Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы №260
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-февралы № 92
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 23-пунктунда:
үчүнчү абзац "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "чечимдин долбоорунун тиркемелеринин барактарынан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык келишимдердин долбоорлорунун тексттеринин расмий эмес котормолору Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери тарабынан парафирленбейт, арткы бетинин ар бир барагына иштеп чыгуучу органдын мөөрү басылат. Актылардын долбоорлорунун жыйырма беш барактан ашкан көлөмдөгү тиркемелеринин арткы бетинин ар бир барагына Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери парафирлөөгө тийиш болгон биринчи жана акыркы барактарынан тышкары регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн мөөрү басылат.";
- 106-пунктунун төртүнчү абзацындагы "3 жумуш күндүн" деген цифра жана сөздөр "1 жумуш күндүн" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 112-пунктунун биринчи абзацындагы "үч жылга" деген сөздөр "беш жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
"121. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) тарабынан кол коюуга киргизилүүчү документтер боюнча Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмасы берилген резолюциялардын түп нускалары иштөө жана Борбордун ведомстволук архивин түзүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүү жана өкмөттүн чечимдерин чыгаруу сектору тарабынан Борборго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берилет.".
Премьер-министр | С.Жээнбеков |