РаспоряжениеКүчүндө

КР Президентинин 2017-жылдын 5-апрелиндеги ПБ № 86 («2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жѳнγндѳ») буйругу

Редакция05.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2017-жылдын 5-апрели ПБ № 86

"2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 Мыйзамында белгиленген 2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγ жана жабыр тарткан адамдар γчγн укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары "2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 Мыйзамында каралган социалдык кепилдиктерди ишке ашыруу боюнча кыйла максаттуу жана конкреттγγ ишти жγргγзγγнγн зарылдыгына кѳңγл бурсун.

2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тѳмѳнкγлѳр сунушталсын:

- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун уй-булв мучвлвру жана жабыр тарткан адамдар γчγн социалдык кепилдиктерди белгилеген ченемдик укуктук актылардын аткарылышынын жγрγшγн талдоо жана аларга зарыл болгон ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ маселесин иштеп чыгуу;

- "2010-жылдын  апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан    адамдарды социалдык коргоо жѳнγндѳ" Кыргыз-Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча пландарды кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу;

- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп ѳткѳн окуялардын натыйжасында курман болгондордун γй-бγлѳ мγчѳлѳрγн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо боюнча чараларды толугу менен кѳрγγ.

3. Жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине 2017-жылдын июлунда жана 2018-жылдын январында маалымат берилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жγктѳлсγн.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев