Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 8-июну № 219
1. 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери 10 жумушчу күндүн ичинде ушул буйрук менен бекитилген маселелерди иштеп чыгышсын жана аларды даярдоонун кадамдык пландарын бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизишсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (демилгечилер) жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорунун сапаты жана өз убагында берилиши үчүн жекече жоопкерчилик тартыша тургандыгы;
- ушул буйрук менен бекитилген маселелерди негизсиз себептер менен алып салгандыгы үчүн жооптуу мамлекеттик органдын жетекчисине карата тартиптик жаза чара көрүлө тургандыгы.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.Сариев |
Тиркеме
2015-жылдын экинчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин ТИЗМЕГИ
№ | Маселенин аталышы | Маселени даярдоочу жооптуу органдын аталышы | Баяндамачы | Маселени кароонун актуалдуулугу жана күтүлүүчү натыйжалар | Маселени өз убагында даярдоону контролдоочу КРӨАнын бөлүмдөрү |
2015-жылдын 10-июлу | |||||
1 | Кыргыз Республикасында "Медициналык шаарча" долбоорун ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри | Медициналык шаарчаны (Бишкек шаарына жакын) куруу иштеп жаткан шаардык медициналык мекемелердин ишин жеңилдетүүгө мүмкүндүк түзөт. Анда медициналык борборлор, окуу, медициналык профилдеги илимий мекемелер, медперсоналдар үчүн турак жай зонасы, алардын туугандары үчүн мейманкана жайгаштырылат. Келечектеги медициналык шаарчанын пациенттеринин ар кандай түрдөгү жана татаалдыктагы медициналык жардам ала тургандыктары пландалган. | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Пенсияларды жогорулатуу жөнүндө" токтомунун долбоору тууралуу | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы | 2013-2015-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында пенсияны индексациялоо каралган, ал инфляциянын деңгээлине жана экономикада орто эмгек акынын динамикасына багытталышы керек. Пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу | Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
2015-жылдын 24-июлу | |||||
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору | Тамак-аштын акчалай нормалары белгиленген учурдан (КРӨнүн 2008-ж. 15.01 № 7) тартып тамак-аш азыктарына баа бир нече ирет көбөйдү, бирок тамак-аштын акчалай нормалары өзгөрүлбөстөн калды. Чоң кара күч жумшалганда жана начар тамактанууда спортсмендин организми алсызданат. Тамак-аштын акчалай нормаларын көбөйтүү спортту өнүктүрүүдөгү жогорку жетишкендиктерге жетүүгө түрткү болот | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
2 | "КРнын коопсуз мектептери жана мектепке чейинки мекемелери" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору | Мектептердин жана мектепке чейинки уюмдардын (МЧУ) колдонулуудагы жана жаңыдан курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин жогорулатуу максатында мамлекеттик саясаттын узак мөөнөттүү жана максаттуу багытын иштеп чыгуунун жана жүзөгө ашыруунун зарылдыгы. Программа 2015-2024-жылдары 10 этапта ишке ашырылат. Этаптарга бөлүү Мампрограмманы ишке ашырууга талап кылынган каражаттардын олуттуу көлөмүн шарттайт. Аны каржылоодо жалпы болжолдуу көлөмү 47,6119 млрд. сомду түзөт | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |
2015-жылдын 7-августу | |||||
1 | 2015-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри | Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча КРны социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү баалоонун маалыматтарынын негизинде келерки жылдардын мезгилине негизги милдеттерди аныктоо жана аларга жетишүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү. Отчеттук мезгил үчүн КРны социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыз кылуу, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин толук жана өз убагында каржылоо | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу (2015-жылдын 6 айынын жыйынтыктары боюнча) | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри | Күтүлүүчү натыйжалар менен салыштыруу боюнча биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгына карата Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча натыйжаларды баалоо жана мамлекеттик органдардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында. Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын ийгиликтүү ишке ашыруу жана инвестициялык долбоорлордун келечегин аныктоо | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
3 | 2015-жылга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аракеттеринин/ милдеттеринин планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министрлери | Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аракеттеринин/ милдеттеринин планына натыйжалуу мониторинг жүргүзүү, сапаттуу жана өз убагында аткаруу максатында | Бардык тармактык бөлүмдөр |
2015-жылдын 21-августу | |||||
1 | "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын финансы министри | Белгиленген мөөнөттө республикалык бюджетти кабыл алуу | Финансы жана кредит саясаты бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдык көрүүсүнүн жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы | Шайлоолорду ак ниет жана ачык-айкын өткөрүүгө карата маморгандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыктарын аныктоо | Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |
2015-жылдын 28-августу | |||||
1 | Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри | Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилинен туруктуу өткөрүүнү камсыз кылуу | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чараларынын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри | КР Президентинин 2012-ж. 02.02 № 26 Жарлыгы менен бекитилген КРнын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу максатында жана КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтомунун 4.1-пунктуна ылайык. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Планды аткарууну баалоо | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
3 | Республиканын мектептеринин 2015-2016-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри | Жалпы билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына өз убагында жана сапаттуу даярдоо. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча КР БИМдин, жергиликтүү мамадминистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыктарын жана жасалган иштерин баалоо | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
2015-жылдын 11-сентябры | |||||
1 | 2015-жылдын биричи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри | Отчеттук мезгил үчүн КР Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген КР Өкмөтүнүн Программасын аткаруудагы ар бир аткаруу бийлигинин маморгандарынын кошкон салымын аныктоо. Иштин натыйжасы боюнча министрликтердин жана ведомстволордун рейтингин түзүү | Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү |
2 | 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин аракеттеринин/ милдеттеринин планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шш. мэриялары | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шш. мэрлери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин аракеттеринин/ милдеттеринин планын аткарууга натыйжалуу мониторинг жүргүзүү, сапаттуу жана өз убагында аткаруу максатында | Уюштуруу- инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү |
3 | "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын коргоо министри | Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык жана социалдык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу. Алардын социалдык жактан корголушун сапаттуу жогорулатуу | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
2015-жылдын 25-сентябры | |||||
1 | Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча Улуттук маалыматтар базасын түзүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри | Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча Улуттук маалыматтар базасын киргизүү Кыргызстандын жарандарынын ар бир дарыкана, дары-дармек каражаттарынын ассортименти жана баасы боюнча электрондук маалыматка жетишин, ошондой эле дары-дармек каражаттарын саламаттык сактоо уюмдарынын сатып алууларында ачык-айкындуулукту камсыз кылат | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
2 | Бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча жол-жоболорду тездетүү үчүн акы төлөө системасы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | Кыргыз Республикасынын экономика министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда күтүү убактысын кыскартуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |
2015-жылдын 23-октябры | |||||
1 | Республикалык маанидеги автомобиль жолдорун, ошондой эле республиканын облустук жана райондук борборлорунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Бишкек ш. мэри | Жагымдуу транспорттук инфраструктураны түзүү, жолдордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу | Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |
2 | Мамлекеттик органдар, ведомствого караштуу уюмдар жана мекемелер тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана административдик регламенттеринин долбоорлорун иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри | Жарандарга маморгандар тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү |
2015-жылдын 13-ноябры | |||||
1 | 2015-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри | Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча КРны социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү баалоонун маалыматтарынын негизинде келерки жылдардын мезгилине негизги милдеттерди аныктоо жана аларга жетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү. КРны социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыз кылуу, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин толук жана өз убагында каржылоо | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2 | 2015-жылга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аракеттеринин/ милдеттеринин планын аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министрлери | Маморгандардын жетекчилеринин аракеттеринин/ милдеттеринин планына натыйжалуу мониторинг жүргүзүү, сапаттуу жана өз убагында аткаруу максатында | Бардык тармактык бөлүмдөр |
3 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөргө тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана жашоо-турмушунун жеткиликтүү чөйрөсүн түзүү. 2015-2017-жылдарга КРнын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу | Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
4 | Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын (ТМЭБС) киргизүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри | Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын КРнын аймагына кирүүсүн-чыгуусун жана болуусун эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу. ТМЭБСти киргизүү КРнын маморгандарынын миграциялык контролду өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүүдө, трансулуттук кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция жана КРнын улуттук коопсуздугуна башка чакырыктар жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө маанилүү маалыматтык инструмент болуп калат | Эл аралык кызматташтык бөлүмү |
5 | Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү массивинде ирригациялык курулмаларын куруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри | Объект ТӨУСтун тизмегине кирген, долбоордо 3500 га жаңы сугат жерлери каралып жатат. Курулушту аяктоо Баткен жана Ош облустарынын тургундарын калк жыш жайгашкан райондордон Бүргөндү массивине көчүрүү жолу менен проблемаларды чечүүгө жана кошуна республика тараптан жылма миграцияны басаңдатууга багытталат | Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмү |
2015-жылдын 27-ноябры | |||||
1 | Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобонун талаптарын мамлекеттик органдардын аткарышы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын юстиция министри | Маморгандардын ченем жаратуучу иштерин пландоону жакшыртуу жана КР мыйзамдарын өркүндөтүү | Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү |
2 | Бизнес жана түшпөй калган кирешелерди жабуу механизмдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын азайтуу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы | Азыркы учурда Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш тарабынан бул маселе боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы 2015-жылдын октябрында берилет. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын азайтуу маселеси боюнча чечим кабыл алуу | Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
3 | Электрондук лицензиялардын жана уруксаттардын бирдей форматын киргизүү жана электрондук түрдө лицензияларды жана уруксаттарды алуунун так алгоритмин камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри | Лицензияларды жана уруксаттарды алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү. Лицензияларды жана уруксаттарды электрондук формада алуунун мүмкүндүгү | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2015-жылдын 11-декабры | |||||
1 | Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясынын биринчи этабын аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри | Концепциянын биринчи этабын ишке ашырууну кароо. Биринчи этапты ишке ашыруунун мөөнөтү 2015-жылдын 31-декабрында аяктайт | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
2 | Пациенттердин электрондук амбулатордук карталарын жана электрондук стационардык карталарын киргизүү боюнча Бишкек ш. жана Чүй облусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын. саламаттык сактоо министри | Бул долбоорду ишке ашыруу электрондук каттоонун жаңы методдорун иштеп чыгууга жана пациенттерди өлкөнүн бейтапканаларындагыдай эле стационарларда да киргизүүгө мүмкүндүк берет, ал медициналык кызматкерлердин кагаз иштеринин көлөмүн азайтат, ошондой эле пациенттин жашаган жерине карабастан ден соолугунун абалын өмүр бою көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк түзөт | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |