Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн РЕГЛАМЕНТИ
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 92 буйругунун, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтомунун редакцияларына ылайык))
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин (мындан ары - Өкмөттүн Регламенти), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын эске алуу менен даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) документтер менен иштөөнү уюштуруу жана башкаруучулук ишти документтик камсыздоо боюнча негизги талаптарды карайт.
2. Кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүнүштөр) өз убагында аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
3. Мекемелер жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) ченемдик укуктук актыларынын жана башка чечимдеринин долбоорлорун (мындан ары - чечимдин/актынын долбоору) даярдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү процессин оптималдаштыруу максатында Өкмөттүн Аппаратында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы иштейт.
5. Өзгөчө кырдаал болгондон башка учурларда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) бюджетти бекиткенден кийин бюджеттен кошумча каражат бөлүү же бюджеттен кошумча каражат бөлүү керек болгон кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө, ошондой эле Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелер боюнча өтүнгөн каттар, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын каттары жана кайрылуулары Өкмөттүн Аппаратында каралбайт жана Өкмөттүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү (мындан ары - регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү) тарабынан адресаттын өзүнө кайра жиберилүүгө тийиш.
6. Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан башкалар), ведомстволук мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик органдардын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан, ошондой эле чарбакер субъекттер тарабынан киргизилген документтер каралбастан, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан кайра артка жиберилүүгө тийиш.
7. Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын жарандары Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелер боюнча беришкен, ошондой эле "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына туура келген кайрылууларды Өкмөттүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү (мындан ары - каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү) адресаттын өзүнө кайра артка жиберүүгө тийиш.
8. Толуктап иштеп чыккандан кийин актылардын долбоорлору менен Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын рангындагы түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жана регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчисине даректелген документтерден башка, Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин атына келген документтердин маалыматтык мүнөздөгү материалдарынан башкалары кабыл алынбайт жана катталбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтомунун редакцияларына ылайык)
9. Чечимдердин долбоорлору жана документтер түзүмдүк бөлүнүштөр жөнүндө жоболорго жараша же алар тейлеген мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ишинин багытын эске алуу менен бөлүштүрүлөт.
Документтерди бир түзүмдүк бөлүнүштөн башкасына өткөрүп берүү алардын жетекчилеринин макулдашуусу же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Аппарат жетекчиси) же Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын көрсөтмөсү боюнча, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу ишке ашырылат.
10. Токтоосуз чечүү зарыл болгондон башка учурларда Өкмөттүн Аппараты министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик башкаруунун башка органдарынын чечимдин долбоорун макулдашууга жардамдашуу же аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарына тигил же бул ишти аткаруу жөнүндө тапшырма берүү маселеси боюнча каттарын кабыл албайт.
Токтоосуз чечүүнү талап кылган учурлар болуп Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жумушчу топторду, комиссияларды, делегациялардын курамдарын түзүү маселелери, ошондой эле Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана Аппарат жетекчиси тарабынан аныкталуучу маселелер эсептелет.
11. Өкмөттүн Аппаратына келген чечимдердин долбоорлору жана корреспонденция регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана өкмөттүн чечимдерин чыгаруу секторунда (мындан ары - иш кагаздарын жүргүзүү сектору) белгиленген тартипте катталат жана бир күндүн ичинде төмөнкүлөргө өткөрүп берилет:
- Өкмөттүн жыйынына актылардын жана протоколдук тапшырмалардын долбоорлору - коомдук талкуулоо үчүн Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу максатында киргизилген актылардын долбоорлорунан башкалары регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн регламент жана Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыз кылуу секторуна (мындан ары - регламент сектору), алар тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө берилет;
- корреспонденция - тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө.
Электрондук почта менен келип түшкөн Евразия экономикалык бирлигинин жана Евразия экономикалык комиссиянын маселелерине тиешелүү корреспонденция документтин түп нускасы берилген шартта катталууга тийиш.
12. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу үч жумуш күндүн ичинде (эгер актынын долбоору 30 барактан ашык болсо - беш жумуш күндө) коомдук талкуулоо үчүн Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырууга берилген актылардын долбоорлорундагы маанилик жана орфографиялык каталарды жоюу боюнча иш жүргүзөт.
Толуктап иштеп чыккандан кийин актынын долбоору Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө (мындан ары - маалыматтык камсыздоо бөлүмү) Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу үчүн берилет.
13. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору корреспонденцияны атайын жашиктен жумуш күндөрү күн сайын саат 10.00дө жана 17.00дө алат.
14. Өкмөттүн жетекчилигине жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине кароо (кол коюу) үчүн жиберилүүчү корреспонденцияны жана актылардын долбоорлорун түзүмдүк бөлүнүштөр регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу жумуш күндөрү күн сайын саат 11.00гө чейин беришет. Документтерде камтылган маселелердин маанилүүлүгүн жана аларды кароонун шашылыштыгын эске алуу менен аларды түзүмдүк бөлүнүштөр Өкмөттүн жетекчилигинин жана Аппарат жетекчисинин жардамчылары (кеңешчилери) аркылуу беришет.
2. Чечимдердин долбоорлору менен иштөөнүн негизги жоболору
15. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору Өкмөттүн жыйынында же сурамжылоо жолу менен (шашылыш тартипте) кабыл алынат.
16. Чечимдердин долбоорлору Өкмөт мүчөлөрү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу жол-жобосу Өкмөттүн Регламентинде аныкталган тартипке ылайык ишке ашырылат.
17. Регламент сектору 3 жумуш күндүн ичинде актынын долбоору Өкмөттүн Регламентинин жана ушул Регламенттин талаптарына ылайыктыгын экспертизалайт.
Актынын долбоору Өкмөттүн Регламентинин 45-1, 47, 51, 55, 61, 62, 69 жана 91-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна ылайык келбеген учурда актынын долбоорун регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү кайра артка жиберүүнүн себебин көрсөтүү менен аны иштеп чыккан мамлекеттик органга толуктап иштеп чыгуу үчүн жиберет.
Актынын долбоору Өкмөттүн Регламентинин талаптарына ылайык келген учурда актынын долбоору анын ылайыктуулугу жөнүндө тийиштүү корутунду жана тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча (№ 1 үлгү) график-матрица менен иш кагаздарын жүргүзүү секторуна документти андан ары кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшкө (мындан ары - жооптуу түзүмдүк бөлүнүш) жиберүү үчүн берилет.
18. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкери (мындан ары - аткаруучу) актынын долбоорунун жана анын тиркемелеринин кагазга чыгарылган текстин маанилик жана орфографиялык каталарды жана так эместиктерди оңдоо менен милдеттүү түрдө иштеп чыгат.
Белгиленген тартипте иштелбеген актылардын долбоорлору жана алардын тиркемелеринин долбоорлору тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшкө экспертизага берилген учурда документтин аткаруучусуна жана жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.
Иштеп чыгуучу мамлекеттик орган сапатсыз чечимдин долбоорун киргизген учурда жооптуу түзүмдүк бөлүнүш 7 жумуш күндүн ичинде тейлеген вице-премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин же Аппарат жетекчисинин орун басарынын кароосуна актынын долбоорун сапатсыз даярдаганы үчүн иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисине тартиптик жаза чарасын колдонуу жана чечимдин долбоорун толуктап иштеп чыгууга кайра жиберүү жөнүндө сунуш киргизет.
Чечимдин долбоорун кайра артка жиберүү тейлеген вице-премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин же Аппарат жетекчисинин тейлеген орун басарынын колу менен, тейлеген вице-премьер-министр макул болгондо кайра жиберүүнүн себебин негиздөө менен ишке ашырылат.
19. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштөр актылардын долбоорлорун киргизилген актынын долбоорундагы маселенин маанисин өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө жана редакциялоого укуктуу.
20. Өкмөттүн Аппаратында толукталып иштелип чыккан жана аларды толуктап иштеп чыгуу процессинде маселенин мазмунуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген актылардын долбоорлору аларды иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси, ал жок учурда - жетекчинин милдетин аткаруу тапшырылган орун басары (статс-катчысы) менен 2 жумуш күндүн ичинде кайрадан макулдашылууга (парафирленүүгө) тийиш.
Кайрадан макулдашуу актынын долбоорунун текстин парафирдөө (кол коюу) же жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин колу менен, актынын өзгөртүлгөн же толукталган долбоорун тиркеп кат жиберүү жолу менен иш тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бул учурда иштеп чыгуучу мамлекеттик орган ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө чечимдин долбоорунун толукталып иштелип чыккан текстин мамлекеттик тилден расмий тилге же расмий тилден мамлекеттик тилге которууну да камсыз кылат.
21. Чечимдин долбоорун жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу жана жетекчиси карайт, виза коёт жана тиркемеде келтирилген форма боюнча (№ 2 үлгү) төмөнкүлөр менен кийинки тартипте макулдашат:
- кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен;
- Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлүнүн катчылыгы менен - Евразия экономикалык бирлигинин ишине тиешелүү маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү (мындан ары - Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү) менен - Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча;
- экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен;
- котормо жана редакциялоо бөлүмү менен;
- регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү менен;
- Аппарат жетекчисинин орун басарлары менен, милдеттерин бөлүштүрүүгө жараша;
- Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары менен;
- Аппарат жетекчиси менен;
- вице-премьер-министрлер менен.
Андан кийин актынын долбоору Премьер-министрге кол коюуга киргизилет.
Чечимдин долбоорун вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси менен макулдашуунун жогоруда көрсөтүлгөн тартиби ушул Регламентке жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.
22. Актылардын долбоорлору укуктук экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана котормо жана редакциялоо бөлүмүндө экспертизадан өтөт.
Актылардын долбоорлорун кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен бир эле учурда аларга макулдашууга жиберип жана эгер болсо алардын сунуштары менен сын пикирлерин алуу жолу менен макулдашууга болот. Актылардын долбоорлорун макулдашууга жиберүү документтердин бүткүл пакетин милдеттүү түрдө тиркөө менен электрондук документ жүгүртүү аркылуу да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Актынын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө пайда болгон сын пикирлер жана сунуштар эске алынганы же эске алынбаганы, ошондой эле сунуштардын жана сын пикирлердин жоктугу жөнүндө маалымат тиркемеде берилген форма боюнча (№ 4 үлгү) жыйынтыктоочу таблицада көрсөтүлөт, ага түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси жана аткаруучу кол коёт.
Чечимдердин долбоорлорун Аппарат жетекчисинин буйругу менен бекитилген Өкмөттүн Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамага жана Өкмөттүн Аппаратында документтерди тариздөө эрежелерине ылайык аткаруучу иштеп чыгат.
23. Чечимдин долбоорунун жана анын тиркемелеринин белгиленген үлгүдөгү бланктагы акыркы вариантынын барактары арткы бетинин ылдыйкы сол жак бурчуна ар бир баракка фамилияларын жана аты-жөнүн көрсөтүү менен төмөнкүлөр тарабынан парафирленет:
- мамлекеттик тилде - котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештиги боюнча экспертиза жүргүзгөн кызматкерлери, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу жана жетекчиси;
- расмий тилде - котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн актынын долбоорунун расмий тилге шайкештиги боюнча экспертиза жүргүзгөн кызматкери, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу жана жетекчиси, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери, ошондой эле чечимдин долбоорунун тиркемелеринин барактарынан тышкары экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
Эл аралык келишимдердин долбоорлорунун тексттеринин расмий эмес котормолору Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери тарабынан парафирленбейт, арткы бетинин ар бир барагына иштеп чыгуучу органдын мөөрү басылат. Актылардын долбоорлорунун жыйырма беш барактан ашкан көлөмдөгү тиркемелеринин арткы бетинин ар бир барагына Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери парафирлөөгө тийиш болгон биринчи жана акыркы барактарынан тышкары регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн мөөрү басылат.
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 92 буйругунун редакциясына ылайык)
24. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүш Жогорку Кеңешке мыйзамдын долбоорунун жиберилип жатканы жөнүндө тийиштүү катты тиркемеде берилген форма боюнча (№ 7 үлгү) даярдайт.
25. Актылардын долбоорлорун Аппарат жетекчисинин жана Өкмөттүн жетекчилигинин кол коюусуна киргизүүдө түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери кол коюуга жиберилүүчү документтердин пакетине түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси жана жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкери кол койгон, толтурулган жиберүү барагынын, ошондой эле аткаруучу кол койгон документтердин бар экендиги жөнүндө маалымкаттын тиркелишин камсыз кылат. Тиешелүү маалымкат актынын долбооруна карата бардык жумушчу материалдарды (кара жазма материалдар, кат жазышуулар, тапшырмалар ж.б.) баяндоо менен толтурулат.
Актынын долбооруна Премьер-министр кол койгондон кийин чечимдин долбоорун кол коюуга даярдоону камсыз кылган аткаруучу тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү секторуна жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө мамлекеттик жана расмий тилдерде кол коюлган актынын бирдей варианты электрондук түрдө берилет.
Мында иш кагаздарын жүргүзүү сектору электрондук вариантын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберет, ал эми маалыматтык камсыздоо бөлүмү кол коюлган актыны расмий жарыялайт.
3. Өкмөттүн жыйындарын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жалпы жоболор
26. Өкмөттүн пландуу (кезектеги) жыйындарын өткөрүү жана анда маселелерди кароо тиешелүү кварталда Өкмөттүн жыйындарында карала турган, Премьер-министр бекиткен негизги маселелердин тизмегине ылайык ишке ашырылат.
27. Өкмөттүн жыйындарында карала турган негизги маселелердин тизмегин Премьер-министр бекиткенден кийин Өкмөттүн Аппаратынын маселени өз учурунда даярдоону контролдоочу түзүмдүк бөлүнүшү 7 жумушчу күндүн ичинде маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдан (мындан ары - демилгечи мамлекеттик орган) маселени даярдоонун кадамдык планын талап кылат.
28. Түзүмдүк бөлүнүш кадамдык планды алгандан кийин анда көрсөтүлгөн иш-чараларга жана аларды өткөрүү мөөнөттөрүндө талдоо жүргүзөт. Талдоо Өкмөттүн Регламентинде белгиленген, Өкмөттүн Аппаратына материалдарды берүү талаптарына жана мөөнөттөрүнө шайкеш келүү предметине карата жүргүзүлөт (Мисалы, Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу, материалдарды 14 календарлык күндөн мурда киргизүү ж.б.).
29. Кадамдык план Өкмөттүн регламентинин талаптарына шайкеш келген учурда түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси түзүмдүк бөлүнүштүн түздөн-түз аткаруучусун аныктайт жана кадамдык планда көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууну контролдоо боюнча функцияларды түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин орун басарына жүктөйт.
30. Түзүмдүк бөлүнүштүн түздөн-түз аткаруучусу Өкмөттүн жыйынына материалдардын демилгечи мамлекеттик орган тарабынан даярдалышын контролдоо маселелери боюнча инспекциялык иш-чаралардын планын аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзөт. Инспекциялык иш-чаралар демилгечи мамлекеттик органга, башка мамлекеттик органдарга жана мекемелерге барууну, документтерди талап кылууну, демилгечи мамлекеттик орган ишке ашырып жаткан иш-чараларды текшерүүнү, ошондой эле башка иш-чараларды камтыйт.
31. Түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн жыйынын өткөрүү датасына чейин жок эле дегенде 18 календарлык күн мурда Өкмөттүн Регламентине жана ушул Регламентке ылайык документтердин зарыл болгон пакетин комплектилөө боюнча демилгечи мамлекеттик орган менен консультацияларды өткөрөт.
32. Демилгечи мамлекеттик органдардын жетекчилери тийиштүү материалдарды Өкмөттүн Аппаратына ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына" деген белги менен) жыйын өткөрүү белгиленген датага чейин 14 календарлык күндөн кечиктирбей киргизишет.
33. Өкмөттүн жыйынына киргизилген Өкмөттүн актысынын долбоору же протоколдук чечимдин долбоору жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен, ошондой эле төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашылат:
- Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү менен - Евразия экономикалык бирлигинин ишине тиешелүү маселелер боюнча;
- экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү менен;
- котормо жана редакциялоо бөлүмү менен;
- регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү менен;
- Аппарат жетекчисинин орун басарлары менен, милдеттерин бөлүштүрүүгө жараша;
- Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары менен;
- Аппарат жетекчиси менен;
- тейлөөчү вице-премьер-министр менен.
34. Актынын долбоору же протоколдук чечимдин долбоору макулдашылгандан кийин жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан Өкмөттүн жыйыны өткөрүлүүчү датага чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен регламент секторуна төмөнкүдөй документтер киргизилет:
а) актынын долбоору боюнча:
- актынын жогорку оң бурчунда "Долбоор" деген белги менен белгиленген үлгүдөгү бланкка чыгарылган, мамлекеттик жана расмий тилдердеги долбоору;
- чечимдин долбооруна тиркемелер, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- актынын долбооруна тиркемеде келтирилген форма боюнча (№ 2 үлгү) Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу барагы;
- Премьер-министрдин сүйлөөчү сөзүнүн 16-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен 1,5 интервалда басылган, эреже катары көлөмү 3 барактан ашпаган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кыскача тезистери;
- конкреттүү маселе боюнча Өкмөттүн жыйынына катышуучу адамдардын (Өкмөт мүчөлөрүнөн тышкары) жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси тарабынан кол коюлган, такталган тизмеси;
- маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдын коштоочу каты;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан киргизилген чечимдин долбоору жана ага негиздеме-маалымкат, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон, эске алынган же эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө же сын пикирлердин жоктугу тууралуу маалымат менен жыйынды таблица;
- акттын долбооруна министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын коштоочу каттарынын жана макулдашуу барактарынын түп нускалары;
- мыйзам актыларына жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө (же жаңы редакцияда) - тиркемеде келтирилген форма боюнча (№ 3 үлгү) колдонуудагы жана сунушталган редакциядагы салыштырма таблица;
- Өкмөттүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер;
- жогоруда аталган документтерди же болбосо электрондук документ жүгүртүү аркылуу берилген документтерди камтыган электрондук маалымат сактагыч;
б) Өкмөттүн жыйынында протоколдук чечимди кабыл алууну караган маселелер боюнча:
- протоколдук чечимдин долбоорунун жогорку оң жак бурчунда "Долбоор" деген белги менен акыркы варианты, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- протоколдук тапшырманын долбооруна маалыматтын акыркы варианты, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Премьер-министрдин сүйлөөчү сөзүнүн 16-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифт менен 1,5 интервалда басылган, эреже катары көлөмү 3 барактан ашпаган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кыскача тезистери;
- конкреттүү маселе боюнча Өкмөттүн жыйынына катышуучу адамдардын (Өкмөт мүчөлөрүнөн тышкары) жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси тарабынан кол коюлган, такталган тизмеси;
- маселени даярдоого жооптуу иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын коштоочу каты;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан парафирленген протоколдук чечимдин долбоору жана бул маселе боюнча маалымат, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- протоколдук чечимдин долбооруна коштоочу каттардын жана макулдашуу барактарынын түп нускалары, эгерде болсо;
- Өкмөттүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер;
- жогоруда аталган документтерди же болбосо электрондук документ жүгүртүү аркылуу берилген документтерди камтыган электрондук маалымат сактагыч.
35. Регламент сектору Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана ага карата материалдарды, жыйынга чакырылган адамдардын акыркы тизмесин, телефонограмманын долбоорун түзөт жана аларды Аппарат жетекчисинин кароосуна киргизет.
36. Аппарат жетекчиси Өкмөттүн жыйыны өтүүчү күнгө чейин 5 күндөн кечиктирбей жыйындын күн тартибинин долбоорун тийиштүү материалдар менен Премьер-министрдин кароосуна берет.
37. Премьер-министр жактырган Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйын өтүүчү датага чейин 3 күндөн кечиктирилбей регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан Өкмөт мүчөлөрүнө, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жиберилет.
38. Өкмөттүн жыйынына чакырылган адамдардын акыркы тизмеси регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
39. Регламент сектору Аппарат жетекчиси кол койгон телефонограммаларды жиберет, Өкмөттүн жыйынына чакырылган Өкмөт мүчөлөрүнүн, административдик ведомстволордун жетекчилеринин келүүсүн жана аларды каттоону камсыздайт.
40. Каралуучу маселелер боюнча катышуу үчүн чакырылган башка адамдардын келүүсүн тиешелүү маселени даярдоого жооптуу түзүмдүк бөлүнүш ишке ашырат.
41. Өкмөттүн жыйынында маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протокол таризделет, аны даярдоо үчүн маселени киргизген жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу жана жетекчиси виза койгон протоколдук чечимдин долбоору талкууланган маселенин аталышын, баяндамачылардын жана талкууда чыгып сүйлөгөн адамдардын фамилияларын көрсөтүү, кабыл алынган коллегиялуу чечимди жана Премьер-министр берген конкреттүү тапшырмаларды баяндоо менен кийинки жумуш күндөн кечиктирилбестен регламент секторуна берилет.
42. Регламент сектору 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү протоколдун долбоорун тариздейт жана аны Аппарат жетекчисине, ал жокто - Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына кол коюуга киргизет.
Кол коюлгандан кийин протокол Премьер-министрдин бекитүүсүнө киргизилет. Протоколдун көчүрмөлөрү Өкмөт мүчөлөрүнө, кызыкдар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө аткаруу жана контролдоо үчүн жиберилет.
43. Эгерде Өкмөттүн жыйынында башка мөөнөт белгиленбесе, жооптуу түзүмдүк бөлүнүш 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө кабыл алынган актынын долбоорун толуктап иштеп чыгат жана аны Премьер-министрдин кол коюусуна киргизет.
44. Өкмөттүн ачык жыйынынын видео жана аудиожазмасы маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан толук көлөмдө, кыскартуусуз Өкмөттүн расмий сайтында же болбосо жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарда, Өкмөттүн расмий сайтында шилтемелерди расмий түрдө жайгаштыруу менен Өкмөттүн жыйыны өткөрүлгөндөн кийин 2 жумуш күндүн ичинде жарыяланат. Өкмөттүн жыйынынын видео жана аудиожазмаларын белгиленген мөөнөттө жарыялоого мүмкүн болбосо, маалыматтык камсыздоо бөлүмү жазма жарыялана турган мөөнөт жөнүндө маалыматты жарыялайт.
Өкмөттүн жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырууну маалыматтык камсыздоо бөлүмү ишке ашырат.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын таасирине туш болгон жыйындардын видео жана аудиожазмасы жашырындык режимин сактоо менен сакталат.
45. Өкмөттүн жыйынында каралуучу маселелерди презентациялоонун тексти эреже катары 18-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен даярдалат.
46. Өкмөттүн жыйынына кошумча маселе киргизилген учурда Өкмөттүн Аппаратынын бул маселени даярдоого жооптуу түзүмдүк бөлүнүшү аны тиешелүү министрликтер (Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги) менен ыкчам тартипте макулдашууну камсыз кылат.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорлору менен иштөөнүн тартиби
47. Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбоору министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери тарабынан Өкмөттүн Аппараты аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына (мындан ары - Президенттин Аппараты) киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбоорун Өкмөттүн Аппаратында экспертизалоонун жана макулдашуунун тартиби ушул Регламенттин 2-главасына ылайык ишке ашырылат.
48. Президенттин Аппаратына төмөнкү документтер киргизилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылган, Премьер-министр кол койгон коштоочу кат же Президенттин Аппаратынын жетекчисинин атына жазылган, Аппарат жетекчиси кол койгон коштоочу кат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбоору, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбооруна иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кол коюлган негиздеме-маалымкат, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын долбооруна министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун коштоочу каттарынын жана макулдашуу барактарынын түп нускалары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө (же жаңы редакцияда) - колдонуудагы жана сунушталган редакциядагы салыштырма таблица;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актысынын кагаздагы вариантына окшош долбоорун камтыган электрондук маалымат сактагыч жана ага негиздеме-маалымкат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер.
5. Актынын долбооруна карата пикир келишпестиктерди (сын пикирлерди) жоюунун тартиби
49. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүш өз ара алгылыктуу чечимге жетүү максатында иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисинин (жетекчинин орун басарынын), ошондой эле жоюлбаган сын пикирлер менен актынын долбоорун макулдашкан мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери менен актынын долбоорун талкуулоону камсыздайт.
50. Зарыл болгон учурда, эгерде түзүмдүк бөлүнүштөр сын пикирлерди алып салбаса, алар Аппарат жетекчисинин орун басарынын, Аппарат жетекчисинин, тейлеген вице-премьер-министрдин же болбосо Премьер-министрдин чечими боюнча алынышы мүмкүн.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан тиешелүү протокол белгиленген үлгүдөгү бланкта таризделет.
51. Аппарат жетекчисинин орун басарында, Аппарат жетекчисинде, тейлеген вице-премьер-министрде же болбосо Премьер-министрде пикир келишпестиктер каралган учурда сын пикирлер болгон чечимдин долбоорун кайра кайтаруу же актынын долбоорун андан ары жылдыруу жана аны код коюуга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
52. Өзгөчө учурларда, Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү актынын долбоору боюнча консенсуска жетишпегенде бул долбоор Премьер-министрдин макулдугу менен же анын тапшырмасы боюнча Өкмөттүн жыйынына киргизилет. Сын пикирлерди жөнгө салуу боюнча акыркы чечим Өкмөттүн жыйынында кабыл алынат.
53. Долбоордун текстине ички макулдашылбагандык боюнча экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн юридикалык корутундусунда камтылган сын пикирлер болсо, башка ченемдик укуктук актылар менен, ошондой эле өтө жогорку юридикалык күчкө ээ карама-каршылыктар, актынын долбоорунун жоболорунун ортосунда ички карама-каршылыктар болсо, жооптуу түзүмдүк бөлүнүш бул жөнүндө Аппарат жетекчисинин тейлеген орун басарына, Аппарат жетекчисине же тейлеген вице-премьер-министрге кабарлайт.
54. Мындай учурда Аппарат жетекчисинин орун басары, Аппарат жетекчиси же тейлеген вице-премьер-министр төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
- юридикалык корутундуда көрсөтүлгөн сын пикирлерди жоюу үчүн долбоорду иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жана экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда актынын долбоорун талкуулоону камсыздоо;
- юридикалык корутундуда көрсөтүлгөн сын пикирлерди жоюу үчүн, чечимдин толуктап иштелип чыккан долбоорун кийин киргизүү мүмкүндүгү менен чечимдин долбоорун иштеп чыгуучу мамлекеттик органга кайтаруу.
Актынын долбоорун кайтаруу тейлеген вице-премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин же Аппарат жетекчисинин тейлеген орун басарынын колу менен, кайтаруунун себептерин негиздөө аркылуу тейлеген вице-премьер-министрдин макулдугу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
6. Чечимдердин долбоорлорун даярдоонун, экспертизалоонун, макулдашуунун жана аларды узартуунун мөөнөттөрү
55. Чечимдердин долбоорлорун кол коюуга даярдоонун мөөнөттөрү чечимдердин долбоорлорун кол коюуга даярдоону камсыздоочу жооптуу түзүмдүк бөлүнүшкө актылардын долбоорлору келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.
56. Чечимдердин долбоорлорун кол коюуга даярдоо төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:
- буйруктун долбоору - 10 жумуш күндөн ашык эмес;
- токтомдун долбоору - 14 жумуш күндөн ашык эмес;
- мыйзамдын долбоору - 20 жумуш күндөн ашык эмес;
- башка долбоорлор - 15 жумуш күндөн ашык эмес.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, Аппарат жетекчисинин орун басарларынын чечими менен гана жол берилет. Мөөнөттөрдү узартууга узактыгы жогоруда аталган мөөнөттөрдүн чегинде, бир жолу гана жол берилет. Эгерде актынын долбоорунун көлөмү 20 барактан ашса, узактыгы жогоруда аталган мөөнөттөрдүн чегинде, мөөнөтүн 3 жолудан ашык эмес узартууга жол берилет.
Актылардын эки же андан көп долбоорлорун даярдоонун мөөнөттөрүн бир кызматтык кат менен узартууга тыюу салынат.
Чечимдердин долбоорлорун биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер менен макулдашуу үч жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө ишке ашырылат.
Биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин сын пикирлери жана сунуштары макулдашуу баракта сунуштар жана/же сын пикирлердин бар экендиги жөнүндө белги менен кат жүзүндө тиркелет.
57. Актылардын долбоорлору Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринен тышкары, Аппарат жетекчисинин орун басарына кол коюуга киргизилген күндөн тартып аларды аткаруунун мөөнөтү токтотула турат, бул жөнүндө чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүндө белги коюлат.
58. Котормо жана редакциялоо бөлүмүндө документтердин долбоорлорун редакциялоо жана которуу бир күнгө мамлекеттик тилде 8-10, расмий тилде - 18-20 басылган бет эсебинде жүргүзүлөт.
Лингвистикалык экспертизада турган актынын долбоорун даярдоонун мөөнөттөрүн узартуу ушул Регламенттин 56-пунктунун алтынчы абзацынын талаптарын эске албастан, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин кызматтык катынын, котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысынын визасынын негизинде ишке ашырылат.
59. Актынын долбоорунун акыркы вариантын министрликтин, мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомствонун, актынын долбоорун иштеп чыккан башка мамлекеттик органдын жетекчиси менен кайрадан макулдашуу мезгилинде аны Өкмөттүн Аппаратында иштеп чыгуунун мөөнөтү 2 жумуш күнгө токтотула турат.
Актынын долбоорунун акыркы вариантын кайрадан макулдашууга жиберүү жөнүндө каттын көчүрмөсү же электрондук почтадан басып чыгаруу буга негиз болуп саналат.
60. Ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн киргизилген, көлөмү 25 барактан аз болгон актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй: котормо жана редакциялоо бөлүмүнөн тышкары, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүндө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүндө - 3 жумуш күнгө чейин, финансы жана кредит саясаты бөлүмүндө, экономика жана инвестициялар бөлүмүндө - 2 жумуш күнгө чейин, калган түзүмдүк бөлүнүштөрдө - 1 жумуш күн.
Ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн киргизилген, көлөмү 25 барактан ашкан актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй: котормо жана редакциялоо бөлүмүнөн тышкары, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүндө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүндө - 5 жумуш күнгө чейин, финансы жана кредит саясаты бөлүмүндө, экономика жана инвестициялар бөлүмүндө - 4 жумуш күнгө чейин, калган түзүмдүк бөлүнүштөрдө - 3 жумуш күн.
61. Өкмөттүн жыйынына киргизилүүчү актылардын долбоорлорун жана протоколдук чечимдердин долбоорлорун экспертизалоо котормо жана редакциялоо бөлүмүнөн тышкары, бардык түзүмдүк бөлүнүштөрдө узактыгы 1 жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө ишке ашырылат.
62. Өкмөттүн кезексиз (шашылыш) жыйынында кароо үчүн киргизилүүчү чечимдердин долбоорлорун экспертизалоо бардык түзүмдүк бөлүнүштөрдө шашылыш түрдө ишке ашырылат.
7. Премьер-министрдин жана Аппарат жетекчисинин буйруктарын даярдоонун, тариздөөнүн жана жиберүүнүн тартиби
63. Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлору каралуучу маселеге жараша мамлекеттик башкаруу органдарында же тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусунун жана жетекчисинин визасы коюлат, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, Аппарат жетекчиси, Аппарат жетекчисинин бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша орун басары, ошондой эле тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашылат.
64. Актынын долбооруна маалымкат тиркелет, анда маселенин кыскача мазмуну, ал чечимди кабыл алуунун негиздемеси, каржылоо булагынын бар экени же бюджетке кошумча финансылык оорчулук келтирилбестиги баяндалууга тийиш жана аткаруучу жана түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси кол койгон жиберүү көрсөткүчү тиркелет.
65. Аппарат жетекчисинин буйругунун долбоорлору жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан даярдалат, кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, Аппарат жетекчисинин бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша орун басары, Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары менен милдеттүү түрдө макулдашылат.
66. Ички тартип (өргүү, өргүмө берүү (кайра чакыруу), материалдык жардам берүү, командировкага жиберүү, жазалоо жана сыйлоо) маселелери боюнча Аппарат жетекчисинин буйруктары чыгарылат. Буйруктарды даярдоо, аларды каттоо, эсепке алуу, жиберүү жана сактоо мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлөт.
8. Өкмөт кабыл алган актылардын чечмелениши
67. Өкмөттүн актыларынын (токтомдордун, буйруктардын) мазмунун чечмелөө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелеринде жана Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте, Аппарат жетекчисинин буйругу менен бекитилүүчү циркулярдык кат (түшүндүрмө) түрүндө ишке ашырылат.
Өкмөттүн мурда чыгарылган чечиминин мазмунун расмий чечмелөөчү циркулярдык катты (түшүндүрмөнү) бекитүүчү буйруктун долбоорун Өкмөттүн Аппаратына мазмуну чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) талап кылган Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлигинин органы киргизет. Буйруктун долбооруна чечмелөөнүн (түшүндүрмөнүн) долбоорун иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси милдеттүү түрдө виза коёт жана Юстиция министрлиги, ошондой эле тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана уюмдарынын жетекчилери менен макулдашылат.
68. Өкмөттүн актыларынын мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) боюнча Аппарат жетекчисинин буйругунун долбоорун актынын долбоорун чыгарууга даярдаган түзүмдүк бөлүнүш же чечмелөө (түшүндүрүү) зарыл болгон маселе компетенциясына кирген түзүмдүк бөлүнүш даярдайт.
Аппарат жетекчисинин Өкмөттүн актыларынын мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) боюнча буйругунун долбоорун экспертизалоо жана макулдашуу Өкмөттүн Регламентинде жана ушул Регламентте белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо максатында Өкмөттүн Аппарат жетекчиси расмий чечмелөө жөнүндө буйруктун долбоорун иштеп чыгууну башка түзүмдүк бөлүнүшкө же аткаруу бийлигинин башка органына тапшырууга укуктуу.
9. Башка документтер менен иштөөнүн тартиби
69. Келген документтерди түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси аткаруучуларга берет. Зарылдыкка жараша конкреттүү сунуштарды жана тапшырманын долбоорун иштеп чыккандан жана даярдагандан кийин документ 3 жумуш күндүн ичинде регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине кароого берилет.
Аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрү (аткарылуучу күнү) көрсөтүлгөн резолюциянын долбооруна аткаруучу, жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси виза коёт. Эгерде документти кошумча изилдөө талап кылынса, тапшырманы даярдоо мөөнөтүн Аппарат жетекчиси же бөлүштүрүлгөн милдетине жараша анын орун басарларынын бири 10 жумуш күнгө чейин узартат.
Документтер регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө аткаруучуларга жиберүү үчүн кийинки жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
70. Кечиктирилгис чара көрүү талап кылынган документтер жөнүндө жооптуу түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине же Аппарат жетекчисинин орун басарларынын бирине шашылыш маалымдашат.
71. Президенттин Аппаратынын кайрылуусуна жооптор аткаруунун башка мөөнөттөрү белгиленбеген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө берилет. Зарыл болсо бул мөөнөттөр коюлган маселелер толук ишке ашырылганга чейин узартылышы мүмкүн.
Президенттин Аппаратынын Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине даректелген кайрылуулары алар катталган күнү түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине тапшырылат жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштар даярдалгандан кийин жетекчиликке билдирүү үчүн үч күндүк мөөнөттө регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө берилет.
Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин кайрылууларына Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин атынан жооптор жиберилиши мүмкүн.
10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштөөнүн тартиби
72. Кыргыз Республикасынын аткарууга келген мыйзамдары иш кагаздарын жүргүзүү секторунда катталат жана бир жумуш күндөн кечиктирилбей тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшкө берилет.
73. Кыргыз Республикасынын мыйзамы аткарууга келип түшкөн түзүмдүк бөлүнүш аткаруу үчүн мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырманын долбоорун 3 жумуш күндүн ичинде даярдайт.
Тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөр туруктуу негизде төмөнкүлөрдү ишке ашырышат:
- тейлеген мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарды жалпылоо менен, тармактык мыйзамдардын аткарылышын контролдоону;
- тейлеген мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарды жалпылоо менен, тармактык мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын ишин талдоону;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кеч эмес мөөнөттө Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү аркылуу Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине Премьер-министрдин 2016-жылдын 5-августундагы № 451 буйругу менен бекитилген форма боюнча мыйзамдардын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту жиберет.
74. Эгерде мыйзамда Өкмөткө тапшырма берилбеген болсо түздөн-түз аткаруучу зарыл болгон актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу предмети боюнча экспертиза жасайт же аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарына мыйзамдан келип чыгуучу актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгын аныктоо үчүн тийиштүү экспертиза жасоого тапшырма берет.
11. Жогорку Кеңеш кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга келген мыйзамдар менен иштөөнүн тартиби
75. Жогорку Кеңеш кабыл алып жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга келген мыйзамдарга корутунду берүү үчүн Президентинин Аппаратынан Өкмөттүн Аппаратына келген суроо-талаптар иш кагаздарын жүргүзүү секторунда катталат жана бир күндүк мөөнөттө тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө берилет.
76. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүш 2 жумуш күндүн ичинде тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго сунуштарын жана сын-пикирлерин берүүгө тапшырманын долбоорун аткаруу бийлигинин жооптуу мамлекеттик органын аныктоо жана тапшырманы аткаруунун конкреттүү мөөнөтүн көрсөтүү менен даярдайт жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна киргизет.
77. Зарыл болгон учурда, ошондой эле Президенттин Аппараты белгилеген мөөнөттөрдү эске алуу менен жалпылоо жана мыйзамга корутундуну даярдоо жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан аткарылышы мүмкүн.
Эгерде мыйзамды Өкмөт демилгелесе жана анын редакциясы өзгөртүлбөсө, эреже катары, министрликтер менен ведомстволорго сунуштарын жана сын пикирлерин берүүлөрү үчүн жиберүү талап кылынбайт.
Мыйзамга корутунду Президенттин Аппаратына Аппарат жетекчисинин колу менен, ал жокто - Аппарат жетекчисинин бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша орун басарынын колу менен жиберилет,
12. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана депутаттык фракцияларынын токтомдору, чечимдери, ошондой эле Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары менен иштөөнүн тартиби
78. Өкмөткө келип түшкөн Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын токтомдору, чечимдери, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.
Түзүмдүк бөлүнүштөр тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго тапшырмаларды даярдашат, алар Жогорку Кеңешке жоопту жиберишет, жооптун көчүрмөсүн Өкмөттүн Аппаратына беришет же болбосо маалыматты андан ары Жогорку Кеңешке жиберүүсү үчүн жоопту Өкмөттүн Аппаратына беришет.
79. Эки же андан ашык министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун компетенциясына тиешелүү болгон жогоруда аталган документтер тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет. Ошол документте тиешелүү маселелердин саны көбүрөөк болгон түзүмдүк бөлүнүш негизги түзүмдүк бөлүнүш болуп эсептелет. Эгер маселелердин саны бирдей болсо ошол документте өзүнүн маселеси биринчи болуп турган түзүмдүк бөлүнүш негизги болот.
Негизги түзүмдүк бөлүнүш башка тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөр менен бирдикте көрсөтүлгөн маселелер боюнча резолюциянын бир долбоорун иштеп чыгат. Резолюциянын долбооруна баардык тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан виза коюлат же макулдашылат. Мамлекеттик органдан жооп алгандан кийин негизги түзүмдүк бөлүнүш жалпылайт же тейлеген маселе боюнча экспертизалоо жана жооптун акыркы вариантын даярдоо үчүн тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшкө берет.
Тийиштүү түзүмдүк бөлүнүш, эгер башка мөөнөт белгиленбесе 2 жумуш күндүн ичинде жооптун долбоорунун акыркы вариантын даярдайт жана аны жалпылоо үчүн негизги түзүмдүк бөлүнүшкө берет. Негизги түзүмдүк бөлүнүш берилген маалыматты жалпылайт жана ошол документке жооптун бир долбоорун даярдайт жана аны тейлеген вице-премьер-министрлерге, алар жок болгон учурда Аппарат жетекчисине же Аппарат жетекчисинин бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша орун басарына кол коюуга киргизет. Жооптун көчүрмөсү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнө жиберилет.
Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын суроо-талаптарына жана чечимдерине жооптордун долбоорлору Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү менен макулдашылат. Макулдашуу 2 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
Түзүмдүк бөлүнүш Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарына, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын суроо-талаптарына жана чечимдерине жооптун долбоорун даярдаганда жооптун долбоору тейлеген вице-премьер-министр менен милдеттүү түрдө макулдашылат.
80. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшкөн депутаттык суроо-талаптар Өкмөттүн Аппаратында катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралат.
81. Эгерде Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын токтому, чечими, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары кошумча изилдөөнү же узак мөөнөттүү кароону талап кылса, анда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш тарабынан аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен Жогорку Кеңешке тейлеген вице-премьер-министрлердин, алар жок болгон учурда Аппарат жетекчисинин же Аппарат жетекчисинин бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша орун басарынын колу менен кат жиберилет.
82. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренесине ылайык депутаттык суроо-талаптарга жоопторду депутаттар жазуу жүзүндө суроо-талап менен кайрылган орган же кызмат адамы бир айлык мөөнөттө берет, эгерде Өкмөттүн жетекчилигинин тапшырмасында башкача көрсөтүлбөсө.
83. Премьер-министрдин отчетун же тийиштүү жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлер иш кагаздарын жүргүзүү сектору тарабынан Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнө жиберилет, ал тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр үчүн аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн белгилөө менен тиешелүү тапшырма даярдайт.
Зарыл болгон учурда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр айтылган сын пикирлерди тейлөөчү мамлекеттик органдарга кароо жана маалымат берүү үчүн жиберишет.
Премьер-министрдин отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлер боюнча жалпыланган маалыматты экономика жана инвестициялар бөлүмү, тийиштүү жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча - финансы жана кредит саясаты бөлүмү даярдайт. Мында тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр тейлеген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жоопторунун экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, республикалык бюджеттин долбоору боюнча - финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө берилишин камсыз кылышат.
Экономика жана инвестициялар бөлүмү же финансы жана кредит саясаты бөлүмү тарабынан жалпыланган маалымат андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө жиберилет.
Жогорку Кеңеште талкуулануучу маселелер боюнча депутаттардын сунуштары жана сын пикирлери вице-премьер-министрлердин маалыматтары боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жана тейлеген вице-премьер-министрлерге жиберилет. Тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр аларды ишке ашыруу боюнча тейлөөчү вице-премьер-министрлердин колу коюлуучу тапшырманын долбоорун даярдашат.
84. Түзүмдүк бөлүнүштөр тейлөөчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан жыйынды маалыматты даярдоочу түзүмдүк бөлүнүшкө дыкат экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана жооптордун берилишин камсыз кылат.
Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын токтомдору, чечимдери, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары жарым-жартылай аткарылган же белгиленген мөөнөткө чейин аткарылбаган учурда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш тарабынан Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин наамына Жогорку Кеңешке жиберүү үчүн бул документтердин аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен орто аралыктагы маалымат же кат даярдалат.
Жогоруда аталган документтерде берилген тапшырмалардын бири ыкчам аткарылганда тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш маалыматты даярдап Жогорку Кеңешке белгиленген тартипте жиберет жана Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө көчүрмөсүн милдеттүү түрдө берет.
85. Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалыматты Өкмөттүн Аппараты чечим алынган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбей жазуу жүзүндө жиберет. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго тапшырмаларды даярдоодо түзүмдүк бөлүнүш мөөнөттү маалыматты жалпылоо үчүн керектүү убакытты эсепке алуу менен көрсөтөт.
Жалпылоого берилген маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчиликти Жогорку Кеңештин чечимин же Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарын кароо тапшырылган мамлекеттик органдын жетекчиси тартат.
86. Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү ай сайын Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине жыйынды (сандык) маалыматты, ошондой эле жетекчилик сураган маалыматты даярдайт.
87. Жогорку Кеңештин депутаттары демилге кылган жана Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн мыйзамдардын долбоорлору министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго, ошондой эле актынын долбоору компетенциясына тиешелүү болгон башка мамлекеттик органдарга расмий корутунду даярдоо үчүн 2 жумуш күндүн ичинде жиберилет.
Мыйзамдардын долбоорлору Финансы министрлигине, Экономика министрлигине жана Юстиция министрлигине милдеттүү түрдө жиберилет.
Эгерде мыйзамдын долбооруна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарынын таасири колдонулса, анда расмий корутунду Өкмөттүн токтому менен таризделет.
88. Өкмөттүн расмий корутундусун даярдоо Өкмөттүн Регламентинин 129 жана 130-пункттарында каралган аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органга же тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшкө тапшырылышы мүмкүн.
13. Документтердин айрым категорияларынын өтүшүнүн жол-жобосу
89. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин наамдарына түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан даярдалуучу документтер (тапшырма, кызматтык кат, маалымат, отчет ж.б.) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин түздөн-түз тапшырмасы жок болсо Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кароосуна берилет.
Аталган документтердин өтүүсү актылардын долбоорлорун өткөрүү үчүн белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу ишке ашырылат.
90. Түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин наамына даярдалуучу документтерди электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу өткөрүп берүү регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу ишке ашырылат да, ал жөнүндө Аппарат жетекчисине маалымдалат.
91. Шашылыш чечим кабыл алууну талап кылган маселелер боюнча документтерди Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан берүүгө болот жана ал тууралуу Аппарат жетекчисине маалымдалат.
92. Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин атынан чет мамлекеттерге, ал аралык уюмдардын жана эл аралык укуктун башка субъекттерине жиберилүүчү каттардын жана телеграммалардын долбоорлору министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор тарабынан расмий тилде жана зарыл болсо чет тилдерде киргизилет, ага түшүндүрмө кат (негиздеме) кошо тиркелет, мында алар тийиштүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (тышкы карыз алуу жана гранттык (акысыз жардам) маселелери боюнча) менен милдеттүү түрдө макулдашылат. Тийиштүү макулдашуусуз киргизилген каттардын жана телеграммалардын долбоорлору каралбайт жана макулдашуу жол-жобосунан белгиленген тартипте өткөрүү үчүн аларды киргизген мамлекеттик органга кайра жиберилүүгө тийиш.
Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштө иштелип чыккандан кийин документ аткаруучунун, түзүмдүк бөлүнүштүн, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн (чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу жаатында), котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн - каттын же телефонограмманын долбоору расмий тилде даярдалган учурда, жетекчисинин колу менен жетекчиликтин кол коюусуна берилет.
93. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин дарегине чет тилде келип түшкөн кат-кабарлар котормо жана редакциялоо бөлүмү тарабынан которулат жана жетекчиликке маалымдоо үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.
14. Премьер-министрде жана вице-премьер-министрлерде өткөрүлүүчү кеңешмелердин протоколдорун даярдоо
94. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусу менен өткөрүлүүчү кеңешмелерге маселелерди даярдоодо кеңешменин протоколунун долбоорунун материалдары Өкмөттүн Аппаратына министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан кеңешме өткөрүлүүчү датага чейин 3 жумуш күндөн кечиктирилбей берилет.
95. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларга карата даярдалган сүйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери, маалымкаттар, маалыматтык-аналитикалык жана башка материалдар 2 жумуш күндөн кечиктирилбей түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери тарабынан Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге берилет.
96. Оперативдүү маселелерди кароо боюнча Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катышуусу менен өткөрүлүүчү кеңешмелердин, анын ичинде селектордук кеңешмелердин протоколдору, ошондой эле Өкмөттүн алдындагы комиссиялардын (кеңештердин) жыйындарынын протоколдору тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан даярдалып редакцияланат жана регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү аркылуу же электрондук документ жүгүртүү системасы менен аткаруучуларга жиберилет.
97. Протоколго кеңешмени өткөргөн адам кол коёт, протоколдун акыркы барагынын артына кызмат ордун жана аты-жөнүн жазуу менен жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси жана аткаруучу кол коёт, Протоколдорго ченемдик мүнөздөгү пункттар киргизилген учурда гана ага экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү тарабынан кол коюлат.
Ар бир протоколго жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан бөлүмдүн индексин көрсөтүү менен номер ыйгарылат.
Протоколдун кол коюлган нускасы жана анын материалдары жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн делосуна топтолот.
98. Кеңешмени уюштуруу үчүн түзүмдүк бөлүнүш милдеттүү түрдө:
- жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин колу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына микрофондор, презентацияларды өткөрүү, аудиожазуу ж.б. үчүн зарыл болгон жабдуу менен камсыз кылуу жөнүндө өтүнүчтү жиберет;
- кеңешменин катышуучуларынын аты-жөнүн көрсөтүү менен куверттерди даярдайт;
- Өкмөттүн Аппаратынын административдик имаратынын тиешелүү постторуна берүү үчүн кеңешмеге чакырылган адамдардын биринчи сектор менен макулдашылган акыркы тизмесин түзөт;
- эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун кызматкерлерин кеңешменин катышуучуларын жайгаштыруу үчүн чакырат.
15. Кабыл алынган чечимдердин документтеринин аткарылышын контролдоо жөнүндө негизги жоболор
99. Мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, буйруктары, тапшырмалары, Президенттин Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, комитеттеринин чечимдерин жана депутаттык суроо-талаптарды ишке ашырууга тиешелүү маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, Өкмөттүн токтомдору, буйруктары, Премьер-министрдин буйруктары, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин тапшырмалары, Аппарат жетекчисинин буйруктары (тапшырмалары) жана Аппарат жетекчисинин орун басарларынын тапшырмалары контролго коюлат.
100. Чечүүнү же жоопту талап кылган документтер жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөттө, мөөнөттөрү белгиленбегендер - бир айдын ичинде аткарылат. "Өтө шашылыш", "шашылыш", "ыкчам тартипте" белгиси бар документтер тиешелүү түрдө эки, үч жана он жумуш күндүн ичинде аткарылууга тийиш.
Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга байланышкан тапшырмалар эки айлык мөөнөттө аткарылат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышпаган тапшырмаларды аткаруу мөөнөтү макулдашуу боюнча бир айга чейин узартылышы мүмкүн.
101. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын Өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын жана протоколдук тапшырмаларын өз убагында аткарышын контролдоону тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөр жогоруда аталган чечимдерди даярдаган бөлүнүштөр менен бирге ишке ашырышат. Эгерде Өкмөттүн актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Өкмөт тарабынан кабыл алынган актылардын аткарылышын контролдоо, эреже катары, жооптуу аткаруучу болгон бир конкреттүү түзүмдүк бөлүнүшкө жүктөлөт.
Бул актынын аткарылышын контролдоо жүктөлгөн түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси, ошондой эле анын орун басары кызматкерлери менен бирге анын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Актыда эки же андан көп түзүмдүк бөлүнүш көрсөтүлсө, биринчи түзүмдүк бөлүнүш негизги аткаруучу болуп саналат жана ага ишти координациялоо, ошол актыда көрсөтүлгөн башка түзүмдүк бөлүнүштөргө тапшырма берүү жана маалымат суроо укугу берилет.
Актыларды аткаруу мөөнөтү бүткөндө башкы түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет, зарыл болгон учурда тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарбаган, маалыматты белгиленген мөөнөттө бербеген же актыларда камтылган тапшырмаларды сапатсыз аткарган түзүмдүк бөлүнүштөр, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жөнүндө билдирет.
Эгерде түздөн-түз аткаруучу болгон түзүмдүк бөлүнүш маалыматты белгиленген мөөнөттө бербеген же актыдагы тапшырмаларды сапатсыз аткарган түзүмдүк бөлүнүштөр, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жөнүндө маалымат бербесе, актынын аткарылышы үчүн бардык жоопкерчилик ошол түзүмдүк бөлүнүшкө жүктөлөт.
102. Кыргыз Республикасынын Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин актыларын, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну уюштуруу, ошондой эле аларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өз убагында маалымдоо түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин орун басарларына жүктөлөт, алар жеке жоопкерчилик тартышат.
Эгерде түзүмдүк бөлүнүштө орун басары болбосо, анда жогоруда аталган актылардын аткарылышын уюштуруу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисине жүктөлөт.
Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү жума сайын Аппарат жетекчисинин орун басарларына, вице-премьер-министрлерге Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын актыларынын жана тапшырмаларынын түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
103. Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн кызматкерлери функциялык милдеттерине ылайык тейлеген маселелерди аткаруунун жүрүшүнүн учурдагы абалы жөнүндө маалыматты билүүгө тийиш жана ал үчүн административдик чараларды көрүүгө чейин жеке жоопкерчилик тартышат.
104. Эгерде документ боюнча чечим чыгарылса, зарыл болгон маалымат берилсе, адресатка жооп берилсе (анын ичинде түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин колу менен) же аткарылгандыгы жөнүндө түзүмдүк бөлүнүштүн маалымкаты контролдон алуу жөнүндө жетекчиликтин резолюциясы менен даярдалса, ал аткарылды деп эсептелет жана контролдон алынат.
Документти контролдон алуу жөнүндө чечим резолюциянын (тапшырманын) автору же жогору турган кызмат адамы тарабынан кабыл алынат.
Контролдон алынган документтер (түп нуска) бардык баштапкы топтолгон материалдар менен "делого" деген белги менен регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.
16. Жарандардын кайрылууларын эсепке алуунун (каттоонун), кароонун жана аткарылышын контролдоонун тартиби
105. Жарандардын жеке жана жамааттык кайрылуулары (мындан ары - кайрылуулар) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
106. Жарандардын жазуу жүзүндө, электрондук кайрылуу түрүндө келип түшкөн же Премьер-министрдин коомдук кабылдамасы аркылуу оозеки жеке кайрылуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун жыйынтыктары каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө катталат, андан кийин тийиштүү маалыматтар электрондук документ жүгүртүү системасына киргизилет.
Кайрылуунун биринчи барагынын алдыңкы бетине, барактын сол жагынан 3,0 см калтыруу менен тексттен бош жерине каттоо штампы коюлат, анда кайрылуунун катталган номери, катталган күнү жана барактардын саны көрсөтүлөт. Коюлган каттоо номери бир эле учурда кириш жана чыгыш номери болуп эсептелет.
Каттоо номери тамга индексинен жана кайрылуунун катар номеринен турат. Жеке кайрылууларда автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы: "К-45"; жамааттык (эки же андан көп автордун колу коюлган) кайрылууларга "Жм" деген тамга белгиси коюлат, мисалы, "Жм45"; жеке кабыл алууну суранган кайрылууларга "ЖК" деген тамга белгиси коюлат жана дефистен кийин автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы: "ЖК-А-45".
Жарандардык кайрылуулары Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн учурдан тартып 1 жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Эгерде кайрылууда коюлган маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тийиштүү болсо, кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же тиешелүү кызмат адамдарына жиберилет.
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 92 буйругунун редакциясына ылайык)
107. Автордун бир эле маселени бир жылдын ичинде кайрадан козгогон экинчи кайрылуусуна биринчи кайрылуу катталган номер коюлат, ал эми электрондук каттоо карточкасында "экинчи" деген белги коюлат; эгер кайрылуу үч жана андан ашык жолу келсе, "көп жолу" деген белги коюлат. Кайталанган кайрылуулардын мазмунун кароо ошол эле автордон мурда келген кайрылуулар боюнча көрүлгөн чараларды эске алуу менен жана ага берилген жоопторго жана түшүндүрмөлөргө жараша каралат, Кайталанган кайрылууларга мурдагы кайрылууларда каралган материалдар кошулат.
Жарандардын жаңы жүйөлөр же жаңы ачылган жагдайлар келтирилбеген, алар боюнча текшерүүлөрдүн толук материалдары болгон жана жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген кайталанган кайрылуулары каралбайт жана бул жөнүндө кайрылуунун авторлоруна кабарланат.
108. Жарандардын колдору коюлбаган, аты-жөнү, жашаган жери жөнүндө маалыматтары көрсөтүлбөгөн кайрылуулары тоголок кат деп таанылат жана каралбайт.
Эгер кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда ал кайрылууну карап жаткан адам кайрылуунун мазмунун жана жүйөлөрүн тактоо жана аныктоо үчүн арыз ээсин чакырат (эгер арыз ээсинин аты-жөнүн жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо). Эгер кайрылууну карап жаткан адам арыз ээси менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарланат.
Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда кайрылууну карап жаткан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык ал боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу чечим чыгарат, буга кайрылууда жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык жөнүндө маалыматтар камтылган учурлар кирбейт.
109. Жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана республиканын башка мекемелеринин компетенциясына тийиштүү кайрылуулары Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын же каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысынын колу коюлган коштоочу кат менен катталган күндөн баштап беш жумуш күндүн ичинде жиберилүүгө тийиш.
110. Чечими же иш-аракети (аракетсиздиги) даттанылуучу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына жарандардын кайрылууларын кароого жиберүүгө тыюу салынат.
Премьер-министрдин жарандардын кайрылуулары боюнча тапшырмасы контролго алынат. Контролго алынуучу кайрылууларга "Контроль" деген штамп коюлат.
Жарандардын кайрылуулары катталган күндөн баштап 14 календарлык күндүн ичинде каралат.
Эгер кайрылууну кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда кароо мөөнөтү 30 календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бул жөнүндө чечимди резолюциянын автору же анын ордун алмаштыруучу адам чыгарат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары жөнүндө корутундуну, автор менен болгон сүйлөшүү жана ага берилген жооп жөнүндө белгилерди кайрылуунун түп нускасына же мамлекеттик органдардан алынган маалымкатка жазса болот. Кайрылууларды кароонун жыйынтыктары Премьер-министрге, биринчи вице-премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге. Аппарат жетекчисине оозеки түрдө баяндалуучу учурларда контролдон алынгандыгы жөнүндө белги кайрылуунун түп нускасына же эсепке алуу карточкасына коюлат.
Сот органдарына жиберилүүчү кайрылуулар Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык каралат. Жарандардын соттук чечимдерге даттанылуучу кайрылууларына ошол соттук чечимге даттануунун тартиби жөнүндө түшүндүрүүлөр берилет.
111. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
- кайрылууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө;
- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;
- коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган эреже бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө.
Кайрылуу боюнча чечим конкреттүү ченемдик актыларга шилтеме жасоо менен жүйөлүү болууга, даттануунун тартиби жөнүндө көрсөтмөнү камтууга тийиш.
Кайрылуулардын авторлору кайрылуунун өзүнөн тышкары, түп нуска документтерди жазуу жүзүндө сурап алууга укуктуу.
112. Календарлык жыл бүткөндө кайрылууларды текшерүүнүн бардык материалдары делолорго тиркелип, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн күндөлүк архивине беш жылга чейин сактоо үчүн өткөрүлүп берилет, андан кийин белгиленген тартипте жок кылынат.
Күндөлүк архивден кайрылууларды текшерүүнүн материалдары түзүмдүк бөлүнүштөрдүн кызматкерлерине каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысынын макулдугу боюнча документтерди эсепке алуу карточкасына кол койдуруу менен берилет.
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 92 буйругунун редакциясына ылайык)
113. Премьер-министрдин жарандарды кабыл алуу боюнча коомдук кабылдамасы жумуш күндөрү саат 9.00дөн 18.00ге чейин иштейт, зарыл болгон учурда анын иштөө убактысы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары катталат, эсепке алынат жана таризделет.
Жарандар кайрылуунун катталган күнү жана номери жөнүндө оозеки түрдө маалыматты, алардын кайрылууларын кароо кимге тапшырылганы, ошондой эле кайрылууда коюлган маселелерди конкреттүү чечүү боюнча акыркы жыйынтык тууралуу өз убагында кабарламаны алууга укуктуу.
Жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси, Аппарат жетекчисинин орун басарлары, түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери тарабынан Премьер-министрдин буйругу менен бекитилүүчү, Өкмөттүн расмий сайтында жана Премьер-министрдин коомдук кабылдамасынын стендинде жарыяланган графикке ылайык ишке ашырылат.
Эгер жарандарды кабыл алуу учурунда коюлган маселелерди чечүү мүмкүн болбосо, жазуу жүзүндө кайрылуу кабыл алынып, ал катталгандан кийин тийиштүү мамлекеттик органдарга кароого жиберилет.
Эгер кабыл алуу убагында жаран тарабынан коюлган маселелер Өкмөттүн компетенциясына кирбесе, ага мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарына кайрылуунун тартиби түшүндүрүлөт.
Эгер жаранга кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча мурда жооп берилсе, жеке кабыл алуунун жүрүшүндө анын кайрылуусун андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.
Республиканын алыскы региондорунан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
114. Жамааттык кайрылуулар, Өкмөттүн административдик имаратынын жанында өткөрүлүп жаткан акциялар, пикеттер жана митингдер жөнүндө каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине оозеки жана жазуу жүзүндө билдирет.
115. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү жарандар тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда коюлган маселелерди талдайт жана жалпылайт, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине кайрылуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө мезгил-мезгили менен маалымат берет, ошондой эле жетекчиликтин тапшырмасы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө аналитикалык баяндамаларды берет.
17. Документтерди архивге өткөрүп берүүнүн тартиби
116. Аткарылган документтер 10 жумуш күндүн ичинде "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык андан ары сактоо үчүн түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү секторуна белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.
117. Документтер жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин визасы менен документтин алдыңкы бетине "№ делого" деген белги коюлуп, барактардын санын жана эсептен чыгарылган күндү көрсөтүү менен сактоо үчүн өткөрүлүп берилет.
Аткарыла элек жана контролдон алынбаган документтерди сактоого өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Документтер ар бир түзүмдүк бөлүнүштүн ишинин номенклатурасына ылайык сакталат.
118. Иш кагаздарын жүргүзүү секторуна сактоого өткөрүлүп берилүүчү документтердин пакетинин толуктугу үчүн жоопкерчиликти жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкерлери жана жетекчиси тартат.
119. Эсептен чыгарылуучу документтерге сактоо үчүн өткөрүлүп берилүүчү документтердин 2 нускада түзүлгөн реестри тиркелет.
Бир нускасы түзүмдүк бөлүнүштө калат, экинчи нускасы өткөрүлүп берилген документтер менен сакталат.
Документтер түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишинин номенклатурасына ылайык жана документтердин (жетекчиликтин тапшырмалары, мамлекеттик органдар менен кат алмашуулар, кызматтык каттар, Өкмөттүн Аппаратынын жооптору ж.б.) бардык тиешелүү түп нускалары болгондо түзүлөт.
Сактоо үчүн өткөрүлүп берилүүчү документтердин пакетинде материалдар жетишпеген учурда бардык документтер аны андан ары комплекттөө үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүнүшкө кайтарылып берилет.
120. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору өткөрүлүп берилүүчү документтердин реестрине ылайык бардык тиркелген документтерди делонун номерин жана эсептен чыгарылган күндү көрсөтүү менен документтерди архивге сактоого өткөрүп берүү жөнүндө маалыматты маалымат базасына киргизет.
121. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) тарабынан кол коюуга киргизилүүчү документтер боюнча Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмасы берилген резолюциялардын түп нускалары иштөө жана Борбордун ведомстволук архивин түзүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүү жана өкмөттүн чечимдерин чыгаруу сектору тарабынан Борборго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берилет.
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 92 буйругунун редакциясына ылайык)
Тиркеме
№ 1 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн /аталышы/ токтомунун/буйругунун долбооруна макулдашуунун ГРАФИК-МАТРИЦАСЫ (201__-жылдын "__" __________________ кириш № _____)
Түзүмдүк бөлүнүштүн аталышы | Кабыл алыкган датасы жана убактысы | Колу | Кайтарылган датасы жана убактысы | Колу |
КР биринчи вице-премьер-министринин аты-жөнү |
|
|
|
|
КР вице-премьер-министринин аты-жөнү |
|
|
|
|
КР вице-премьер-министринин аты-жөнү |
|
|
|
|
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин аты-жөнү |
|
|
|
|
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү |
|
|
|
|
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын аты-жөнү |
|
|
|
|
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын, КРнын ЕврАзЭСтеги өкүлүнүн аты-жөнү |
|
|
|
|
Регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү |
|
|
|
|
Котормо жана редакциялоо бөлүмү |
|
|
|
|
Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү |
|
|
|
|
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү |
|
|
|
|
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы |
|
|
|
|
КРнын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлүнүн катчылыгы |
|
|
|
|
Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү |
|
|
|
|
Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү |
|
|
|
|
Эл аралык кызматташтык бөлүмү |
|
|
|
|
Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
|
|
|
|
Финансы жана кредит саясаты бөлүмү |
|
|
|
|
Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү |
|
|
|
|
Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
|
|
|
|
Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |
|
|
|
|
Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
|
|
|
|
Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
|
|
|
|
Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
|
|
|
|
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү |
|
|
|
|
Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү |
|
|
|
|
Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү |
|
|
|
|
Регламент сектору |
|
|
|
|
Эскертүү: Матрица-график, эреже катары 9-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен басылат.
Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жана кызмат орундарынын аталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.
№ 2 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн /аталышы/ токтомунун/буйругунун долбооруна макулдашуу барагы
Макулдашылды:
КР биринчи вице-премьер-министринин аты-жөнү | __________________________ | 201__-ж. "__" _______________ |
КР вице-премьер-министринин аты-жөнү | __________________________ | 201__-ж. "__" _______________ |
КР вице-премьер-министринин аты-жөнү | __________________________ | 201__-ж. "__" _______________ |
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин аты-жөнү | __________________________ | 201__-ж. "__" _______________ |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (эксперттик корутунду, тариздөө)
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" ___________ |
| Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" ___________ |
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" ___________ |
| Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин аты-жөнү | ______________________ 201__-ж. "__" ___________ |
Актынын долбоорун даярдаган бөлүмдүн башчысынын аты-жөнү |
| Актынын долбоору макулдашылган бөлүмдөрдүн башчыларынын аты-жөнү |
Аты-жөнү | ___________________ 201__-ж. "__" ___________ |
| Аты-жөнү | ___________________ 201__-ж. "__" ___________ |
Аткаруучунун аты-жөнү: |
| Аты-жөнү | ___________________ 201__-ж. "__" ___________ |
Аты-жөнү | ___________________ 201__-ж. "__" ___________ |
| Аты-жөнү | ___________________ 201__-ж. "__" ___________ |
Министрликтер жана ведомстволор:
Юстмин | (сунуштары менен) | Министрдин аты-жөнү |
Экономмин | (сын-пикирлерисиз жана сунуштарысыз) | Министрдин аты-жөнү |
УКМК | (сын-пикирлери менен) (матрица) | Төраганын аты-жөнү |
ИИМ | (сын пикирлерсиз жана сунуштарысыз) | Министрдин орун басарынын аты-жөнү (министр жокто) |
ж.б. |
|
|
Эскертүү: Макулдашуу барагы эреже катары 1 баракка жайгаштырылышы керек (13-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти). Макулдашууга катышкандардын саны көп болсо, шрифттин өлчөмүн кичирейтүүгө жол берилет, бирок 11-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифтинен кичине эмес.
Эгерде актынын долбоору Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилүүчү мыйзамдардын долбоорлоруна жана корутундуга тийиштүү болсо, ал милдеттүү түрдө Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү менен макулдашылат.
№ 3 үлгү
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА (мисал)
Колдонуудагы редакция | Сунушталуучу редакция |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын: а) мамлекеттик агенттиктер: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш [жана региондук өнүктүрүү боюнча] мамлекеттик агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; | 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын: а) мамлекеттик aгенттиктер: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
б) мамлекеттик кызматтар: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; [- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы;] - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; | б) мамлекеттик кызматтар: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; |
г) инспекциялар: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу [Санитариялык], ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. | г) инспекциялар: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. |
| 1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинде аткаруу бийлигинин башка органдары иштешет: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин: а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар: - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы; - Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту; [- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция;] | 2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин: а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар: - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы; - Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту; |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбооруна салыштырма таблица 14-өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору - 12-өлчөмдөгү шрифт менен басылат.
№ 4 үлгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун "аталышы" (эгер буйруктун долбоору болсо, анда ал тырмакчасыз жана чоң тамга менен) долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн сын-пикирлери жана сунуштары боюнча ТОПТОМО ТАБЛИЦА
№ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүшүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын макулдашуучу түзүмдүк бөлүнүшүнүн сын-пикири/сунушу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн корутундусу |
1 |
| Сын пикири жана сунушу менен. Сын-пикир: _______________ _________________________ Сунуш __________________ _________________________ | Эске алынды Эске алынган жок. Негизи: _______________ ______________________ |
2 |
| Сын-пикирлерсиз жана сунуштарсыз |
|
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн жетекчиси | Колу, датасы | Аты-жөнү |
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн кызматкери | Колу, датасы | Аты-жөнү |
№ 5 үлгү
"Мыйзамдын долбоорунун аталышы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ____-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Аталышы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. (Мамлекеттик органдын кызмат адамы) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| Аты-жөнү |
№ 6 үлгү
"Мыйзамдын долбоорунун аталышы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын _____-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Аталышы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ____-беренесинин ___-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. (Мамлекеттик органдын кызмат адамы) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| Аты-жөнү |
№ 7 үлгү
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Урматтуу ________________________________,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ____-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ____-жылдын "__" ____________ № ____ токтому менен жактырылган "___________________" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жиберет.
Тиркеме:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомунун көчүрмөсү, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- "____________________" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме-маалымкат, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица, мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана коштоочу документтер, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук форматта.
Урматтоо менен,
Премьер-министр |
| Аты-жөнү |