Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген |
2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алардын ишинин натыйжалуулугун, ачыктыгын жогорулатуу жана көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын спектрин кеңейтүү, натыйжалуу жана аз чыгымдуу башкаруу, демократияны өркүндөтүү жана элдин алдында бийликтин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну түп-тамырынан бери жакшыртуу максатында, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын (мындан ары – ТӨУС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
Мамлекетти башкаруу тутумундагы коррупциялык факторлорду четтетүү, жарандарга тоскоолдуксуз жана өз убагындагы сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле буга зарыл болгон маалыматтарды алуусуна шарттарды түзүү Программанын маанилүү милдети болуп саналат.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарынын жардамы менен мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын барууларын азайтуунун эсебинен коррупциянын деңгээли төмөндөйт.
Бул Программада «электрондук башкаруу» термини деп мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун бардык аспектилеринин жыйындысы түшүнүлөт – административдик, уюштуруучулук, материалдык-техникалык, программалык-технологиялык, маалыматтык-коммуникациялык, ченемдик укуктук, билим берүүчүлүк, адамдык, финансы-экономикалык, саясий. Буга окшош «электрондук өкмөт» термини «электрондук администрация» деп белгилүү административдик функцияларды жана жол-жоболорду автоматташтырууга көбүрөөк басым жасайт жана саясат, демократиялуулук жана башкаруу практикасынын этикасы маселелерине көп деле таасирин тийгизбейт. Мындай контекстте «электрондук өкмөт» түшүнүгү «электрондук башкаруу» деген кыйла кеңирирээк терминдин бир бөлүгү болуп эсептелет.
Программа ТӨУСтүн максаттарына негизделген. Алсак, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2013-жылдын 14-майындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы эске алынган, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик органдардын ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну караган тапшырмалар берилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-мартындагы № 54 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиянын» улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-ноябрындагы № 697 токтому (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 573 токтомунун редакциясында) менен бекитилген Кыргыз Республикасында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу тажрыйбасы эске алынган.
Программа ошондой эле электрондук башкаруу жаатындагы стратегиялык документтерди даярдоодо жана ишке ашырууда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонот.
Программанын максаттарына жетүү үч этап менен ишке ашырылат – даярдоо (2014-жыл), өткөөл (2015-жыл) жана ишке киргизүү (2016-2017-жылдар).
Программада 2014-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну өнүктүрүүнүн жети артыкчылыктуу багыты боюнча максаттуу милдеттер жазылган. Ар бир максаттуу милдет бир катар стратегиялык иш-чаралар менен коштолот.
ТӨУС мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын аныктайт. Мамлекеттик органдарды реформалоо боюнча мурда көрүлгөн чараларды талдоо алардын ишин укуктук мамлекеттин талаптарына ылайык келтирүү боюнча аракеттердин жетишсиздигин эле эмес, ошондой эле реформанын өзүнө адекваттуу эмес жана системалуу эмес мамилелер жөнүндө күбөлөндүрөт. Өзгөртүүлөр министрликтер менен ведомстволордун ишин реформалоодон эмес, аларга эски турпатында жаңы түр берүүдөн туран. Функциялык талдоо жүргүзүлгөн, мамлекеттик органдардын саны өзгөргөн, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн процесстерин башкаруу боюнча алардын ишинин сапаты байкалаарлык жакшырган эмес.
ТӨУС мамлекеттик аппараттын ишин модернизациялоо жолу менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жарандардын ишенимин калыбына келтирүү милдетин коёт. Анын кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин күчөтүү, Кыргызстандын жарандарына жана бизнес-коомчулугуна мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, бийликтин жарандык коом менен өз ара аракеттенишүүсүн чыңдоону кошкондо, мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин толук кандуу ачык-айкындыгын камсыз кылуунун эсебинен мамлекеттик башкаруудагы коррупцияны жеңүү болжолдонууда. Бул максаттарга жетүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү колдонуу каралууда.
Атап айтканда, ТӨУС байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү, ошондой эле маалыматтык мейкиндиктин бирдиктүүлүгүн жана маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдү натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууну карайт. Ошондой эле натыйжалуу жана аз чыгымдуу башкаруу, демократияны өркүндөтүү жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн электрондук башкарууну өнүктүрүүгө жана модернизациялоого багытталган бир катар иш-чаралар пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жаатындагы иштеринин абалын талдоо тийиштүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү зарылдыгын билдирет. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө узак убакыт бою электр байланышы, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында ченемдик-укуктук база түзүлгөн. Коомдо жана башкарууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну аныктаган 100дөн ашуун ченемдик укуктук актылар бар. Муну менен бирге, колдонуудагы ченемдик укуктук база мыкты эл аралык тажрыйба жана ченемдик укуктук актыларга карата колдонулуучу ыкмалар менен шайкеш келтирүү максатында өркүндөтүүнү талап кылат. Ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана шайкештик чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, эскирген ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу жана азыркы учурга гана жооп берген эле эмес, келечекти да чагылдыра турган жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну кошкондо, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды аны жөнөкөйлөтүү жана консолидациялоо жолу менен жаңы шартта олуттуу түрдө кайра карап чыгуу талап кылынат.
Колдонуудагы ченемдик укуктук актылар электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү процесстерин аныктоого тийиш болгон так жазылган техникалык стандарттарды жана бирдиктүү саясатты чагылдырбайт. Иштин мындай абалы электрондук башкарууну андан ары жайылтууда жана кыйла тез темп менен өнүктүрүүдө тоскоолдук келтирет.
Электрондук башкаруунун инфратүзүмү чөйрөсүндө азыркы учурда өлкөдөгү 40 ведомство менен уюмдарда көптөгөн (145ке жакын) ар түрдүү жана эреже катары, автономиялык мүнөздө түзүлгөн жана иштеген мамлекеттик маалыматтык тутумдар бар.
Мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумун интеграциялоо, ошондой эле өкмөттүк мекемелердин түзүмүн (архитектурасын) сүрөттөгөн электрондук регламенттерди түзүү, аларда болгон бизнес-процесстер, ошондой эле ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү принциптери «электрондук башкаруунун» милдеттүү элементи болуп саналат. Колдонуудагы маалыматтык тутумдар тар ведомстволук түрдө, ар кандай убакытта, ар кандай деңгээлде жана ар кандай технологияларды колдонуу менен, эң башкысы бирдиктүү ыкмасыз ишке ашырылып келген. Анын натыйжасында мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтар менен автоматташтырылган алмашуу процесси татаалданган. Бул негизинен - маалыматтар базасы, документтерди электрондук жүгүртүүнүн, бухгалтердик жана кадрдык эсепке алуунун тутумдары.
Жөнөкөй технологиялык модернизациялоо натыйжалуу «электрондук башкарууну» түзүү үчүн жетишсиз шарт болуп саналат. Өзүнө шайкеш келген (интеграцияланган) маалыматтык тутумду (колдонмо мамлекеттик маалыматтык тутумдар), мамлекеттик органдардын ишин, өзгөчө ведомстволор аралык долбоорлорду ишке ашырууда жөнгө салуучу маалыматтардын агымын жана эрежелерди тартипке келтирүүнү камтууга тийиш болгон тутумду түзүүчү инфратүзүм зарыл. Ошол эле учурда айрым маалыматтар базаларынын ортосунда маалыматтар менен алмашуу ишке ашырылат, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык тутумдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү жалпы мамлекеттик концепциясын өркүндөтүү талап кылынат. Ошентип, электрондук эле эмес (техникалык), уюштуруучу-маалыматтык тутумдар аралык шайкештик жок.
Ошондой эле тажрыйба жүзүндө ишке ашырылган бардык мамлекеттик маалыматтык тутумдар үчүн жалпы инфратүзүмдүк, платформалык жана программалык сервистер да жок. Мындай сервистердин болушу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн жана шайкештиктин натыйжалуу тутумун түзүүнү жана ушул негизде акыркы керектөөчүлөр үчүн электрондук кызматтарды көрсөтүүнү архитектуралык камсыздоого мүмкүндүк берет. Ички бизнес-процесстерди жана регламенттерди кайра уюштуруунун жана санариптештирүүнүн моделдери жана сценарийлери жок. Мунун бардыгы ички ведомстволук регламенттерди жана жумушчу маалыматтык агымдарды кеңири кайра уюштурууну талап кылбаган секторлордо дагы интерактивдүү электрондук кызматтарды көрсөтүүнү токтотуп турат.
Электрондук башкарууну каржылоо чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы долбоорлорго сарпталган бардык чыгымдар боюнча болгон маалыматтарга алдын ала жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй (2013-жылдын октябрь айынын аягына карата), акыркы төрт жылдын ичинде болжол менен эки миллиард сом (бул дээрлик 50 миллион АКШ долларына экваленттүү) жумшалган. Бул сумманын 15% гана бюджеттик каражаттарга туура келе тургандыгы жөнүндө факты маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүн каржылоодо тышкы донорлордун ишинин начар координациясын гана айгинелебестен, бюджеттик чектөөлөрдү эсепке алуу менен бул чөйрөнү каржылоонун аздыгын да көрсөтөт. Мындан тышкары, жалпы мамлекеттик деңгээлде бул тармакты стратегиялык башкарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ролун күчөтүү зарыл.
Орточо алганда, алдын ала маалыматтар боюнча түзүлгөн бир комплекстүү маалыматтык тутумга ээлик кылуунун жыйынтык баасы бир жана андан көп миллион АКШ долларына жетет. Мында, колдоонун жана коштоонун жалпы ведомстволор аралык тутумдары болбогон учурда мамлекеттик маалыматтык тутумдардын иштешин камсыз кылуунун бардык тутумунун толук кандуу иштешин өз алдынча камсыз кылуу зарылдыгынынн эсебинен топтолгон чыгымдар 2-3 жана андан көп эсе жогорулайт.
Ошону менен бирге, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй ээлик кылуунун жыйынды наркынын көрсөткүчү орто жана узак мөөнөттүү келечекте көп жолу төмөндөшү мүмкүн. Бул мамлекет жалпы мамлекеттик маалыматтык тутумдарды түзүү жана пайдалануу боюнча чыгымдарды азайтуу көз карашы менен бир топ пайда алат дегенди билдирет. Маалымат технологияларынын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын базалык архитектура деңгээлинде терең интеграция жалпы ички сервистерди түзүүгө жана мындай жол менен акыркы керектөөчүгө кызматтарды көрсөтүүнү бир топ жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Ээлик кылуунун жыйынды наркынын көрсөткүчүн пайдалануу мамлекеттик маалыматтык тутумдардын түзүлүшү менен байланыштуу чыгымдардын түзүмүн стандартташтырууга мүмкүндүк берет жана сарпталуучу финансы каражаттарын кыйла натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого жардам берет.
Электрондук кызматтарды координациялоо чөйрөсүндө системалуу ишти күчөтүү зарыл. Негизги көңүл бардык колдонуудагы кызмат көрсөтүүлөрдү жана функцияларды оптималдаштырууга бөлүнөт, алардын саны жакынкы мезгилге чейин 20 миңден ашат. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү жарандарды жана бизнес-коомчулуктарды тейлөөгө түздөн-түз тиешеси жок, же азыркы учурда актуалдуу эмес административдик функциялар жана жол-жоболор катары кыскартылган. Талдоонун жүрүшүндө бекитилген жана көрсөтүлүүчү кызматтардын электрондук кызмат көрсөтүүлөр катары классификацияланбаганы же каралбаганы аныкталган. Ченемдик укуктук актыларда документтерди жана маалыматтарды электрондук форматта берүү мүмкүндүгүнүн гана аныктамасы бар. Негизинен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары документтерди жана маалыматтарды берүүдө кагаз жүзүндөгү форматты колдонушат. Ошол эле учурда айрым ведомстволордо жана мекемелерде бул процесс автоматташтырылган жана өнүгүүнүн ар түрдүү деңгээлиндеги расмий сайттар аркылуу ишке ашырылат.
Кадрдык потенциал чөйрөсүндөгү көйгөй ошондой эле бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон маалыматтык коопсуздукка карата бирдиктүү талаптардын жоктугу болуп саналат, ага бөлүнүштөрдүн жетекчилерин жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүгө тартылган персоналды жашыруун маалыматты коргоо принциптерине жана технологияларына окутуу кирет. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы кесиптик билими бар кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу айрым мамлекеттик органдарда маалымат технологиялары чөйрөсүндө бөлүнүштөр же маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн жооптуу ведомстволук уюмдар жок. Мындай факторлор электрондук башкаруу киргизилген учурда терс натыйжага ээ болушу мүмкүн. Программанын милдеттерин аткаруу үчүн ведомстволордун жана уюмдардын деңгээлинде, алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен электрондук башкаруунун принциптерин натыйжалуу колдонууга мүнөздүү болгон кесиптик билимди жана жөндөмдү компетенциялар менен толуктоо керек.
Өлкөдө колдонулуучу ченемдик укуктук база электрондук башкарууну өнүктүрүүнүн минималдуу зарыл болгон шарттарын камсыз кылат, бирок маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын потенциалын мамлекеттик башкаруунун практикасында, муну ТӨУС талап кылгандай толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн өркүндөтүү зарыл. Мисалы, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу мыйзамдарды дүйнөлүк эң мыкты практикалар менен шайкеш келтирүү учурда кошумча түрткү алышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк өлкө «Ачык өкмөт» эл аралык өнөктөштүккө, глобалдуу мүнөздөгү эл аралык жаңы демилгеге кошулган учурда пайда болушу мүмкүн. Эл аралык өнөктөштүктүн декларациясын таануу башкаруу органдарынын иши жөнүндө берилүүчү маалыматтардын көлөмүн көбөйтүү, жарандык коом менен кызматташтыкты кеңейтүү, башкаруу аппаратынын жана мамлекеттик кызматкерлердин ишине жогорулатылган кесиптик стандарттарды киргизүү, жаңы технологияларга жетишүүнү жакшыртуу, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук боюнча милдеттенмелерди кабыл алууну жана аткарууну билдирет. Кыргыз Республикасынын Эл аралык өнөктөштүктүн ишине катышуусу мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык багыттары боюнча ченемдик укуктук базаны жана анын мыйзам колдонууну модернизациялоого көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке киргизүүнүн башкы принциби жарандардын жана бизнес-коомчулуктун кызыкчылыктарына көңүл бөлүү болуп эсептелет. Дагы башка маанилүү принциптер болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Жарандарга жана бизнес-коомчулукка алардын мамлекет менен болгон өз ара мамилелеринин бардык деңгээлдеринде административдик басымды азайтуу.
2. Жарандарга жана бизнес-коомчулукка кыйла пайдалуу электрондук кызматтарды көрсөтүү.
3. Жарандык контролдун жаңы интерактивдүү механизмдерин түзүү жана башкаруу органдарынын чечимдерди иштеп чыгуу жол-жоболоруна катышуу.
4. Башкаруунун бардык органдары үчүн маалымат технологиялары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү жалпы чечимдердин негизинде ресурстарды консолидациялоо жана ички бизнес-процесстерди түп-тамырынан бери кайра уюштуруунун эсебинен финансылык каражаттарды үнөмдөө.
5. Заманбап технологиялык инновацияларды максималдуу пайдалануу (мисалы, «булуттук эсептөөлөрдү»).
6. Бардык кызыкдар тараптарды бизнес-коомчулукту жана жарандык коомду кошкондо, өнөктөштүк негизде тартуу.
Программанын башкы максаты ТӨУСту ишке ашыруу кызыкчылыгында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири масштабда пайдалануунун негизинде башкаруунун кыйла натыйжалуу, адамдарга багытталган, ачык жана демократиялуу тутумуна өтүүдөн; «электрондук өкмөт» сервистерин ишке киргизүүнүн негизинде мамлекеттик башкаруу органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын терең реформалоого көмөк көрсөтүүдөн; жарандар жана бизнес үчүн алардын фундаменталдык турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу кызыкчылыгында интерактивдүү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы муунун түзүү жолу менен борбордук, региондук жана жергиликтүү деңгээлдерде ачык башкаруунун бүткүл тутумун ар тараптуу санариптештирүүнү ишке ашыруудан турат. Программанын башкы максатына жетүү артыкчылыктуу жети багыт боюнча өз ара бири-бири менен байланышкан максаттуу милдеттерди аткаруу менен камсыздалат.
Программанын максаттарына жетүүнүн артыкчылыктуу багыттары:
1. Ченемдик укуктук база. Мамлекеттик башкарууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүдө жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны модернизациялоо.
2. Маалымат технологиялары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү архитектура. Бирдиктүү инфратүзүмдүү, платформалык жана программалык сервистер менен электрондук башкаруунун жалпы мамлекеттик тутумун түзүү.
3. Финансылык жана экономикалык натыйжалуулук. Мамлекеттик башкарууда жана жергиликтүү өз алдынча башкарууда маалымат технологиялары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды олуттуу үнөмдөөнү жана инвестицияларды оптималдаштырууну камсыз кылуу. Бул багытта мамлекеттик маалыматтык тутумдардын жана ресурстардын экономикалык жана финансылык натыйжалуулугун жогорулатуу.
4. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр. Жарандардын жана бизнес-коомчулуктун турмуштук-маанилүү керектөөлөрүн канааттандыруу максатында сапаттуу, жеткиликтүү жана колдонууга ыңгайлуу интерактивдүү электрондук кызматтарды көрсөтүүнү тездетүү.
5. Кадрдык потенциал жана санариптик сабаттуулук. Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык деңгээлинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кадрдык потенциалын олуттуу жогорулатууга, ошондой эле калктын электрондук кызматтар жөнүндө маалымдуулугунун өсүшүнө көмөк көрсөтүү.
6. Ачыктык жана жарандардын катышуусу. Интернет тарамында коомдук консультацияларды жүргүзүүнү кошкондо, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу жарандардын маалымат алуу жана чечимдерди иштеп чыгуу жол-жоболоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу кеңейтүүнүн эсебинен мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулук жана отчет берүү деңгээлин олуттуу жогорулатуу.
7. Башкаруу жана координациялоо. Натыйжалуу институттарды жана башкаруу механизмдерин түзүү жана ведомстволор аралык координациялоо аркылуу Программаны максатка ылайык ишке ашырууну камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасында Электрондук башкарууну ишке киргизүү программасынын максаттарына жетүүнүн артыкчылыктуу багыттары төмөнкү милдеттерди карайт:
1. Шайкеш келтирүү жана консолидациялоо максатында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана жаңыларын иштеп чыгуу:
- 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2004-жылдын 17-июлундагы № 92 «Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Контролдоо жана субъектилердин жеке маалыматтарынын укугун коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө» токтомунун долбоору;
башка ченемдик укуктук актылар.
2. Электрондук башкаруунун борборлоштурулуп башкарылуучу тутумун түзүү жана бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бирдиктүү электрондук инфратүзүмдү түзүү үчүн төмөнкү иштелип чыккан маалымат технологияларын жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү:
- ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму;
- облустук борборлор жана коңшу өлкөлөр менен байланышуу үчүн корголгон була-оптикалык линиялар;
- Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору.
3. Электрондук башкаруу программасын каржылоо булактарын түзүү жана финансылык жана экономикалык натыйжалуулукту баалоонун комплекстүү тутумун жана маалымат технологияларынын, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын финансылык аудит тутумун ишке киргизүү:
- бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, ошондой эле өнөктөштүккө чакырылган эл аралык донорлук уюмдардын эсебинен каржылоо;
- маалымат технологиялары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү менеджментти кошкондо, маалымат технологиялары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлордун натыйжалуулугун финансы-экономикалык баалоо;
- маалымат технологияларына жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларга финансылык аудит жүргүзүү.
4. Көрсөтүүнүн белгилүү форматы жана каналы менен түзүлгөн артыкчылыктуу электрондук кызматтардын тизмегин санариптөө:
- электрондук башкаруунун жалпы сервистеринин негизинде биринчи кезекте автоматташтырууга тийиш болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси;
- электрондук кызматтардын онлайндык интерактивдүүлүгү;
- электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы.
5. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө долбоорлорду электрондук башкаруу жана башкаруу негиздерине окутуу тутуму боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу. Санариптик сабаттуулукка окутуу программасын ишке киргизүү жолу менен кеңири массаны камтуу деңгээлин жана алардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу:
- окутуунун электрондук каражаттарынын эсебинен, ошондой эле чет өлкөлөргө стажировкага жиберүүнүн эсебинен кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- айыл жеринде, анча чоң эмес шаарларда жана алыскы райондордо калкты санариптик сабаттуулукка окутуу Программасы.
6. Жарандардын мамлекеттин иштешине жана саясий чечимдерди кабыл алуу процессине коомдук катышуу деңгээлин жогорулатуу үчүн ачык жана отчеттук башкаруу технологиясын ишке ашыруу:
- мыйзамдын долбоорлорун Интернет тарамында коомдук талкуулоо механизмдерин жана жол-жоболорун өркүндөтүү;
- мамлекеттик башкаруунун бардык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көпчүлүк органдарынын веб-сайттары башкы менюда берилүүчү маалыматтарга, Интернет тарамында коомдук консультацияларды жүргүзүү, калктын чечимдерди кабыл алуу жол-жоболоруна катышуусуна тийиштүү бөлүмдөргө шилтемелерди камтууга тийиш;
- ачык-айкындуулук жана отчеттуулук жаатындагы демилгелерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо, буга жарандардын жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин мындай демилгелердин жыйынтыктарына канааттануу деңгээлин баалоо кирет (Кыргыз Республикасынын ар кайсыл региондорунун мисалында).
7. Мамлекеттик башкаруу тутумунун бардык деңгээлдеринде Электрондук башкаруу программасын ишке ашырууга жана координациялоого толук колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу:
- жалпы мамлекеттик деңгээлде Программаны ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык координациялоо механизмин түзүү;
- Программаны ишке ашырууну колдоого бардык мамлекеттик органдардын жеке пландарын; ар бир кварталдык негизде пландарды аткаруу жөнүндө отчеттуулук формаларын түзүү боюнча сунуштамаларды бекитүү;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндө маалымат технологияларынын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар инфратүзүмүнүн техникалык операторун дайындоо.
Ар бир артыкчылыктуу багыт боюнча Программаны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планынын негизин түзгөн иш-чаралар түзүлгөн.
Программаны ишке ашыруу үч негизги этап боюнча жүргүзүлөт. Программаны ишке ашыруунун этаптары так белгиленген эмес жана практикада конкреттүү жагдайларга жана чыныгы муктаждыктарга жараша айкалышат. Бирок, аныкталган этаптуулук Программаны алгылыктуу координациялоо жана ресурстарды рационалдуу бөлүштүрүү үчүн зарыл.
Биринчи этапта - 2014-жылы уюштуруучулук жана башкаруучулук мүнөздөгү даярдоочу иш-чараларды жүргүзүү керек. Программанын Иш-чаралар планындагы айрым иш-чараларды түздөн-түз аткаруу мүмкүнчүлүгүн кошуу менен, тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Программанын ишке ашырылышын ведомстволор аралык координациялоо боюнча функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон өзгөртүүлөрдү Электрондук башкаруунун мамлекеттик борборунун (ЭБМБ) юридикалык статусу жөнүндө жобого киргизүү; ЭБМБнын кадрдык потенциалын чыңдоо жана жаңы функциялык милдеттерге ылайык анын түзүмүн оптималдаштыруу сунушталат. ЭБМБ курамына мамлекеттик органдардын (министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун) өкүлдөрү кирген Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңешин түзүү жана анын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болот. Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилер кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилиши керек.
Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилер кеңеши Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары боюнча «жол карталарынын» долбоорлорун даярдоочу профилдик эксперттик жумушчу топторду түзөт жана Программанын иш-чараларын ишке ашырууну колдоо катары мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички пландарын иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат. Бекитилген «жол карталарынын» негизинде бардык мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен, Программаны ишке ашыруу мезгилинде өздөрүнүн иш-аракеттеринин ички пландарын иштеп чыгышат. Башкаруу органдарынын «жол карталары» Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңешинин жана ЭБМБнын жактыруусунан кийин ички буйруктардын негизинде бекитилет. Жол-жоболордун деталдары иштелип чыгууга жана биротоло бекитүүсү керек. ЭБМБ, Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңешинин жана эксперттик жумушчу топтордун иши дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен эл аралык эксперттерди тартуу аркылуу максималдуу ачык-айкын болот.
Экинчи этап 2015-жылды камтыйт жана электрондук башкаруунун жаңы ченемдик укуктук базасын калыптандыруу жана жалпы сервистерди түзүү боюнча иш-чараларды толук масштабдуу ишке ашырууга өтүүчү этап болот. Бул этапта, алсак колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жаңы ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча сунуштардын толук топтомун түзүүнү бүткөрүү керек. Ошондой эле техникалык, уюштуруучулук, укуктук жана маалыматтык планда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу тутумун түзүү үчүн тутумдардын шайкеш келүүсү боюнча негизги документтерди иштеп чыгууну да камтыйт. Иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бекитүү жол-жобосу башталат.
Үчүнчү этапта - 2016-2017-жылдары бардык зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, жалпы инфратүзүмдүк, платформалык жана программалык сервистерди пайдаланууга киргизүү (тажрыйбалык фазаны кошкондо), ошондой эле базалык реестрлерди түзүүнү аяктоо жана жарандар менен бизнес-коомчулук үчүн пландаштырылган артыкчылыктуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу максатында колдонуудагы маалымат базаларын бириктирүү каралган. Зымсыз байланыш каражаттары кеңири колдонулат жана уюлдук түзүлүштөр аркылуу электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн сунуштар иштелип чыгат. Үчүнчү этап мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин да, ошондой эле калктын кеңири катмарын да санариптик сабаттуулукка массалык түрдө окутуу үчүн негизги этап болот. 2017-жылдын башында жыл сайын өткөрүлүп туруучу Программанын аткарылышына жүргүзүлүүчү мониторингдин акыркы фазасы ишке ашырылат жана тиешелүү отчет даярдалат. Ал көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарга карата жарандардын жана бизнес-коомдоштуктун, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин мамилелерин аныктоо үчүн акыркы керектөөчүлөргө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын камтыйт. 2017-жылдын аягында кийинки 2018-2020-жылдардын мезгилине Программанын долбоорун талкуулоо үчүн иштеп чыгуу керек.
Программаны ишке ашырууну жалпы башкарууну жана контролдоону ЭБМБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин катчылыгы катары бардык мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.
Программаны ишке ашырууда Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши жана ЭБМБ маанилүү координациялоочу роль ойнойт. Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши эң мыкты техникалык чечимдерди издеп табууну жана аларды негиздөөнү, ошондой эле Программаны ишке ашыруунун ички пландарын («жол карталарын») даярдоону жана андан ары аткарылышын камсыздайт. Бардык мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын билдирген Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши сунушталган чечимдердин коллегиалуулугуна жана алгылыктуулугуна кепилдик болот. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңешинин курамына эки өкүлдү жиберишет, атап айтканда:
(а) маалымат технологиялары жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү менеджерлерди, башкача айтканда мамлекеттик башкаруу органдарына маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүнүн техникалык тарабы үчүн жооптуу кызмат адамдарын;
(б) Программаны ишке ашыруунун координаторлорун, башкача айтканда министрлердин буйругу менен ыйгарым укуктар берилген жана Программаны ишке ашырууну колдоо боюнча ички пландарды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон статс-катчыларды/министрлердин орун басарларын. Зарылдыкка жараша профилдик эксперттик жумушчу топторго кошумча адистер жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин сунуштамаларынын негизинде электрондук башкаруу чөйрөсүндө маалымат технологияларынын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын инфратүзүмдөрүн түзүү жана пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген уюм болуучу электрондук башкаруунун техникалык операторун аныктайт жана дайындайт. ЭБМБ жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыздоо максатында техникалык оператор менен бирге ведомстволор аралык координациялоону кошкондо, Программаны жалпысынан ишке ашырууну башкаруу функциясын камсыз кылат, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта Программанын айрым иш-чараларын ишке ашырат жана аларга өз ведомстволорунун багыты боюнча Программаны ишке ашырууну колдоого даярдалган ички пландардын аткарылышына практикалык көмөк көрсөтөт.
ЭБМБ эл аралык кызматташтык үчүн жоопкерчиликтүү болгон негизги түзүм болот жана өнүгүү боюнча айрым өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду аткарат. ЭБМБнын негизги ыйгарым укуктарына Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши жана профилдик эксперттик жумушчу топтор тарабынан иштелип чыккан сунуштамалардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан андан ары каралуусу жана кабыл алынуусу үчүн чечимдердин долбоорлорун даярдоо да кирет.
Аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери ведомстволук деңгээлинде Программаны ишке ашырууну колдоо боюнча өздөрүнүн ички пландарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат жана аларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды ар бир кварталдык негизде, Программанын координаторлору аркылуу ЭБМБга берип турушат. ЭБМБ, өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңешти консолидацияланган отчеттор аркылуу жылына эки жолу (январдын жана июлдун 15нен кечиктирбестен) маалымат берип турат.
ЭБМБнын башка милдеттери электрондук башкаруунун улуттук жана эл аралык тажрыйбасы жөнүндөгү аналитикалык материалдарды чогултуу жана таратуу, аны жайылтуу, Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү, өз иши боюнча жыл сайын берилүүчү отчетторду даярдоо, Программаны ишке ашыруунун негизги маселелери боюнча семинарларды/“тегерек столдорду” уюштуруу, мамлекеттик ведомстволор жана уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы сатып алууларды уюштуруу жана координациялоо жолу менен мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пайдаланылуучу сунуштарды долбоорлоо жана борборлоштуруп башкаруу, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана ведомстволук уюмдардын өтүнүчү боюнча ички «жол карталарын» иштеп чыгууну жана ишке ашырууну кошкондо, алардын Программаны ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерин аткаруусу үчүн окутууну кошкондо эксперттик жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле өз компетенциясынын жана укуктарынын алкагында Программаны ишке ашырууга байланыштуу башка функцияларды жүзөгө ашыруу болот.
Программаны ишке ашырууну каржылоону төмөнкүлөрдүн алкагында жүргүзүү пландалууда:
- мамлекеттик бюджеттин, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды мамлекеттик башкарууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга киргизүү боюнча компоненттерге ээ, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде мамлекеттик программалардын жана улуттук стратегиялардын каражаттарынын;
- тиешелүү программалар жана стратегиялар боюнча каржылоонун/кошо каржылоонун башка механизмдеринин;
- тартылган бюджеттен тышкаркы каражаттардын, анын ичинде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы тартылган каражаттардын.
Аткаруу бийлигинин органдарынын мамлекеттик программалары бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде каржылоо көлөмүн көрсөтүү менен Программанын иш-чараларын ишке ашырууга багытталган иш-чараларды камтуусу керек. Программанын жалпы мамлекеттик жана комплекстүү мүнөзүнө байланыштуу анын ишке ашырылуусуна мониторингди ЭБМБ жүргүзөт.
Каржылоонун минималдуу зарыл болгон (болжолдуу) көлөмдөрү этаптар боюнча бөлүштүрүлгөн жана төмөндөгү 1-таблицада берилген.
1-таблица
Этап | Мезгил | Сумма (миң АКШ доллары) | Сумма (миң сом) |
1 | 2014-жыл | 500,0 | 26980,0 |
2 | 2015-жыл | 10000,0 | 539600,0 |
3 | 2016-2017-жыл | 10000,0 | 539600,0 |
Бардыгы: | 20500,0 | 1106180,0 | |
(2014-жылдын 11-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сомдун АКШ долларына карата расмий алмашуу курсуна ылайык)
Чыгымдардын негизги бөлүгү – бардык финансылык каражаттардын үчтөн экисинен кем эмеси – өз ара байланыштуу эки милдетти чечүүгө жумшалат, атап айтканда:
(а) жалпы сервистер жана маалыматтарды бириктирип иштеп чыгуу менен маалымат технологияларынын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жалпы мамлекеттик инфратүзүмүн түзүү;
(б) регламент бөлүмдөрүн жана жумушчу маалымат агымдарын тиешелүү түрдө санариптөөнү ишке ашырууну кошкондо, бул негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды автоматташтыруу.
Программаны ишке ашыруу үчүн 20 миллион АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө финансы каражаттарынын болжолдуу көлөмү аныкталган. 2017-жылга карата Программаны каржылоодогу мамлекеттик бюджеттик каражаттардын үлүшү 50 пайыздан кем болбошу керек. Программанын долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабына ылайык, Мамлекеттик башкарууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүдө жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылган жаңы ченемдик укуктук базаны иштеп чыгууга жана колдонуудагы ченемдик укуктук базаны модернизациялоого карата 14 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо каралган. Электрондук башкаруу архитектурасын жана Электрондук башкаруу программасын ишке ашыруу процессин уюштуруу боюнча ЭБМБ үчүн документтердин долбоорун иштеп чыгууга карата 16,0 миң АКШ доллары каралган.
Программаны ишке ашыруунун экинчи жана үчүнчү этаптарына ылайык каржылоо бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде жана Программаны ишке ашырууда өнөктөштүккө чакырылган эл аралык донорлук уюмдардын каржылоосунда жүргүзүлөт.
ЭБМБ Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ачык-айкын жана комплекстүү тутумун иштеп чыгат жана практикада ишке ашырат. Ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо эки башкы деңгээлде ишке ашырылат: (а) – улуттук жана (б) - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде. Улуттук деңгээлде Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын стратегиялык иш-чараларынын планынын аткарылышын баалоо бекитилген контролдук көрсөткүчтөргө ылайык жүргүзүлөт, ошол эле убакта мамлекеттик башкаруу органдарынын (жана айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) деңгээлинде өз компетенцияларынын алкагында Программанын Иш-чаралар планындагы стратегиялык иш-чаралардын ишке ашыруу боюнча ведомстволук пландардын аткарылышы бааланат. Мындай пландар, ошондой эле аларды ишке киргизүүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун кеңири планынын бөлүгү болуп калат.
ЭБМБ ошондой эле көрсөтүлгөн электрондук кызматтардын сапатына жана аларды акыркы пайдалануучулардын кабыл алуусуна дагы баалоо жүргүзөт. Баалоо төмөнкүлөр сыяктуу көрсөткүчтөрдү камтыйт:
- электрондук кызматтарды көрсөткөн веб-сайтка (порталга) жылына жок дегенде бир жолу (веб-статистиканын негизинде) кирген акыркы пайдалануучулардын калктын жалпы санына карата пайыздык катыштагы саны;
- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын жалпы саны (веб-статистиканын негизинде);
- Интернет же уюлдук түзүлүштөр аркылуу (сурамжылоо аркылуу) электрондук кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалаган жарандардын калктын жалпы санына карата пайыздык катыштагы саны;
- көрсөтүлгөн электрондук кызматтардын сапатына канааттанган акыркы пайдалануучулардын калктын жалпы санына карата пайыздык катыштагы саны (сурамжылоо аркылуу).
Программаны ишке ашыруу индикаторлору жана көрсөткүчтөрү Программанын 1-тиркемесинде келтирилген.
Программаны ишке ашыруу процессинде пайда болушу мүмкүн болгон бир катар негизги тобокелдиктер аныкталды жана мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди минималдаштыруу максатында аларды башкаруу боюнча чаралар сунушталды. Пайда болуу факторлору боюнча тобокелдиктер төмөнкүлөргө бөлүштүрүлөт:
1. Саясий тобокелдиктер.
Программаны ишке ашырууга мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жетишсиз көңүл бурулушу. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы өтө жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Программанын ТӨУСда коюлган милдеттерди аткаруудагы маанилүү ролуна өзгөчө көңүл буруу менен, Программаны колдогон жана аны ишке ашырууга катышкан бардык кызыкдар тараптардын, жогорку жетекчиликтин көңүлүн буруу керек (анын ичинде ачык кайрылуулар, жалпыга маалымдоо каражаттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жарандык коомдун суроо-талаптары аркылуу). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Программаны ишке ашыруу маселелери боюнча парламенттик угуулар өткөрүлүүсү да маанилүү.
Эл аралык өнүктүрүү уюмдары тарабынын Программаны ишке ашырууга, анын ичинде финансылык жактан көмөктөшүүгө кызыкчылыктын жоктугу. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы төмөн катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эл аралык донорлорго жага турган долбоорлорду даярдоо керек.
2. Экономикалык тобокелдиктер.
Программада каралган Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жетиштүү бюджеттик каржылоонун жоктугу. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан зарыл болгон бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу зарыл.
Программаны каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын мобилизациялоонун мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан маалыматтык технологияларга жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларга чыгымдарды инвентаризациялоо жана алардын консолидациялоо жөнүндө чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; жогорку кызмат адамдары тарабынан Программаны ишке ашырууну финансылык жана башка колдоо жөнүндө маселенин эл аралык жана эки тараптуу донорлор менен жолугушуунун күн тартибине киргизилиши; Программа жөнүндө маалыматты англис тилинде жайылтуу боюнча натыйжалуу кампанияны жүргүзүү; эл аралык кызматташтыктын сапаттуу долбоорлорун (конкреттүү донорлорго багытталган) даярдоо; Программаны ишке киргизүүнүн натыйжаларын донорлордун координациялык жолугушууларында талкуулоо зарыл.
Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бизнес коомдоштуктун каражаттарын тартуунун мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдерин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу; түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; эксперттик жумушчу топтордун ишине бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүн тартуу зарыл.
3. Социалдык тобокелдиктер.
Жарандардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга, анын ичинде маалыматтын жетишсиздигинен жана башка социалдык-экономикалык себептерден улам ишенбөөчүлүгү (каалабагандыгы). Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы орто катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдерин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеш тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу, ЭБМБнын жана ведомстволордун иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу; жарандар үчүн өз убагындагы маалыматтык компанияларды жүргүзүү; ар кандай жеткиликтүү каналдар аркылуу калкты жалпы окутуу зарыл.
4. Социалдык-экономикалык тобокелдиктер.
ЭБМБнын жетиштүү кадрдык потенциалын түзүүнүн жана ага жетиштүү ыйгарым укуктарды берүүнүн мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан ЭБМБнын юридикалык статусун өзгөртүү боюнча чечимдин өз убагында кабыл алынуусу; ийкемдүү контракттык тутумдун негизинде жогорку квалификациялуу эксперттерди жалдоо мүмкүнчүлүгү менен эмгек акы төлөөнүн жагымдуу шарттарын түзүү зарыл.
5. Башкаруучулук тобокелдиктер.
Мамлекеттик органдардын Программаны ишке ашыруу боюнча жылдык пландарынын канааттандыраарлык эмес аткарылышы. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы ортодон жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБ жана ведомстволордун иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу; окутуу жана маалымдоо зарыл.
Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматташтыктын төмөн деңгээли. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы орто катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу зарыл.
Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңешинин ишин жетиштүү кесипкөйлүк жана уюштуруучулук деңгээлде камсыздоонун мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы орто катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу зарыл.
Эксперттик жумушчу топтордун стратегиялык артыкчылыктар боюнча ишке жөндөмдүүлүгүн жаратуу жана камсыздоонун мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу; эксперттик жумушчу топтордун жетекчилеринин компетенцияларынын жетишсиз деңгээлин аныктоо зарыл.
Саясатты жана деталдуу «жол карталарын» иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтордун ичинде бир пикирге келүүнүн мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы орто катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу; эксперттик жумушчу топтордун жетекчилеринин компетенцияларынын жетишсиз деңгээлин аныктоо зарыл.
Жалпы инфратүзүмдүү, платформалык жана программалык сервистердин өз убагында пайдаланууга киргизилбеши. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу зарыл.
6. Юридикалык, башкаруучулук тобокелдиктер.
Ченемдик укуктук базаны реформалоонун жана жаңылоонун мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы төмөн катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн мыйзам долбоорлорун сапаттуу даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна өз убагында киргизүү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана профилдик комитеттерин маалымдоо зарыл.
7. Технологиялык тобокелдиктер.
Маалыматтык технологиялардын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын архитектурасынын талап кылынган конфигурациясын жана параметрлерин аныктоонун мүмкүн эместиги. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу зарыл.
Техникалык себептерден улам жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн кечиктирилиши. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу зарыл.
8. Технологиялык, экономикалык, башкаруучулук тобокелдиктер.
Тендердик арыздарды четке кагуу, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун/тооруктарды жокко чыгаруу жана өткөрүлгөн жок деп таануу, жеңүүчүнү тандоонун кечиктирилиши. Болжолдонгон тобокелдиктин ыктымалдыгы жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана минималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдердин өз убагында кабыл алынуусу; Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши тарабынан маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча сунуштамалардын иштелип чыгуусу; ЭБМБнын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу зарыл.
Программаны ишке ашыруу Иш-чаралар планы жети артыкчылыктуу багыттар боюнча 21 иш-чараны камтыйт.
1-артыкчылыктуу багыт – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү. Жарандар менен бизнес-коомдоштуктун турмуштук маанилүү керектөөлөрүн канааттандыруу максатында сапаттуу, жеткиликтүү жана пайдаланууга ыңгайлуу болгон интерактивдүү электрондук кызматтарды көрсөтүүнү тездетүү. Бул багыт өзүнө төмөнкү стратегиялык иш-чараларды камтыйт:
- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн онлайндык интерактивдүү моделдерин иштеп чыгуу, анын ичинде алардын форматын жана берүү каналдарын, акыркы пайдалануучулардын максаттуу топторун аныктоо;
- бизнес-процесстерди жана ички регламенттерди санариптештирүү;
- электрондук кызматтарды көрсөтүү;
2-артыкчылыктуу багыт - Электрондук башкаруу чөйрөсүндө маалыматтык технологиялардын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жалпы мамлекеттик архитектурасын өнүктүрүү. Жарандар менен бизнес-коомдоштуктун турмуштук маанилүү керектөөлөрүн канааттандыруу максатында сапаттуу, жеткиликтүү жана пайдаланууга ыңгайлуу болгон интерактивдүү электрондук кызматтарды көрсөтүүнү тездетүү. Бул багыт өзүнө төмөнкү стратегиялык иш-чараларды камтыйт:
- электрондук башкаруу чөйрөсүндө маалыматтык технологиялардын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жалпы мамлекеттик архитектурасынын параметрлерин аныктоо;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндө маалыматтык технологиялардын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жалпы мамлекеттик архитектурасын түзүүгө даярдык көрүү;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндө маалыматтык технологиялардын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жалпы мамлекеттик архитектурасын түзүү.
3-артыкчылыктуу багыт – Ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү. Мамлекеттик башкарууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүдө жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыздаган ченемдик укуктук базаны модернизациялоо. Бул багыт өзүнө төмөнкү стратегиялык иш-чараларды камтыйт:
- жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү;
- ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу.
4-артыкчылыктуу багыт - Финансылык жана экономикалык натыйжалуулукту камсыздоо. Мамлекеттик башкарууда жана жергиликтүү өз алдынча башкарууда маалыматтык технологиялар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга жумшалуучу финансы каражаттарын олуттуу үнөмдөөнү жана оптималдаштырууну камсыз кылуу, мунун негизинде мамлекеттик маалыматтык тутумдардын жана ресурстардын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу. Бул багыт өзүнө төмөнкү стратегиялык иш-чараларды камтыйт:
Программаны ишке ашырууну каржылоо булактарын түзүү;
- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү менеджментти кошкондо, маалыматтык технологиялар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы долбоорлордун натыйжалуулугун финансылык жана экономикалык жактан баалоонун көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу;
- маалыматтык технологиялар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө финансылык аудит жүргүзүү тутумун ишке киргизүү;
- маалыматтык технологиялар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө сатып алууларды оптималдаштыруу.
5-артыкчылыктуу багыт - Кадрдык потенциал жана санариптик сабаттуулук. Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык деңгээлдеринде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кадрдык потенциалын олуттуу жогорулатууга, ошондой эле калктын электрондук кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдуулугун өстүрүүгө көмөктөшүү. Бул багыт өзүнө төмөнкү стратегиялык иш-чараларды камтыйт:
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кадрларын электрондук башкаруунун жана санариптик сабаттуулуктун негиздерине окутуу;
- калктын калың катмарынын санариптик сабаттуулугунун жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кабардар болуусунун деңгээлин жогорулатуу механизмин түзүү;
- калкты санариптик сабаттуулукка окутуу.
6-артыкчылыктуу багыт - Ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү башкаруу. Коомдук консультацияларды жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун кошкондо, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу жарандардын маалымат алуу жана чечимдерди иштеп чыгуу процесстерине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу кеңейтүүнүн эсебинен мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулук жана отчет берүү деңгээлин олуттуу жогорулатуу.
- Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугунун жана отчет берип туруусунун деңгээлин жарандардын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу маалымат алууга жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн чындап кеңейтүүнүн, анын ичинде коомдук кеңешүүлөрдү өткөрүүнүн эсебинен олуттуу жогорулатууга жетишүү. Бул багыт өзүнө төмөнкү стратегиялык иш-чараларды камтыйт:
- ачык-айкын жана отчеттуу башкаруу үчүн жагымдуу ченемдик укуктук чөйрөнү түзүү;
- укук колдонуунун деңгээлинде ачык-айкын жана отчеттуу башкаруунун технологияларын ишке ашыруу.
7-артыкчылыктуу багыт - Башкаруунун түзүмү жана институттары. ЭБМБнын жана башка тартылган мамлекеттик түзүмдөрдүн потенциалын өнүктүрүүнү кошкондо, электрондук башкарууну институционалдаштыруу механизмдерин түзүү жана колдоо аркылуу Программанын максаттуу жана ырааттуу ишке ашырылышын камсыздоо. Бул багыт өзүнө төмөнкү стратегиялык иш-чараларды камтыйт:
- Программаны жалпы мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык координациялоо механизмин түзүү;
- Программаны ведомстволук жана уюштуруучулук деңгээлде ишке ашыруунун механизмин түзүү;
- Программаны ишке ашырууну ыкчам-техникалык колдоо;
- Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
Жалпысынан, Программада Программанын Иш-чаралар планынын жогоруда айтылган стратегиялык иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшүндө 91 конкреттүү жыйынтыкты алуу пландаштырылган.
2017-жылга карата техникалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, онлайн интерактивдүүлүктүн жок дегенде 3 жана 4-стадияларына жеткирүү менен башынан аягына чейин - 25 артыкчылыктуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана функциялардын ичинен жарандар менен бизнес-коомдоштукка кыйла керектүү болгон кызмат көрсөтүүлөр менен функциялардын бештен кем эмеси биринчи кезекте толук автоматташтырыла тургандыгы күтүлүүдө (2-тиркеме).
Ошону менен катар зарыл болгон эксперттик жана финансылык колдоо көрсөтүлүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын линиясы боюнча пайдаланылып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу улантылат. Натыйжада, 2017-жылы электрондук кызмат көрсөтүүлөр 100 %, жок дегенде онлайн интерактивдүүлүктүн 2-стадиясында көрсөтүлөт (веб-сайттан өтүнмөнүн, кызмат көрсөтүүлөрдү салттуу электрондук түрдө эмес алууну демилгелөө үчүн бланканын формасын жүктөп алса болот).
Ошол эле убакта жарандарга жана бизнес-коомдоштукка электрондук кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси кызматтарды онлайн интерактивдүүлүктүн жок дегенде 3-стадиясында (веб-баракча өтүнмөнү/бланкты электрондук формада толтурууга жана аны башкаруу органынын кароосуна кагазга басып чыгарбастан эле кабыл алууга функциялык мүмкүнчүлүк берет) көрсөтөт. Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарымынан кем эмеси алардын кызматкерлери менен жеке байланышты толугу менен жокко чыгаруу аркылуу электрондук кызматтарды көрсөтө башташат, анткени веб-сайттын мүмкүнчүлүктөрү салыктарды жана жыйымдарды электрондук түрдө төлөөнү кошкондо, электрондук кызматтарды алуунун бардык циклин дистанттык ыкма менен гана ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кагаз жүзүндө алып жүрүүчүлөрдү пайдаланууну же ведомствого жеке өзү барууну караган башка эч кандай административдик жол-жоболор болбойт. Мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара байланыштын мындай формасы жарандардын убактысын жана каражаттарын үнөмдөөгө гана жардам бербестен, коррупцияны принципиалдуу түрдө жок кылууга дагы мүмкүндүк берет.
Программа 2014-2017-жылдардын мезгили менен гана чектелбейт жана алынган тажрыйбаны эске алуу менен, бул мөөнөттөн кийин аны ишке ашырууну улантуу эсептелинген. Орто мөөнөттөгү келечекте, 2020-жылга карата кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгүн электрондук каналдар аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү менен кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы моделин калыптандыруу бүткөрүлүүгө тийиш. Бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушуна, башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жол-жоболорунун жөнөкөйлөтүлүшүнө, коррупциялык тобокелдиктердин азайышына, бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугунун жогорулашына алып келет.
Натыйжасында төмөнкүлөр жетишилет:
- маалыматтык технологиялардын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын заманбап архитектурасы жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштуруучулук-башкаруучу инфратүзүмү түзүлөт;
- мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык натыйжалуулугу жогорулайт;
- башкаруу органдарынын ортосундагы тутумдар аралык маалымат алмашуу оптималдаштырылат;
- консолидациялоону жана маалыматтарды иштеп чыгуунун жаңы борборлорун түзүүнү кошкондо, колдонуудагы мамлекеттик маалыматтык тутумдар жана ресурстар интеграцияланат;
- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруунун жана башкаруунун ченемдик-укуктук камсыздалышы өркүндөтүлөт;
- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы уюштуруучулук формалары жана ыкмалары түзүлөт;
- акыркы пайдалануучулардын түздөн-түз кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо жана аларга мониторинг жүргүзүү механизмдери ишке киргизилет.
Текстте колдонулуучу кыскартуулар:
ТӨУС - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы
ЭБМБ - электрондук башкаруунун мамлекеттик борбору
2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын
аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында
электрондук башкарууну («электрондук өкмөт»)
киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн программасынын
1-тиркемеси
| Ченөө бирдиги | 2012-жыл | 2016-жыл | 2018-жыл |
«Электрондук өкмөттү» өнүктүрүүнүн индекси | орун | 99 | 75 | 55 |
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн индексинин рейтинги | орун | 93 | 70 | 50 |
Жалпысынан электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн индексинин мааниси | пайыз | 37 | 45 | 55 |
Транзакциялык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн индексинин компонентинин мааниси (3–стадия) | пайыз | 4 | 15 | 35 |
Башкарууга калктын электрондук катышуу индексинин рейтинги | орун | 21 | 15 | 10 |
Телекоммуникациялык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү индекси | мааниси | 0,19 | 0,5 | 0,8 |
Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн иштеп жаткан өкмөттүк шлюздун болушу | мааниси | 0,84 | 0,9 | 1,0 |
| Ченөө бирдиги | Учурдагы абал (2013-жыл) | 2015-жыл | 2017-жыл | |
1 | Онлайн интерактивдүүлүктүн каалаган тибинде жана стадияларында көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын жалпы саны | даана | 50дөн көп эмес | 50дөн кем эмес | 100дөн кем эмес |
1.1 | Анын ичинде бизнес-коомдоштук үчүн | даана | 25тен көп эмес | 25тен кем эмес | 50дөн кем эмес |
2 | Онлайн интерактивдүүлүктүн 1-стадиясында көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын пайызы (кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалымат ачык жеткиликтүү веб-баракчада бар) | пайыз | 50% көп | 90% аз эмес | 100% |
3 | Онлайн интерактивдүүлүктүн 2-стадиясында көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын пайызы (веб-баракчадан өтүнмөнүн формасын, кызмат көрсөтүүлөрдү салттуу электрондук эмес жол менен алууну демилгелөө үчүн бланкты жүктөп алса болот) | пайыз | 25% көп | 75% аз эмес | 100% |
4 | Онлайн интерактивдүүлүктүн 3-стадиясында көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын пайызы (веб-сайт өтүнмөнү электрондук формада толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга бастырып чыгарбастан эле жиберүүгө функциялык мүмкүндүк берет) | пайыз | 5% аз | 50% аз эмес | 75% аз эмес |
5 | Онлайн интерактивдүүлүктүн 4-стадиясында көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын пайызы (веб-баракчанын функциялык мүмкүнчүлүктөрү салыктарды жана төлөмдөрдү веб-сайт аркылуу электрондук төлөөнү кошкондо, электрондук кызматтарды толугу менен электрондук түрдө гана алуунун бүткүл циклин жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет; кагаз түрүндөгү же ведомствого жеке өзү баруу керек болгон административдик эч кандай башка жол-жоболор каралган эмес) | пайыз | 0% | 10% аз эмес | 50% аз эмес |
6 | Онлайн интерактивдүүлүктүн 5-стадиясында көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын пайызы (Кызмат көрсөтүү аны алуучунун суроо-талабысыз эле белгилүү бир датага карата ведомство тарабынан автоматтык түрдө генерацияланат, мисалы, кызмат көрсөтүүнү алуучу ошол кызматта каралган өзүнүн иш-аракеттерин ырастай же оңдой турган тиешелүү маалыматтар менен алдын ала толтурулган форманы жеткирүү жолу менен) | пайыз | 0% | 5% аз эмес | 10% аз эмес |
7 | Жарандар менен бизнес-коомдоштуктар үчүн онлайн интерактивдүүлүктүн жок дегенде 2-стадиясында электрондук кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик башкаруу органдарынын пайызы | пайыз | 0% | 50% аз эмес | 75% аз эмес |
8 | Жарандар менен бизнес-коомдоштуктар үчүн онлайн интерактивдүүлүктүн жок дегенде 3-стадиясында электрондук кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик башкаруу органдарынын пайызы | пайыз | 0% | 25% аз эмес | 50% аз эмес |
9 | Маалыматтардын колдонуудагы базалык реестринин болушу (Калктын реестрин кошокондо) | даана | 0 | 3 | 4-5тен аз эмес |
10 | Маалыматты кайра иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик борборлорунун болушу (дата-борборлор) | даана | 0 | 1 | 2ден аз эмес |
11 | Маалыматтарды алмашуунун тутумдар аралык айкалыштыруучулугун камсыздоо үчүн ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн корголгон шлюзунун болушу | даана | 0 | 0 | 1 |
12 | Иштеп жаткан жалпы сервистердин болушу (инфратүзүмдүк, платформалык, программалык) | даана | 0 | 0 | 10 |
13 | Программаны ишке ашырууну колдоо боюнча ички пландары бар мамлекеттик башкаруу органдарынын пайызы | пайыз | 0% | 90% | 100% |
14 | Маалыматка ачык жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана өз веб-сайттарында көрсөтүү үчүн ИКТны колдонгон мамлекеттик башкаруу органдарынын пайызы | пайыз | 10% аз | 50% | 100% |
15 | Жарандарды башкарууга катыштыруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланган мамлекеттик башкаруу органдарынын пайызы (Интернет тарамында коомдук консультацияларды берүү жана чечимдерди кабыл алуу жолу менен) | пайыз | 10% аз | 50% | 100% |
2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын
аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарында электрондук башкарууну
(«электрондук өкмөт») киргизүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Программасынын 2-тиркемеси
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү (Бул кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген) | |
1 | Кыргыз Республикасынын жарандарын электрондук идентификациялык карта формасындагы паспорттор менен документтештирүү: алмаштыруу боюнча, жараксыз болгондо, жоголгон паспортту калыбына келтирүү боюнча, эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда |
2 | Жарандык абалдын актыларын каттоо: никеге турууну каттоо жана никеси жөнүндө күбөлүктү берүү; соттук эмес никени бузуу жана никенин бузулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү (тараптардын ар бири менен); фамилиясын, атын, атасынын атын алмаштыруу жөнүндө материалдарды каттоо жана тариздөө; туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү |
3 | Ыктыярдуу негизде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү адамдар, анын ичинде жеке эмгек иши менен алектенген адамдар үчүн социалдык камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
4 | Архивдик документтерден көчүрмөлөрдү жана көчүрмө бөлүктөрдү берүү, талаптардын бланкаларын текшерүү, чет элдик паспортту алып жаткан адамдарды текшерүү. |
5 | Жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар экендиги жөнүндө маалымдамаларды берүү |
Муниципалдык кызмат көрсөтүү (Бул кызмат көрсөтүүлөр 2014-жылдын 20-октябрына карата Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбооруна киргизилген) | |
Административдик кызмат көрсөтүүлөр (маалыматтарды берүү, маалымкаттарды жана башка документтерди берүү): | |
6 | Юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарды берүү |
7 | Калктуу конуштардагы географиялык объектилерге ат берүү же атын өзгөртүү боюнча юридикалык жана жеке жактардын сунуштарын кароо |
Муниципалдык менчик объектилерине укуктарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (жер участоктору, турак эмес жайлар): | |
8 | Турак жай шарттарынын жакшырылышына муктаж болгон жарандарды каттоого алуу |
9 | Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жай бөлмөлөрүн жеке менчикке берүү |
10 | Муниципалдык турак жайларды жеңилдетилген негизде менчикке же акысыз пайдалануу келишими боюнча берүү |
11 | Жарандарды жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу |
12 | Жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүү |
13 | Жеке менчигинде жеке турак жай куруу үчүн берилген жер участогу бар жарандарга жана жер участогуна пайдалануу же менчик укугун берүү |
14 | Юридикалык же жеке жактардын арызы боюнча муниципалдык менчиктеги жер үлүштөрүн ижарага берүү |
15 | Юридикалык же жеке адамдардын суроо-талаптары боюнча муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке берүү |
16 | Юридикалык же жеке адамдардын суроо-талаптары боюнча муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларга жана кыймылсыз мүлк объектилерине менчик укуктарын берүү |
17 | Юридикалык же жеке адамдардын суроо-талаптары боюнча муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага берүү |
18 | Көрүстөндөрдөн сөөк коюу үчүн орундарды бөлүп берүү |
Мамлекеттик/муниципалдык функция | |
19 | Юридикалык жана жеке жактардын салыктары боюнча отчеттуулукту берүү боюнча милдеттерди аткаруу |
20 | Башталгыч жана орто мектептер үчүн окуу материалдын электрондук форматта берүү боюнча ишти жүргүзүү жана аларды этап-этабы менен ишке киргизүү |
21 | Саламаттык сактоо уюмдарында электрондук каттоо |
22 | Юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине статистикалык отчетторду берип турушу |
23 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун алдындагы милдеттенмелердин аткарылышы боюнча отчетторду берүү |
24 | Иштерди лицензиялоо. Компанияларды, укуктук бирдиктерди каттоо, кайра каттоо, жоюу (банкрот деп жарыялоо) |
25 | Кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюлгандыгы, менчик укуктары, бенефициардык чектөөлөр жөнүндө маалымкаттарды алуу |
Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөр | |
26 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн китепканалардын фондуларындагы басылмаларды жана документтерди убактылуу колдонууга берүү |
Кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу иш кагаздарын жүргүзүү жана документация кызматынын ишинин агымдарынын (бизнес-процесстерин) абалын кайра карап чыгууну, ошондой эле төмөнкү сценарийлер боюнча бизнес-процесстерди санариптештирүүнү талап кылат:
- учурдагы бизнес-процесстер жакшы жөнгө салынса жана онлайн-режимине көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын андан ары да жакшыртуу үчүн олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизбестен эле санариптик формага жеңил өткөрүлсө, иш кагаздарын жүргүзүү жана документация кызматтарындагы негизинен өзгөрүлбөй турган бизнес-процесстерди санариптештирүү;
- онлайн-режиминде көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу үчүн олуттуу кайра уюштурууну талап кылынган, учурдагы бизнес-процесстер татаал, бириктирилген эмес же такыр жок болсо, иш кагаздарын жүргүзүү жана документация кызматтарындагы терең кайра уюштуруу;
- учурдагы бизнес-процесстер рационалдуу болуп (мисалы, маалыматтарды сактоо жана башкаруу боюнча), терең кайра уюштурууну талап кылбаса, бирок натыйжалуулукту жана үнөмдүүлүктү жогорулатуу кызыкчылыктарында акыркы пайдалануучулар менен кардарлардын өз ара аракеттенүү бөлүмүндө кызматтарды көрсөтүү борборлору аркылуу функцияларды борборлоштурулган деңгээлден жергиликтүү деңгээлге өткөрүп берүү талап кылынса, ведомствонун ичиндеги жана ведомстволор аралык процесстерди консолидациялоо жана (же) акыркы пайдалануучулар менен кардарлардын өз ара аракеттенүү бөлүмүндөгү функцияларды борборлоштурууну азайтуу;
- учурдагы бизнес-процесстер салыштырмалуу татаал болуп, интеграцияланууга анчейин ыңгайлашпаса жана өзгөрүүсү кыйын болсо, иш кагаздарын жүргүзүү жана документация кызматындагы ортомчулук; бул электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн ведомстволордун да, ошондой эле пайдалануучулардын дагы ортосунда маалымат алмашуунун кошумча көп тараптуу (ортомчулук) механизмдерин түзүүнү талап кылат;
- бизнес-процесстер кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин камтуу үчүн окшош (биргелешкен) болсо жана «масштабынын натыйжасынан» кошумча пайда алып келсе, пайдалануучу менен ведомствонун (уюмдардын тобунун) ортосунда өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү сервистик механизмин түзүү.
- Иш кагаздарын жүргүзүү жана документациялар кызматында автоматташтыруунун тигил же бул сценарийин тандоо электрондук кызмат көрсөтүүнүн онлайн интерактивдүүлүктүн деңгээлин төмөнкү таблицада келтирилгендей өстүрүү зарылдыгы менен тыгыз байланышта ишке ашырылат.
Онлайн интерактивдүү-лүктүн стадиялары |
Кызмат көрсөтүүнүн сүрөттөлүшү |
0 | Ведомствонун ачык веб-сайты жок, же бар болгону менен кийинки стадиялардын критерийлеринин бирине дагы ылайык келбейт |
1 | Кызматтарды көрсөтүү жол-жобосун баштоо үчүн зарыл болгон маалымат ачык жеткиликтүү болгон веб-баракчада бар |
2 | Колдонуудагы веб-баракчадан өтүнмөнүн формасын, кызмат көрсөтүүлөрдү салттуу электрондук эмес жол менен алуу үчүн бланкты жүктөп алса болот |
3 | Веб-баракчанын электрондук формадагы арызды толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга бастырып чыгарбастан эле жиберүүгө функциялык мүмкүндүк түзөт |
4 | Веб-баракчадагы функциялык мүмкүнчүлүктөр салыктарды жана төлөмдөрдү веб-сайт аркылуу электрондук төлөөнү кошкондо, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө гана алуунун бүткүл циклин жүзөгө ашырууга мүмкүндүк түзөт. Кагаз түрүндөгү же ведомствого өзү баруу керек болгон эч кандай башка административдик жол-жоболор каралган эмес |
5 | Кызмат көрсөтүү аны алуучунун суроо-талабысыз эле белгилүү бир датага карата ведомство тарабынан автоматтык түрдө генерацияланат, мисалы, кызмат көрсөтүүнү алуучу ошол кызматта каралган өзүнүн иш-аракеттерин ырастай же оңдой турган тиешелүү маалыматтар менен алдын ала толтурулган форманы жеткирүү жолу менен |