Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-октябры № 398-б
Сүлүктү-талаа 11 көмүр кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Сүлүктү-талаа 11 көмүр кенин иштетүү жана анын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Конкурстук комиссиясы эки айлык мөөнөттө конкурс өткөрүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы № 78-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 381-б буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б буйругунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б буйругунун 4-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйругунун 5-пункту.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Сүлүктү-талаа 11 көмүр кенин иштетүү жана анын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Осмонбетов Эмиль Кубатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, конкурстук комиссиянын төрагасы; |
Джаманбаев Мырза Кермалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Джураев Сайдолимжон Маруфович | - | Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шарапов Закир Эшматович | - | "Республика - Ата Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Токторов Алмазбек Сатиевич | - | "Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович | - | "Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Нышанов Сайдулла Канболотович | - | "Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Ганыев Каныбек Токтоматович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин баалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Сатыбеков Мелис Бакытович | - | Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин геология башкармалыгынын начальниги; |
Гильфанов Ильдар Вазифович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгын начальниги; |
Ногоев Азамат Шамшыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Шаршеналиев Нурпаис Эркинбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин укук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Усаров Жусували Камалович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Лейлек райондук боюнча шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги; |
Секиев Баатырбек Садыбакасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги; |
Жээналиев Жалын Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн башчысы; |
Осмонов Табылды Шамшидинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жер казынасын коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Исмаилов Каныбек Арзибекович | - | Баткен облусунун Сүлүктү шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ташев Бавабек Ергашевич | - | Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Кулдашев Абдубаном Халматович | - | Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын экономикалык өнүктүрүү жана өнөр жай бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы. |