Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 374
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573, 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик имараттарды, курулмаларды жана жайларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтом күчүнө киргенге чейин түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишиминин колдонулушу белгиленген мөөнөттүн аягына чейин улантылат. Ошондой келишимдерде башкалар каралбаса, мындай келишимдер боюнча ижара акысына кайра эсептөө жүргүзүү талап кылынбайт;
2) мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдарды, мекемелерди же ишканаларды, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган, башка мамлекеттик уюмдун чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик имаратка (жайларга) жайгаштыруу коммуналдык тейлөө кызматтарына төлөмдөрдөн жана ошол имаратты (жайды) күтүү боюнча пайдалануу чыгымдарынан башка, кайтарымсыз негизде жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн өлчөмү жана мамлекеттик имаратка (жайларга) мамлекеттик органды, мекемелерди же ишканаларды жайгаштыруунун башка шарттары алардын, ошол имарат (жай) чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик имарат (жай) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, төмөнкү учурларда кайтарымсыз негизде убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн экендиги белгиленсин:
1) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык жактан маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге, ошондой эле 2010-жылдын 7-8-апрелиндеги окуяларга активдүү катышкан коомдук бирикмелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында;
2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарын аткаруу максатында.
Мамлекеттик имаратты (жайды) кайтарымсыз негизде убактылуу пайдаланууга алган жак, аталган имарат (жай) чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик уюмга коммуналдык тейлөө кызматтарынын жана аны күтүү боюнча пайдалануу чыгымдарынын наркын төлөп берет.
Аталган төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, мамлекеттик имаратты (жайды) кайтарымсыз негизде убактылуу пайдалануунун башка шарттары жогоруда аталган жактын ошол имарат (жай) чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 573, 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 263 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды кабыл алышсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |