Редакцияот 11.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 11-апрели № 163-б

Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу жана маалыматтарды иштеп чыгууну тездетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына ылайык:

1. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик мекемелер жана ишканалар:

- 2016-жылдын 1-августунан кечикпеген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук отчеттуулук системасынан каттоодон өтүшсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен отчет тапшыруунун электрондук ыкмасына өтүшсүн;

- жетекчилер жана башкы бухгалтерлер үчүн электрондук санариптик кол тамганы сатып алууну тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мамлекеттик органдардан социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен электрондук түрдө кабыл алсын;

- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук отчеттуулук системасы тууралуу маалымдоо, ошондой эле ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мамлекеттик органдарды электрондук отчеттуулукка өткөрүү процессин уюштуруучулук жактан камсыздоо боюнча иштерди жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев