Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 542-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-сентябры № 395-б
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Тарифтик саясаттын негиздерин кошо алганда темир жол транспортунун кызматтарына жетүүнү жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Тарифтик саясаттын негиздерин кошо алганда темир жол транспортунун кызматтарына жетүүнү жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы, мындан ары Тараптар деп аталып,
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге негизделип,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын жүргүзүү жана темир-жол транспортунун туруктуу ишин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясаты жөнүндө протоколдун № 2 тиркемесинин жоболорун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24 тиркемеси), анын ичинде Кыргыз Республикасына(нан) Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө карата каттамдардын түрлөрү боюнча унификацияланган тарифтер (экспорттук, импорттук жана мамлекет ичиндеги тарифтер) жөнүндө жоболорду Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесинде каралган убактылуу колдонуу датасынан тартып өз ара колдонушат.
2-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап 15 календардык күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу жөнүндө Тараптардын дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы билдирүүлөрүн алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуунун колдонулушу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 68-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда токтотулат.
________________________ шаарында 2016-жылдын "__" ______________ кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү. Мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Эгерде тексттерде келишпестиктер болуп калса, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасы үчүн
__________________________ |
| Казакстан Республикасы үчүн
___________________________ |