Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 12-майы № 201-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. 2010-жылдын 21-майындагы Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
2010-жылдын 21-майындагы Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин атынан өкмөттөр,
2009-жылдын 27-ноябрындагы Бажы бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
2010-жылдын 21-майындагы бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында "бажы биримдигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) преамбулада:
биринчи абзацтагы "Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында бажы биримдигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "бажы биримдигинин бирдиктүү бажы аймагынын," деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 1-беренеде:
биринчи абзацтагы "белгилейт" деген сөз "регламенттейт" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "бажы биримдигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "өз ара бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин бажы органдарынын, ошондой эле" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин борбордук бажы органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары ылайыгына жараша-мүчө-мамлекеттер, Бирлик)," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 2-беренедеги "Бажылык контролдоо комитети" деген сөздөр "Мамлекеттик кирешелер комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 3-беренеде:
1-пункттагы "бажы биримдигинин" деген сөздөр алып салынсын;
2-пункттагы "бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарына жана (же) бажы биримдигинин мыйзамдарына" деген сөздөр "мүчө мамлекеттердин мыйзамдары жана (же) Бирликтин укугун түзүүчү эл аралык келишимдер жана актылар," деген сөздөр менен алмаштырылсын, "бажы биримдигинин бажы чек арасын" деген сөздөр "Бирликтин чек арасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Арыз Евразия экономикалык комиссиясына жазуу же электрондук түрүндө берилет.";
4-пункттагы "бажы биримдигинин бажы аймагынын" деген сөздөр "Бирликтин бажы аймагынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин" деген сөздөр "мүчө мамлекеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 4-беренеде:
1-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "бажы биримдигинин бажы чек арасын" деген сөздөр "Бирликтин бажы чек арасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин" деген сөздөр "мүчө мамлекеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацтагы "Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацтагы "бажы биримдигинин бажы чек арасын" деген сөздөр "Бирликтин бажы чек арасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин" деген сөздөр "мүчө мамлекеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттун тексти боюнча "бажы биримдигинин" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктта:
биринчи абзацтагы "бажы биримдигинин бардык аймагында" деген сөздөр "бардык мүчө мамлекеттердин аймактарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "бажы биримдигинин" деген сөздөр алып салынсын;
6-пункттун экинчи абзацындагы "бажы биримдигинин" деген сөздөр алып салынсын;
8-пунктта:
биринчи абзацтагы "борбордук бажы органдары" деген сөздөр "Евразия экономикалык комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин борбордук бажы органдары" деген сөздөр "Евразия экономикалык комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене.
Арызды тариздөөгө талаптар, арызды кароонун тартиби, борбордук бажы органдарын жана укук ээлерин кабарландыруу тартиби, Бирдиктүү реестрден көчүрмө бөлүк берүү тартиби жана төмөнкү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу тартиби Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилүүчү Бирдиктүү реестрди жүргүзүү регламенти менен аныкталат:
интеллектуалдык менчик объектилерин Бирдиктүү реестрге киргизүү;
интеллектуалдык менчик объектилерин Бирдиктүү реестрге киргизүүдөн баш тартуу;
Бирдиктүү реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
интеллектуалдык менчик объектилерин Бирдиктүү реестрге киргизүү мөөнөтүн узартуу;
интеллектуалдык менчик объектилерин Бирдиктүү реестрден чыгаруу.";
8) 6-беренеде:
1-пунктта:
биринчи абзацтагы ", бажы биримдигинин бардык мүчө-мамлекеттеринде юридикалык күчкө ээ болгон" деген сөздөр "же бардык мүчө мамлекеттерде юридикалык күчкө ээ болгон, көрсөтүлгөн милдеттенменин аткарылышын камсыздоону тастыктаган башка келишим (келишимдер)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "сумма" деген сөздөн кийин "же милдеттенменин аткарылышын камсыздоо суммасы" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункттагы "мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими (келишимдери)" деген сөздөр "ушул берененин 1-пункту менен каралган келишимдер," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишиминин (келишимдеринин)" деген сөздөр "ушул берененин 1-пункту менен каралган келишимдердин," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтар Бирликтин расмий сайттарында жана борбордук бажы органдарынын "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдарында жарыяланат.
Аталган маалыматтарды Бирликтин расмий сайтында жарыялоо тартиби ушул Макулдашуунун 5-беренеси менен каралган регламент менен белгиленет.";
9) 7-беренеде:
"коргоо мөөнөтү" деген сөздөрдөн кийин "арызга тиркелген документтердин күчүнүн мөөнөтүн эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;
"бажы биримдигинин" деген сөздөр алып салынсын;
10) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана (же) колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 112-беренесине ылайык чечилет.";
11) корутунду бөлүгүндөгү "Бажы биримдигинин комиссиялары" деген сөздөр "Евразия экономикалык комиссиясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Протокол Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу түрүндөгү кабарландырууну депозитарий алган датадан тартып күчүнө кирет.
20___-жылдын "___" ______________ __________________ шаарында, орус тилиндеги бир түп нускада түзүлдү.
Беларусь Республикасы үчүн |
|
|
Казакстан Республикасы үчүн |
|
|
Россия Федерациясы үчүн |
|
|
Кыргыз Республикасы үчүн |
|
|
Армения Республикасы үчүн |
|
|