Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 160-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 23-марты № 85-б

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун көңүлгө алуу менен:

1. Борбордук Азиядагы Америка университетине К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин балансында турган, Бишкек шаары, Медеров көчөсү 161а дареги боюнча жайгашкан имараттагы жалпы аянты 1425 кв.м жайларды жанаша аймагы менен 15 жылдык мөөнөткө билим берүү максатында төмөнкү шарттарда акысыз пайдалануу укугу берилсин:

- бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды кармоо боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөө;

- Борбордук Азиядагы Америка университетинин каражаттарынын эсебинен имараттын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо (көтөрмө конструкцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана реконструкциялоону кошпогондо) боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүү жана жанаша жайгашкан аймакты абаттоо.

2. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жайларды жана жанаша жайгашкан аймакты Борбордук Азиядагы Америка университетине билим берүү максатында пайдалануу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин;

- Борбордук Азиядагы Америка университети менен ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү жайларды акысыз пайдалануу жөнүндө келишим түзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков