-чаралар. Региондогу экологиялык абалды жакшыртуу үчүн Долбоор сунуштоочу иш-чаралар жана алардын сан менен көрсөтүлгөн натыйжалары. Тобокелдин негизги факторлорун аныктоочу экологиялык коркунучтарды баалоо, өзгөрүүлөрдүн божомолдуу мүнөзү жана диапазону, тобокелдиктерди азайтуу боюнча болжолдуу иш-чаралар |
8 | Институттук бөлүм | Мыйзамдык негизин сүрөттөө, Долбоорду ишке ашыруунун бардык катышуучулары жана алардын функциялары жөнүндө маалыматты, ошондой эле финансылык чыгымдарды баалоо менен эксплуатациялык циклдин жүрүшүндө долбоорду башкаруу схемасы |
9 | Долбоордун социалдык натыйжасы | Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында калктын демографиялык мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүшү. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында калктын кирешелеринин көбөйүшү. Темир жолду курууда, эксплуатациялоодо ачылуучу иш орундардын саны жана региондогу иш орундарды ачуудан болуучу натыйжалар. Социалдык тобокелдиктерди баалоо, өзгөрүүлөрдүн божомолдуу мүнөзү жана диапазону, тобокелдиктерди азайтуу боюнча болжолдуу иш-чаралар |
10 | ТЭНди жактыруу жана бекитүү жол-жобосу | ТЭН ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан каралып жана бекитилүүгө тийиш. Документти кароодо киргизилген сунуштар же четке кагуулар ТЭНди иштеп чыгуучулар же жактыруучу тараптар тарабынан негизделиши керек |
11 | Долбоордон күтүлүүчү натыйжалар | Долбоордун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жактырылган деталдуу техникалык-экономикалык негиздемеси. Инвестициялык макулдашууга кол коюу. Көмүр казып алууну жана калкка, өнөр жай ишканаларына, Бишкек ш. ТЭЦине жана ЖЭСке берүүнү көбөйтүү |
3. Инвестицияларды негиздөөнүн курамында төмөнкүлөрдү аткаруу | ||
1 | Жаратылышты коргоо иш-чаралары | Колдонуудагы Таасир этүүнүн чегин эске алуу менен жабдууларды жана алардын курамын тандоо, ЖЭС ишинин режими боюнча сунуштарды даярдоо. Алдын ала Айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүүнү иштеп чыгуу. Жаратылышты коргоо иш-чараларынын наркын алдын ала баалоону аткаруу. ЖЭСтин санитардык зонасын аныктоо. Төмөнкүлөр боюнча долбоордук чечимдерди караштыруу жана аткаруу: - колдонуудагы эң мыкты жеткиликтүү технологияларды ишке киргизүү; - табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана кайра өндүрүү, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын комплекстүү иштетүү жана утилдештирүү; - саркынды сууларды натыйжалуу тазалоону камсыз кылуу, аларды техникалык муктаждыктарга пайдалануу; - жер кыртышынын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана калыбына келтирүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы объекттердин статусун сактоо; - бузулган жерлерди рекультивациялоо; - калктын жана айлана-чөйрөнүн антропогендик физикалык, химиялык жана биологиялык факторлордун зыяндуу таасиринен корголушун камсыздоо |
4. Иштин жыйынтыктары | ||
1 | Иштин жыйынтыктары | Заказчыга төрт нускада кагаз түрүндө жана электрондук сактагычта бир нускада расмий тилде берилет |
Эскертүү: Техникалык тапшырма конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашуу түзүүдө оңдоп-түзөтүлүшү мүмкүн.
|
| Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттарынын жана тартибинин 5-тиркемеси |
Форма
Конкурска катышууга билдирүү
Мен, _____________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
__________________________________________________________________________________
(ким экендигин билдирүүчү документ)

(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
төмөнкү юридикалык жактын атынан чыгуу менен:

(толук аталышы, каттоо номери, катталган дата жана каттаган орган),

дареги, банктын реквизиттери)
төмөнкүгө негизденип:

(жак негизденип аракеттенген документ, эгерде өкүл ишеним каттын негизинде иштесе,

анда ишеним каттын реквизиттери)
Ишеним кат боюнча:

(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген
жашаган дарегим:

(шаар, айыл (село), көчөсү, үйдүн жана квартиранын №)
Төмөндөгүлөрдү билдирем:
боло турган конкурска катышуу ниетим жөнүндө:

(өткөрүлө турган жери жана убактысы)
концессия объектиси(лери) боюнча:

концессия объектилеринин аталышы
Билдирген ушул ниетиме ылайык төмөнкүдөй төгүмдөр төлөндү:
1. Геологиялык кыска маалыматтар үчүн төлөм 2300000 (эки миллион үч жүз миң) сом.
2. Конкурска катышуу үчүн төлөм 15000000 (он беш миллион) сом.
3. Кепилдик берүү төгүмү 76000000 (жетимиш алты миллион) сом өлчөмүндө же төлөй турган күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ долларынын эквиваленти жана/же 76000000 (жетимиш алты миллион) сом суммасына банктын кепилдиги берилген.
Конкурста жеңсем, төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу багытында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Шарттарда аныкталган мөөнөттө концессия үчүн төлөмдү киргизүүгө;
3) жер казынасын пайдалануу багытында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү төлөмдөрдү төлөөгө;
4) кен объектилерин конкурска коюунун ажырагыс шарттары болуп саналган кен объектилерин пайдаланууга карата конкурстун уюштуруучулары белгилеген талаптарды аткаруу, ал эми аларды аткарбаган шартта - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Шарттарда белгиленген айыптык санкцияларды төлөөгө.
Конкурстун өтүлбөй калышын тааныган учурда, эгерде билдирилген сунуштардын бири да Шарттардын талабына жооп бербесе же болбосо бир гана билдирүү келип түшсө, конкурстун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга макулмун, мында геологиялык кыска маалымат үчүн төлөмдүн суммасы жана конкурска катышуу үчүн төлөмдөр кайтарылып берилбейт жана жер казынасын пайдалануу багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
Конкурска катышуу үчүн ушул билдирмеге кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
1. ______________________________________________________________________________;
2. ______________________________________________________________________________;
3. ______________________________________________________________________________;
4. ______________________________________________________________________________;
5. ______________________________________________________________________________;
6. ______________________________________________________________________________;
7. ______________________________________________________________________________;
8. ______________________________________________________________________________;
Паспортту билдирмени берүүдө талапкер өзү көрсөтөт.
Билдирүүчүнүн (ыйгарым укуктуу жактын) колу: ________________________________________
|
| Датасы "__" ____________ 2016-жыл |
Кабыл алынды: ____________________________________________________________________
(билдирмени кабыл алган адамдын кызмат орду)

(так убактысын көрсөтүү менен билдирмени кабыл алган датасы)

(билдирмени кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу)
|
| Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттарынын жана тартибинин 6-тиркемеси |
Форма
Милдеттенме
Мындан ары "Катышуучу" деп аталып, ________________________________________________

(юридикалык жактын, консорциумдун аталышы, же жеке жактын аты-жөнү)
___________________________________________________________________ атынан чыгуучу,
(аты-жөнү)
__________________________________________________________________ негизинде иштеп,
(контракт, келишим, устав)
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде (мындан ары - Шарттар) каралган бардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Конкурстун жеңүүчүсүн тандап алууда Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун катышуучусу төмөнкүлөргө макулдугун берет:
- конкурстун негизги шарттарын таануу, аларды концессиялык келишимге жана инвестициялык макулдашууга киргизүүгө;
- Шарттарда каралган бардык айыптарды төлөөгө;
- алардын концессия үчүн сунуштаган төлөмү кайтарылбаган төлөм болооруна;
- Шарттардын талаптарына жана конкурстун экинчи этабында алар билдирген сунуштарга ылайык концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзүүгө.
Катышуучу Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун шарттарынын бир бөлүгү болуп саналган жогоруда аталган милдеттенмелерди туура түшүнөт жана макул болот.
Колу: | _______________________________________ |
|
Аты-жөнү: | _______________________________________ |
|
Кызмат орду: | _______________________________________ |
|
Датасы: | _______________________________________ |
|
Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалын өнүктүрүү жана Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Концессия үчүн сунушталган объекттердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участок) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү шарттары жана тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук комиссия Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту белгиленген тартипте өткөрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге бир айлык мөөнөттө концессиялык келишимдин жана инвестициялык макулдашуунун долбоорлорун иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- 2016-жылдын 1-мартында Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяны расмий басма органдарында жарыяласын;
- конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыяны расмий басма органдарында жарыялаганга чейин Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна өтө турган конкурсту жалпыга маалымдоо каражаттарында (эл аралыктарды кошкондо), эл аралык форумдарда, конференцияларда, көргөзмөлөрдө жана башка инвестициялык аянтчаларда чагылдырууну камсыз кылсын;
- инвесторлорду тартуу, долбоорду коштоо, инвестициялык макулдашууну жана концессиялык келишимди иштеп чыгуу жана түзүү максатында көз карандысыз компаниянын консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн, кийин аталган документтерге конкурска катышуу үчүн төлөнгөн төлөмдүн эсебинен аталган каражаттарды инвесторлорго кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди киргизүү менен сатып алууну ишке ашырсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.