РаспоряжениеКүчүндө

КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 491-б (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Сауд Арабия Королдугунун Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Айыл чарба чѳйрѳсγндѳгγ кызматташтык жѳнγндѳ макулдашуунун долбоорун жактыруу жѳнγндѳ)

Редакция15.11.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 15-ноябры, 491-6

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери» жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Сауд Арабия Королдугунун Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Айыл чарба чѳйрѳсγндѳгγ кызматташтык жѳнγндѳ макулдашуунун долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптγγ эмес мунѳздѳгγ ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 542-б буйругу кγчγн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков