Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-декабрындагы № 566-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-декабры № 542-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Тарифтик саясаттын негиздерин кошо алганда темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 395-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Тарифтик саясаттын негиздерин кошо алганда темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Реcпубликасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге негизделип,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын жүргүзүү жана темир-жол транспортунун туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясаты жөнүндө протоколдун № 2 тиркемесинин жоболорун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24 тиркемеси), анын ичинде Кыргыз Республикасына(нан) Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен темир жол транспорту аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине(нен) ташылуучу жүктөргө жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда темир жол транспорту аркылуу ташылуучу жүктөргө карата каттамдардын түрлөрү (экспорттук, импорттук жана мамлекеттик ички тарифтер) боюнча унификацияланган тарифтер жөнүндө жоболорду Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесинде каралган убактылуу колдонуу датасынан тартып өз ара колдонушат.
2-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап 15 календарлык күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу жөнүндө Тараптардын дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы билдирүүлөрүн алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуунун колдонулушу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 68-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда токтотулат.
_____________ шаарында 2016-жылдын "__" __________ ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү. Мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Эгерде тексттерде келишпестиктер болуп калса, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |