РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 254 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ жана толуктоолор киргизγγ жѳнγндѳ) буйругу

Редакцияот 05.04.2017
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 5-апрели № 254

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлγмγ жѳнγндѳ жободо:

- 6-пунктунун 201-пунктчасы кγчγн жоготту деп таанылсын;

 жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бѳлγмγ жѳнγндѳ жободо:

- 7-пункту тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:

"9') Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγн караштуу Адам укугу

боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашыруу;";

- 12-пункту тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 51-пунктча менен толукталсын:

"51) Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын ишин координациялайт жана камсыздайт;".

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков