Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-ноябры № 485-б
Мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүү, аларды көрсөтүү мөөнөтүн кыскартуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча көрсөтүүнүн пилоттук долбоорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук долбоор Чүй облусунун Сокулук районунда Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын Белек, Арал Дальний, Национальное, Маловодное айылдарында жайгашкан төрт байланыш бөлүмдөрүндө 2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-июнуна чейин жүргүзүлсүн (мындан ары - пилоттук долбоор), контролдоо жана координациялоо боюнча функциялар Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:
- 2016-жылдын 1-декабрына чейин ушул буйруктун 2-пунктунда аталган байланыш бөлүмдөрүн пилоттук долбоордун алкагындагы ишке даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрү менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик мекемелердин ортосундагы өз ара байланыштарын камсыздоочу маалыматтык электрондук системаны иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте пилоттук долбоорду ишке ашыруунун мониторингин жүргүзсүн. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссияга пилоттук долбоордун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жайылтуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- пилоттук долбоорду практикалык ишке ашыруу боюнча нускамалык материалдарды иштеп чыгууну камсыз кылсын;
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга тартылган Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын маселелери боюнча окутушсун.
6. Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча көрсөтүүнүн жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоору жөнүндө жана мамлекеттик кызматтарды ушул буйруктун 2-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын байланыш бөлүмдөрүнөн алуу мүмкүндүгү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү ишин жүргүзсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе"
принциби боюнча көрсөтүүнүн пилоттук долбоорун жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында жарандардын аларга жетүүсүн жөнөкөйлөтүү, кызматтарды көрсөтүү мөөнөтүн, жол-жоболордун санын кыскартуу, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо кызмат көрсөтүү борборлорун түзүү жана иштетүү маселелерин аныктайт жана мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча көрсөтүү тартибин регламенттейт.
3. Кызмат көрсөтүү борборлору Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдык тармагынын базасында мамлекеттик органдар тарабынан кызматтарды көрсөтүүдө колдонулуучу программалык каражаттарды пайдалануу менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон каражаттар менен жабдылган бир имаратта, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн түзүлөт.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
бирдиктүү терезе - мамлекеттик кызматтарды бир жерден, бир мекемеде арыз берүүдөн баштап кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын алууга чейин уюштуруунун жана көрсөтүүнүн ыкмасы;
кызматтын аткаруучусу - мамлекеттик кызматтардын бекитилген стандартына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын берүүдө документтерди даярдоо, иштетүү жана чечимдерди кабыл алуу иштери компетенциясына кирген мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү;
мамлекеттик кызматтарды керектөөчү - өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кызмат көрсөтүү борборуна мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө суроо-талабын жөнөткөн жеке жак.
5. Кызмат көрсөтүү борборлору мамлекеттик кызматтарды жарандарга администрациялык регламенттерге жана мамлекеттик кызматтардын стандарттарына ылайык төмөнкүлөрдүн негизинде көрсөтүшөт:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ортосундагы кызматтарды алууга документтерди кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды керектөөчүгө жыйынтыктарды берүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө кол коюлган макулдашуунун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ортосундагы кызматтарды алууга документтерди кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды керектөөчүгө жыйынтыктарды берүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө кол коюлган макулдашуунун;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун.
Мамлекеттик кызматты алуучу кызмат көрсөтүү борборуна арызды берген күндөн баштап кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын алуу күнүнө чейинки мезгил аталган мамлекеттик кызматтын стандарты белгилеген мөөнөттөн ашпашы керек.
6. Кызмат көрсөтүү борборлору пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр) киргизилген төмөнкүдөй мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт:
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө;
- ай сайын социалдык жөлөкпулду дайындоо жана төлөө;
- балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпулду дайындоо жана төлөө;
- туулгандыгын каттоо;
- никени каттоо;
- никенин бузулушун каттоо.
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын зарылдыгы аталган мамлекеттик кызматтардын стандарттарына ылайык аныкталат. Мамлекеттик кызматтарга акы төлөө тартиби "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы менен кызматтарды аткаруучунун ортосундагы макулдашууларда аныкталат.
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик кызмат алуучудан документтерди мамлекеттик кызматтарды аткаруучуга чейин жана мамлекеттик кызматтарды аткаруучудан кызмат көрсөтүү борборуна чейин жеткирүү үчүн акы алат. Документтерди жеткирүү наркына төлөө "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын тарифтерине ылайык жүргүзүлөт.
Пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде жөлөкпулдардын анча чоң эмес өлчөмүнө байланыштуу жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында төмөнкү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү:
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө;
- ай сайын социалдык жөлөкпулду дайындоо жана төлөө;
- балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпулду дайындоо жана төлөө боюнча документтерди жеткирүү үчүн төлөм алынбайт.
8. Жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоордун алкагында тараптардын ыйгарым укуктары.
а) Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга төмөнкүлөр жүктөлөт:
- "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык министрликтердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга контролду камсыздоо жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү координациялоо;
- коомдук мониторингди уюштурууга административдик контролдоо;
- пилоттук долбоорду координациялоого жооптуу ыйгарым укуктуу жакты аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ай сайын жыйынды отчётту берүү;
б) мамлекеттик органдарга жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүлөр жүктөлөт:
- башка мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө зарыл болгон маалыматтарды электрондук алмашуу системасын ишке киргизүү боюнча иш жүргүзүү;
- кызмат көрсөтүү борборлору уюштурган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын аткаруу;
- ай сайын, отчёттук айдан кийин айдын 10уна чейин кызматтарды көрсөтүүдө келип чыккан көйгөйлөр жана бузуулар жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга отчетторду берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, административдик регламенттерине жана мамлекеттик кызматтардын стандарттарына ылайык чечимдерди кабыл алууну кошо алганда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында административдик жол-жоболорду жана административдик аракеттерди жүзөгө ашыруу;
- административдик регламенттерге, мамлекеттик кызматтардын стандарттарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу тарабынан суралган акыркы натыйжаны же жүйөлүү баш тартууну даярдоо;
- кызмат көрсөтүү борборлорунун кызматчыларынын керектүү, анын ичинде электрондук маалымат базаларына жетишүүсүн камсыздоо;
- даярдалган документти же жүйөлүү баш тартууну кызмат көрсөтүү борборуна өткөрүп берүү;
- ушул Жобонун 2-бөлүмүндө аталган максаттарга жетүүнү жана милдеттерди аткарууну камсыздоо;
в) кызмат көрсөтүү борборунун ишин уюштурууга жана аны техникалык жактан камсыздоо жоопкерчилиги "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына жүктөлөт.
Кызмат көрсөтүү борборлору:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон документтерди жана маалыматтарды арыз ээсинен талап кылууга укугу жок;
- мамлекеттик органдар жана мамлекеттик кызматтарды алуучулар менен байланышты уюштуруу үчүн персонал, курьердик кызмат менен камсыздалат.
2. Кызмат көрсөтүү борборунун максаттары жана милдеттери
9. Кызмат көрсөтүү борборун түзүүнүн максаттары:
- "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруунун эсебинен керектөөчүлөрдүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мөөнөтүн кыскартуу;
- керектөөчүлөрдүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ыңгайлуу алуусун жакшыртуу;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен өз ара аракеттенүүнү кыскартуу жолу аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн шарттарды түзүү;
- алуучулар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана алардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусун жогорулатуу;
- мамлекеттик кызматтарды алуунун тартиби, ыкмалары жана шарттары жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу.
10. Кызмат көрсөтүү борборлорун түзүүнүн милдеттери:
- "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу - кызмат көрсөтүү борборунун базасында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга керектүү документтерди бир жерден кабыл алуу, каттоо жана берүү;
- консультациялык ишти уюштуруу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга толук, ар тараптуу маалымат берүү;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана сапатын жогорулатуу, административдик жол-жоболорду тартипке келтирүү;
- административдик регламенттерде жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган аракеттерди аткарууга республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар берүүчү документтердин санын кыскартуу;
- мамлекеттик кызматтардын бекитилген стандарттарына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуда дайыма болгон документтерди гана талап кылуу;
- документтерди жеткирүүнүн курьердик кызматын пайдалануу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү ишке киргизүү, ведомстволук өз ара аракеттенүүнү уюштурууну өркүндөтүү жолу менен кызматтык адамдар менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын байланыштарын кыскартуу;
- бир нече мамлекеттик органдар катышкан мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү ушул органдардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде оптималдаштыруу;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды алмашууну уюштуруу, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн мамлекеттик маалыматтык системалардын маалыматтарына жетүүнү уюштуруу.
3. Кызмат көрсөтүү борборунун ишин уюштуруу
11. Кызмат көрсөтүү борборунун ишин уюштуруу максатында:
а) "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы:
- кызмат көрсөтүү борборуна мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча керектүү ыйгарым укуктарды бекитет;
- кызмат көрсөтүү борборунун ишин уюштуруу үчүн имараттардын (жайлардын) төмөнкүдөй талаптарга шайкештигин камсыздайт:
санитардык-гигиеналык талаптарга жана өрт коопсуздугунун ченемдерине шайкештигин;
күтүп туруу үчүн жердин болушу;
санитардык-гигиеналык жайларга жетүүнү;
эмерек менен жабдууну;
факстын, жеке компьютерлердин, Интернет тармагына лимитсиз кошулуунун, телефондордун, сканерлердин жана башка жабдуулардын болушун;
- кызмат көрсөтүү борбору тарабынан жайларды жана башка мүлктөрдү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктайт;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү борборун керектүү сандагы кызматчылар менен камсыздайт;
- кызмат көрсөтүү борборунда жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин, кызмат көрсөтүү борборун талаптагыдай күтүүнү жана зарыл болгон эксплуатациялык тейлөөнү камсыз кылат;
- документтерди мамлекеттик кызматтарды аткаруучуларга жана мамлекеттик кызматтарды аткаруучулардан кызмат көрсөтүү борборуна жеткирүү боюнча курьердик кызматтын ишин уюштурат;
- кызмат көрсөтүү борборунун ишинин графигин уюштурат;
- кызмат көрсөтүү борборунун базасында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жөнүндө маалыматты интернет тармагында (анын ичинде "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын расмий сайтында) өз убагында жарыялоону камсыздайт;
- кызмат көрсөтүү борборунун базасында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча call-борборун, "ыкчам байланыш" телефонун түзүүнү жана ишин колдоону камсыз кылат;
б) курьердик кызмат документтерди мамлекеттик кызматты аткаруучуга жана мамлекеттик кызматты аткаруучудан кызмат көрсөтүү борборуна жеткирүү үчүн жооп берет, кабыл алган почта жөнөтүүлөрүнүн сактыгына жоопкерчилик тартат.
12. Кызмат көрсөтүү борборунун ишинин тартибин жана режимин "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы аныктайт.
13. Кызмат көрсөтүү борборунун кызматкерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен жеке, телефон боюнча, ошондой эле интернет аркылуу байланышат.
Документтерди кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыктарын берүү тиешелүү административдик регламенттерде жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарында белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
14. Кызмат көрсөтүү борбору мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар, тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызмат көрсөтүү борборунун кызматчылары төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырышат:
Кызмат көрсөтүү борборунун кызматкери:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучудан тийиштүү арызды жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон башка документтерди кабыл алат;
- арыздын тийиштүү талаптарга шайкештигин, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу тарабынан кызматтын акыркы натыйжасын берүү үчүн зарыл болгон документтердин комплекттүүлүгүн текшерет;
- арызга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алардын түп нускалары менен салыштырат;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу жөнүндө маалыматты киргизүү менен каттоо журналына келип түшкөн арыздарды каттайт: мамлекеттик кызматты алуучунун аты-жөнүн, почталык дарегин, телефон номерин, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтин реквизиттерин;
- каттоодон кийин арызды жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу берген документтерди мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берет. Эгерде көрсөтүлгөн кызматтар документтердин түп нускасын талап кылбаса, арызды жана документтердин пакетин өткөрүп берүү электрондук форматта же факс байланышы аркылуу жүргүзүлөт;
- мамлекеттик кызмат алуучуга тиешелүү документтерди кабыл алуу жөнүндө тил катты, кабыл алынган документтерди, арызды кабыл алган кызматкердин аты-жөнүн, аларды кабыл алуу күнүн жана убактысын көрсөтүү менен берет же мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына ылайык арызды кабыл алуудан баш тартат;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга документтерди курьердик кызмат аркылуу жеткирүүнү уюштурат;
- кызматты аткаруучуга документтерди өткөрүп берүүнү почта жөнөтүүлөрүнүн реквизиттерин киргизүү менен каттоо журналында белгилейт;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арыз боюнча акыркы жыйынтыктын даяр экендиги жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга маалымдайт;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн суралып жаткан акыркы жыйынтыгы мөөнөтүнөн мурда даяр болгондугу жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга маалымдайт;
- мамлекеттик кызматты аткаруучудан мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу же арыздын каралышын токтотуу жөнүндө билдирмени алгандыгы тууралуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга маалымдайт;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгын өткөрүп берүүнү каттоо журналында белгилейт;
- кызмат көрсөтүү борборунда түшүндүрүү, маалымат берүү жана башка материалдарды жайгаштыруу жолу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө маалыматтык колдоону камсыздайт;
- кабыл алууну жана тейлөөнү күтүүнүн орточо убактысын көрсөтүү менен мамлекеттик кызматтардын көрсөтүлгөн түрлөрү боюнча белгилүү бир мезгилде (күн, апта, ай, квартал) кызмат көрсөтүү борборунда тейленген келүүчүлөрдүн санын эсепке алууну камсыз кылат.
Кызмат көрсөтүү борборунун кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген документтердин талап кылынган тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартына ылайык келбеген учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга арызын жана анын документтерин кабыл алуудан баш тартууга;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун анын ким экендигин күбөлөндүргөн документи жок болсо, же арыз ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилбесе, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун арызын жана анын документтерин кабыл алуудан, же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгын берүүдөн баш тартууга.
4. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби
15. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү жана баалоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлөт.
Пилоттук долбоордун алкагында кызмат көрсөтүү борборлорунун ишин баалоо төмөнкүдөй критерийлердин негизинде жүргүзүлөт:
- маалыматтык колдоонун жеткиликтүүлүгү;
- маалыматтык камсыздоонун сапаты;
- кызматтардын өз убагында көрсөтүлүшү;
- персоналдын жардамын аябагандыгы жана сылыктыгы;
- кызматтарды алуудагы ыңгайлуулук;
- акыркы жыйынтыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун күткөнүнө шайкеш келиши;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын баалоо мүмкүндүгү. Кызмат көрсөтүү борборлору мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн арыздардын жана сунуштардын китептери милдеттүү түрдө болушун камсыздайт;
- кызматкерлердин аракеттерине жана көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжасына даттануу мүмкүндүгү.
5. Кызмат көрсөтүү борборлорунда кызмат көрсөтүүнүн уюштурулушун контролдоо
16. Кызмат көрсөтүү борборлору административдик регламенттерде жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында аныкталган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыктарын берүүнүн мөөнөттөрүнүн аткарылышын контролдойт.
17. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы ай сайын, отчёттук айдан кийинки айдын 15ине чейин жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кызмат көрсөтүү борборлорундагы кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө отчетту берет жана кызматтарды көрсөтүүдө аныкталган көйгөйлөрдү жана бузууларды отчётто көрсөтөт.
18. Жергиликтүү мамлекеттик администрация ай сайын аткарылган иш жөнүндө отчётту алуу аркылуу кызмат көрсөтүү борборлорунун ишин контролдойт. Берилген отчётторго талдоо жүргүзөт, мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин бузуунун себептерин аныктайт жана ай сайын, отчёттук айдын 20ына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кызмат көрсөтүү борборлорунун мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүсү жөнүндө отчёт берет.