Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 5-апрели ПБ № 86
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 Мыйзамында белгиленген 2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγ жана жабыр тарткан адамдар γчγн укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары "2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 Мыйзамында каралган социалдык кепилдиктерди ишке ашыруу боюнча кыйла максаттуу жана конкреттγγ ишти жγргγзγγнγн зарылдыгына кѳңγл бурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тѳмѳнкγлѳр сунушталсын:
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун уй-булв мучвлвру жана жабыр тарткан адамдар γчγн социалдык кепилдиктерди белгилеген ченемдик укуктук актылардын аткарылышынын жγрγшγн талдоо жана аларга зарыл болгон ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ маселесин иштеп чыгуу;
- "2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жѳнγндѳ" Кыргыз-Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча пландарды кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу;
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо боюнча чараларды толугу менен кѳрγγ.
3. Жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине 2017-жылдын июлунда жана 2018-жылдын январында маалымат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жγктѳлсγн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |