Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 398-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-марты № 78-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине жана 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия эки айлык мөөнөттө конкурсту өткөрүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т. Сариев |
Тиркеме
"Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Рыскулов У.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, конкурстук ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Сапаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Төлөнов Д.Э. | - | "Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Пирматов И.А. | - | "Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Нышанов С.К. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тиллаев Т.Г. | - | "Республика - Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мадеминов М.Г. | - | "КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жутанов А.Т. | - | "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Керималиев Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Азимов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Орозалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Кокочоров У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Рыспеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Маматов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; |
Жусубалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Гильфанов И.В. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
(24-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) | ||
Кулдашев А.Х. | - | Сүлүктү шаарынын мэриясынын экономиканы өнүктүрүү жана өнөр жай бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
Халмурзаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Орозбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Дюшеев А. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казыналарын коргоо жана кен казуу өнөр жайы башкармалыгынын начальниги; |
Исаев А.А. | - | Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин биринчи орун басары; |
Тажибаев К. | - | Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |