Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-марты № 86-б
Кыргыз Республикасындагы иммиграциялык процесстерди мамлекеттик жөнгө салуу максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн көңүлгө алуу менен:
1. 2016-жылга региондор боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык келтирүү максатында "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эки айлык мөөнөттүн ичинде иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2016-жылга региондор боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык КВОТА
Региондун аталышы | Саны (адам) |
Бишкек шаары | 550 |
Ош шаары | 45 |
Баткен облусу | 20 |
Жалал-Абад облусу | 30 |
Ысык-Көл облусу | 15 |
Нарын облусу | 10 |
Ош облусу | 45 |
Талас облусу | 10 |
Чүй облусу | 250 |
Бардыгы | 980 |