Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 8-ноябры № 590

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 15-январындагы № 10 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 429 буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

С.Жээнбеков