КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-майы № 135-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы мурда берилген кредиттер боюнча карызын кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - 2012-жылдын 20-сентябрындагы Макулдашуу) 9-беренесине ылайык, тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана достук мамилелерди андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты;
1-берене.
2017-жылдын 30-мартына карата 2009-жылдын 3-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - 2009-жылдын 3-февралындагы макулдашуу) боюнча Кыргыз Тарабынын Россия Тарабынын алдындагы карызынын 2012-жылдын 20-сентябрындагы макулдашуунун шарттарына ылайык жөнгө салынган суммасы 240000000 АКШ долларын түзүүдө.
2-берене.
Ушул Протоколдун 1-беренесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Тарабынын Россия Тарабынын алдындагы карызынын суммасынын 100 пайызы ушул Протокол күчүнө кирген датага карата бир жолку эсептен чыгарылууга тийиш.
3-берене.
Ушул Протоколго ылайык карызды эсептен чыгаруу Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүүнүн алкагында жүргүзүлөт.
4-берене.
Ушул Протоколду колдонуу маселелери боюнча Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
5-берене.
2009-жылдын 3-февралындагы макулдашуунун жана 2012-жылдын 20-сентябрындагы макулдашуунун жоболору ушул Протоколго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Ушул Протоколдо колдонулган терминдер Макулдашуулардагы маанилерге ээ.
6-берене.
Ушул Протокол дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алынган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Протокол 2009-жылдын 3-февралындагы макулдашуу, 2012-жылдын 20-сентябрындагы макулдашуу жана ушул Протокол боюнча Тараптардын милдеттенмелери толук аткарылганга чейин колдонулат.
201__-жылдын "___" ________________ эки түп нускада ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |